Кут

Баатырларга баа берилип
Адамзат тарыхында биринчи жолу болуп жаштар арасында Бүткүл дүйнөлүк жайкы олимпиада оюндары Сингапурда өтүп, Кыргызстан курамындагы 8 атлет күч сынашканы барган. Жыйынтыгында грек-рим балбаны Урматбек Аматов өз салмак ченинде алтын медаль жеңүү менен бирге олимпиада чемпиондугуна татыган. Дагы бир балбаныбыз Шадыбек Сулайманов коло медалын жеңген. Дзюдо боюнча Болот Токтогонов да үчүнчү орунду камсыз кылган. 29-август күнү "Манас" эл аралык аэропорттон салтанаттуу түрдө жалпы олимпиадачыларды тосуп алдык. Аман-эсен Мекенине кайткан балбандарыбыз жана аларды таптап жиберген спорт коомчулугу менен жакындан ой бөлүштүк.

Мурат Саралинов, КРнын улуттук олимпиада президенти:
"Кыргыз спортунун тарыхында калышты"
- Кыргызтандыктардын кубанычтуу күнү да келип отурат. Сингапурда өткөн биринчи жаштар олимпиадасында 204 мамлекет катышты. Алардын баарына тең уюштуруучулар тарабынан жакшы шарттар каралган. Анын ичинен биздин 8 атлетибиздин бешөө татыктуу орундарды жеңип келишти. Бир алтын, эки коло, мушкер Исломжон Далибаев 4-орунду жана сууда сүзүүдө Дмитрий Александров 10-орунду ээлеп өлкөбүз үчүн маанилүү упайларды топтоп келишти. Менин оюмча биздин атлеттер ушундай жакшы көрсөткүчтөрү менен Кыргыз спортунун тарыхында чоң из калтырды. Муну баса белгилеп кетмекчимин.

Урматбек Аматов,
грек-рим боюнча олимпиада чемпиону:
"Толкунданып, сөз таппай турам"
- Биринчиден, мени таптап жиберген устаттарыма, спорт жетекчиликке жана ата-энеме ыраазычылык айтып коеюн. Экинчиден, кыргыз жергесинен жаштар олимпиадасына аттанып атып, мен да астыга чоң максат койгом. "Колумдан келишинче аракет кылып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишсем экен" деп. Анын акыбети кайтты окшойт. Биринчи күрөш килемине чыкканда эле Венгер балбанын утуп алдым. Экинчисинде Африкадан келген кара тору балбан менен катуу күрөштүм. Чынында эле күчтүүлүгүн салып аракет кылды окшойт. Анысына кыргыз карайбы, ары буйдалап, бери буйдалап атып жеңдим. Финалга Украинанын мыкты атлетине туш болуп, тиги африкалыктан да кыйын экени билинип турду. Оюндун экинчи бөлүгүндө намысыма келе түштүм да, көздөй ыкмама салып жыгып алдым. Калыстар менин аракетимди туура баалап, жеңүүчү деп табышты. Азыр толкунданып, сөз таппай турам.

Болот Токтогонов,
дзюдо боюнча коло медалдын ээси:
"Аз жерден ыйлап ийе жаздады"
- Бизди кыргыз жергесинен ушундай салтанатта тосуп алат деп күткөн деле эмеспиз. Аябай кубанычтабыз. Мен да ыраазычылыгымды жакындарыма жана устаттарыма айта кетейин. Алар болбосо мындай ийгиликке жетүүм күмөн эле. Ошолордун акыл-насааттары мага дем-күч беришти десем жаңылбайм. Коло медаль үчүн болгон таймашта кубалык досума туш келдим. Ал дос менен дүйнөлүк биринчиликте беттешип, болбогон жерден алдырып ийген элем. Бу жолу мизин майтардым. Аз жерден ыйлап ийе жаздады. Мүмкүн тигиндейирээк барып ыйлагандыр.

