Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

"Өңдү көрсө жүз таят"
Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев Кыргызстанга келип, эч нерсе болбогондой эле саясый ишмердигине киришти. Буга чейин күч органдары Нариманга кылмыш иши козголгонун бакылдашып, келсе эле камакка алышарын билдиришкен. Бирок, "өңдү көрсө жүз таят" болуп, Н.Түлеев Бишкекке келгени ага карата эч кандай сурак иштери болгон жок. Себеби, ал "Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер катары катталып, мыйзамга ылайык анын камакка алынышына бөгөт коюлуптур. Эскерте кетсек, буга чейин күч органдары бакиевчилердин баарын камакка аларын, жеген-ичкендерин кустурарын какшап келишкен. Тилекке каршы, эч бирин эл астында жазалашкан жок. Мындай шартта жаңы бийлик менен эски режим көшөгө артынан элдешип кеткендей элес калтырууда. А карапайым калк саясатчыларга жөн гана курал болот турбайбы, көчөгө чыгып кыргынга учурап...


СДПК лидерин В.Нифадьев көрө албайбы?
СДПК лидери Алмаз Атамбаевдин Москвага барып, Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен жолукканы кыргыз саясый чөйрөсүнө чоң таасир калтырды. Ушул кезде орустардын акчасына жана колдоосуна муктаж болгон партиялардын маанайы түшүп, айлалары кетип калыптыр. Маселен, "Содружество" партиясын жетектеген Владимир Нифадьевдин үмүтү таш каап, А.Атамбаевдин мындай жүрүшүнө бир чети таңгалып, экинчи жагынан жини келип аткандай. Себеби, В.Путин Кыргызстандагы таасирдүү саясатчы катары А.Атамбаевди кабыл алуу менен 10 млн. доллар жардам катары мамлекетке берерин убада кылды. Дал ушундай көрүнүштөн кийин "Содружествонун" ичинен ынтымак кеткени, тизмеге кирген мүчөлөрү ич-ара чырдашканы, айтор, "Орусия бизди колдобойбу, талаада калдыкпы?.." дегендей арман-күүлөр чертиле баштаптыр. Шайлоого чейин ыдырап кетишпегей эле...


Саясаттан да башка сезимдер бар
Өткөн жумада экс-депутат Бакыт Иманалиев "Ата Мекен" партиясынын офисине гүл көтөрүп барып, бир кыздын жүрөгүн жылытыптыр. Белек катары чоктой кызыл розаларды тартуулап. Мындай көрүнүштөн кийин таңгалып турубуз, башынан эле Бакыт мырза "Ата Мекендин" саясатын анчейин колдобойт, бирок, "атамекенчи" кызга ийигени кандай? Баса, саясаттан да башка сезимдер бар эмес беле?..


Мэрдин көчөсү жаркырайт!
Баш калаанын мэри Иса Өмүркуловдун ишмердигине нааразы тараптар көбөйүп баратыптыр. Негизинен карапайым калктын калың катмарынан. Башкасын айтпасак да, Иса мырза өзү жашаган тараптагы Медеров көчөсүнө асфальт төшөтүп, а башка көчөлөрдү эске албагандай. Маселен, Бишкектин жаңы конуштары, кичирайондор ж.б. Кызык, мэрдин көчөсү жаркырап, түптүз болуп турсун, ал эми карапайым эл байырлаган аймактар аң-чөнөк боло берсинби? "Революция кылсак, адилеттүү заман орнойт" дегенбиз. Тетирисинен кетти го. Деги теңсиздиктен арылбайт экенбиз да.


Болот мырза жана бир сулуу...
СДПК лидери Алмаз Атамбаевдин башкы жансакчысы бар. Болот Сүйүнбаев деген. Бу жигит өз ишине кыйындыгы, кыраакылыгы менен эл оозуна алына баштаган кези. Албетте, мындай шартта жакшылыктын артынан кубаныч да болору ажеп эмес. Маселен, жакынкы күндөрдө Болот мырзанын үйлөнөрү, бир сулууга баш кошору кабарланууда. Болсун!


К.Байболов милийсаларды башкарса, жубайы...
Ички иштер министри Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболова аз күндөн бери "Ата Мекен" партиясынын Бишкек шаары боюнча штабын башкара баштады. Эскерте кетсек, буга чейин партиянын шаардагы уюштуруу иштери солгундап келсе, эми "атамекенчилердин" демине дем кошулуп, күжүлдөй башташыптыр. Нуржамал айымдын жолдошу милийсаларды башкарса, өзү "атамекенчилерди" тескеп, коомчулуктун көзүнө кызыктуу көрүнө баштагандай. Бактылуу жандар бекен?..


Динара парламентке эмес, декретке кетет
Экс-депутат Динара Молдошева "Республика" партиясында юрист катары эмгектенүүдө. Ал эски кесиптештериндей болуп, партиядан-партияга чуркабаптыр. Азырынча өз кесиби менен шайлоого чейин иштеп, андан кийин декретке чыгат экен. Кыскасы, бир-эки жылча саясаттан сырткары болорун тыңдадык.


Ассоль менен Бозулан баш кошконбу?
Айтылуу Ассоль Молдокматова менен олигарх Бозулан Мамазаировдун баш кошуп, бирге өмүр сүрө баштаганы айтылууда. Эскерте кетсек, акыркы убактарда Ассоль айым "Ата Мекен" партиясынын кыркынчы тизмесине жазылып, депутаттык креслого белсенген кербези. Ал эми Бозулан эски бийлик режиминде Жаныш Бакиевдин астында бизнес менен шугулданып, анын сүймөнчүгү болгонун көпчүлүк билет. Буга чейин "Жаннат", "Монте Карло", "Алтын Казына", "Ташрабат", "Мэри" сыяктуу бир канча оюн-зоок борборлорун өркүндөтүп келгени белгилүү. Эми замандын кызыгын карачы, натыйжада, Б.Мамазаиров Өмүрбек Текебаевдин тилин таап, анын партиясына демөөрчү болобу?..


К.Сатиндиевич санын чапканда
Өткөндө экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков санаалаштары менен отуруп, арман кылыптыр. Ал Акаевди колдогонуна, кийин Бакиев үчүн элге жаман көрүнгөнүнө, андан соң Барктабасовдун офисине барып жүргөнүнө, андан үмүт кылганына өкүнүп, жашып алыптыр. Көрсө, кээ бир саясатчылардын тагдыры ушундай болот экен, аз убакытка кызык доорду сүрүшөт да, аягында Кубанычбек Сатиндиевичке окшоп сандарын чабышат. Дал ушундай көрүнүштөн жаштар үлгү алыш керек. А болбосо өмүр текке кетип, өмүрдүн аягы өкүнүчкө айланганы жакшыбы? Эң башкысы, жаза басып, кыргыз элине жаман көрүнбөгөндү ойлошсо...









кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика