Денсоолук- өмүр булагы!

ӨПкө дартынан кантип арылабыз?
Өпкө илдеттери адам баласынын эң көп жайылган ооруларынын бири. Адистердин айтымында, анда өпкө ооруп эле тим болбой, адамдын башка ооруларын түп тамыры менен козгойт.

Пневмония
Өпкө ооруларынын кеңири таралган дагы бир түрү бул - пневмония.
Ал өпкөдө инфекциянын пайда болушунан келип чыгат. Бир адамдан башка адамга жукпайт. Пневмония - адамдын организминде өз алдынча да пайда болот жана кайсы бир оорунун аркасынан да өрчүшү ыктымал. Анын алып жүрүүчүлөрү пневмококтор, стрептококтор, стафилококтор жана ар кандай вирустар.

Пайда болуу жолдору
Бул илдетке кайсыл учурда кабылуу коркунучу бар? Өтө суук абада көпкө жүрүү, оор жумуштарды адам баласына өлчөнгөн нормадан ашырып жасоодо, психологиялык оор кырдаалга тушукканда, ичимдикти ашыра ичип, чылым чеккенде пневмонияга чалдыгуу коркунучу туулат. Анын пайда болушуна ошондой эле аба-ырайынын чукул өзгөрүүлөрү да таасир этет. Мисалы, жылуу мезгилде тез суук түшүп, адам организми суукка көнө элек мезгилде, же тескерисинче, суук күндөрү абанын температурасынын көтөрүлүп кетиши. Бул көрүнүштөр иммундук системага терс таасирин тийгизип, анын начарлашына себеп болот.

Белгилери
Мында алгач температура тез эле 38-40 градуска чейин көтөрүлөт. Адамдын алы кетип, тамакка табити жоголот. Андан соң кургак жөтөл пайда болуп, кан аралашкан какырык бөлүп чыгарган түрүнө айланат. Айрымдар жөтөлгөндө бир капталында пайда болгон ооруну айтышат. Айрым учурда аба жетпегендей да сезилиши ыктымал. Жакшы жери дарыланууну өз убагында баштаса, бир нече күн аралыгында эле айыгып кетүүгө болот.
Ооруну алдын алуу үчүн кайсы белгилерге көңүл буруу керек?
1. Жөтөлдүн пайда болушуна;
2. Суук тийгизип алуу сыяктуу оруулар жети күндөн ашып кетсе;
3. Терең дем ала албай калуу. Эгер терең дем алууга аракет кылсаңыз, жөтөл пайда болуусуна;
4. Дененин купкуу болуп кетишине;
5. Дененин температурасы 37-38 градуска жеткенде эле дем алуунун оорлошуна;
6. Температура көтөрүлгөндө демейде сизге жардам берип жүргөн дарылардын (парацетамол, панадол, эфералган, тайленол сыяктуу) күчү жоголгондо.
Бул алты белги сиздин өпкө оорусуна чалдыккандыгыңыз туурасында кабар берет. Муну өзүңүздөн байкаган соң сөзсүз дарыгерге кайрылышыңыз шарт.

Дарыгердин колунда
Сиздин жогорудагы өз алдынча диагнозуңуздан кийин врач аны тастыктоо үчүн өз ыкмаларын колдонот. Анда анализге кан тапшырып, рентген нурларынан өтүшүңүз керек. Ушундан кийин гана сизди кандай шартта дарылоо керектиги аныкталат.

Ооруканадабы, үйдөбү?
Кайсыл жакта дарылоону дарыгер пневмониянын канчалык өөрчүгөнүнө жараша чечет. Анткени өтө катуулап кеткенде ал жүрөк оорусу менен коштолот. Муну үй шартында дарылоого мүмкүн эмес. Ал эми жаңы пайда болгон жана өөрчүүсү токтогон пневмонияны үйдө дарылаган туура. Анткени, ооруканада аны тегеректеги башка оорулуулардын аласында өөрчүтүп алуу коркунучу күчтүү.

Дарылоо
Адистердин айтымында, пневмонияны дарысыз айыктырууга болбойт. Эң негизги жардамчы катары антибиотиктерди колдонушат. Бул жерде ооруулуу анын канча өлчөмдө жана организге кандай таасир этип атканына да көңүл бурушу керек. Жана бул туурасында дарыгерге айтып, экөө биргелешип "иштеши" зарыл. Айта кетчү нерсе, башка илдеттерден айрымаланып, пневмонияны уколсуз дарылоого мүмкүн. Анткени, 80% ооруулулар таблетка жана сироптордун гана жардамы менен айыккан учурлар катталган.

