Саресеп

Шайлоо: коопсуздук көзөмөлдө болот
Парламенттик шайлоо алдында жана андан кийин да Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип, өлкөнү бөлүп-жарууга жана улут аралык жаңжалды козутууга аракет кылган партия өкүлдөрүнө катуу чаралар көрүлөт. Жагдайга жараша шайлоо токтотулуп, өзгөчө кырдаал жарыяланышы да ыктымал.
Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 7-сентябрда Бишкекте өткөн "Мыйзамдардын сакталышы - шайлоо коопсуздугунун кепилдиги" деген аталыштагы форумда белгиледи. Форумга шайлоого ат салышууга ниетин билдирген 29 партиянын өкүлдөрү катышып, алардын көпчүлүгү добуш берүү учурунда административдик ресурс колдонулат деген кооптонуу билдиришти.
Форумда 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо болуп кетүү ыктымалдыгы бар тополоңдор менен ызы-чуулардын алдын алуу, шайлоодогу коопсуздук маселеси талкууланды. Форумга катышкан президент Роза Отунбаева алдыдагы шайлоо өлкөдөгү демократияны өнүктүрүү жана жалпы Кыргызстан тагдыры үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Президенттин айтымында, шайлоонун ачык жана айкын өтүшү үчүн өкмөт бардык чараларды көрөт:
- Жаңы бийлик тең укуктуу шарт түзүп берүүгө жана бардык саясый күчтөр менен конструктивдүү кызматташууга даяр. Биз прогрессивдүү бардык күчтөрдү өлкөнү жаңылоо багытында биргеликте иштешүүгө чакырабыз. Биз шайлоо ачык, калыс жана акыйкат өтүшү үчүн бардыгын жасайбыз. Коррупцияны алдын-алуу боюнча бардык чаралар колдонулат. Эгер кайсы бир партия добуштарды сатып алуу же шайлоочуларды коркутуу менен алектенсе, мен эскертип коеюн, биз мыйзамдын негизинде катуу чараларды көрөбүз.
Роза Отунбаева губернатор, акимдер шайлоо процессине кийлигишпөөсү керектигин, жооптуу кызматта отуруп, бирок партиянын атынан шайлоого кетип жаткандар болсо кызматын тапшырып берүү зарылдыгын белгиледи. Роза Отунбаеванын айтымында, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери шайлоо процессине эч катышпашы керек.

Коопсуздукка катуу көңүл бурулат
Шайлоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милиция күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул үчүн милициянын райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери атайын окуудан өтүп жатышат. Ал эми шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзам бузууларды БШК катуу көзөмөлдөйт. Эгер шайлоо учурунда өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө шек келтирген жагдайлар жарала турган болсо шайлоо токтотулуп, өзгөчө кырдаал киргизилиши ыктымал.
- Мен саясый партиялардын жетекчилерине жана бардык өкүлдөрүнө шайлоо өнөктүгү учурунда да, шайлоодон кийин да өлкөнү дестабилдештирүүгө алып келген иштерди жасабоого кайрылат элем, ал тургай талап кылам. Өз максатыңарга жетүү үчүн элдин сезими менен ойноп, бири-бирин кагыштырбагыла. Бул шайлоо Кыргызстандын тагдырын чечер окуя болуп жатат. Ага биз эле эмес, башка өлкөлөр да көз салып турган чагы. Улут аралык байланышты саясатташтырбоону суранам. Ар кандай саясый күчтөрдүн ушундай аракеттеринин алдын тосууга Конституция мага президент катары катуу чараларды көрүүгө укук берет. Эгер маселе мамлекеттин бүтүндүгүндө, биримдигинде болуп калса биз өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизебиз.
Өзгөчө кырдаал киргизилген шартта өлкөдө шайлоо өтпөйт. Роза Отунбаеванын айтымында, кыргыз армиясы, чек ара кызматы мамлекеттик чек араны көзөмөлдөп турат. Азыркы тапта тыштан кол салат деген коркунуч жок. Ошондой эле форумда БШКнын жоопкерчилиги да белгиленип, шайлоочулардын тизмесинин кыска убакыттын ичинде такталып, аныкталып чыгуу зарылдыгы айтылды.
Ал эми форумга катышкан партиялардын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү шайлоо учурунда административдик ресурс колдонулат деп кооптонууда. Бул себептен алар добуш берүү учурунда бармакка көзгө көрүнгөн белги коюу ыкмасын сунушташты. Бул кара сыя болушу ыктымал. Мындай сунушту укук коргоочулар да колдошту. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова бул ыкманы административдик ресурска бут тосуунун бир жолу катары баалады:
- Шайлоо абдан жаңжалдуу абалда өтүп жатат. Партиялар көп. Бул жерде абдан курч күрөш болгондон кийин, ар бир шайлоочунун добушу аларга негизги добуш катары эсептелет. Ошондуктан көзгө көрүнгөн сыя коюу ыкмасы менен биз бир адамдын эки же он жолу кирип, добуш беришине бут тосо алабыз.
Мындай ыкма башка жаңжал чыккан өлкөлөрдө да шайлоо учурунда колдонулуп келген. Анткен менен БШК төрагасы Акылбек Сариев комиссиянын 6-сентябрдагы отурумунда бармакка белги коюу үчүн түссүз сыя колдонуу туурасында токтом чыкканын, бирок бул маселе комиссиянын кийинки отурумдарында кайра караларын "Азаттыкка" кабарлады. А.Сариевдин белгилешинче, көзгө көрүнгөн белги коюп, бул маселени чоң талкууга айлантууга негиз жок.
Укук коргоочу Азиза Абдырасулова кыйчалыш кырдаалда ар бир административдик ресурс чоң коркунучту жаратышы ыктымалдыгын белгиледи:
- Административдик ресурсту колдонуу - бүгүнкү күндө парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын ресурсун колдонуу дегендик. Шайлоого ар бир айыл эмес, ар бир көчө, үйбүлө катышат. Ошондуктан бир кичинекей нааразылык мамлекеттик деңгээлден ар бир көчөгө чейин, өлкөнүн булуң-бурчуна чейин жетип калышы ыктымал.
Анткен менен ички иштер министри Кубатбек Байболов коомчулукта шайлоо учурунда болуп кетүү ыктымалдыгы бар тополоңдорду алдын алуу иштери жүрүп жатканын, кырдаал көзөмөлдө экенин белгиледи.
- Биз болгон аракетти жасайбыз. Жалпы министрликтин багыты - тартипти көзөмөлдөө, шайлоону уюштургандык жана мыйзамдуу негизде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү. Даярдык жакшы, болгон күчтү жеткиликтүү деңгээлде даярдап жатабыз. Бул айдын аягына чейин толугу менен даяр болот. Милиция органдары, сот, болбой баратса армия бар. Канткен менен мамлекетбиз да. Бир топтордун тополоңунан коркуп, мынчалык дүрбөгөн туура эмес.
Форумда коомдогу стабилдүүлүк, шайлоо учурундагы ачыктык жана айкындык массалык маалымат каражаттарына да байланыштуу экени белгиленди.
Канымгүл Элкеева
"Азаттык"




