Ийгилик формуласы

Караңгыдан жылчык табуу жолдору...
Эрки, шык-жөндөмү, күчтүү амбициясы менен айырмаланган адамды жетекчилик бат байкап, кызмат тепкичинен өйдө көтөрөрү маалым. Мындай учурда ишенимди кантип актоо керек? Анда сөз ушул тууралуу болмокчу.


Кайсы сапаттар алдыга түртөт?
Менеджменттин алтын эрежесине ылайык, эки тизгин, бир чылбырды колго алган адис төмөндөгү эрежелерди эске тутуусу зарыл.

Ийкемдүүлүк
Жетекчи көңүлүн таба билиңиз. Мисалы, катчы жок кезде ага чай даярдап берип же майда тапшырмаларын аткарып дегендей. Чогулуштан калбай катышыңыз. Шефтин сизге жакпаган кылык-жоруктарын кол астыңыздагы кызматкерлер менен талкуулабаңыз.

Калыстык
Башка кесиптештер менен мамилени бузбаңыз. Алардын сөзүн, кечиккенин, кемчилигин шефке жеткире берүү, ишкердик этикага жатпайт. Жумушта сизге жакпаган бирөө болсо, кызмат абалдан пайдаланып, кодулабаңыз. Адамдын кебете-кепширин эмес, кылган ишин баалаңыз.

Жоопкерчилик
Өз ишиңизди так билиңиз. Айрыкча, чечим чыгарарда "жети өлчөп, бир кесиңиз". Эч убакта дыкат ойлонбой туруп, кадам таштабаңыз. Сиздин бөлүмдө иш үзгүлтүккө учураса, сиз гана жооп берүүгө тийишсиз. Өз беделиңизге доо кетиргиңиз келбейби? Анда кечигүүнү токтотуңуз.

Туруктуулук
Ар бир жамааттын өз салты бар. Мисалы, кызматкерлер күндө эртең менен 5-10 мүнөт кофе ичип, сүйлөшүп отура турган болсо, ага тыюу салбаңыз. Кечээ эле катарында жүргөн адамдын өзгөрүп кетиши эч кимге жакпайт. Колдон келсе, кесиптештер менен жакшы ымалада болуу керек.

Сылыктык
Сиз бала бакчадагы тарбиячы эмессиз. Андыктан кол астыңызда иштегендерге үндү көтөрбөңүз. Бардык маселелер тынч жана макулдашылган негизде чечилүүгө тийиш. Кызматкерлерге ишеним артууга көнүңүз. Алардын жөндөмүнө карап, тапшырма бериңиз. Эгер катачылык кетирсе, жемелебеңиз. Жөн гана эскертүү берүү жетиштүү болот.

Уюштуруучулук
Жамааттын иштөөсүнө шарт түзүңүз. Жогору жакка айтып, ар бир кызматкерди жаңы компьютер, уюлдук телефон д.у.с. нерселер менен камсыз кылыңыз. Кызматкерлердин талабын шефке жеткирүүдө этият болуңуз. Ар кандай кечелерди, майрамдык иш-чараларды өткөрүүнү моюнга алыңыз.






Кайсы сапаттар артка тартат?
Бой көтөрүү
Жөнөкөй болуңуз. Башкалардын ой-пикирин аягына чейин тыңдаңыз. Ошону менен катар өз дарегиңизге айтылган сынды туура кабыл алыңыз.
Эскиге эрмешүү
Заман талабын эске алып, издениңиз. Маркетингди өздөштүрүп, эски менен жаңыны айкалыштырууну үйрөнүңүз.
Жалгыздык синдрому
Чыныгы лидер күчтүү команда түзө билет. Эгер иштин алдыга жылуусун кааласаңыз, өзүмчүлдүктү жыйыштырыңыз.
Коркуу
Лидер жаңылуудан сабак алат жана аны келечекте кайталабайт. Ката кетирүүдөн коркуп, артка кетенчиктебеңиз.
Түнөрүү
Кол астыңызда иштегендерге дем берип туруңуз. Сиздин чөгүңкү маанайыңыз, илең-салаң жүрүм-турумуңуз кызматкерлерди артка тартарын унутпаңыз.
Өзүн-өзү күнөөлөө
"Жаңылбас жаак болбойт". Кайсы бир мүчүлүштүк үчүн өкүнбөстөн, алдыга умтулуу керек.





Босстор эмне дейт?
Мыкты кызматкер кандай болсо дейсиз?

Турсунбек Акун,
Акыйкатчы:
- Моралдык жактан таза, ишти убагында бүтүргөн, демилге көтөрө билген, дасыккан адистерди баалайм. Мен өзүм кошомат кылганды жаман көрөм. Кол астымдагылар ал мүнөзүмдү билет. Ошол себептүү, эмне ойлобосун ачык, бетке айтышат.

Шамшыбек
Медетбеков,
"Кыргызстан
геронтологдору"
коомунун президенти:
- Өз ишин так билген, жоопкерчиликтен качпаган кызматкерлерди тандайм. Мындан тышкары, заманбап технологияны, жаңы ыкмаларды өздөштүргөнүнө, команда менен иштей аларына карайм. Эгер бул талаптарыма толук жооп берсе, анда ал адисти колдоп, көтөрмөлөйм.

Табылды
Орозалиев,
экс-депутат:
- Билимдүү, адам менен сүйлөшө билген, чынчыл адистерди сыйлайм. Тилекке каршы, бизде андай кызматкерлер көз жаздымда калат. Алардын ордуна жалпактап, жетекчиге жагынган эптүүлөр өсөт. Кыргыздын шору ушунда болуп жатпайбы.

Кылычбек
Султанов,
"Супер-Инфо"
гезитинин негиздөөчүсү:
- Иштин көзүн тапкан, ишенимдүү, лидерлик сапаты бар кызматкерди мыкты деп айтсак болот. Бул эми идеалдуу вариант дечи. Мындай төгөрөгү төп келген адамды табуу кыйын. Бирок, мен жумушка алып жатканда, сөзсүз ушул сапаттарга басым жасайм.