Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
  Сабыр сай!

Маскөө Атамбаевди тандады, анан?..
Шайлоо кампаниясы марага жакындап калды. Эртең үгүт иштери башталат. Туура бир айдан кийин добуш берүү жүрүп, шайлоого чекит коюлат. Ким жеңет, кимиси утулат, ызы-чуусуз өтөбү (?), же... Мына ушундай суроолор бүгүн элдин оюн онго, санаасын санга бөлүүдө. Быйылкы шайлоо мурдагылардан кыйла өзгөчөлөнүп, түшүнүксүз жактары ого эле көп. Деги эле, "бала болуп, башыма жүн чыкканы..." дегендей, эгемендикке ээ болгондон бери биринчи жолу азыркыдай ("баары бир мен жеңем" дегени жок, көкбөрү стилинде) шайлоо болгону жаткандай. Буга чейин шайлоолордун баары эле эки жаат болуп өтүп, бир тарабы сөзсүз бийлик болсо, экинчи тарабы ага каршылардын уюшмасы болуп, өйдөкүлөрү "баары бир байге биздики" деп коңкоюп, бийлик оппоненттери элге таянып, тырмышып, байгеге жетпей, ага деле болбой күрөшүн улантып...
Айтор кимдин-ким экени эрте эле билинип калчу. Азыр болсо, ар кимиси ар тарап болуп, элдин башы маң. КСДП, "Ата Мекен", "Акшумкар" партияларын, бийлик дейин десең аларың деле ар кимиси өз-өзүнчө, анын үстүнө теңчиликтүү шайлоо болсун деп баары кызматтарын да өткөрүп беришти. Ага деле болбой булардын губернаторлору, акимдери отурат, административдик ресурсту колдонушат деген айыптоолор айтылууда.
"Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу партиялардын болсо мурунку бийликтин "камчы чабарлары", коррупционерлер деген калбыры бар. Ал эми "Акыйкат" (А.Жекшенкулов), "Айкөл эл" (Э.Байсалов), "Актилек" (С.Заиров), "Замандаш" (М.Өмүракунов) партияларына карапайым эл ишеним артып атканын тана албайбыз.
Ошентип, өлкөдөгү 150дөн ашык партиянын 57си шайлоого катышарын билдиргени менен 29у гана кагаздарын өткөргөнү маалым болду. Угушубузга караганда, 25-26сы катталып, шайлоо бюллетенине кирчүдөй. Башкача айтканда, "мен катышам" дегендин баарына эле уруксат берилип, демократиялык нормалар сакталып жаткандай. Бирок, ошол демократиялык нормаларды бетке кармап, Борбордук Шайлоо Комиссиясы (БШК) айрым партиялардын мыйзамсыз аракеттерине көз жуумп жаткан жокпу?
Мисалы, "Ата-Журт" партиясынын курултайы депуттаттык тизмесине 35 аялды (мыйзам боюнча 36дан кем болбошу керек) киргизгени тууралуу ММКлар баяндаган. Көп өтпөй БШКга берген тизмесинде ал сан 38 болуп өзгөрүптүр? Бу кандай? Же эмне, "атажуртчулар", баягы Садыркулов ыраматылык Кубанычбек Исабековду "Акжолдун" курултайы бекиткен тизмесин өзүм билемдик кылып, 69-орундан 6-орунга которгондой кылып эле өздөрү билип, каалаганын кошуп жатабы? Биздин угушубузча "атажуртчулар", "атамекенчилерге" окшоп, кайрадан курултай өткөзгөн жок эле го ("Ата Мекен" партиясы тизмесин мыйзамга ылайыктоо үчүн орус драмтеатрына кайталап, курултай өткөзгөнү белгилүү).
Эми ошол Кубанычбек Исабеков мырза "Үйкуруучулар" партиясынан "Акжолго" кире качкан Бейшенбек Абдырасаков менен биригип, эч кандай делегат чакырбай эле "Дордой" кичи конушунда көчөгө ары өткөн, бери өткөндөрдөн 40-50 адам чогултуп алып, курултай өткөзүп жатса, ал жерге катышкан БШКнын мүчөсү кой дегендин ордуна, "булар байкуштар акчасы жок талаада калыптыр" деп өзү "сүрөөнчү" болуп жүгүргөнү кандай? Ал эми "Үйкуруучулар" партиясынын мүчөлөрү (Бишкектин тегерегиндеги 47 жаңы конуштун тургундары, ички мигранттар) негизинен "Замандаш" партиясына кошулуп, калгандары КСДП, "Ата Мекен", "Ар-намыс", "Акшумкар" партияларына киргенин БШКдагылар билбейби же билгиси келбейби? Ал эми "Үйкуруучулар" партиясын "акжолчуларга" сатып кеткен Б.Абдырасаковдун жанында азыр үйкуруучулар жок, болгону ошо К.Исабековго керек болгон мөөрү гана бар. Анан БШКнын өкүлү эмне үчүн ушундай көз боеомочулукка жол берип жатат? Балким бул жерде материалдык кызыкчылыктар роль ойноп жаткан чыгаар? Деги БШК кайда карап жатат?
Айтор, "Ата-Журт" партиясынын мыйзамсыз катталышына "атамекенчилер" катуу нааразы болуп, ("атамекенчилер" А.Атамбаевдин колдоосу аркасында БШК "атажуртчуларды" каттады деп айыптоодо), натыйжасында, "тилектешпиз, союздашпыз, кошулуп кетебиз" деп жүргөн КСДП партиясы менен араздаша баштаганы айтылууда. "Ата Мекен" менен КСДПнын суук селки мамилеси буга чейин эле курчуп, (нарындык "атамекенчилер" партиянын борбордук штабынын тыюусуна карабастан, Кытай бажы бекетин 60 чакырым кыргыз чек арасынан ичке карай жылдыруу маселеси боюнча) катуу нааразычылык болуп келгени белгилүү.
