Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 2
  Ыңгайсыз собол

Адахан МАДУМАРОВ, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
"Курсагымды кармап көрөсүңбү?.."
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдон "Ыңгайсыз собол" рубрикасына интервью алганы барганбыз. Бул рубриканын тарыхында Мадумаров мырзадай болуп эч ким чычалаган эмес эле. Башка массалык маалымат каражаттарындагы кесиптештеримдин Адахан Мадумаровдон алган интервьюсун окуп, алар менен баарлашып жүрөм. Журналисттерге психологиялык өңүттө атака жасаганды жакшы көрөт. Өзүнүн тапандыгы менен журналисттерди сындырам деп ойлогону болсо керек. Ал интервьюнун биринчи суроосунан эле чычалап баштады...


- Рубриканын аты "Ыңгайсыз собол". Ошон үчүн суроолор бир аз ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн...
- "Учурдун" суроолору ыңгайлуу болмок беле? Эч кандай коркунуч жок, суроолоруңду бере бер...
- Сиз Каркыраны "мен эмес, Акаев саткан" дегендей айттыңыз... (Адахан мырза суроо аягына чыга электе эле так секирип сөздү бөлдү.)
- Мен айткан жокмун! Сиз кайсы жерден уктуңуз менин ошентип айтканымды? "Саткан" деген сөздү такыр жоготушуңар керек да. "Жер сатып, эл сатып" деген түшүнүк болбойт.
- Каркыраны казактарга берип салган эмне анан?
- Сиз кайсы факультетти бүткөнсүз?
- Мен журналистиканы бүткөм.
- Интервью ала турган адам ошол окуяны адегенде казып, иликтеши керек.
- А өзүнүн элине таандык тарыхый жерди башка мамлекетке берип салуу саткандык эмей эмне?
- Бул сиздин түшүнүгүңүздө ошондой.
- Ооба, менин түшүнүгүмдө кыргыз элине тиешелүү жерди башка бирөөгө кармата берген саткынчылык болуп саналат. А сиздин түшүнүгүңүздө кандай?
- Түшүнүктө бул нерсе мамлекеттик чек араны тактоо деп аталат. Ал "саткан" деген эч нерседен түшүнүгү жок, ач кыйкырыктарды салгандардын сөзү.
- Балким, Каркыраны Казакстанга берүү үчүн сиздин дагы колуңуз тийген үчүн ушинтип айтып аткандырсыз, анткени, сиз башында турган парламент ратификациялап берип атпайбы?
- Аман болуп, ден-соолук берсин, айланайын карындашым. "Колуң тийген" дейсиң. Кыргыз мамлекетинде иштеген бардык чиновниктердин колу тиет, ар кандай документтерге. Биринчиден, 2001-жылы декабрда бул маселеге кол коюлган. Мына, кечээ Акаевден кол тийбестигин алып, Каркыра боюнча маселени илип коюштубу? Ал кезде Мадумаров депутат болуп жүргөн, оппозицияда жүргөн. Мадумаров ал кезде Үзөңгү-Кууш маселесин көтөрүп жүргөн. Ошондо аябай катуу маселелер көтөрүлүп атканда, Мадумаровдун тагдыры бычактын мизинде турганда, бүгүнкү күндөгү "патриотпуз" деп көкүрөк каккандардын бирөөсү дагы менин катарыма келип кошулганын көргөн эмесмин. Же болбосо, бүгүн кыйкырып чыгып аткандар "Мадумаров туура маселе көтөрүп атат" деген эмес. Көкүрөк кагардан мурда мен өзүм ошол жерде эмне жумуш кылып жүрдүм эле, кандай позицияда болдум эле (?) деген суроого жоопту берип туруп, андан кийин башка кишилерге сын айтса жарашат. 