Дарылануудан кийин
Антибиотиктерден тышкары какырыкты сүрүп чыгаруучу да каражаттар колдонулат. Оору басаңдап, дарылануунун акыркы этаптарында физиотерапия менен укалоонун да ролу чоң. Булар айыгууну алдаканча тездетет.

Элдик медицина
Пневманияны жана башка өпкө ооруларын дарылоо үчүн элдик медицинанын дагы сунуштары бар. Мисалы, төмөндөгү суюктук менен өпкө ооруларынан биринчи белгилери пайда болгондо эле дарылана баштаса болот.

Миңдин бири
Бул дарыны өз колуңуз менен жасап алсаңыз болот. Ал үчүн эрмен, көкөмерен жана итмурунду жыйнап алышыңыз керек. Аны көлөкөдө кургатып, итмурун менен көкөмеренди теңме-тең, ал эми эрменди алардан азыраак кылып кошосуз.
Даярдоо ыкмасы: 2 аш кашык (8-10 гр.) кургатылган чөп-чарга 0,5 литр кайнак сууну куюп, бир жарым, эки саатча демдеп коюу керек. Аны күнүнө жарым стакандан үч жолу тамакка жарым саат калганда ичип туруу зарыл. 100 грамм чөп- чар 15 күнгө жетет.

Сактансаң, сактайт
Биз жогоруда оорулардын эң коркунучтууларынын катарын толуктаган өпкө оорулары тууралуу аз-маз кеп кылдык. Бирок, мында аны кантип дарылоо жолдорун издебей, андан кантип сактануу керектигин биле жүрүшүбүз шарт.

Чынара Ажыбаева,
шаардык кургак учукка каршы оорукананын дарыгери:
"Мигранттардан жугуштуу оорулар көп келет"
-Өпкө оорусуна адам кайсыл убакта чалдыгууга жөндөмдүү?
-Кыш же жай деп так кесе айтууга болбойт. Анткени, бул көбүнесе аба-ырайына эмес, адам дем алып жаткан абанын абага, иммунитетинин начарлыгына көз каранды. Анүстүнө, адамдын дем алуу органы инфекциялык ооруларга өтө тез чалдыгат. Дээрлик бардык эле микро организмдер өпкө ооруларынын себеби боло алат.
-Өпкөнүн эң коркунучтуу илдети катары айтсак, кургак учукту алдын алуу жолдору кайсылар?
-Эң жөнөкөй жолу - ар дайым ток жүрүүгө аракет кылыш керек. Анткени, организм ачка, алсыз кезинде кургак учук адамга тез жабышат.
-Аны үй шартында дарылоого мүмкүнбү?
-Эч качан туберкулез менен ооруган адам үйдө болбошу керек. Анткени, анын ачык жана жабык түрү болот. Эгер биринчиси болсо, анда үйдө жатып алуу менен ал жакындарына да өтө тез убакыттын ичинде оорусун жуктурат.
-Айрымдар элдик медицина менен дарыланабыз деп жүрөт. Мисалы, иттин этин жеп…
-Бул да туура эмес. Ал жөн гана адамдын өзүн-өзү алдоосу. Бул жерде сөзсүз медицинанын жардамы керек. Болгондо да айларга созулган күчтүү дарылоо курсу зарыл. Мисалы, биринчи даржадагы деп коебуз, жаңы ооруп баштагандарды, алар алты ай ооруканада жатып дарыланышат. Ал эми экинчи даражадагылар болсо, мурда да ооруп дарылангандар, сегиз айга чейин ооруканада болушу зарыл.
-Учурда көбүнесе сиздерге кимдер кайрылышууда?
-Көбүнчө азыр Россияда, Казакстанда иштеп келген мигрант мекендештерибиздин арасында барган жеринен жуктуруп же өздөрү чалдыгып келгендер өтө көп болуп атат. Буга себеп, ал жердеги жашоо шарты. Иштеген, жашаган жерлеринин абалы. Анткени, көптөгөн кыргыздар чет жерлерде кара жумуштарды, ачык асман алдында иштери талашсыз. Батир катары да ыңгайлуу шарты жок жатаканаларда жашап атышпайбы. Мунун баары ооруп калууга көмөк болот. Ал эми оорулуу жумушчулар ал жакта кереги жок да. Эгер ооруп атканын анализ аркылуу далилдешсе, тез арада өз мекенине жиберишет.

Даярдаган
Бегимай Бакашева