Алдыдагы аламанда фаворит катары каралып жаткан бул "эки дөөнүн" (КСДП, "Ата Мекен") ортосуна чок салып, араздаштыруу аракеттери ички чагымчылар тарабынан далай ирет көтөрүлүп, бирок, эч кандай майнап бербей келген. Акыры шайлоонун шайтан оюндарына, эл аралык лөктөр катыша баштагандан кийин "союздаштардын" ортосуна жик түшкөндөй. Өмүрбек Текебаевди түрктөрдүн мамлекет башчылары кабыл алганда (партия жетекчисин башка мамлекеттин жетекчилиги биринчи ирет кабыл алышы) "АКШ "атамекенчилерди" колдойт экен" деген кеп тарап, андан соң Кытайдын Компартиясынын жетекчилиги, Жогорку Палатасынын вице-спикери менен жолугушуулары болуп, "Ата Мекен" партиясынын аброю кескин көтөрүлүүдө. Бул жагдай, албетте, шайлоого катышып жаткан саясый күчтөрдүн кызганычын пайда кылып жатат.
Ал ортодо Алмазбек Атамбаевдин Маскөөдө Владимир Путин менен жолугуусу болуп, "Орусия КСДПга "ставка" жасаптыр" деген кабар дүңк этти. Алмазбек Атамбаев В.Путин менен болгон мурунку жолугушууда Кыргыз өкмөтүнүн 1-вице-премьери катары жүрсө, азыр партиянын жетекчиси катары кабыл алынып отурат (В.Путин буга чейин Грузия оппозициясынын лидери Бурджанадзени кабыл алган). А.Атамбаевди Кремлде кабыл алган В.Путиндин Орусия өкмөтүнүн 10 млн.доллар жардам бөлүү чечими менен тааныштырып отурушун, кыргыз коомчулугу А.Атамбаевдин шайланарына ишенгендик же шайлана электе эле өкмөт башчыга жасагандай мамиле көрсөтүү, б.а. абдан чоң колдоо деп түшүнүп отурат. Ал эми Маскөөгө үзбөй каттап жаткан "Республика", "Ар-намыс", "Акшумкар" ж.б партиялардын айтымында, аларга да Орусиядан колдоо болору күтүлүүдө. А берки жалаң орустун акчасына ишеним артып отурган "Содружество" партиясында Маскөөгө болгон ишеним өчүп, акчаны "сен тап, мен тап" болуп кер-мур айтышуу болгону, акыры каражат табыш кыйынга туруп, чоң суроо туулганы айтылууда.
Ошентип, КСДП менен "Ата Мекен" партиясы дуулдап (экөө эки тарап болуп калганы эле болбосо) рейтинги алдыга озуп турган кези. Албетте, сырткы күчтөрдүн, коңшулардын колдоосу керек, мындай тажрыйба бүт дүйнө жүзүндө колдонулат. Бирок канткен күндө дагы негизги тагдыр чече турган күч катары кыргыз мамлекетинин жарандарын айтышыбыз керек. Ушул кыргыз электораты гана Кыргызстандын тагдырын чечет. "Жакшы тандоо жасасак, өз багыбызга, жаман тандоо жасасак, өз убалыбызга" дешибиз керек. Мурункудай Акаев, Бакиев күнөөлүү дей албайбыз. Азыр бийликте турган Р.Отунбаева "Алга, Кыргызстанын", "Акжолун" таңуулап, "баары бир байгени мен алам" деген жери жок. Ошондуктан партиялар ички электоратка басым жасап, элди тартканы оң. Антпесе, баягы, "эжеме ишенип эрсиз калдым" демекчи, "Маскөө менен Вашингтонго ишенем" деп талаада калуу да ажеп эмес. Мисал катары, Нарындагы көйгөйгө кошул-ташыл болуп, Кубанычбек Кадыровдун КСДПдан чыгып, "Акшумкарга" өтүшү, Ысык-Көлдө бул партиянын рейтингинин кескин көтөрүлүүсүн туудурганы жетиштүү болор. Бул деген ички электораттын таасиринин ачык далили эмеспи.
Ошентип, кыргыз электораты удургуп турат. Крыловдун "Чаян, аккуу, чортонун" мындай кой, биз деген "чилче тарачудай болуп", 26 тарапка бөлүнгөнү турабыз. Туура карай дүргүп, келечекке кадам таштайбызбы, же майда-чүйдөгө сатылып, элди-жерди таламайга салабызбы (?), эмненин ичинен чыгабыз? Ким берет бул суроонун жообун? Эч ким бербейт! Биз, кыргыз эли бул суроого өзүбүз жооп беришибиз керек.
Алдыдагы кырды ашаарда, туура жооп таап, авторитардык режимди кулатып, демократиялык нормаларды камтыган жаңы Башмыйзамды, эркиндикти, адилеттүүлүктү сунуштап жаткан кыргызымдын мыкты азамат жигиттерин колдобосок, таз кейпибизди кайра кийип, эски нукка түшпөйбүз деп ким айта алат.
Ал эми, бири Маскөөдөн катуу колдоого ээ болуп, экинчиси батыштан колдоо таап, "иттери чөп жегени" жаткан А.Атамбаев менен Ө.Текебаевге "эсиңер барда, этегиңерди жапкыла", амбицияга алдырган жандоочуларды тыйып, элди оң жолго салгыла, айткан убадаңарды аткарып, максатыңарга жеткиле демекчибиз!

Сабыр Муканбетов






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика