К.Бегалиев саясаттын алдынкы сабында
Белгилүү спортсмен Канат Бегалиев "Акыйкат" партиясынын эң биринчи тизмесине катталып, көпчүлүк күйөрмандарынын купулуна толуп турат. Ал эми партия лидери Аликбек Жекшенкуловдун жаштарга жол бошоткону, өзү тизме боюнча 5-орунда экендиги таңгалдырууда. Ошентип, кыргыздын белдүү азаматтары "Акыйкаттын" астынкы катарына чыкканы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Көрсө, Алике батыштын саясый техникасына салуу менен жаңы жүрүштөрдү баштаптыр. Европа өлкөлөрүнүн лидерлери көбүнчө жаштарды колдоп, алдыңкы тизмелерге чыгарып жүргөнүнө күбө болгонбуз. Мына ушул мисалдан улам, Аликбек Жекшенкуловдун саясый жүрүшү Кыргызстандын кыйырына даң сала баштады!


К.Байболов кызмат которобу?
Ички иштер министри Кубатбек Байболов акыркы күндөрү ээлеп отурган кызматына ичи чыкпай, Башкы прокурор болууга же Жогорку Соттун креслосуна жетүүгө белсенип атканы каңкууланууда. Себеп дегенде, алдыдагы шайлоодо ызы-чуу, тополоңдор көп чыгары белгилүү. Ошондуктан, алтымышка таяп калган карт саясатчы амалкөйлүк кылып, элге-журтка жаман көрүнүү жагын ойлоп, алдын-ала саясый жүрүш кылганы турат окшойт. Себеби, шайлоодогу нааразычылыктар баягы эле милицияны жаманатты кылат, министрдин аброю түшөт. Мындай көрүнүштү Кубатбек мырза каалабайт да. Андыктан, жанга тынч прокурор же сот болгону туурадыр. Мына ушундай логикадан улам, К.Байболов жакын арада кызмат которушу мүмкүн.


Жаныштын жакыны дале кызматта...
Жаныш Бакиевдин жандай көргөн кадры бар болчу, Мадияр Кулуев деген. Бу жигит азыркы убакта Бишкек шаарынын Октябрь РИИБисинин начальниги. Кезинде полковник даражасын алганда саунага жууп, катуу майлап, Жаныш менен тойлогонун уккан элек. Өз киши болуп учурунда катуу дооран сүргөнү жалганбы?.. Ал эми Урмат Барыктабасов бийликти алууга аракет кылган күндөрү Мадияр мырза байма-бай Балыкчыга каттап, "жең ичинен" саясат кылып жүргөнүн Улуттук коопсуздук кызматы билбейт бекен? Мындан сырткары, акыркы кезде Октябрь РИИБисинин коллективинде ынтымак ыдырап, интрига күчөп кеткени кабарланууда. Айтор, бу жигиттин азыркы ишмердигин, өткөн-кеткен кылыктарын ИИМ жетекчиси Кубатбек Байболов таразалап, туура чечим кабыл алса дейсиң. А болбосо бакыйган райондун тартип коргоо жагдайы оорлоп кетпейби?


Түндүк-Түштүк ажырымы байкалууда
"Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" партияларынын Түштүктөгү тарапкерлери бүгүнкү бийликке абдан нааразы болуп, шайлоо иштеринин башталышын күтүп атышыптыр. 10-сентябрдан кийин кызык сценарийлерди жүзөгө ашырууга белсенишери байкалып. Маселен, Түштүккө "Ата Мекен", СДПК, "Акшумкар" лидерлери жыйын өткөрүүгө, эл менен жолугушууга келсе, аларга карата ар кандай чагым иштери уюшулары күтүлүүдө дейт. Айрым маалыматтарга караганда, "Ата Мекен", СДПК, "Акшумкар" партиялары Түштүк регионунан добуш албай калышары, анын жыйынтыгы менен шайлоо үзгүлтүккө учурашы айтылууда. Ал эми "Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары Түндүк региондун көпчүлүк катмарынан колдоо таппасы да алдын-ала кеп болууда. Кыязы, шайлоо деп отуруп, элибизди экиге бөлүп албасак болду, андыктан, шайлоо астында таза күрөштү эрендер тутунушса кана! Ай ким билет, арты жакшы болгой эле...


