sMs

У
рматтуу окурман, эгер сиздин бактыңыз ашынып, жүрөгүңүз толкуп турса, же тескерисинче, көңүл чөгүп, кыжырыңыз келсе, биз сиз менен бөлүшүүгө даярбыз. Үкөгүбүздө СМСке орун көп. Мейли куттуктоо жазыңыз, же кимдир бирөөгө сүйүү арзууңузду билдиресизби, же коомдук саясый турмушту талкуулайсызбы, өз эркиңиз.
Билдирүүлөр аптанын ар күнү кабыл алынат.


0(778) 23-99-46; СМС жаз!


Оппозицияда жүрүп, министр болгон кайбардын акмагы чыгат!


3684. Кыргызстан Розадай гүлдөсүн, Отундай өрттөлбөсүн. Кыргызстанды өлө сагындым.
Камил, Москва

3685. Убактылуу өкмөттүн азыркы жүргүзгөн саясатына караганда, дагы революция чыкчудай түр көрүнүп атат. Себеби, убалдан коркпостон, уялбастан, миллиондоп акча жыйнап жатышат дейт.
Калил, Москва

3686. Түндүк-Түштүктү бөлгөн президент, кыргыз элине жакшылык алып келбейт.
8131 абоненти

3687. Адахан Мадумаров жөнүндө ар ким ар кандай ойлорду айта берет. Мейли айта берсин. Бирок, А.Мадумаровду мен сыйлайм. Алга Адахан!
Куба

3688. Жыпар Жекшеев, биз Түштүк кыргыздарынын үмүтү сизде. Ак болуңуз, так болуңуз. Куралдануу боюнча фонд болгон дешет. Биз заложник болуп жүрүппүз да.
Оштук

3689. Темир Бирназаровго: Кинону тарттың жаңысын, белгисиз кылып багытын. Темике териң адал болду го, тез эле чыкты дабышың. Теректей болуп өсө бер, тезирээк тартып дагысын. Тең келбейт сага бири да, кыргыздын бербе намысын!
Мурат

3690. Ынтымактуу эл болсо, душманга тийген ок болот. Ынтымаксыз эл болсо, ыркырап качып жок болот. Манас атанын 7 урпагы: Ч.Айтматов, Курманжан датка, ж.б.
4582 абоненти

3691. Кыргызстанды сатып ичкендер баары үй камагына чыгышты. Демек, сен да ичип, жей бер. Баары бир үй камагына чыгасың. Түшүндүңөр да...
3533 абоненти

3692. 4585 абоненти, сен өзүңдү кыргыздын патриот адам катары сезсең, Мадумаровду билбейм, К.Ташиевдин аркасынан андай жаман сөз сүйлөбөй жүр!
1177 абоненти

3693. Отунбай кызы Розахан, Ош шаарын отун кылдыңбы? Чегиртке чыккан мезгилде Текебай уулу Өмүрбек тентек кылдыңбы? Бекназар уулу Азимбек, бек боло албашың анык кеп.
Чалкан

3694. Ош, Жала-Абад жаңжалдарынын чыгуу себептерин тыкыр изилденмейинче жана чара көрүлмөйүнчө элде ишеним болбойт. Кайра кайталанып кетпесине ким кепилдик бере алат?
Аки

3695. К.Батыровду мечиттерге курал таркаткан дейт Жалал-Абаддык ала допучандар. Муну кандай түшүнсө болот?
Канат

3696. Вермишель цехинде иштегендерге кайрылат элем: камырыңарды убагында чыгарсаңар, ачытпай. Санэпидемстанция уюму кайда жүрөт, буларды карабай? Кытайдын самопалынан кийин эле ачыган вермишель! Кыргыздарды бардык жактан ууктуруп атат! Бул деген чоң проблема экенин унутпагыла.
2584 абоненти

3697. Нарындык патриот, биринчиден, өзүңдүн бишкектик орустарыңды кыргызча сүйлөткүң. Анан оштуктарга акыл үйрөт. Дөөдүрөп сасыбай!
8798 абоненти

