Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Учур маек

Марат ИМАНКУЛОВ:
"Кыргызстанды хандыктарга бөлүүгө жол бербейбиз!"
Кыргызстан эгемендиктин 19 жылдыгынын жаңы барагын ачты. Акыркы кезде дүйнөлүк басма сөздө Кыргызстан мамлекет катары жашап кеталбастыгын божомолдогон билдирүүлөр арбып барат. Мамлекеттин коопсуздугу кылдын учундабы? Чындап биздин мамлекет жетекчилиги кырдаалды жөнгө салып, мамлекет бүтүндүгүн камсыз кыла албайбы? Азыркы тапта ар бир кыргызды түйшөлткөн ушул соболдор менен Коопсуздук кеңешинин жаңы дайындалган катчысы Марат ИМАНКУЛОВго кайрылдык.


Марат Иманкулов Чүй облусунун Чүй районунун Онбиржылга айылынан. Москва полиграфиялык институтун бүтүргөнү менен, бул тармакта аз гана иштеп, өлкө эгемендик алар жылы КГБ кызматына тартылган. Нарын, кийин Ош, 2002-2005-жылдар аралыгында Жалал-Абад облустук УКК башкармалыктарында жетекчилик кызматты аркалап келген. Андан соң, УККнын терроризмге каршы күрөш башкармалыгын жетектеген. КМШ мамлекеттеринин Кеңешинин чечими менен 2007-жылы КМШ мамлекеттеринин Антитеррордук борборунун жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Айтымында, бир да кызматты сурап алган эмес.
2007-жылы болгон митингдер маалында УККда жыйын өтөт. Бардык офицерлер чогултулат. Ошондо Марат мырза да чакырылат. Ал жерде "УКК мамлекетке эмес, бир үйбүлөгө гана иштеп калды" деген басылмаларга чыккан маалымат талкууланып, ушундай маалыматты таркаткандар "чыккынчы, ал эми чыккынчы ок менен жаза алат" маанисинде сөздөр жаңырат. Ошондо, сөз алган Марат мырза "эмне деп атасыңар?! Кандайча офицерлерге психологиялык басым кылып атасыңар? ...Митингди күч менен таркатууну айтасыңар, эртең баргылачы, аянттан өзүңөрдүн эле тууган, дос, коңшу, куда-сөөктөрүңөрдү көрөсүңөр" деп айтканы бар. Дал ушул сөзүнөн улам, ал "сүргүнгө" алыскы бир аймакка эмес, кызыгы өлкөдөн тыш Москвага - КМШ алкагындагы антитеррордук борборго жөнөтүлөт. Болбосо, ага дейре, бул кызматка таптакыр башкалардын талапкерлиги каралып жаткан.
Айрым маалымат каражаттары аркылуу Коопсуздук кеңешинин жаңы катчысынын Аксы окуясына тиешеси бар деп да айтылып кетти. Бул туурасында ал кишинин жообу төмөнкүчө болду:
- ...Ош облустук Коопсуздук кызматынын башкармалыгын жетектеп турган элем. Ошол кездеги УКК жетекчиси чакырып, Жалал-Абадда кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын айтып, ал жакта иштеп, курч кырдаалды жөнгө салып берүүмдү өтүндү. Анда Аксы окуясына бир жумадай эле убакыт калган экен, окуя тилекке каршы, өзүңөр күбө болгондой курчуп кетти...
- Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кандайча сунушталып калды?
- Быйылкы өлкөбүздөгү кандуу окуялардан кийин чынында сырттан карап туруш да кыйын. Өлкө жетекчилиги ушул ишти табыштап, иштеп берүү сунушун билдирди. Биз солдатпыз, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу - биздин милдет.
- Сыртынан тынч сезилгени менен өлкөдө дагы да кырдаал кооптуу экени айтылып, жарандар дайым кооптонуп күн өткөрүп калышты...