Карышкырдын баркын билбеген Феликс
"Ар-намыс" партиясынын ардагер мүчөлөрүнүн бири, белгилүү саясый серепчи Сабыр Муканбетов партиянын депутаттык тизмесине кирбей калып, кызыктай кырдаал жаралды. Феликс Кулов партияны жаңы ачып, түрмөгө түшүү коркунучу болуп атканда Сабыр мырза "Ар-намыстын" короосуна өтүп, ошондон бери туруктуу жүзүн сактап келген. Башка саясый күчтөргө секирип качпай. Ал эми суу кечерде минтип жаза тайышып, Сабыр-Карышкырды болбогон шылтоолорго таяп, ("акыйкатчы" Турсунбек Акун менен соттошкону БШКдан залалы тиет дешип) тизмеге киргизбей, тескери саясат жүргүзгөнү эмнеси? С.Муканбетов Феликс мырзаны башынан кандай колдосо, аягына чейин турду го. Эми минтип, партиянын даана ар-намыстуу мүчөсүнүн четке сүрүлгөнү Кудайга жагар бекен? Баса, экс акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу "Ар-намыска" кошулуп, үчүнчү орунга илиниптир, эсиңерде болсо, бу "оенго" Курманбек Бакиев элчилик кызматты сунуштай койсо, илгиртпей алып кеткенин көрбөдүк беле? тизмеге кошулуп кеткен намыссыздарга караганда Карышкыр жулуп-булкуп бир топ добушту "Ар-намыска" оодарып коймок. Натыйжада, баары тескери кетти го...



Г.Дербишова ойт бербей, Чопадан үлгү алса!
Экс-"акжолчу" Гүлнара Дербишова биринчи "Акыйкат" партиясынын босогосун аттап, андан кийин "Содружествого" кире качып, кыязы ал жактан орун тийбей калганбы, айтор, эми "Акшумкарга" өтүп кетиптир. Таңгаласың, аял башы менен ушунча да ойт берме болобу? Гүгү минтип жүрсө саясаттан аброй деле таппайт го, туурабы? Туруктуу болбойбу? Мына ушул туруктуулукту эски кесиптеши Чолпон Абдуллаевадан үйрөнсө кана (бул айым башында эле "Акыйкат" партиясына кирген, башка жакка чарпылбады), эми уялбай эле Чопадан үлгү алсын да!


Соттошуулар "сезону"
Гезитибиздин өткөн сандарында Алмаке деген кайбар тележылдыз Чынара Капарованы сүйөрүн билдирип, арзуу кат жазган эле. Андан соң СМС бетибизден Алмакенин алдап кат жазганын, ал баарын эле "сүйөм" деп ойт берип келгенин дагы бир айым жазып чыккан. Кыскасы, Чынара Капарова орто жерден эле СМСчилердин эрмегине айланып кеткен. Мындай көрүнүштөн улам, Чынара айым "ошол жигитти таап бергиле, болбосо гезитиңерди сотко берем!" деп билдирди. Эми берсе берсин! Ал кайбарды кайдан тапмак элек? Баса, өткөндө Бабырбек Жээнбеков "УЧУРду" сотко берерин өз гезитине жазган, эми дагы бир "кардар" чыкты. Айтор, бакиевчилер доорунда башыбыз соттон чыкчу эмес эле (ал соттошуулар дагы эле уланууда), эми адилеттик заман келди десек, баягы эски режимден эч айырмасы жок го, кашайгырдыкы! "Чегирткеден корккон эгин экпейт" дечү беле (?), бара көрөлүчү...



С.Соурбаева КТРга консо...
Убагында "Ала-Тоо" маалымат дирекциясынын директорлугуна чейин өсүп, чоңдорду жандап, "Дидар" автордук программасын алып барган Сюита Соурбаеваны ким билбесин? КТРда тележылдыз аталып, оппозициянын Курултайларын бакиевдердин тапшырмасы менен шыбатып, "оозго алынган" Сюита айымдын карьерасы асмандап баратканда, жаза тайып 7-апрелде бийлик алмашып кетпедиби. Анан КТРдан куулган болчу, бакиевдерге кылган эмгегинин айынан жазасын алып. Бирок, азыркы кезде эски бийликтин калдыктары ашынып турганда, С.Соурбаеванын кечээги эмгектери жерде калбаптыр. Акасы Мелис Мырзакматовдун колдоосу менен Сюита Ош ТВсына чоң болуп барып, ал жерде чыгармачылыгын өркүндөтүп аткан чак. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жаңы жылга чейин С.Соурбаева КТРге президент болуп келет имиш. Ким билет, балким Мелис Мырзакматов ажолукту тартып алса (Оштун мэрлигине күч менен эле отуруп албадыбы), баары жомоктогудай аткарылышы ажеп эмес да. Ошондо "кытырычылар" көргүлүктү көрүп калбайбы?..