3698. Акаевич, коркпой эле келе бериңиз. Суралымыш этесиз да, үй абагына бошойсуз. Буга биз гарантия беребиз. Эң негизгиси акчадан көбүрөөк ала келиңиз. Бардык проблемаңыздын чечилишине шарт түзүлөт.
Жанар

3699. Кыргыз элин жакыр жашоого сүйрөгөндөрдүн бири Баекованы эстеген жан барбы? Бул апчебиздин мурдун балта кеспей эл менен бирдей жашоого акысы барбы?
Жанара

3700. Кандайсыңар "Учурдун" окурмандары? Ден-соолугуңар, иштериңер жакшыбы? Мен да ушул гезитти жактырып окуп жүргөнүмө көп болду. Өзгөчө СМС бетин калтырбай окуйм. Бул жерде көбүнчөсүн карапайым элдердин ою камтылып, ачык жазылат. Кээде чыдабай кетип, мен да СМС жазчу болдум. Силер да жазгыла.
Эма

3701. Бакиевди колдогондор көп болчу. Алар көчөгө чыкканында граждандык согуш болуп кетиши ыктымал эле. Бакиев коркоктук менен качкан жок. Ал элди ойлоп кетти. Биз Бакиев мененбиз!
Арафат

3702. Өзбекстанда алты миллиондон ашык кыргыз бар экен. Аларга эмнеге автономия берилбейт? Жада калса кыргыз мектеби жок. Ошол жердеги жашаган Кара калпак эли да өзүнчө республика болгонго жарактуу жана Хорезм кыргыз-кыпчак облусу да автономияга ээ эмес.
Жайчыбек, Талас

3703. Өмүрбек Чиркешович, мен СМС жиберсем сизге жетээр бекен? Сиз СМС окуйсузбу?
Бакыт ББС

3704. Кыргызымдын кыздары, сиздерде намыс кайда? Өзүңөрдү жарнамалап, жигиттер менен таанышкандан уялсаңар боло? Же эрге тийе албай калабыз деп коркосуңарбы? Ыйманыңарды сактап, түз жүрсөңөр эле тийесиңер.
Bugu89@mail.ru

3705. Кара-Балта шаарында жашап жаткан атам Сейитти, апам Дамираны, иним Бактиярды, карындашым Жазымайды ыйык рамазан менен куттуктайм!
Бакыт ББС

3706. Нагина жаным, тезинен айыкчы? Мен сени сүйөм! Мен сени күтөм!
2787 абоненти

3707. Салам "Учур гезити!" Мен Алай районуна караштуу Сары-Таш айылында жашаган, Эркештам жолунда иштеген Насипага салам жолдойм. Мен сени аябай сүйөм. Аргасыз муздак күндөрдү өткөрүп атам. Ойлосом, көп кыздардын арасынан сендей кызды таппаймын. Сага сүйүүмдү айтсам арабыз алыс дейсиң. Жүрөгүм сен деп согот. Сен ушуну бил.
Сырдуу жигит

3708. Эмне үчүн Укук коргоо органдары Кадыржан Батыровдун мечиттеги чагымчылдык иштерин териштирген эмес? Муну бизге ким жооп бере алат?
Канатбек, Марат, Элдияр, Шафкат, Шухрат

3709. Мага чалчы, күтөм...
Гүли

3710. Кыргыздарды бычактаган сарттар баары сыртка чыгып кетти дейсиңерби? Аларды ким кармап, ким соттойт? Мүмкүн алар Өзбекстанда жүргөндүр?
Канатбек

3711. "Human Rights Watch" Кыргызстандан чыгып кетсин. Талап кылабыз. Буга Ош, Жалал-Абад тургундары өтө нааразы.
3135 абоненти