2005-жылы бийлик өзгөргөндө ушул мезгилге чейинки эл аралык макулдашуулардын бүт баары кыйшаюсуз түрдө сакталат деп БУУга чейин Кыргыз мамлекети жар салган. Ошондуктан, ага чейинки түзүлгөн келишимдер күчүнө ээ болот. Кыргыз мамлекети эмес, империя болуп келген Россия Кытай менен Тамань маселесин араң чечкенине 10 жыл боло элек. Бул эл аралык мамиледеги, чек араны тактоо маселесиндеги өтө кооптуу, сезимди катуу талап кылган маселелерге кирет. Ошондой эле ач кыйкырыктарды Казакстан дагы салып атат. "Мына кыргыздарга биздин көп жерлерибиз кетип калды. Чек араны тактоодо биз аларга утулдук" деп. Алар дагы кыйкырык салып атат. Андан кабарыңыз болбосо керек, анткени ал кызыктырбайт. Биз караганга чейин эле жети жыл мурун бул маселе чечилип калган.
- Ошол эле депутаттардын ичинен "Мадумаров бизди мажбурлап кол көтөрткөн" деп айтып жүрүшөт...
- Спикер депутаттардын арасында биринчи депутат. Ал алып баруучу. Кайсы маселеге кандай чечим кылат ар бири өзү билет. Эгерде Мадумаров кыйнап кол койдурган болсо, эмне үчүн азыркы утурумдукчу болуп, демократ болуп отурган депутаттар эмне үчүн Үзөңгү-Кууш боюнча добуш беришкен? Эмне үчүн ал боюнча унчугушпайт?
- Ошол эле Үзөңгү-Кууш боюнча маселе көтөрүлүп атканда, мен окуучу болчумун, ошол кезде сиз Азимбек Бекназаровду камап коюшканда, "Адилет" программасынан чыгып, анын таламын талашып, катуу сөздөрдү айтканда мен аябай таасирленген элем. Ошол убакта башкача курч болчусуз. Анан "Акжолго" кирип өзүңүздү булгап алгандай сезилип калдыңыз...
- Кайсы жеримден көрүп атасыңар булганып калганымды?
- Бакиевдин кандуу бийлигине аралаштыңыз да...
- Бакиевдин бийлиги эмес, Балтабаевдин бийлиги болсо дагы ошол кездеги чыгаан эр-азамат, кыздардын бардыгы иштеген. Ошол суктанып жазып аткан кээ бир партиялардын жетекчилерин карасаңар өкмөттүн башында болуп келген. Мына этегине намаз окуп аткан Убактылуу президентиңер дагы ошол мезгилде Тышкы иштер министри болгон.
- Бирок, алар "сен туура эмес саясат жүргүзүп атасың" деп басып кеткен да...
- А мен деле сын-пикиримди айтпай Жогорку Кеңештин төрагалыгында отура берсем болмок. Кыңк да дебей, мыңк да дебей. Менин ага тажрыйбам да, акылым да жетиштүү.
- Сиз спикерликтен таарынгандай кеттиңиз, бирок, кайра эле Коопкеңешти берсе, жетип бардыңыз го...
- Берсе дегидей эмне ал жилик бекен? Айланайын ушунчалык суроолоруңар маданиятсыз болуп кетиптир.
- Сиз бүт эле журналисттер менен ушинтип сүйлөшөт экенсиз...
- Бардыгы менен ушинтип сүйлөшөм.
- Сиз өзүңүз деле журналистика чөйрөсүнөн чыкпадыңыз беле?
- Себеби, маселени так билбей туруп, суроо берүү маданияты болбосо, мен ушинтип сүйлөшөм.
- Балким, сиз өзүңүздү башкалардан өйдө сезип, пайгамбар элестетип алгандырсыз?
- Кандай ойлосоңуз ошондой ойлоңуз. Айбан гана өзүн пайгамбар сезиши мүмкүн. Адам баласы андан ашыкча, кемчилиги болбойт.
- А эмнеге журналисттердин суроосуна аябай чычалоо менен жооп бересиз?
- Менин туулгандагы мүнөзүм ошондой. Бирөөлөр айтат "корс сүйлөйсүң" деп, а бирөөлөр "адамдарга катуу сүйлөйсүң" дейт...
- Көпчүлүк айтат "тили менен буудай куурат, бирок, иш жүзүндө колунан эч нерсе келбейт" деп...
- Эмне деп айтса ошентип айта берсин, өздөрүнүн эрки.
- 7-апрелге чейин сиз сындап аткан оппозиция лидерлери төшүн окко тосуп жүрдү, сиз болсо коңулда жашынып жатпадыңызбы?
- Ким тосту? Мага фамилияларын атап бересизби?
- Оппозициядагылардын баары тосту. Ошол Бакиевдин режимине каршы ой-пикирин айткандын өзү эле төшүн окко тосуу болуп саналды. Канчалаган лидерлер камалды. Ошол учурда сиз эмне үчүн жашынып жаттыңыз?
- Бул маалымат алуу деңгээлиңиз төмөн экендигинен кабар берет.
- Мен сиздин качан пикир айтып чыкканыңызды так билем. Ошондуктан, мени "маалыматтан алыссың" деп айтууга негиз жок. Сиз Исмаил Исаков камалганда гана, ошол маселе боюнча гана калыс, туура сөзүңүздү айткансыз. Ага чейин бекинип жаттыңыз да.
- Сиз мунун пикири туура, мунуку туура эмес дегидей кимсиз?
- Мен Кыргызстандын атуулумун! Саясатчылардын сүйлөгөн сөзүн, позициясын баалап, өз оюмду айтканга менин укугум бар.
-А менин да Кыргызстандын атуулу катары өзүмдүн пикирим бар. Сиздикинен өзгөчөлөнгөн. "Туура айтты, туура эмес айтты" деп айтуу үчүн сиз менен мага дагы жарым кылым жашоо керек. Бүгүн сиз жашсыз. Дүң этип чыгып алыш бул өтө оңой нерсе. Ошол деңгээлде сакталып калуу бул өтө кыйын нерсе. Мага чейин дагы, сизге чейин дагы өтө кыйынбыз деп чыккандар болгон. Өрүктүн гүлү гүлдөп тез эле түшүп калган сыяктуу, түшүм бергенге аракет кылыш керек. Анүчүн бираз-бираз токтоолук керек. Дүйнөнү өзгөрткүңүз келип атабы? Келиңиз, экөөбүз биринчи өзгөрөлү. Өзүбүз өзгөрсөк, моминтип күлү-үп, жылмайы-ып турганыңыз кыргыздын сапатында жок. "И-и, жайлап атамбы, эми ушуга не дейсиз, и-и, тийип кетип баратабы, эми буга кандай жооп бересиз?" дегендей мүнөздү өзүңүздө алып жүрүшүңүз да туура эмес. Мен дагы жаш кезде кимдир бирөөлөр сын-пикир айтканда сиздей болуп бийиктикке чыгып алып тургам.
- Жогору туруп алып, өзүңдү көтөрүп атасың дегениңизге кошулбайм. Мен жылмайсам, менин да мүнөзүм ушундай, жылмайып жүргүм келет. Анан жылмайбай, сиздин маңдайыңызга отуруп алып ыйлайынбы? Бул жерде сиз асмандан түшкүңүз келбей атат.
- Менин ордума өзүңөрдү койгулачы. Мени менен сүйлөшпөй туруп, сыртымдан тон бычасыңар. "Момундай экен, тигиндей экен" деп. Ким уруксат берди силерге? Мен сизди "ушундай карындашым бар экен, мындай экен, тигиндей экен" деп бир кишиге сөз кылдымбы? Сиз болсо отуруп алып "жайлап атам" деп ырахаттанып отурасыз. Сын пикир айтууга күн келет. Мегафонду көтөрүп, көчөгө чыгып алып кыйкырып жүргөндөр менен, кабинетине кирип алып кызыл-чеке болуп жакалашкандарга баа бериле турган күндөр келет. Көйнөгүнүн топчуларын үзүп алып жүргөн баатырдык эмес. Баатырдык - бул өзүнүн элин, мамлекетин сактап калуу. Төрт кишини алдына салып алып, чуркап жүргөн шаманизмдин мага кереги жок.
- Сизди Жаныш Бакиев менен жакын дос дешет, азыр кабарлашып турасызбы?
- Саясый чөйрөдө ким менен кимдин дос экени менен менин таптакыр ишим жок, биринчиден. Экинчиден, мен сизден коркуп кетип, же окурмандардан коркуп кетип айтып атканым жок. Мен өмүрүмдө Жаныш Бакиевди беш жолу көрсөм көрдүм, андан башка көргөн жокмун. Аласам да жок, бересем да жок. Ал киши менен достук эмес, жылуу пикирдеги мамилем да жок.
