Диктатор сабак

Гитлердин армандуу махабаты
1931-жылдын 19-ноябрында Адольф Гитлердин Мюнхендеги квартирасынан жаш селкинин сөөгү табылган. Ал фюрердин жээни Гели Раубаль эле. Ок кыздын көкүрөгүнө тийип, өпкөсүн тешип кеткен. Бул окуя Гитлерди катуу кайгыга салган. Гелиден соң ал аялзатын сүйүүдөн калып, ташбоорго айланган.


Гели жана фюрер
Гитлердин жээнине болгон "башкача" мамилесин анын тегерегиндеги саналуу гана адамдар билген. Кийин анын бирөөсү, улутчул Бальдур фон Ширах минтип жазган:
- 1928-жылы Мюнхендеги мейманканын биринде улутчул студенттер рождество майрамынын урматына кече өткөрүп жатканбыз. Шаан-шөкөт ортолоп калганда, өспүрүм кыз ээрчиткен Гитлердин капилет пайда болушу, баарыбызды элейтти. Саамга тым-тырс боло түшүп, анан колубузду көтөрүп, бир ооздон салам бердик. Толкунданган Гитлер кызды салтанаттуу, ошол эле маалда назик үн менен "менин жээним, фройляйн Раубаль" деп тааныштырды. Орто бойлуу, кой көз, кара чачтуу селкиге баарыбыз суктануу менен карап жаттык. Гели аябай татынакай экен. Бизден уялып, жүзү албырып чыкты.
Гитлер жээнинен 20 жашка улуу болгон. Гелиге жолугуу менен ал таанылгыстай өзгөргөн. Мүнөзү жумшарып, жайдары тарткан. Кыздын коштоосунда эс алууга чыгып, жээкте анын чабак урганын суктана карап отурган.
Гели жакшы ырдаган. Бош убактысында курал атып, бугун чыгарган. 1927-жылы Гитлердин жеке айдоочусу Эмиль Морис анын колун сурап, экөө үйлөнмөй болгон. Буга Гитлер каршы чыккан. Ал Гелини эч кимге ыраа көргөн эмес.

Үйбүлөлүк сырлар
Гитлер туугандары менен катышкысы келбеген. Ата-тегин дайыма жашырган. Мунун өз себеби бар болчу.
Анын чоң энеси Мария Анна Шикльгрубер 41 жашында бейнике уул төрөп, ага Алоиз деген ысым койгон. Фрау Мария кийин Йоханн Георг Гидлер аттуу бекерпозго турмушка чыккан. Алоиз өгөй атасынын наамына жазылып, анын бир тууганы Йохан Непомук Гютлердин колунда өскөн.
Алоиз Шикльгрубер өмүрү өткүчө бажы тармагында иштеген. Оокаттуу мырза, 40 жашка толгондо, Непомук Гютлердин небереси Клара Пельцлди Ватикандын уруксаты менен үчүнчү аялдыкка алган.
Адольф Гитлер 1889-жылы 20-апрелде жарык дүйнөгө келген. Ал үйбүлөдө төртүнчү бала болгон. Кларанын ага чейинки балдары токтогон эмес. Гитлерден соң ал дагы Паула деген кыз төрөгөн.
Адольф карындашы экөө атасынын экинчи никеден көргөн Алоиз, Ангела аттуу балдары менен бирге чоңойгон. Ангела күйөөсүнөн эрте калган. Үч балалуу аял жокчулуктун кедерин аябай тартканда, Мюнхенге көчүп барган. Гели анын кызы эле.

