Элетте эмне кеп?

Назарали Арипов:
"Баткен аймагындагы элди да, жерди да сактап калабыз"
Биздин бүгүнкү маектеш Арипов Назарали окурмандарыбызга иш пландары, өзүнүн кичи мекени болгон Баткен облусун экономикалык жактан өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, бул алыскы аймактагы ички миграция көйгөйүн токтотуунун жолдору менен зарылчылыгы жана башка учурдагы өлкөбүздүн турмушунда болуп жаткан маанилүү маселелер тууралуу ой бөлүштү.

- Назарали Турдалиевич, алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
- Мен 1970-жылы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кара-Булак айылында туулганмын. Учурда Ош шаарында жашаймын жана Ош шаардык Кеңешинин депутатымын. Үч балам бар. Оштогу Технологиялык университеттин инженер-жолчу адистигин бүтүргөнмүн. Советтик Армиянын катарында аскердик милдетимди 1990-1992-жылдары өтөгөнмүн. Алгач эмгек жолумду өзүмдүн кичи мекеним Кара-Булак совхозунда 1988-жылдан жумушчу болуп баштадым. Ал эми аскердик милдетимди өтөп келгенден кийин Россиянын Волжск автомобиль заводунда эмгектенип, андан соң Ош шаарында жашап, жеке ишкердик менен алектендим.
- Кыргызстандын жараны катары биринчи иретте сизди эмне тынчсыздандырат?
- Албетте, үстүбүздөгү жылы болгон эки кайгылуу окуя - апрель революциясында каза болгон токсонго жакын азаматтарыбыз жана июнь айында өлкөбүздүн түштүгүндөгү кагылышуу, бул коогалаңдын кесепетинен бейажал көз жумган, дайынсыз жоголуп, азыркыга чейин дайын-дареги билинбей жаткан уул-кыздарыбыз. Мен Ош шаарынын тургуну жана шаардык Кеңештин депутаты катары 1990-жылдан кийин экинчи ирет кайталанган Ош окуясынын мындан ары болбошун каалайт элем жана Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары андай өлкөбүздүн бүтүндүгүнө коркунуч жараткан улутчул ураандардын тамырын биротоло кыркышы керек деп эсептеймин.
Мындан тышкары дале болсо жаштарыбыздын жумушсуз жүрүшү, элибиздин жакыр жашоосу тынчсыздандырат. Бизде ушул көйгөйлөрдү чечүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Анүчүн болгону ар бир жөнөкөй адамдан тартып, мамлекет башчыбызга чейин мекенчил болуп, жапатырмак эмгектенишибиз керек. Табият бизге көп жаратылыш байлыктарын берген. Болгону аларды туура пайдаланып, чет элдик шектүү компанияларга берип койбой, өзүбүз иштетишибиз керек. Ошондо байлыгыбыз да, капиталыбыз да сыртка ташылбай, элибиздин турмушу оңолот эле.
- Кичи мекениңиз Лейлектин көйгөйлүү маселелери да бир топ, аларды чечүүнүн кандай жолдорун көрө аласыз?
- Лейлек району Кыргызстандын картасынан караганда эле буулган каптын оозундай болуп, үзүлүп кала тургандай көрүнүп турат. 110 миң ар кайсы улуттардын өкүлдөрү жашаган Лейлек району Баткенден 130, Оштон 400, Бишкектен 1000 километр алыс аралыкта жайгашкан. Албетте, жолдун узактыгы облусттук, республикалык борборлорго каттоодо бир топ ашыкча кыйынчылыктарды жаратат. Ага кошумча Ош менен Исфана шаарларына чейинки жолдун начар абалы бир гана убакытты албастан, техникаларды бузуп, көптөгөн адам өмүрү менен байланышкан кырсыктарды пайда кылууда. Ошондуктан лейлектиктер тээ СССР учурунан бери эле бийлик башындагыларга үч маселени: жол, суу жана электр энергия көйгөйлөрүн чечип берүүнү коюп келишүүдө. Ушул үч маселе чечилсе эле иштерман элибиз калган көйгөйлөрдү өздөрү чечип алышат. Эгер Баткен аймагында жашаган элди сактап калсак, анда жерди да сактап калабыз. Ар бир аймакты, чек араны эң оболу ошол жергиликтүү эл коргойт.
Жалпы көйгөлөрдү алып келгенде жердештерим ушул турмуштун таштай оор кыйынчылыгын көтөрүп, Кыргызстандын жерин коргоп, бүтүндүгү менен коопсуздугун камсыз кылып жашап келишүүдө.
- Миграция, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдору барбы?
- Албетте, бар. Жогоруда айтылгандай, Лейлек районунда жашылча-жемиш, мөмөлүү бак-дарактарды өстүрүү аркылуу дыйкандарга мүмкүнчүлүк түзүп берсе болот. Анүчүн болгону алма, шабдаалы, жүзүмдөрдү кайра иштетип, жок дегенде шире чыгаруучу заводдор курулса эле бир топ жумушчу орундары пайда болмок. Мындан тышкары ошол жер-жемиштерди сыртка сатууну жолго коюш керек. Баса, бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзүндө экологиялык жактан таза азыктар өтө таңсык жана баасы жогору.