  Күзгүнү карачы?

КАРГАНБЕКТИН
Кылыктарынан
Карганбек Самаков депутаттыкка аттанганы өнөрү чыгып, кубула баштады. Анын ордунда башка бирөө болсо, Кудай деп элге таянмак. Ал эми Карганбек мырза, акчасына таянганын койбоду. Качан караба, шайлоо жакындаганда пайда болуп, куру убадалар менен курсак тойгузганга уста. Дегеним, буга чейин далай жолу "жаштарды иш менен камсыз кылам, көпүрө салдырам, тигини-муну куруп берем" деп элди алдап, шайлоо бүтөрү менен изин суутуп кетчү. Анан 6-7 баатыр энеге өзүнүн атынан "Нарын үчүн шумдуктай иштерди жасап жатат" деп жалган отчет бердирмей адаты бар эле.
Эми дагы күйгүзүп, күздөгү парламенттик шайлоого карата "Ата Мекен" партиясына кирди. Анысы аз келгенсип, чагым уюштуруп, партия мүчөлөрүн жалданма 4-5 аялга жамандатып атат. Карганбектин Нарын шаарында өзүнөн кем калбаган 4-5 кол баласы бар. Бүгүнкү күнү алар да саясый кеңештин мүчөсү экенине алымсынбай, (беттеринин калыңдыгын ушундан көргүлө) "партиянын парламенттеги тизмесине киребиз" деп чуркап жүрүшөт. Мейли кирсин, ичи тардыгыбыз жок, бирок, калыстык кайда? "Ата Мекен" партиясына эмгеги өткөн, кыйын-кезеңде анын таламын талашкандар четте калабы? Ошол Карганбектин "камчы чабарлары" бизчелик күйөбү же шайлоо бүткөн соң, кайдадыр безип кетеби? "Устасынан шакирти өтүптүр" деп бекер айтылбаган чыгаар...
Бир ирет Карганбек мырза облустук конференцияга келип, "саясатыңарды да, шайлооңорду да урганым жок, саясатсыз эле жашайм" деп кеткен эле. Бүгүн минтип партиянын алдынкы сабында жүргөнү кандай? Деги Колянын канча жүзү бар? Аттуу-баштуу, таза деген "Ата Мекен" партиясы ушундай Алдар Көсөөлөр менен иш алып барса, анда келечегибиз дагы эле оңолбойт го.

Абдиев Турганбай,
Нарын шаары,
Партиянын көп жылдан
берки мүчөсү