Гелинин өлүмү
Гели Раубаль саясатка кызыккан эмес, таякесинин "Менин күрөшүм" аттуу китебин да окубаган. Митинг, демонстрацияга эзели барбаган. Ал тынч гана өмүр сүрүп, жашоодон рахат алгысы келген.
Ал көз жумгандан кийин иш үстөлүнөн "Венадан көрүшөбүз, андан соң Земмерингге барабыз" деген жазуусу бар кат табылган. Демек, Гели Мюнхенден кетүүгө аракет кылган. Анда эмнеге өзүн-өзү аткан?
Гитлердин үйкызматчылары ишти териштирүүгө келген полицияга "Гели бөлмөсүнө бекинип, бир күн кечке чыкпай койду. Чакырсак, жооп берген жок. Биз кожоюндун пистолети жоголгондо гана шекшип, эшикти бузуп кирдик" деп көрсөтмө беришкен. Гитлер болсо, Гели жарык дүйнө менен кош айтышкан учурда Нюнбергде жүргөнүн айтып, бир топ улутчулдарды күбөгө тарткан.
Бул окуядан кийин Гитлер көпкө чейин коркуп жүргөн. Эгер илинчек табылса, кызды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиргени үчүн камакка алынмак. Бирок, Бавариянын Юстиция министри Франц Гюнтнер өзү кийлигишип, Гитлерди түрмөдөн сактап калган.
Гели көз жумган соң фюрердин жакын досу жана катчысы Эрнст Ханфштенгль күндөлүгүнө "Гитлер төшөктө эч бир аялды ыраазы кылбайт. Жыныстык жактан чабал, нерви жука, терс энергиясы көп. Ал аялдарды кыйноо, эзүү, мазактоо менен гана сексуалдык рахат алат. Гели бул кордукка чыдаган жок. Бир кезде ага балалык сезими менен ашык болгон кыз тажаганда, өз жанын кыйды" деп жазган.
Кыздын денеси көп өтпөй Венага жөнөтүлүп, жерге берилген.
1936-жылы Ангела экинчи жолу турмушка чыккан. Гелинин агасы Лео Раубаль, Сталинград үчүн болгон кармашта туткунга алынган.

Гитлер жана Ева
Ева Браун менен Гитлер 1929-жылы таанышкан. Экөөнүн алгачкы жолугуусун Ева "ошол күнү жумушта көпкө кармалдым. Маанилүү документтерди өйдө жакта сактачубуз. Аларды шатыга чыгып, карап аткам. Бир маалда кожоюн Чарли Чаплинге окшош киши менен студияга кирип келди. Бейтааныш бетмаңдайдагы диванга отуруп алып, мени аябай сынады. Ал күнү юбкамды кыскарткам, ич кийимим да жок эле" деп эскерген.
Бул кезигүүдөн соң Гитлер Еванын жүрөгүн бат эле багындырган. Бирок, аны Гелини сүйгөндөй, чындап сүйбөгөн. Көңүлү чаппаса айлап барбай, жүрө берген. Мындай мамилеге жаш селки катуу ызаланып, өзүнө эки жолу кол салган. Ушундан кийин гана Гитлер ага банктан эсеп ачып, үй сатып берген.
Экөөнүн мамилеси баш-аягы 16 жылга созулган. Ева Браун 1945-жылы советтик армия Берлинге киргенде, уу ичип өлгөн.

Магда, Ольга, Марлен...
Гитлер бийликке барганы ага ашык болгон аялдардын саны өскөн. Магда Квандт алардын бири эле. Өтө билимдүү, токтоо бул аял Гитлердин купулуна толгон. Анүстүнө Магда менен Гелинин окшоштук жактары көп болгон. Бирок, Гитлер ага үйлөнгүсү келген эмес. Анын ордуна "мени сүйсөң, күйөө тап" деп кызыктай талап койгон. Магда фюрерден ажырабаш үчүн анын оң колу Йозеф Геббельске турмушка чыгып, жети бала төрөгөн.
Талантуу режиссер Лина Рифеншталь да Гитлердин колуктусу болгон. Бирок, Гитлер ага да үйлөнгүсү келбеген. Лина фашизмди даңктаган фильм жараткан. Мунусу үчүн ал согуш аяктаганда куугунтукка алынган. Түрмөгө, андан кийин эки жолу жиндиканага жатып чыккан. Аны менен иштөөнү эч ким каалаган эмес. Белгилүү кинокомпаниялардын эшиги Лина үчүн биротоло жабылган. Мындай тагдырга швед актрисасы Цара Леандер дагы кабылган. Фашисттик Германияга барып, Гитлерге жолуккан соң күйөрмандары андан жүз бурган.
Орус эммигрантынын кызы, актриса Ольга Чехова да Гитлер менен жакшы мамиледе болгон. 1930-жылы фюрердин арты менен Германияда анын зоболосу көтөрүлгөн.
Согуш бүткөндөн кийин ал бир да киного тартылган эмес. 1980-жылы Ольга Чехова өмүрү өткүчө советтик чалгындоо кызматында иштеп, жашыруун тыңчы болгонун тастыктаган документ табылган.
Белгилүү айымдардын ичинен Гитлер менен Марлен Дитрих гана мамиле түзүүнү каалаган эмес. Актриса 1937-жылы өлкөдөгү улутчулдук саясатка нааразы болуп, Германиядан чыгып кеткен. 1939-1940-жылдары ал фашизмге каршы үгүт иштерине катышкан. Ушундан кийин Геббельс киножылдызды "эл душманы" деп жарыялаган.

Санжи Туйтунова