Мындан тышкары Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын аймагында эң жогорку сапаттагы күрөң көмүрдүн миллиондогон тонна кору бар. Фарфор буюмдарын жасоочу. Айнек заводдордун негизги сырьёсу болгон ак кум да Борбор Азия аймагы боюнча Лейлек районунун аймагында бар. Арка өрөөнүндө газ менен мунайдын кени бар. Андан тышкары изилденбеген алтын, мрамор баш болгон баалуу таштар менен кен байлыктар жатат. Эгер ушул табият тартуулаган байлыктарды иштетсек, бир эле район менен облустун эмес, бүтүндөй республикабыздын экономикасына чоң салым кошулуп, жумушсуздук, миграция маселелери өзүнөн өзү чечилип калмак.
- Биздин билишибизче Сиз өзүңүз да ушул айтылган маселелерди жеке ишкер катары кандайдыр бир деңгээлде чечип, бир топ ишканаларды иштетип келесиз...
- Туура айтасыз, мен ушул кезге чейин эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей, жалаң жеке ишкердик менен алектенип келдим. Сөздүн башында белгилеп кеткендей, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келген соң турмуш жолуна өз алдымча түшүүнү чечип, Ош шаарына келдим. Бирок, үйбүлөнүн алтынчысы болсом да агаларыма же тааныштарга таянбай, жеке ишкерлик менен алектенип жүрүп, акырындап бутка тура баштадым. Албетте, чоң ишти башташ үчүн чоң капитал керек. Ал эми менде андай акча же жардам бере турган чоң кызматта иштеген тууганым жок болчу. Анткен менен башты иштетсең бир жылчык табылат эмеспи. Ошол 90-жылдарда Кытай менен соода-сатык күчөп, кытайлык ишкерлер бизге келе башташпады беле. Аларда инвестиция тартуу, ишкерчилик жана бизнес жасоо өтө жакшы жолго коюлуптур. Мен алгач майда соода-сатыктан тышкары Ошко ири инвестиция тартууну да ойлодум. Ал кезде Оштогу мурда мамлекеттик ишкана болуп эсептелген кыш заводдор менчиктештирилип, тетиктери таланып-тонолуп, иштебей калып жаткан. Ошол эле учурда элдин кышка болгон керектөөсү жогору эле. Бул жагдайды эске алып, кытайлык инвесторлор менен биргелешкен кыш завод курдук. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын чет жагындагы кыш заводубуз жаз, жай мезгилинде тынымсыз иштеп, суткасына 50 миң кыш чыгарууда. Аны бир тууган, эң чоң агам Кудайберди Арипов иштетип, 200 адам жумуш менен камсыз болгон. Ушундай эле жол менен - кытайлык инвесторлордун жардамы аркылуу мындан эки жыл мурда Лейлек районунун өзүм туулуп өскөн Кара-Булак айылына да кыш заводун куруп, жүзгө жакын адам жумуш менен камсыз болду. Эң негизгиси районубузда ылайдын ордуна кыш менен кооз жана көрктүү кызыл кыштан үйлөр, мамлекеттик мекемелердин имараттары курула баштады. Кара-Булак айылындагы кыш заводунун дагы бир артыкчылыгы - сырттан эч нерсе сатып алынбайт, топурак менен көмүр жеринен алынат. Бүгүнкү күндө суткасына 20 миңге жакын кыш чыгарылып, кошуна Тажикстандан бери сатып алып кетишүүдө. Бул айланып келип эле жумушсуздук маселесинин чечилип, элибиздин социалдык абалынын жакшырышы эмеспи. Мындан тышкары Кара-Булак айылында кытайлык инвесторлор менен биргеликте көмүр кенин ачып, жакынкы жылдары иштетүү алдында турабыз.
Мындан тышкары Кара-Булак айылында мурда эскилиги жеткен дан кампаны сатып алып, ордуна тоок фермасын ачып койдук. Буюрса, бул да элибиздин азык-түлүк муктаждыгын чечүүгө салым кошот деп ойлоймун.
Жогорудагыдай кыш заводу эки жылдан бери Чүй облусунун Камышановка айылында да курулуп жатат. Буюрса, ушул баштаган иштер жанданып, кайтарымын бере баштаса Лейлек районундагы дагы бир топ кендерди иштетип, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылабыз жана миграция көйгөйүн токтотобуз деп ойлоймун.
- Бул жашоодогу негизги максаты­ңыз?
- Ар бир эле адам жакшы жашап, артымда элим эстей турган жакшы иш калтырсам деп кыялданат эмеспи. Мен деле элибиздин, Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө салым кошсом, пайдам тийсе экен деп колдон келген аракетти жасап келем. Кыргыз элинде тигил же бул адам тууралуу сөз болгондо эң биринчи "Ал кандай адам?" деген суроо берилет. Андыктан ушул суроого мен тууралуу да бир гана "жакшы" деген жооп болсо, анда "бул дүйнөдө бекер жашабай, өз максатыма жеткен турбаймынбы" деп ойломокмун.

Маектешкен
Автандил
Досназаров