3712. Сүйүүнүн күчтүүлүгүнө ишендим. Уктасам түшүмдөн, ойгонсом көз алдымдан кетпейсиң. Мага турмушка чыгууга даярдан. Мен сени алып качпасам болбойт окшойт. Телефон номериңди билдирип кой. Насипа мен сенден жооп күтөм.
6937 абоненти

3713. Убактылуу өкмөттө "дикообраз-2" деген митени качан жоготосуңар? Ал "калдыктар" иш кылууга мүмкүн эмес. Аны силер да билмексенге салганыңар, кыргыз эли үчүн кечиримсиз. Кекиртегинде таможня жок. Элдин ырыскысын мойсогонго шыктуу. Бул адам сөрөйдүн бейкапар жүргөнү болбойт. Аны түрмөгө тыгыш керек! Убактылуу өкмөт, эртерээк чара көрбөсөңөр, өз шоруңар өзүңөргө.
УӨ күйөрманы

3714. Элибиз "сарткулдарды" эл болот, дос болот деп, биз менен бирге теңата кылып жүрдүк эле. Акыры алардын кылган кылыгын көрдүк. Буга окшогон акмактардын биздин жергеде жашаганга укуктары жоголду. Жогору жактагылар, силердин кулагыңарга күмүш сырга катары айтып койгум келет. Биринчи орунда улутубуздун кызыкчылыгы болуш керек. Ушуга жараша силер да аброй аласыңар.
Шаке

3715. Кыргызды 15 жыл "калмак", 5 жыл "дунган" башкарды. Анан акыбалыбыз ушул болбогондо кайсыл болмок эле? Ошондуктан тарыхыбызды, элибиздин санжырасын сүрүштүрүүнү таштабашыбыз керек.
Курман
3716. Бакай-Аталык Азатты издейм. Кабарыңды билгизип койчу. Айсулуу.
Тел: 0772-38-74-65

3717. Биз Өмүрбек Текебаев мырзанын мыктылыгын билебиз. Ал жигит ушундай сөзгө татыктуу. Сиздер эмне дедиңер?
Жакы

3718. Кыргыз кыргызга гана күйөрүн билдик го. Адахан Мадумаровдун улуту, уруусу, жети атасы ким? Далилдүү айтып бере турган классташ же кошуналары болсо, ошондо көп талаштарга чекит коюлмак. Анткени "Адахан" деген ат кыргызда болбосо керек?..
4585 абоненти

3719. Алина апче, сизди өтүп кеткен 22-август туулган күнүңүз менен куттуктайм! Бактылуу болуңуз!
Мари

3720. Орустар бизди "каракөтөн" дешет. Иса Өмүркулов болсо, "жүнбаштарды" зам кылып алды. Шаар эмес өлкө башкаруучу кыргыз жигиттерибиз бош жүрөт. Же Лужковдун замы кыргызбы? Же үстүнөн кысым болдубу? Андай болсо ачык айтсын. Чындап келсе Иса Өмүркуловду Россия жергесиндеги киши барбаган кичине айылга, айыл өкмөтү кылып койбойт. Анткени сен да бизге окшош "каракөтөнсүң". Эртерээк эсиңе кел. Шаар башчылыгы атаңдан калган мурас эмес. Океңдер бүгүн тоноп, эртең "ойт" берип кетет.
4585 абоненти

3721. Болот Шерниязов "Болот Шер" атыгып алды. Анда Алмаз Атамбаев "кабылан", Роза Отунбаева "жолборс", Өмүрбек Текебаев "көкжал" да. Кыргыз эли булар турганда кор болбостур деп ойлойм.
Майрамбек, Кочкор

3722. Ыймандуу Таластык кыздар менен таанышам. Жаштары 18-21дегилер болот. Өзүм 25темин. Атым Нурэс.
Тел: 0778-87-09-50

3723. Урматтуу "Учурдун" жамааты, орозо айында жаман политиканы токтото турбайсыңарбы?
Нургүл

3724. Аликбек Жекшенкулов, сиздей мыкты жигиттердин ону болгондо Кыргызстан тез аранын ичинде оңолмок. Урматтуу окурмандар же мындай эмеспи? Эгер туура эмес айтсам СМС жазгыла. Мен да силерди угуп көрөйүн.
2584 абоненти

3725. Урматуу СМС жазган Сакчы деген жигит, миңдеген кыз менен сүйлөшсөң да сага жага турган кызды таппайсың. Менимче "көп баскан аяк бок басат" деген кыргыздын татынакай сөзү бар эмеспи. Анын сыңарындай, сен да канчалык көп кызды тандаба, "тандаган тазга жолугат" дегендей кепке кабылып калышың ыктымал.
4936 абоненти

3726. Кыргыздын аттуу-баштуу аксакал баатырлары, мен-мен деген жүрөк каккан жигиттери, "Бакиевдин бийлиги тамырлап алды" дешип, кыйынсынганы сыртка чыга качса, бияктагылары элине кылган өкүм-зордугун бетине эмес, артына айткандан коркушкан. Аларга караганда, кылымдардын кадырман энеси Каныкейдей, баатыр кыз Сайкалдай, эр жүрөк уулу Камчыбекке "өлүмгө тике кара" деген данакер, даанышман, акылман апабыз Курманжан даткадай болгон Бөдөш Мамырова 24-марттагы "Ынтымак Курултайда" Бакиевге тике карап туруп, "Исмаил Исаковду бошотуп, уулуңуз Максимди иштен кетириңиз да элди эзбей, светтин, телефондун тарифтерин ордуна келтириңиз" деди го. Эми карасам, баардыгы эле түштөн кийин баатыр болуп жатышат. Уялган бирөө жок. "Кыргыздар качан оңолобуз?" деп коебуз. Мен айтаар элем, качан Бөдөштөй болгондо жана кечиримдүү, кошоматты койгондо, бөлүнгөндү жойгондо оңолобуз.
2759 абоненти

3727. Бөдөш айым кыргыздын кээ бир намысы жок жигиттерине караганда бир жоон эли өйдө турарын эсиңерден чыгарбагыла. Жашасын Бөдөш Мамырова!
2759 абоненти

3728. КРнын президенти Роза Отунбаева, Ошко дагы кандай коогалаңдар күтүлүп атат? Өзүңүзгө ишенбей, губернаторлорду туугандарыңыздан коюну улантып жатасызбы? Абийириңиздин барында арам иштерге барбооңузду суранабыз. Же болбосо азыркы ээлеген бийлигиңизден сый менен кетип калыңыз. Элдин чыдамы жок. Алар сиздин аял экениңизге карабайт.
Ира

3729. Кайниң Кадыржан Батыровду мыйзам алдында жоопко тартпай качырып ийип, жолдошуңузга кандай убадаларды берип жатасыз? Сарт туугандарга окшоп качкын болуп калба? Кыргызда сенчелик намысы бар эркек куруп кала элек.
Ира

3730. Заман кыйындады. Бир аз тумоолоп, догдурга барсаң "бөйрөктө таш бар" деп союп таштайт. Чыгым болуп жатып каласың. Эгер милийсага түшсөң, "аброюма шек келтирип атасың" деп миллиондоп акчага жыгат. Ал эми сенин аброюңду ким коргойт? Жогорку окуу жайларга балдарыңды апкелсең, 30-40 миң сом контрагына төлөп окутасың. Мээнет кылып окуусун бүтсө, кийин мамлекет жумуш таап бербей бош жүрсө, деги кайда барабыз? Кудайга арызыңды айтып жүрө берет экенсиң да.
Жайчыбек, Талас

3731. Советтик музыкант Болот Токтобаев, такыр эле дайның жок болуп кетти. Мага чалчы.
Тел: +79266970016, +79250719601

3732. Оштуктар, Мелис Мырзакматовго кара пиар уюштуруп жүргөн Айжан Мамырканованы өзбектердин колуна салып берели деп атабыз. Ошондо билет болуш керек.
Оштон