- Мен деле элдин арасынанмын. Мындай кооптонуулардан кабарым жок эмес. Москвада иштеп атканымда Кыргызстанда болуп аткан окуяларды угуп, теледен көрүп алып, кандай кылып жардам береримди, кыйын кырдаалдан чыгууга кантип салым кошоорумду ойлонуп бушайман болуп жүргөм. Элдин тынчсызданып, кооптонгонун угуп-билип турам. Жакында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөн, анда да баштан кечирген окуяларга кайталап жол бербөөгө көрүлө турган чаралардын баары каралды. Азырынча Улуттук, ошондой эле эл аралык комиссиялардын жыйынтыгын күтүүдөбүз, ага таянуу менен ошол кездеги мамлекеттик кызматтагылардын жоопкерчиликтерин кайрадан жыйында карап чыгабыз. Элге "кооптонбогула" деп айтканым натуура. Бирок, бардык укук коргоо органдарын, күч структураларын бардык жактан чыңдап, күчүн топтоп, болгон чаралардын баарын көрүп атабыз. Бул биз тараптан. Элден көп нерсе көз каранды. Эл бийликке ишениш керек. Эл ишенимине ээ болуу үчүн мамлекеттик бардык деңгээлдеги жетекчилер өз ишин так аткарышы зарыл. Бизге эл эмес, биз элге иштейбиз. Антпесе, күч да эч нерсеге татыбайт. Буга Бакиевдин бийлиги аябагандай таамай мисал. Элди күч менен кармоо мүмкүн эмес, ар бир диктатордук бийлик бүгүн болбосо, эртең элдин толкуну менен урайт. 2007-жылы өткөн митингди таркаткандай күч менен баарын жеңип алам деген ой болсо керек аларда.
Эми бизде ынтымак орносун, ушул баалуулук менен биз баарын жеңебиз. Элдин бизден күткөнү - өлкөдө тартиптин орнотуу, мыйзамдуулук өкүмүн сүрдүрүү. Коррупцияны түп-тамырынан бери жоюп, криминалдык топтордун баарын ийинине кайра баш көтөрө албагандай киргизүүгө тийишпиз. Эл ошондой шартта өз оокатын өзү кылып кетет.
- Жогоруда Ош окуясы тутанган маалдагы мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги комиссиялардын бүтүмүнөн улам каралат дедиңиз. Сизге чейинки Коопсуздук кеңешинин катчысы дал ошол Ош шаарынын мэринин кызматта калышынан улам кеткени айтылат. Андан тышкары, дал ушул М.Мырзакматовдун тегерегинде эл аралык басылмалар "Кыргызстан хандыктарга бөлүнүүдө" деп жазып чыгышты.
- Биринчиден, Алик Орозовдун кетиши Мелис Мырзакматовго эч тиешеси жок. Менин маалыматымда, Алик Карабаевич өз ыктыяры менен башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен. Ал кишини урматтайм, сыйлайм. Кесиптешпиз, жаш кезимде бирге иштешкем. Азыр да мага кеңешин айтып, айрым маселелерде кеңешип турам. Ал эми "хандыктар" боюнча айтарым, биз азыр башка заманда жашайбыз. Эскичилдиктин кайтышына жол бербейбиз. Биз эркин коомдо жашагыбыз келет. Өзүм да, менин балдарым да, жалпы эл да эркин, коопсуз мамлекетте жашоого тийиш. "Хандык" кылууга эч кимдин кудурети да жетпейт, андайга эч ким даай да албайт. Багытыбыз азыр - парламенттик система. А бул система демократияны дагы күчтөнтөт. Консенсустун негизинде иштейли. Ызы-чуу салып, "Ошту башкарам, Нарынды тейлейм" деген "ханчиктерге" биринчи эле элдин өзү жол бербейт. Өлкөдө мыйзам күч алып, президенттен мектеп окуучусуна чейин мыйзамга ылайык жашообуз абзел. Ар кимдин "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген аракеттери өтпөйт. Буюрса, алдыдагы шайлоону тынч, таза өткөрүп алсак, коомубузда тартиптин орношуна дагы кеңири жол ачылат эле. Быйылкы парламенттик шайлоо таза, калыс, акыйкат шайлоо өткөрүүгө берилген уникалдуу шарт. Азыркы тапта көптөгөн партиялардын пикирин угуп атам, алардын болгон талабы - шайлоодо административдик ресурстун колдонулбашын, бийликтин же башка күчтөрдүн шайлоо комиссияларынын ишине эч таасир этпешин камсыз кылуу. Ал эми мен партиялар лидерлеринен өтүнөөрүм - мыйзам чегинде, мыйзам талаасында иш алпаралы! Мамлекет азыр океандагы кеме сымал, аны ары-бери чайпабайлы, же ичин сууга толтуруп алып, чөктүрүп албайлы!..
- Марат мырза, элдин чочулаганы дал ушул парламенттик шайлоого байланыштуу...
- Биз аны сезип атабыз. Мамлекет башчысына да бул белгилүү. Бул боюнча иш-чаралардын планы бекитилди. Биз тараптан шайлоонун тынч, таза, адилет жана мыйзам чегинде өтүшүнө бүт аракет жумшалат. Ал эми эл өзү каалаганын шайлап алат. Мамлекеттик чиновник да, өзгөчө, криминалдык авторитеттердин кийлигишүүсүнө жол бербейбиз.
- Күчүбүз жетеби ага?
- Мамлекетпиз, эмнеге күчүбүз жетпейт экен?! Эл турат артыбызда. Ошол эл коомду криминалдан арылтууну, мыйзамдуулукту талап кылып атат. Күчүбүз жетпей турган болсо, эмнеге мамлекетпиз?! Ошондой болуш керек, дал ошондой болот! Партия - элдин бирикмеси. Эч бир партия мамлекетти артка тартып, жамандык тилебестир. Ар бир партия эл турмушун жакшыртуу боюнча программаларды жазышат. Эч бир партия элге жамандык тилебес.
- Жакында эле дагы бир дүйнөлүк басылма Кыргызстандын бүтүндүгүнө доо кеткенин, кулашы толук ыктымал экенин жар салды. Чындап эле ушундай коркунуч күчпү?
- Жеке пикирлер деп кесе айткым келет. Элибиз акылман, байыркы эл. Элдин өзү мындайга жол бербейт. Эгер биз баштан кыйын кырдаалды кечирген болсок, "эми өлкөнүн келечеги жок, кулайт" деп бүтүм чыгарууга негиз эмес. Мындай пикир балким, биздин "дос эместер" тарабынан чыгышы мүмкүн. "Түндүктү бири, Түштүктү экинчиси бөлүп алат" деген бул миф. Мен өзүм Чүйдөн болом. Нарында да, Ошто да, Жалал-Абадда да иштеп жүрдүм. Алар мени эч качан "жат" деп бөлмөк түгүл, көз караш менен да андай билдиришкен эмес. Эл арасында да мен анчалык - саясатчылар сүрөттөгөн деңгээлде бөлүнүүнү байкай алган эмесмин. Түндүктө да, Түштүктө досторум бар, жакшы тааныштарым бар. Эки жаатка бөлүнүүгө биздин мамлекеттин келечегине кам көрбөгөн төбөлдөрдүн, саясатчылардын жасалма түрдө чыгарганы. Же акылсыз жаан өзүмчүл төбөлдүн "разделяй и властвуй" деген принциби.
- Кыргызстандагы кырдаалдан диний экстремисттер пайдаланып кетиши ыктымал деген божомолдор бар. "Өзбек ислам кыймылынын жаңы мээлегени - Кыргызстан" дешүүдө. Буга сизден - өлкө Коопсуздук кеңешинин катчысынан кандай жооп уга алабыз?
- Дүйнөлүк диндердин баары прогрессивдүү максаттарга ээ. Ислам алардын арасынан эң прогрессивдүүсү. Террордук аракеттерге барган кыймыл мүчөлөрү мусулман эмес, алар динге жамынып, жеке кызыкчылыгына жетүүгө умтулгандар. Алардын айынан "ислам дүйнөгө эсктремисттердин, террористтердин дини" деген пикир жаралууда. А исламда адамды, бүтүндөй элди эмес, чымчыкка да зыян келтирүүгө тыюу бар. ИДУнун (өзбек ислам кыймылы) жаңы жетекчилигинин иш-аракеттери боюнча маалымат топтолуп, алдын-алууга тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Биз андайга кескин сокку беребиз! Биз ага даярдык көрүп келебиз, даярбыз! Мындан шек да саналбасын!

Маектешкен Айым НУРЖИГИТОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика