Түркиядан Жаныш Бакиевдин паспорту чыкты
Жаныш Бакиевдин паспорту Түркиядан чыкты. Бул тууралуу башкы прокуратура "Дело№" гезитине билдирген. Маалыматка караганда, 19-майда Стамбулдагы эл аралык аба майданында коопсуздук кызматкерлерине Стамбул-Минск рейсинин жүргүнчүсү кайрылган. Ага күтүү залында бир адам кайрылып, "Минскиден силерди тосуп алышат" деп өзү менен кошо ак конвертти ала кетүүнү суранган. Жүргүнчү алгач макул болуп, андан соң кайра күмөн санап, коопсуздук кызматына ал конвертти тапшырган. Конвертти ачканда, ал Бакиев Жаныбек Салиевичтин дипломаттык паспорту болуп чыккан. Документти Түркиянын тышкы иштер министрлигине беришип, ал жактан аны Кыргызстандын элчилигине жиберишип, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Бирок Түркиядан "мындай аты-жөнү менен адам кирип же чыккан эмес"деген жооп келген.


ЕККУ полициялары келбей калдыбы?
ЕККУнун полиция кызматкерлери Кыргызстанга келүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу "КоммерсантЪ" гезити жазып чыкты. Маалыматка ылайык, полициялардын келиши белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Акыркы мүнөттөрдө 52 полиция кызматкерлери Бишкекти көздөй алдын ала ээленген авиабилеттерден баш тартышты. Венедагы ЕККУнун штаб-квартирасында миссиянын келүүсү боюнча Бишкек менен болгон сүйлөшүүлөрдө кыйынчылык бар экендигин белгилеп, бул жаатта консультациялар жүрүп жаткандыгын белгилешти.


Улут аралык чатак чыгаргандардын иши сотто
Улуттар аралык чатак чыгарган деп айыпталып аткан "Дийдор" гезитинин редактору Улугбек Абдусаламованын иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөрүлүп берилди. Тергөө аныктаган маалыматка караганда, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыров менен анын орун басары, "Дийдор" гезитинин редактору Улугбек Абдусаламов жана башка өзбек диаспорасынын лидерлери 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин ишмердүүлүгүн катуулата баштаган. Алар мыйзамсыз митингдерди уюштуруп, укук коргоо органдарынын ишин сындап, ачык эле бийликти күч менен тартып алуу тууралуу чакырыктарды жасап атышкан. Аларга укук коргоо органдары тарабынан "эки улуттун ортосуна от жаккан", "сепаратисттик ишмердүүлүк жасаган", "мыйзамсыз курал алып жүргөн" деген айыптар тагылып, иш сотко өткөрүлдү. Андан сырткары, К.Батыров дагы башка бул кылмыштарга тиешеси барлардын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы тууралуу Башпрокуратурадан кабарлашты.


У.Барыктабасов - банкрот
Урмат Барыктабасов банкрот болгон жана айтылып жүргөн 7 млрд. доллар тууралуу кептер - бул миф. Мындай оюн Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын башчысы Жалил Илипаев "Дело№" гезитине билдирген. "Ал президент болсом, Кыргызстандын тышкы карызын жабам" деп убада кылган. А күтүп эмне кереги бар? Эмне үчүн азыр эле өзүнүн "саналгыс капиталынан" 2 млрд. бөлүп бербейт? Эл анда өзү эле колуна көтөрүп, президенттин кабинетине кийирип коймок. Анча акчасы жок. Бирок бул менин жеке оюм", - деди Ж.Илипаев.


Р.Отунбаева Нарындагы өзү окуган мектепке барды
КР президенти Роза Отунбаева кечээ, 1-сентябрда Нарын областында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирүүдө. Нарын шаарына келип, президент негизги болгон Ленин көчөсүнүн оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул иштерге өкмөттөн 50 млн. сом бөлүнүп берилген. Андан соң, Р.Отунбаева 1-6-класстары окуган Чкалов атындагы өз мектебине барды жана бул мектеп анын жашоосунда чоң роль ойногонун белгиледи. Линейкадан кийин президенттин катышуусу менен "Тынчтык" ачык сабагы өттү.


Орто-Сайдан өрт чыкты
Кечээ эртең менен Орто-Сай базарынын ичинде чоң өрт чыгып, кайра өчүрүлгөн. Бактыга жараша, жоготуулар болгон эмес. Базардан өрт чыкканы тууралуу телефон коңгуроо өрт кызматына эртең мененки саат 8.06да түшкөн. 8.15те өрт өчүргүчтөр жетип келип, өчүрүүгө 7 машине катышкан. Жалпысынан 1 миң 500 квадрат метр аянт күйүп кеткен. Өрт өчүргүчтөр кырсыктын чыккан себебин аныкташууда, алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ал электр линияларынан кеткен.


Мамкызматкерлердин калпы ачылат
Мамлекеттик кызматкерлер эми калпты аныктоочу детектордон өтүшөт. Дал ушундай жарлыкка президент Роза Отунбаева кол койду. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул ыкма заманбап технологиялардын жардамы менен мамлекеттик кызматтарга коррупцияга катышпаган, тазараак адистерди тартуу максатында колдонулуп жатат. Полиграфтын текшерүүсү финансылык полицияда, салык кызматында, бажы кызматында колдонулат. Жана дагы мамлекеттик органдардын статс-катчыларын тандоо учурунда пайдаланылат.


Эки чек арачыны Өзбекстанга алып кетишти
Баткенде эки чек арачыны Өзбекстанга алып кетишти. Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, 31-августта Кадамжай районунун Пулгөн шаарчасынын Өзбекстан менен чектешкен жеринде, эки өлкөнүн бейтарап аймагында чек аралардын жабылышы боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, макулдашуу тууралуу алдын ала айтылган боюнча Айдаркен чек ара отрядынын жана Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрүн өзбекстандык кесиптештери кармап кетишкен. Кармалгандар азыркы тапта Өзбекстанда. Учурда аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп атканы кабарланууда.