Миң бир түн

Казак кыздын
махабат дастаны
Аялзатын аялзаты гана терең түшүнөт эмеспи. Өзүм аялуу болгондуктан, аялдын жүрөгүндөгү сырды, армандуу махабатты өз жүрөгүм аркылуу сездим. Жеке бирөөнүн ички сезимине, жеке бирөөнүн турмушуна уруксатсыз аралашкан маданиятсыздык болуп эсептелет. Ушул макаланы даярдап жатып, бир үйбүлөнүн куту болгон дагы бир үйбүлөнүн жубайы окуп калса, кандай акыбалда болот (?) деп санаа тарттым. Аялзаты мээримдүү, боорукер болот эмеспи. Бул макаланы гезит бетине даярдаган себебим, махабат дастанын китептерден, кинолордон гана көрүп, бүгүнкү күндөгү турмушубузда жолугуп, күбө болгон эмесмин. Чыныгы махабат бар экенин жаштарга жеткизгим келди. Маектешим, жаш сулууну аяп, анын арзуу сезиминин тазалыгына суктанып, ыраазы болдум. Бул маегибиз кимдир бирөөгө катуу тийген болсо,
алдын-ала кечирим сурайм.

- Карлыгаш, алгач өзүңүздү толук тааныштырып кетсеңиз, өткөндө гезит бетине сизди "Каршыга деген кыз" деп жаздык эле.
- (Назик үн менен күлүп) Менин атым Карлыгаш, атамдын аты Каршыга. Мен Каршыга кызымын.
- Карлыгаш, жашыңыз канчада жана эмне менен алектенесиз? Толук айтып берсеңиз, сиздин маегиңизди биздин окурмандар чыдамсыздык менен күтүп жатат.
- Жашым жыйырма беште, музыка дүйнөсүнүн адамымын. Бала чагыман бери фортепианодо ойноймун, нота жазам. Франциядан музыка боюнча Жан Батиста аттуу белгилүү инсандан сабак алгам.
- Францияда канча жыл жашадыңыз?
- Парижде 15 жашымдан баштап жашап келем.
- Биздин Мелис байкени кайдан тааныйсыз? Жана ушул жөнүндө толугураак айтсаңыз?
- Мен энемден эрте ажырадым. Атамдын жалгыз кызымын. Энемдин көзү өткөндөн кийин атам эки ирет баш кошту. Балалуу болгон жок. 15 жашыма чейин чоң эне колунда өстүм. Анан ал киши дүйнөдөн өтүп кетти... - ушул жерден Карлыгаштын капкара көздөрү жашка толду, аны бул акыбалдан алаксытып кетүү үчүн суроомду уладым.
- Карлыгаш, Мелис байкеге кандай жолукканыңды айтсаң?
- Мен кичинемен оорукчан болуп өстүм, Европадагы белгилүү дарыгерлердин кароосунда болдум. Менин Парижде жашап калганымдын эң биринчи себеби, ден-соолугума байланыштуу эле. Бир жыл мурун оорум күчөп, француз дарыгерлери дарылоодон баш тартышты. Атам мени Алматыга алып келди. Ден-соолугум барган сайын начарлап баратты, жакындарым менден үмүт үзүп, "аз күндө кайтыш болот" деп ичтеринде даяр болуп калышкан экен.
Карлыгаштын капкара көздөрүнөн аппак жүзүнө буурчактап жаш кетип, бир аз сүйлөбөй отуруп калды. Менин да көзүмө жаш айланганын байкадым. Анан саамга тыныгып, кайра сөзүн улады.
