Көздүү мончок

Аида Чоткараева:
"Кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам"
"Сулуулук
дүйнөнү
сактап калат"- деген сөз бар. Кудайга шүгүр, кыргыз
жерибизде
сулуу кыздар
аз эмес.
Алардын арасында моделдик бизнесте өз
ордун таап, ийгиликтин чокусунда болуп келаткан
Аида Чоткараева менен тааныштырабыз.

- Аида, сулуулукка кандай карайсың?
- Менин оюмча сырткы келбеттин сулуулугунан дагы, ички жан дүйнөнүн сулуулугу эң негизги планда болуш керек. Анткени, табияттан берилген сулуулукту туура пайдаланыш үчүн эң биринчи акылкалчап ойлонобуз да.
- Кесибиң ким?
- Мектепте аябай жакшы окучумун. Мектепти аяктагандан кийин Борбор Азиядагы Америкалык университетке тапшырып, экономика факультетин бүтүрдүм. Негизи жашоомдо көп нерселерди билгенге ашыгам, акыл эсимди, иш жөндөмдүүлүгүмдү өстүргүм келет.
- Өзүң экономист болсоң, моделдик бизнеске кантип аралашып калдың?
- Кичинекей кезимден бери эле "модель болсом" деп тиленчүмүн. "Жаштын тилегин берет" деген чын экен. 15 жашымда модель мектебин аяктадым. Анан жарнамаларга, киного, кыргыз ырчылардын клиптерине тартылдым. Бир топ компаниялардын жүзү болгом. "Сүйүүнүн өз асманы бар" фильминде башкы каармандын ролун аткаргам. Орто жерден сулуулар сынагына да катышканга жетиштим. "Вице Мисс Кыргызстан-2007", "Мисс Акылкарачач", "Мисс АУЦА Stilish Body", "Мисс мен эң мыктымын" (АУЦА/КРСУ), "Мисс Айчүрөк" деген наамдарга ээ болгом.
- Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
- Мен өзүм китеп окуганды жакшы көрөм. Акыркы убакта психологияга байланыштуу китептерге кызыгып, берилип окуп жатам. Учурда Карен Хорнинин "Өзүңдү анализдөө" деген китебин барактап жаткан кезим.
- Сүйүүгө ишенесиңби?
- Сүйүү жашообуздун мааниси болгондуктан, мен сүйүүнүн бар экенине жана анын күчтүүлүгүнө ишенем. Азыр менин сүйлөшкөн жигитим бар. Ал мени ар убак колдоп, жөлөк-таяк болуп келет. Жанымда мени сүйүп, мени түшүнүп турган жакын адамым бар экенине кубанам.
- А бакытты кандай түшүнөсүң?
- Мен үчүн эмес, бардык эле адамдар үчүн ата-эненин, жакын адамдардын, достордун аман-эсен болгону, тынч-бейпил жашоонун өзү бакыт болсо керек. Мен дагы бакытты ушундай түшүнөм.
- Өзүңдү патриот катары көрө аласыңбы?
- Ооба, мен өзүмдү патриотмун деп айта алам. Мекенимди, жеримди абдан жакшы көрөм. Кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам. Бир да жолу "башка өлкөдө жашасам" деп тилеген эмесмин. Өз элине, жерине эмгектенген адамды, патриот адам деп эсептейм.
- Алдыга койгон максаттарың кандай?
- Жаш болсом да буга чейин көп максаттарыма жетиштим. Барган сайын андан көп мактсаттарды, пландарды кое баштайт экенсиң. Кудай буюрса, кыргыз эли сыймыктана турган жакшы иштерди аткарам деген ойдомун.

Айсалкын Самсалиева






  Кымча бел

Айгүл Ибраимкулова:
"Күйөөнү эмес,
бийди тандап алдым"

