Сырмаек

Кенже Дүйшеева:
"Турмушка беш жыл мурда чыксам болмок..."
Бактылуулуктан башы айланып, жолдошунун Кенжесине эмес, жанына айланган ырчы Кенже Дүйшеева кайрадан чыгармачылыкка билек түрүп, күйөрмандарын сүйүнтөт. "Кыз-Бурак" тобунан бөлүнүп, жеке ырчы болууну каалаган Кенже айым жеке жашоосу, акыркы жаңылыктары тууралуу биз менен сыр бөлүштү.


- Кенже, кайрадан чыгармачылыкка билек түрүп жатыпсыз. Жездебиз, "эми ырдай берсең болот" деген го?
- Ошондой десем да болот. Себеби, мен турмушка чыгып жатканда "эгер жолдошум ырдабай эле кой десе, анда ырдабайм. Кайын-журтум эмне десе, мен ага макулмун. Өзүм билемдик кылып, биринчи демилге көтөрбөйм" деп, өзүмдү алдын-ала даярдагам. Бирок, менин ал оюм таптакыр башкача болуп чыкты. Тескерисинче, алар "ушунча өмүрүңдүн баары чыгармачылыкта өттү. Сен ырдашың керек" деп колдошкону мен үчүн жагымдуу да, күтүүсүз да нерсе болду.
- "Жаңы ырларды жаздырайын" деп атайын Бишкекке келипсиз. Кайсы темадагы ырларга басым коюп жатасыз?
- Учурда жаңы ырлардын, жаңы имидждин үстүндө иштеп жатам. Биринчиден, "жеңил ырлар болбосун" деп маанилүү жакшы ырларды жаздыруудамын. Буга чейин өзүм да анча-мынча кол шилтеп, ыр жазып калчу элем. Бара-бара жүрөгүңдөн чыккан ыр саптарды ырдагың келип калат экен. Ошондуктан, акыркы жаңы ырларым сүйүү, үйбүлө темасына байланыштуу болот. Арасында "Кечинде келемин сага", "Бактымды таптым" аттуу үйбүлөгө байланышкан чыгармалар да бар.
- "Кайсы жерге барсаң, ошол элдин ырын ырда" дегендей, казак тилинде ырдап чыгайын деген оюңуз барбы?
- Мен бала кезимден бери эле патриотмун. Кээде кайненем менен конокко барып калганда "менин келиним ырдап берет" десе, казакча ырларды кыргыз тилинде ырдап койсом, "тез эле которуп алдыңбы?" деп күлүп калышат. Эми бир ок менен эки коенду атып, репертуарымдагы жаңы ырларды казак тилине дагы которуп, ырдайын деп жатам.
- Демек, "Кыз-Бурак" тобуна кошулуп ырдабайт экенсиз да?
- Жеке ырдап чыгам. Себеби, турмушка чыккан кыздардын баарын эле эжекебиз "силер үйбүлөңөрдү таштап, "Кыз-Бурактын" ишин жасагыла" дегенден алыс. Бул менин мээме сиңип калган нерсе. Ошондуктан, дайыма топ менен чогуу жүрүп, кечелердин көбүнө катышканга менде азыр мурдагыдай убакыт болбойт. "Кыз-Бурак" туруктуу жана күчтүү команда. Топтогу кыздар менен байланышып, кандай жаңылыктар болуп жатканын сурап турам. Мен аларга колумдан келген жардамымды берип, кеп-кеңеш айтканга даярмын.
- Турмушка чыкканыңызда Сайкал "мамамды сагынып жатам" деп ордуңузду жоктогон эле. Сиз да сагындыңызбы?
- Сакуну мен бир жарым жашынан баштап чоңойттум да. Сөзсүз түрдө балага болгон сагыныч болот экен. Кээде туруп, жолдошум Кыргызстанга болгон кусалыгымды байкап калат окшойт, "барып кел" деп өзү жиберет. Акыркы убактарда чыгармачылык боюнча иштеримди бүтүргөнгө Бишкекке тез-тезден келип жаткандыктан, кайра Алматаны сагынып калам.
- Турмушка чыга электе болочоктогу жолдошуңузду кандай элестетчү элеңиз?
- Мен дайыма "болочоктогу жолдошумдун бою узун болсо, мени кадырлап, чыгармачылыгымды колдоп турса экен" деп тиленчүмүн. Кудай менин тилегимди берди. Мен Талгат менен он жыл жашап койгондой элестетем. Бири-бирибизге көнүшүп, жарым сөзүбүздөн түшүнүшүп калдык. Ал өтө эле оор басырыктуу, токтоо адам. Күйүп-бышкан нерсеге дагы "баары жакшы болот" деп акырын жооп берет. Мен ага чейин чыйпылыктап, үч кайнап, кайра өзүмө келем (күлүп). Өзүмдүн мүнөзүм ачык-айрым болгондуктан, жаңы үйлөнгөндө менин токтошум кыйын эле, азыр эми жолдошумдун жанында мен дагы токтоо, назик болуп калдым.
- Жолдошуңуз токтоо, оор басырыктуу болсо, бийлик сизде экен да?
- Жо-ок, үйбүлөдө эркек башчы болуш керек. Бийликти Талгат өзү жүргүзөт. Чоң маселелердин баарын жолдошумдан сурамайынча, өзүм билемдик кылбайм. Ошондуктан, үйбүлөдө жөлөгүм, таянычым деген сөздөр жөн жерден айтылбаса керек.
