Кримсфера

Ишкер Роман Шин тоноого катышканбы?
Белгилүү ишкер Роман Шин тоноого катышкан деп айыпталууда. Бул тууралуу ИИМдин кылмыш иликтөө боюнча башкы башкармалыгынан "Сводка" сайтына кабарлашкан. Маалыматка караганда, ушул жылдын май айында Бишкек ШИИБисине Э.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Роман Шин аны 2002-жылы уюшкан кылмышкерлер тобунун (ОПГ) лидери Рысбек Акматбаевге "дайындап" койгонун айтат.

Э.Т.нын айтымында, ОПГнын мүчөлөрү Мурат Асанкожоев менен Юрий Кириченко "Арбат" казиносунан Таалай деген досу экөөнү күч менен машинеге салып, тоо жакка алып кеткен. Автомат менен коркутуп, күч колдонуп, "БМВ 323" жана "ВАЗ 2199" машинелерин, 6000 доллар акчасын тартып алышкан. Анан дагы 20 миң доллар берүүгө милдеттендирген. Жыйынтыгында Т.Э. досу экөө ОПГ мүчөлөрүнө 26 миң доллар беришкен.
Арыздын негизинде ушул жылдын 16-июлунда Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Жабырлануучу Т.Э. аттуу жарандын көрсөтмө бергенине караганда, 2002-жылдын 24-майында Таалай аттуу досу экөө "Арбат" казиносуна кумар ойногону киришкен. Бул күнү алар, болжол менен, 25 миң доллар утуп алышкан. Ошондон кийин Таалай дилерге үнүн катуураак чыгарып сүйлөгөн. Муну угуп калган Роман Шиндин уулу Сергей Шин келип, дилерге болуша кетет. Ошентип, эки тарап чырдаша кетип, Сергей "силер менен башкача сүйлөшөм" деп коркутуп чыгып кетет.
Андан соң достор оюнду аягына чейин ойношуп, акчаларын алгандан кийин үйлөрүнө тарап кетишет. Үч күндөн кийин "Арбат" казиносуна кайрадан келишет. 10 мүнөттөн кийин аларга азиат улутундагы бир жигит келет, анын аты Мурат Асанкожоев экенин кийинчерээк билишет. (Мурат ошол кезде Рысбек Акматбаевдин айдоочусу, жансакчысы болгон экен, кличкасы "Торпеда"). Ал Таалай менен Э.Т.ны көчөгө алып чыгат, ал жактан европалык улутундагы Юрий Кириченко тосуп алат. (Бул дагы Рысбектин ОПГсынын мүчөсү). Андан соң алар Таалайдын "БМВ-325" маркасындагы машинесине отургузуп жөнөшөт.
Белинский көчөсүнө жеткенден кийин Юрий менен Мурат жабырлануучулардын колдорун, көздөрүн скотч менен таңып алып жөнөшөт. Тоого жетип, көздөрүн чечишкенде Рысбек Акматбаев менен Адис Кулманбетов келип, дене-башына уруп башташкан. Андан кийин Рысбек колуна автомат алып, баштарына такап, казинодон оюнду бузуп ойношконун айтып, "атып туруп, ушул жерге көмүп кетем" деп коркуткан. Андан соң автоматтын арты менен белдерине катуу соккуларды уруп, "Роман Шиндин кумар оюндарына экинчи ойнобогула" деп айтып, утуп алышкан акчаларын кайра кайтарууну талап кылган.
"Биз эмне кылаарыбызды билбей калдык да макул болдук. Канча акчабыз бар экенин сурады. Биз 6 миң доллар деп айтканыбызда, "калганы каякта?" деп сурады. Биз калган акчаларды башка казинолордо уттуруп койгонубузду айттык" - дейт жабырлануучу.
Андан соң Рысбек машинелерин, 6 миң долларды калтырып кетүүсүн, калган 20 миң долларды эки айдын ичинде таап, Муратка беришин талап кылган. Жабырлануучулар макул болушкан. Сүйлөшүү аяктагандан кийин алардын көздөрүн скотч менен кайрадан таңып, Таалайдын машинесине салып алып, шаарга алып келишкен.
Жолдон 11-кичирайондогу Таалайдын үйүнө киришип, ал үйүнөн 3 миң доллар алып чыгып берген, Э.Т. дагы жанында болгон 3 миң долларын кошуп, 6 миң доллар кылып Муратка беришет да, "Арбат" казиносуна кайрадан келишет. Кире бериштен Роман Шин тосуп алып, "Бул жакка эми келбегиле!" деп жакшылап түшүндүрүп коюштубу" деп айткан. Мурат менен Юрий болсо жабырлануучулардын "ВАЗ 21099", "БМВ" машинелерин алып кетип калышкан. Эртесинде бул машинелерге генералдык ишеним кат да жазып беришкен. Бир жарым айдан кийин 20 миң долларды дагы таап беришкен.
Т.Э. карыздарын төлөө үчүн квартирасын сатканга мажбур болгон, ал эми Таалай болсо казакстандын жараны болгондуктан, Алматага кеткен.
Оперативдик иштердин жыйынтыгында, 2010-жылдын 26-август күнү Мурат Асанкожоев колго түшүп көрсөтмө берип, 2001-жылдан баштап, Рысбек Акматбаевдин үйбүлөсүнүн айдоочусу болгонун айткан. Анын айтымында, 2002-жылдын май айларында Рысбек Акматбаев ага телефон чалып, "Арбат" казиносунан эки жигитти алып чыгып кетүүнү буюрган. Бул учурда Рысбек Акматбаев тоо лыжа базасында эс алып аткан. Алар Юрий Кириченко экөө "Арбатка" келишкенде, Роман Шин эки жигитти көрсөтүп берген. Мурат андан ары Э.Т. берген көрсөтмөлөрдү тастыктап, болгон окуяны айтып берген.
2010-жылдын 26-августунда Роман Шин кармалып, бирок сурак учурунда кан басымы жогорулап кеткенине байланыштуу ооруканага жеткирилген. Ооруканада Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн конвойлору карап турган.
2010-жылдын 28-августунда ага тоноого катыштыгы бар деп айып коюлган.
Роман Шин М.Миррахимов атындагы улуттук кардиологиялык борбордон маалымдама алып келгенине байланыштуу, анын ден-соолугун эске алуу менен бирөөнүн кепилдиги менен кое берүү баш коргоо чарасы тандалды.
Эскерте кетсек, Роман Шин "Хепинес" жана "Арбат" сыяктуу казино түйүндөрү бар Кыргызстандагы ири бизнесмен, Жогорку Кеңештин 4-чакырылышында Коммунисттер партиясынан депутат болгон. Жакынкы күндөрү "Ата-Журт" партиясына кирген болчу.