- Нарын менен Таластан сизди эл кууп чыкты деген маалымат чыкты...
- Сиз көрдүңүзбү ошону?
- Интернет сайттарга чыкты.
- Кайсы сайттарга?
- Мисалы, "Азаттык" радиосунун сайтына чыкты.
- Ошол сайттар кимдер үчүн иштеп атат, кимдердин буйругу менен иштеп атат? Мына сиздердин гезиттин кожоюну ким экенин баары эле билет. Мен деле айта берсем болот да, кожоюну эмне үчүн мындай заказдарды берип атат, эмне үчүн минтип жазып атат деп...
- Ким экен кожоюну?
- Эми мындай эле коюп коелу. (Ред. Адахан Мадумаровдун ким экенин айтпай койду. Айта албайт дагы. Анткени "Учур" гезитинин кожоюну башкы редактор өзү. Канчалык бирөөгө жабыштырууга аракет кылганы менен окшошпой койду.) Ушул эле маалыматтарды Таласка барып, биздин жыйынга келгендерден сураңыз. Кочкордо болсо мен эл менен жыйын дагы өткөргөн жокмун. Ошондуктан, бүтүндөй бир өрөөндүн элин жаман көрсөткөндөн Кудайга тобо деш керек. Кыргыздын тарыхында, салтында келген кишини кууп чыгуу деген түшүнүк жок.
- "Азаттык" калп маалымат жазып атат дегени турасызбы?
- "Азаттык" бүгүнкү күндө азыркы Убактылуу өкмөттүн класс жетекчи болгондой эле аларга дагы ушундай бир багыттагы идеологияны жүргүзүшөт. Оозуна келгенин айтышсын, эмне деп сүйлөсө ошол деп сүйлөсүн.
- Сокулукта сиздин партияңыздын рекламалык щитине кара боек чачылыптыр. Бул факт...
- Факт болсо мен көзүм менен көргөн жокмун. Мен кайсы жерге, кандай банер илиптир, ким илиптир деп отурганга убактым да жок. Кара боек ыргытылабы, сары боек ыргытылабы, же кызыл боек ыргытылабы, ошол ыргыткандардын абийирине койдук.
- Сиз тууралуу бир окуя уктум эле. Ага дагы так секирет болушуңуз керек. Спикер болуп турган убагыңызда кабинетиңизде аябай мас болгончо ичип, сизди машинеңизге араң салып үйүңүзгө кетиришкен экен. Анан эртесинде тамак ташыган кыздарды тизип алып "кечээ менин бир канча миң долларлык кымбат баалуу саатым жоголуптур, силер алып койгонсуңар. Бул сааттын акчасын бир жылдык айлыгыңар менен дагы төлөй албайсыңар" деп айтып атканыңызда, саатыңыз үйдөн табылганы тууралуу аялыңыз телефон чалып калып, уят болгон экенсиз...
- Кудайга койдум (!), ушул сөздү ким чыгарып жүргөн болсо. Мен билбеген окуялардын баарын билебиз деп атасыңарбы? Мен уктум, мисал үчүн, сиз кечээ "Мадумаровдон интервью алып, жайлап, желкесин жерге коюп келем" деп мактаныптырсыз. Ушинтип айтса боло береби?
- Мен анда буга чычалабай эле "желкесин жерге коюп келем, жайлап келем" деп мактанган эмесмин, бирок "интервьюга барам" деп айткан болушум мүмкүн деп эле жооп берип коем. Сиздей болуп чычалап кетпей...
- Мен дагы кыскача жооп берейинби? Ушул сөздөрдү ойлоп тапкандар ниетинен тапсын. Болбогон окуя.
- Негизи катуу ичет деп айтышат го сизди?
- Негизи катуу ичет дегенди менин ичпегенимден ушинтип айтышат. Мас болуп көчөдө калып жүргөндөрдү жазса, ал кызыксыз, ичпеген Мадумаровду жазса - бул сенсация! Баракелде, бактылуу болгула! Мадумаров чоң молдонун небереси. Чоң атам да, атам да өмүрүндө арак эмес, шарапты да оозуна алган эмес.