- "Үйбүлөлүк бакытты кеч сезиптирмин" деп өкүнбөйсүзбү?
- "Отурган кыз ордун табат" дейт го. Анын сыңарындай, үйбүлөгө аралашкандан кийин "ай Кенже, турмушка беш жыл мурда чыкпайт белең?" деген өкүнүч болду. Анткени, турмушка чыгып, бүлөлүү болгон жакшы экен. Мындай бакытты сөз менен айтып жеткире албайсың. Гүлнаралар менен сүйлөшүп калганда, "турмушка чык" деп эмнеге эрте айткан жоксуңар?" деп тамашалап, күлүп калам. Кудайга шүгүр, азыр бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп, кубанып жүргөн кезим.
- Жезде сизди кантип эркелетет?
- Кенже деп атымдан айтпайт. "Жаана, жаным, жан" деп эркелетет. Мен дагы аны "жаным" дейм (күлүп).
- Баланы пландаштырып жатасыздарбы?
- Баланы пландоо жана эне болуу менин биринчи максатым. Кудайдан тилеп, ушул нерсени күтүп жаткан кезибиз. "Балалуу үй базар" дегендей, балалуу болгон кандай сонун. Жолдошум "уулдуу болсок экен" дейт. Өзүм дагы "биринчиси уул болот" деп тиленчүмүн. Мен ага "уулубуздун бою сени тартсын, мүнөзү мени тартсын" десем, ал "өңү дагы сеникине окшош болсун" деп күлөт.
- Кайнененин камырынан деп коет го? Ашканада кандай кожейке болуп жатасыз?
- Оо-у, ашканада жакшы кожейкемин. Кайнененин камыры демекчи, мен жаңы келин болуп барганда кайненем "келиним камыр жайганды деле билбесе керек" деп ойлоптур. Чындыгында акыркы беш жылдан бери ашканага, аялдын оокатына көп аралашпаганым менен тамактын түрүн жасап, үй оокатын жакшы эле кылчумун. Анан жолдошум мантыны өтө жакшы көрөт. Камырды жука жайып, манты жасасам, "даамдуу болуптур" деп мактап калат. Кайненем болсо ден-соолугуна байланыштуу "диетасын" бузуп, мен жасаган тамактарды мактап жейт. Анан "Кенженин чайын ичемин" деп, менин чайымды жакшы көрөт. Кызыгы, жолдошум мурда ашпозчунун окуусун бүтүптүр. Кээде, мен билбеген салаттарды жасап, "мындай кылсаң даамдуу болот" деп мага үйрөтөт. Чын эле анын колунан чыккан салаттар даамдуу болот.
- Казак тилин үйрөнүп калдыңызбы?
- Мен үйдөн кыргызча сүйлөйм. Жолдошум кыргыз тилин түшүнөт бирок, орус тилинде сүйлөйт. Негизи эле менин тилимдин бурулушу кыйын. Ырдаганда дагы Айжамал менен Гүлнара башка тилдеги ырларды жакшы ырдашчу. Негизи мага өз тилиңде дагы, башка тилде дагы так сүйлөгөн жагат. Мындан кийин өзүм үчүн казак ырларын жаттап алайын деп ойлоп жатам.
- Ал эми кайын журтуңуздун салтын өздөштүрүп калдыңызбы?
- Салтты мен өзүм катуу кармайм. Бирок, кайын журтум демократиялуу үйбүлө. Салтка көп деле маани беришпейт. Башында "жоолук салынбай эле койсун" дегендерине болбой, отко чакырып же конокко барып калганда өзүм эле жоолукту түшүрбөй, көйнөк кийип жүрдүм. Андай мамилем кайненеме жакты окшойт, азыр деле той-топурга барып калсак, "Кенже бул көйнөгүң сага жарашат, тиги жоолугуң жакшы" десе, мен анын айткан көйнөгүн кийип, жоолугун салынып алам. Бул албетте, кайненеңе, жолдошуңа болгон сый-урмат.
- Сизге өзгөчө алардын кайсы салты жакты?
- Айылда жашаган туугандарыбыз бизди отко чакырып калышты. Дарбазанын босогосун аттагандан баштап, үйгө киргенге чейин биздин башыбыздан ылдый, таттуу конфеттерди чачып турушкан эле. Чындыгында өзүңдү бактылуу сезет экенсиң. Мага ушул салты өзгөчө жакты. Негизи эле келин болуп баргандан баштап, азыркы күнгө чейин ар бир салтын үйрөнгөнгө аракеттенип келем.
- "Өзүмдүн бир туугандарымдын баарын үйлөнтүп-жайлантып анан турмушка чыгам" дечү элеңиз? Ошол максатыңызга жеттиңизби?
- Албетте. Чындыгында мен ошентип тиленчүмүн. Тилегим оорундалып, бардыгын үйлөп, турмуш жолуна аттантып, анан аягында өзүм турмушка чыгып жыйынтыктадым. Буюрса, өзүмдүн бир туугандарымдын арасында бойдоктор түгөндү (күлүп). Акыркы эки айдан бери Ошко бара элек болсом дагы, күн сайын алар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, сагынычымды таркатып турам.

Айнура Касымова