3733. Курманов, сага Текебаев канча төлөдү? Же ала допучандарга жан тарканың үчүнбү?
2561 абоненти

3734. Москвада жашап, иштеп жаткан эжем Перизат, жездем Нышанбайдын бешик боолору бек болсун! Уулуңуздардын өмүрү узун болуп, өзүңөр бактылуу жубайлардан болуңуздар!
Каныкей, Гүлүмкан

3735. Убактылуу өкмөт "Барктабасов курал менен бийликти басып алууга аракет жасады" деп камап коюшту. А өздөрү 7-апрелде бийликти мыйзамдуу өткөрүп алышты беле?
Асыл

3736. Кыргыздарым сабыр кылгыла. Оштогу баштагандарды Аллах өзү жазалайт!
0850 абоненти

3337. Убактылуу өкмөт, "Мелис Мырзакматовду кетсин" депсиңер. Өзүңөрдүн башыңар иштебейби? Оштун мэрин эч жакка кетире албайсыңар. Өзбектерге кошулуп кетесиңер да. Кудайдан корксоңор боло!
Жиба

3738. Амангелди, Өктөмкан, Фарид, силер кайсы улуттансыңар? Силерди таза кандуу кыргыз эмес дешет. Эгер таза кыргыз болсоңор таза кыргызча сүйлөп көргүлөчү. Өзбек эмессиңерби?
4589 абоненти

3739. Кыргызстанды Каримов башкарып калганбы? Андай болсо "Гүл" эжебиз Өзбекстанга биздеги өзбек улутундагыларды кошо көчүрүп кетпейби! Кудайдын алдында ант бергенин унутуп калдыбы?
6458 абоненти

3740. Бакиевдин эч кандай күнөөсү жок. Эл билбейт деп ойлойсуңарбы? Кадыржан Батыров менен ортодо эмне сөз болгонун баары билет. Алар силерге бийликти алып бермек болгон. А силер болсо Ош жергесин өзбектерге өткөрүп бермексиңер. Акыры ошондой болду. Эми жыргадыңарбы?
Зуля, Ригина

3741. Кыргызымдын жигиттери, силер биримдикке келе албай атасыңар. Ар кимиңер өз алдынча акылыңардын жетишинче иш кылып аткансыйсыңар. "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып", ынтымакка келсеңер жакшы болмок.
4890 абоненти

3742. Оштун Беш-Мойнок айылындагы сүйүктүү ата-энем Рысмамат жана Майрамканга чоң салам! Ата, апа биздин бактыбызга бар болуңуздар!
Гүлүмкан

3743. Бир туугандарыма чоң салам! Эжелерим Жазгүл, Нурзат, Гүлзат, Перизат, Бурул, сиңдим Каныкей, агам Мурат, мен силерди абдан жакшы көрөм.
Гүлүмкан

3744. Урматту журналисттер! Силер кыргыздын улуттук саясатын жүргүзгөндөрдүн сөздөрүн элге жарыя кылып, кыргызды сатып жатасыңар. Саткындарды мактабай, улутчулдарды колдоп жазгыла. Кыргызга кыргыз гана күйөт. Ошону билгиле.
Шүкүрбек, Улуубаргы

3745. Оо калайык! Кыргызстанды улутчулдар гана гүлдөтөт. Эсиңерге алып койгула. Текебаев, Сариев, Мадумаров, Бекназаров кыргызды сатып жок кылат. Ойгонгула кыргыздар! Мен силерге күйүп жазып жатам.
Акентаздар

3746. Алма-Ата шаарындагы "Ала-Тау 1" базарындагы 2-катарындагы 10-контейнерде иштеген Гүлдана, мен сени аябай сүйөм!
Спорт

3747. Урматуу кыргыз элим! Ысык-Көлдүк Мукаштай кыргыздын жигиттери турганда, кыргыз эли коркпой эле койсо болот. 7-8-апрелде өз көзүм менен көрдүм. "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат".
5777 абоненти