  Эсеп-чот

Чоңдордун милдеттери так бөлүндү
Президент Роза Отунбаева кол койгон буйрукка ылайык, премьер-министр менен вице-премьер-министрлердин милдеттери жана көзөмөл кылчу тармактары так бөлүштүрүлдү.

Ага ылайык премьер-министр (Р.Отунбаева) өкмөттүн жалпы ишине, бардык өкмөттүк түзүмдөргө көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле ал Коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Адилет министрлиги жана жергиликтүү администрациялардын иштерин жеке өзү көзөмөлдөйт. Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев болсо Каржы министрлигин, Экономикалык тескөө министрлигин, Транспорт жана коммуникация министрлигин, Энергетика министрлигин, Жаратылыш ресурстары министрлигин жана Мамлекеттик мүлк министрлигинин иштерин координациялайт.
Ошондой эле ал Монополияга каршы мамлекеттик агенттигин, Байланыш агенттигин, Салык жана Бажы кызматтарын, Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматын көзөмөлдөйт. Вице-премьер-министр Александр Костюк болсо Айыл-чарба министрлигин, Суу чарбасы жана мелиорация комитетин, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Мамлекеттик материалдык резервдер корун жана агро өнөр-жай тармагына тиешелүү мамлекеттик мекемелерди координацияламакчы. Вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева координациялай турган тармакка Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги, Маданият жана маалымат министрлиги жана Жаштар иштери боюнча министрлик кирет. Ө.Абдуллаева ошондой эле Социалдык камсыздоо агенттигин, Дене-тарбия жана спорт агенттигин, Кинематография агенттигин, Милдеттүү медициналык камсыздоо корун көзөмөлдөйт. Дагы бир вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев көзөмөл кылчу тармактарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы кирет. Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров болсо Ички иштер министрлигин жана Жаза өтөө мамлекеттик кызматын координацияламакчы. Ал эми Башкы прокуратура жана сот органдарын президент өзү түз көзөмөлдөйт. Убактылуу өкмөттө буга чейин прокуратура жана сот органдарын да А.Бекназаров көзөмөлдөп келген.