Шадыбек Сулайманов, грек-рим боюнча коло медалдын ээси:
"Кубалыктар кыргыздардан ыза көрүп"
- Мен да учурдан пайдаланып, бизди колдогон, көмөк көрсөткөн агайларыбызга, олимпиада комитетине балдардын атынан ыраазычылыгымды билдирем. Сингапурдагы олимпиада оюну эң жакшы өттү. Көңүлдүү болуп, көптөгөн досторду таптык. Ачылышынан баштап, жабылышына чейин болдук. Атайын деген олимпиада айылчасында жайгашып, бардык шарттар каралыптыр. Бул жагынан уюштуруучулар тарап жакшы кам көргөндөрүн байкадык. Мен да коло медаль үчүн болгон таймашта кубалык балбанга туш келдим. Биздин кыргыздар үчүн кубалыктар маңдайыбызга жазылыптыр. Алар бизден бир аз ыза көргөндөй болуп калышты. Күрөш килеминин кызыгы ушунда болсо керек.

Нуржан Бардинова, Мамлекеттик спорт агентигинин
статс-катчысы:
"Өзүбүзчө дуулдап атабыз"
- Сингапурда жаштар олимпиадасы жаңы эле башталып, биздин Урматбек Аматовдун чемпион болгонун жана Шадыбек Сулаймановдун коло медаль жеңгенин укканыбызда абдан сүйүнгөнбүз. Аз өтпөй Болотбек Токтогоновдун коло медаль жеңгенин да сыймыктануу менен кабыл алдык. Кыргызстандыктар өзүбүзчө дуулдап. Биринчи кезекте ата-энелерине жана устаттарына таазим. Жакшы тарбия берип, спорттук чеберлерин өстүргөндүгү үчүн. 8 спортчунун ичинен үчөө чоң байгелерге илингени өлкө үчүн жакшы жыйынтык жана жакшы жышаан болуп калды. Биз мамлекет тарабынан буларга бардык шарттарды түзүп беришибиз керек. Алар да өз учурунда бир орунда туруп калбай дагы-дагы бийиктиктерди багынтышына үмүт этип туралы. Олимпиаданын жыйынтыгында буга чейинки балбандардын алган стипендияларын дагы көтөрүп берүү жагын карайбыз. Жакынкы күндөрдө өлкө президенти Роза Отунбаева расмий түрдө олимпиада баатырларын кабыл алып, аларга өзү сөз берген шыктандыруучу белек-бечкектерин да берсе керек. Бир сөз менен айтканда биздин балдарга баракелде демекмин.

Азамат Бакасов,
КРнын дзюдо федерациясынын президенти:
"Дзюдонун карлыгачтары болду"
- Федерацияга келгениме бир ай болду. Бактылуу адам экенмин. Кудай мага ушундай белек тартуулаганына миң мертебе ыраазычылыгымды айтып отурам. Биздин Болот Токтогонов кыргыз спортунда дзюдо боюнча алгачкы карлыгачтардан болуп олимпиаданы багынтып отурат. Эми мындан кийинкиси шыр кетерине жол ачылгансыды. Астыда Лондондо өтүүчү жайкы олимпиада бар. Менимче, бул жерде да биздин дзюдо балбандары жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, Кыргызстандын намысына жарап каларына үмүттөнүп туралы.


Ажодон белек
Эгемен күнүнө карата Сингапур баатырларын КРнын президенти Роза Отунбаева "Ала-Арча" резиденциясында кабыл алып, алардын биринчи жаштар олимпиадасындагы эрдиктери менен кызуу куттуктады. Ошону менен катар грек-рим күрөшү боюнча олимпиада чемпиону болгон Урматбек Аматовго 10 миң доллар акчалай сыйлыгын салтанаттуу түрдө тапшырды. Ошондой эле олимпиада коло медалдарынын ээси болгон Шадыбек Сулаймановго жана Болот Токтогоновго 5 миң доолардан энчиледи.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