- Үч күн эсимен танып, төшөктө жатыпмын, түшүмө апам кирди. Апам аппак кийинип, мени карап күлүп, чачымдан сылап эркелетти. Апамды, абдан сагыныпмын. "Апа, апаке!" деп бакырып ыйлап жаттым. Апам болсо кубанычтуу күлүп, жаркылдап жатты... Ойгонуп, эсиме келдим. Түн жарымы экен, кулагыма шолоктоп ыйлаган ый угулат, өзүм ыйлап жатамбы (?) десем, мен эмес, бөлмөдө башка бирөө ыйлап отурат. "Атам келип ыйлап жатабы?" деп ойлоп, аны издей баштадым. Жакшылап карасам, бөлмөнүн ортосунда башка бир эркек адам отуруп алып, шолоктоп ыйлап атыптыр. Мен бул адамды мурун көргөн эмесмин. Таң кала карап жата бердим, ал адам көзүн жуумп алып, буркурап ыйлап, Кудайга жалынып отуруптур. Жакшылап тыңшасам, Кудайдан менин өмүрүмдү, менин ден-соолугумду сурап жаткан экен. Мен ал адамды карап жатып катуу уктап кетипмин. Эртеси уйкудан ойгонсом, күн чыгып калган экен. Үйдө адам жок, атамды издеп, башка конок бөлмөгө кирсем, чоочун адам отурат. Ал адам мага кайрылып, "Как спала спящая красавица, как себя чувствуешь? Не бойся, теперь ты долго будешь жить и не будешь болеть" деп айтты. Ал түндө менин бөлмөмдө шолоктоп ыйлап отурган адам эле. Көргөнүм түш эмес экенине таң калдым. Көрсө, бул адам Мелис ага экен.
- Карлыгаш, сенин айткандарыңды угуп отуруп, байыркы замандагы араб жомокторундагы окуяларды угуп жаткандай эле сезилип жатат мага...
- Туура, бул жомок. Францияга барып дарыгерлерге жолукканда, менин акыбалымды текшерип көрүшүп, кантип айыгып калганымды угушуп, "бул чыгыш жомогу" деп таң калышты.
- Карлыгаш, сөзүңдү кайрадан Мелис байкеге бурсаң...
- Мелис ага биздин үйдө мени бир жума карады. Мен тез эле сакайып, күчүмө кирдим. Андан эмне себептен ооруганымды сурасам, "сенин ооруңдун аты жалгыздык.... " деп койду. Мен бул диагнозго анда маани берген эмесмин. Мелис ага "бир жумадан кийин кайтып келем" деп, Кыргызстанга кетти. Ал кеткенден тарта күн санап, убайым менен убакыт өткөздүм. Жүрөгүм, жаным жалгыздыкта экенин мен ошондо гана түшүндүм. Анан ал биздин үйгө кайра келгенде астынан тосуп чыгып, мойнуна асылдым. Дарыгеримди, атамды, жансакчыларды көзүмө илген жокмун, Мелис аганын бетинен сүйүп, мойнун жыттап ыйлап аттым.
Карлыгаштын назик эриндеринде жылмаю пайда болуп, жүзү нурдана түштү. Өзгөчө бир сулуулугу бар Карлыгаштын жүзүнөн уяңдык пайда болуп, жүрөгүндөгү эң бир кымбат адамы жөнүндө айтып жатканы билинип турду.
- Карлыгаш, Мелис байкенин мойнуна асылганың, агасын сагынган карындашынын эркелегени деп түшүнсөк болобу? Бул кылыгыңа ал эмне деди?
- Мелис ага мындайды күтпөсө керек. Эмне кыларын билбей туруп калды. Мен биринчи ирет атамдан башка эркек адамды кучактап, сүйүп жатканымды ошондо сездим. Эсимден кетпей калды.
- Карлыгаш, ошондо жаныңарда турган атаңыз кандай акыбалда болду?
- Атамды карасам, ыйлап жатыптыр. Мелис аганы ошондо сүйүп калганымды сездим. Ал болсо менден чоочуп калды. Мага дайым ага катары мамиле кылып, "карындашым" деп өзүн оолак кармап жатты. Мелис ага биздин үйдө он күндөй жүрдү. Менин өмүрүмдөгү унутулгус бактылуу күндөр десем болот. Түн ичинде уктабай, анын бөлмөсүн тыңшап жатам. Ал сыртка чыкса, бир шылтоо таап, мен да чыгам... Менин каарманым качан ойгонот (?) деп эртең менен эрте ойгонуп, бөлмөсүн карап отурам. Бөлмөсүнөн чыкпай кечиксе, эрте турсун деп фортепияно ойной баштайм. Бир жолу фортепияно ойноп жатсам, жанымда музыка угуп бир далайга отурду. Анан мени карап, жылмайып мындай деп ырдай баштады:
Мекенден чыккан кайберен,
Мелжиген бийик жайда элең.
