Крымды кыдырып...
Америкада аткаруучулар "таймашынан" алтын медаль тагынып кайткан Нурайым АЗЫКБАЕВА быйыл да ыр сынакка аттанды. Эртең Крымда "Чыгыш базары" аттуу эл аралык ыр сынак старт алмакчы. Кыргызстандан тышкары, аталган конкурска Азербайжан, Молдова, Италия, Чехия, Литва, Украина, Беларусь, Аргентина, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Израиль, Сербия, Индонезия, Румыния, ж.б. мамлекеттерден аткаруучулар ат салышат. "Чыгыш базары" августтун акыркы күнү жыйынтыкталмакчы. Ата жолун улаган Нурайымдын бул экинчи эл аралык сынагы.


"Билим таймаш"
Күздүн алгачкы күнүнөн тарта "Миң кыял FM" радиосунда угармандар билим күчүн сынашат. Коомчулукта китеп окуу маданиятын жандандыруу ниетинде ушундай долбоор ачылып, 1-сентябрдан тарта түз эфирде өтөт. Биринчи 10 күндүктө таймаш залкар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жана чыгармачылыгын камтып, белекке жазуучунун 8 том китеби ойнотулат. Долбоор "Бийиктик" басмаканасынын демөөрчүлүгү менен уюштурулуп, ал эми белек тапшыруу аземи Айтматовдун кызы Шириндин катышуусунда өтмөкчү.


"Москва, мен сени сүйөм"
Ушундай аталыштагы тасма сентябрдын экинчи күнүндө элге тартууланат. Ал Москва жөнүндөгү 18 режиссердун тасмасы, 18 новелла жана 18 романтикалык, жүрөк козгогон окуялардын үзүмдөрүнөн куралган бир бүтүн кино чыгарма. Тасмада адам көз жашына ишенбеген бул ири шаардагы арзуу, жолугуу, ажырашуу, кайра табышуулар... ал эми тасманын башкы каарманы, албетте, Москва.


Арманга айланган Лира
Режиссер Темир БИРНАЗАРОВ армандуу арзуудан баян салган тасмасын тартууга киришкенин кабарлоодо. "Арманым Лира" деп аталган тасмасы бизге жеткен маалыматтар боюнча, коомдо кодуланган образдагы бийкеч жана ага арналган арзуу. Ошону менен бирге эле автор коомдун моралдык жактан жабырлануусун чагылдырууну самайт. Эске салсак, Темир мырзанын азыркы коомубуздун акыбалын жана лидерден жолу жок келаткан кыргыз мамлекетин чагылдырган "Белгисиз маршрут" тасмасы көрөрмандардын купулуна толуп келет.


Орозо менен Анталья
Беш маал намазга жыгылып, ишенимдин ушул жолун тандаган ырчы Нурзат САДЫКОВА орозо маалы экенине карабастан, Антальяга Ала Тоо намысын коргоо вазыйпасы менен аттанды. Түрк тилдүү кыркка жакын мамлекет катышкан "Түрк дүйнөсү" фестивалы ушул күндөрү Түркиянын Анталья шаарында өтүүдө. Ыр майрамдын уюштуруучусу - "ТРТ Аваз", ал эми Кыргызстандын атынан Улуттук теле колдоого алууда.


Гитарага кастинг!
Гитара дегенде кеп барып-барып ДАРХАНга такалат. "Вавилон" аттуу ырына клип тартууга камынганы ырчы жигит өзгөчө гитараларды издөө менен убара. Анткени, сценарий боюнча 50дөн ашуун гитара тасмага тартылышы зарыл. Өз коллекциясында да гитара түрү аз эмес. Бирок, клиптин өзгөчөлүгү үчүн ырчы эл арасынан өзгөчө гитараларды издөөдө. Айтмакчы, Дархан жакында Казакстанда жаңыдан түзүлүп аткан "Love AND Death" тобуна солист болуп кирүүдөн баш тартты. Жакында эле Бишкектин рок клубдарына концерт берип кеткен казак рокерлери Дарханга кызыгып, жакшы шарттар менен кызматташууну сунушташкан. Бирок, Кыргызстанда да татыктуу рок топтору түзүлөөрүнө үмүт арткан жана кыргыз рок багытын өнүктүрүүгө ниеткер Дархан казак кесиптештеринин сунушун четке каккан.


Сүйүктүүсүнө ыр сунган Мирбек
"Сүйүктүүм" деген назик жана жагымдуу аталыштагы чыгармасы менен Мирбек ИМАНБЕКОВ ушул тапта элдин сынында. Жума башынан тарта борбордук үналгылардын биринде "диджейликти да аркалап аткан" ырчы чак түштө угармандарга "Бал каймактан" сунууда. Бир кемчилиги - угармандарын зарыктырып бир аз кечигип калып атканы. А бирок, тамашасына тамаша, сынына сындай, мактоосуна татырлык жооп кайтарып, Мирбек угармандарын да жагымдуу таңгалдырууда.


Бермет Байкеловадан "сюрприз"
КРнын эмгек сиңирген артисти Бермет Байкелова, Кара молдо Орозов атындагы Мамлекеттик Академиялык эл аспаптар оркестринин коштоосунда биринчи жолу кыргыз ырларын диск кылып чыгарды. Кошумчаласак, аталган ыр жыйнак Бермет айымдын өзүнүн дагы эң алгачкы диски экен.