Эгиздер эрмеги
- Мен эгиздин түгөйүмүн. Эгизим Нургүл экөөбүздүн ортобуз он беш мүнөт айырма. Ал менден биринчи төрөлсө дагы, көптөрү мени улуу көрө беришет. Түгөйүм экөөбүз эки тондон чыккандыктан, бири-бирибизге таптакыр окшошпойбуз. Анан дагы "эгиздер эки бөлүнүп кетсе ооруп калышат, же жаман болушат" деген сыяктуу сезимдер бизде жок. Экөөбүз бир топ убакытка чейин деле бөлүнүп жүрө беребиз. Кызыгы экөөбүз жаңы төрөлгөндө атамдын агасы бала көргөнү төрөт үйүнө келет. Мед айым эгизим экөөбүздү бир одеалга ороп алып чыкса, байкебиз "ай, эки эгиз кыз дешпеди беле? Кана бирөөсү?" деген тура. Азыр эгизим экөөбүздүн эрмегибиз эле, үй жыйнамай, апамды төргө отургузуп коюп сыйламай. Бизди ушул даражага жеткирип, эч нерседен кем кылбай өстүргөн ата-энеме абдан ыраазымын.

Тамшанткан тамак
- Мен өтө эле ачык, шайыр, ак көңүлмүн. Көк беттенип айтканымды аткармайынча жаным тынбайт. Сырткы келбетим, мүнөзүм атама окшош. Жакпаган сапатым өтө эле ишенчээкмин. Ачка болсом маанайым түшүп, эч кимди жактырбай тултуңдап калам. Үйдөн кандай тамак болбосун, эки порция жемейинче ыраазы болбойм. Атамдан кийинки эле тамак көп жеген менмин (күлүп). Бирок, арыкмын. Арыктыгымдын айынан жаңы бийге келгенде кастингден өтпөй калып, "Назик эже, мага бир ай убакыт бериңизчи. Баарын өздөштүрүп кетем" деп суранган элем. Азыр эми минтип жетекчибиздин оң колуна айланып, жеңилин жерден, оорун колдон алып жүргөн кезим.

Эркек мүнөз
- Бийден кийин үйгө келгенде короо тазалап, чөп жулуп, огород сугарып, эркектин жумуштарын жасайм. Бош убактымдын көбү короодо өтөт. Анткени, Нургүл жалаң үй оокаттарын жасап, мага салыштырмалуу назик. Өзүм бийчи болгонум менен колдорум катуу, эркек мүнөзмүн. Досторум "ушу сендей кантип бийчи болсун. Бийчи кыздардын колдору жумшак, назик болуш керек" деп тамашалап калышат.

Акча жана айлык
- Акча жагына келгенде мен бир топ эле кыйналам. Эмнеге дегенде, канча акча тапсам дагы, тез эле коротуп, жоготуп салам. Акчага колум бош. Анан түгөйүм Нургүл "сен акчаны кантип пайдаланышты билбейсиң. Алып кел мага, мен катып коем" деп ал мага караганда сарамжалдуу. Эң биринчи жолу бийлеп акча тапканым 200 сом болгон. Сүйүнүп, ата-энеме торт, шире көтөрүп келгем. Азыр болсо тойлордон, концерттерден жакшы акча табабыз. Канча акча топтолсо, бири-бирибизди нааразы кылбай кыздар менен тең бөлүшүп алабыз.

Эх, сүйүү, сүйүү...
- Сүйүү темасы баарыбызга эле тиешелүү да. Тийишип калган жигиттерге олуттуу мамиле кылам. Негизи бий топтогу кыздардын баарынын жеке жашоосуна, жигиттерге байланыштуу суроолорго Назик эже жооп берет. Себеби, ал биздин экинчи апабыз болуп калды. Үйдөгү ата-энебизге караганда Назик эже менен көп жүрөбүз да. Ошондуктан, кандай жигит болбосун, эң биринчи жетекчибиздин элегинен өтүшү керек. Эгер ага жакпаса биз сүйлөшпөйбүз. Өткөндө өзүм бир жигит менен таанышып калдым. Ачыгын айтканда ал мага жаккан. Анан "мен сага үйлөнөм. Бирок, сен бийлебейсиң" деген эле. Назик эже "Айгүл, сенден жакшы бийчи, жакшы жетекчи чыгат. Сага үмүтүм чоң. Мен күйөөгө кеткенде кыздарды сен карайсың. Азыр сен жашсың. Турмуш курганга али эрте. Өзүнүн убагы келет" деген сыяктуу кеңешин берген. Чындыгында жан дүйнөм бийди каалап турса, кийин турмушка чыкканда бийлетпей койсо, өзүм орто жерде чайналмакмын. Назик эженин кеңеши мага жагып, бийди тандап алдым.
Айнура Касымова