- Кореец, түрктөрдүн акчасын алып, ошолордун саясатын жүргүзөт деген дагы маалыматтар бар...
- Ушулбу сурооңор?
- Ооба!
- Кудайдан тапкыла. Мен эч качан бизнес менен алек болгон эмесмин. Маңдай терим менен гана акча таап келем.
- Чоң саясатка аттанган киши ушундай сындарга даяр болот да. Сиз эмнеге жеңилсиз?
- Жеңил болуп, мен эмне сизди көтөрүп ал деп атамбы?
- Кептин түз маанисинде эмес, сиз чычалап, кызаңдап кетип атпайсызбы?
- Мен айтып атпаймынбы сизге "менин мүнөзүм ушундай" деп. Оозума сагыз салып алгандай сүйлөбөйм. Силер курсагын казандай кылып алып, "эми-и, айланайы-ын карындашы-ым" ( Ред . Адахан мырза үнүн да жасап сүйлөп атты) деп отурганга көнүп алгансыңар. Менин ага убактым жок.
- Курсак деп өзүңүз айтып калдыңыз. Сиз депутат болуп жүргөнүңүздө "Элдин жашоосу оңолгондо мен курсак байлайм" деп айткансыз. Анан сиз кызматка барып, элдин жашоосу оңоло электе эле курсак байлап алдыңыз...
- Кармап көрөсүңбү?..
- Мен сиздин курсагыңызды кармайын деп келген жокмун. Азыр арыктап калыптырсыз, кызматта отурганыңызда чын эле курсак байлап калган болчусуз. Сиз өзүңүз башкаларды "курсагы" деп сүйлөп калганыңыздан, өзүңүздүн сөзүңүздү айттым.
- Мен башта канча килограмм болсом, азыр деле ошондоймун.
- Аргасыздан Аксыдан кайткандагы жоругуңуз эске түшөт. "Эркексиңби?" деп сураган аялга "эркектигимди Бишкекке чейин көрсөтүп барайын, түш машинеме!" деп айтканыңыз. Азыр дагы ошого окшоп "курсагымды кармап көрөсүңбү?" деп айтып атасыз. Бул - өзүңүздүн жанатан бери айтып аткан маданият деңгээлиңиздин төмөн экенинен кабар берип атпайбы?
- Кайра-кайра "эркексиңби?" деп сураганда мен кандай кылып далилдейм? Кайсы кыргыздын кызы ушул суроону берет? Экинчиден, муну сизге окшогон журналисттер чыгарып атат.
- Эмне ошондой окуя болгон эмеспи?
- Мен "андай болгон эмес" деп айтып келатканыма он жылга жакындап калды.
- Рахмат сизге,
жакшы маек болду!

Дилбар АЛИМОВА

Редакциядан: Мына, ишенген кожоңор! "Депутат болом, ажо болом" деген саясатчынын деңгээли ушул болсо, анда кыргыз элинин шору али алдыда экен. Бүгүнкү күндө саясый элитанын паска түшкөнү, кирдегени менен артка кеткенибиз, анан ушундай мадумаровдор сыяктуулардын кедери тийип атканы жалганбы? Кудай буюрса, аз калды, жакында эл жапырт өз баасын берет. Кимдин ким экенине. Андыктан, оозунда эки ооз маанилүү сөзү жоктор менен курулай популисттердин күнү бүтүп, саясый талаадан эл көзүндөгү "таштандыга" ыргытылары да ажеп эмес. Баракелде, мадумаровдор сыяктуу саясатчыларга эл баа берсин!






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 111

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 111

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 111


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 111

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 111

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 111


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 111

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 111

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/10/0826_6.htm on line 111