Мээнетиң алып кетейин,
Мен бойдок кезде кайда элең?
Мен бул жагымдуу ырды музыка менен коштоп баштадым. Мелис ага дагы улады:
Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап санаам бөлүнүп.
Кайгыга салдың агаңды сен,
Картайган кезде көрүнүп...
Мен бул ырды мурун уккан эмесмин, кийин билсем, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан экен. Азыр мен Айтматовду француз тилинде көп окуйм. Кыргызстан жөнүндө эмне жаңылык болсо, интернеттен карайм, Кыргыз жери Мелис ага аркылуу менин Мекеним болуп калды. Биринчи Кыргызстандагы жаңылыктарды карайм, андан кийин гана казак жаңылыктарын көрөм.
- Карлыгаш, Кыргыз жерин Мекен кылып, жакшы көргөнүңдү угуп, мен кубанып жатам. Биз сөздү Мелис байке жакка кайра бурсак? (Аялзаты башка бир аялзатынын сулуулугуна ашык болуп, суктанган сейрек болсо керек. Мен Карлыгаштын сулуулугуна, билимине, акыл-эсине, ыйманына, махабатына да суктанып жаттым. Карлыгаш жарк этип күлүп алып, кайра сөзүн улады).
- Мелис аганын жакында Кыргызстанга кайтарын ойлогонумда ичим тызылдап, жаман акыбалда болуп жаттым. Андан такыр ажырагым келбеди...
- Карлыгаш, Мелис байке сенин махабатыңа ошол күндөрү кандай жооп кылды?
- Эч кандай жооп кылган жок. Кээде "карындашым" деп эркелетип, атам менен бильярд ойночу. Атам экөө бильярд оюнунда таймашып калса, мен ичимден Мелис агага күйөрман болом. "Атамдан утулуп калбаса экен" деп чый-пыйым чыгат. Чынын айтсам, ал мага атамдан да кымбат болду. Көрсө, тунгуч махабат ыйык болот тура.
Карлыгаш үшкүрүнүп алды, экөөбүз бири - бирибизди тунжурай тиктеп отуруп калдык. Кайрадан сөзүн улады.
- Атам менин сакайганыма кубанып, Мелис аганын урматына досторун чакырып, чакан той бермей болду. Ошол чакан тойдо күтүүсүз окуя болду. Атамдын мас болуп калган бай досу Мелис агага асылып баштады. "Менде сендей кыргыздардын отузу бар, баары эртеден-кечке менин кызматымды кылат" деген сөздү айтты. Мелис ага жиндеп анын бетине ысык тамакты чачып жиберди. Чакан той ызы-чууга айланып, атамдын досу Мелис аганы жансакчыларына өлтүртөм деп чыр чыгарды. Мен атамдын ал досун ушунча жек көрүп калдым. Таңгалдым, Мелис ага кыргыздар үчүн баарыбызга таарынып калды. Мен түнү бою Мелис аганы аяп, ал жаткан бөлмөнүн эшигин карап жаттым. Оюмда ашыгымдын бөлмөсүнө кирип, бекем кучактап, атамдын досу үчүн андан кечирим сурагым келди. Ушул ойлорду ойлоп жатып уктап кетипмин. Эртең менен туруп, фортепиано ойноп, Мелис аганы күтүп аттым, ал чыккан жок. Чыдамым кетип, уялбастан анын бөлмөсүнө акырын басып кирдим. Мелис ага жаткан орун бош экен. Сыртка чуркап чыктым, аны издеп баштадым. Атам астыман чыгып, мени күнөөлүдөй карады да, "Мелис бизге кетип калды" деди. Мен эмне айтаарымды билбей, "анын машинасы турат го" дедим.... Мелис агага атам кымбат баалуу автомашина тартуу кылган да. "Кызым, ал биздин белегибизден баш тартты" деп башын жерге сала үйгө кирип кетти. Эртеси күнү мен Францияга жөнөп кеттим...

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен
Жаркынай Таабалдиева