3748. "Учур" гезитинин 19-августагы чыгарылышында Топчубек Тургуналиев агабыз ушундай жакшы маек берип келе жатып, айнып кетиптир. "Мен паспортко, ар бир адамдын улутун эмес, "Кыргызстандык" деп жазылышын сунуш кылам" деп айтыптыр. Мунуңуз такыр туура эмес аксакал. Еврейлер кыргыздын тарыхы, руху, аң-сезими, духу болгон Манасыбызга "эпос" деген сөздү жабыштыра коюшуп, эмне болур жатабыз? Муну териштирген киши жок. Еврейлер Америкада, Россияда паспорттон "националность" деген графаны алдырып ташташкан. Кааласаңыз сиз, өзүңүздүн паспортуңуздан улуту "кыргыз" дегенди алдырып салыңыз. Кыргыз улутуна тийишпеңиз. Кеңеш керек болсо, кулагыңызга шыбырап коем. Мукаш
Тел: 0552-54-57-77

3749. Бүлөлү айылында бирге окуган 91-жылкы классташтарыма ысык салам! Бар болгула!
0770 абоненти

3750. Ардагым, арманымды кимге айтамын? Жүрөгүмдү сен жаралап салбадыңбы. Жөн гана мамиледе болуп жүрүп, билбептирмин сени сүйүп калаарымды. Түбөлүк өчпөс болуп сезимимде, тун сүйүүм болдуң бул жашоодо. Турмушта эки башка болсок дагы, сени менен жашай берем көңүлүмдө. Мен сени өмүр бою сүйүп өтөм!
Малика, Талас

3751. "Учур" гезити, менин СМСтерим кечиктирилип чыгып атат окшойт. Же ошончолук СМСтер көп болуп атабы?
Бакыт ББС

3752. Шарип, Адаханды биз да жакшы көрөбүз. Бул турулуу иш. Аны жер сатты дегени чындыкка коошпойт. Ал жер саткыдай жер анын менчиги эмес да.
0335 абоненти

3753. Урматуу 6868 абоненти, сизге чоң рахмат. Чындыкты айтканыңыз үчүн. Мадумаровду Өзгөн эли 100% колдойт буюрса. Адахан мырзаны Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көрө албайт. Качан болсо жамандап гана турушат. Эл жакшы кабыл алып турса да, аны каралап, бир алжыган чалдын сөзү менен айткандары айткан. Эмне үчүн көпчүлүк элдин ою менен эсептешпейсиңер? Адахан мырза, мен сизди сүйөм жана урматтайм.
Рахима

3754. Чагылган, колуңдан келген ишти сүйлөчү. Кыйын болсоң мактанбастан, жакыныраак жашынган Акаевди эле кармап келип сазайын берчи. Биз сага "эл баатыры" наамын берели.
0335 абоненти

3755. Убактылуу өкмөт! Ош окуясынын чындыгын качан кыргыз эли билет? Качанкыга чейин кыргыз элин алдап жүрө бересиңер? Же чындыкты элге айтканга духуңар жетпей жатабы? Бизге чындык керек.
Оштук кыз

3756. Манкурт Бакиев, сен адам эмес экенсиң. "Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп" Белорус "батькасынын" колоңсо колтугуна кире качтың. Ал жер сага түбөлүк жер болуп бере албайт. Качанкыга чейин жүрмөк элең? Же Лукашенконун колоңсосу сага жагып атабы?
3514 абоненти

3757. Жан жүрөктү дүрбөтүп, ичкен сууну булак, жеген нанды бал, уккан сөздү музыка, көргөн жүздү ай кылып, сен келээрсиң бир күнү.
Тимон

3758. 3680 абоненти, ар бирибиз өз сүйүүбүз үчүн күрөшүүнү билели. Бир адамдагы сапаттарды башка адамдан таба албайбыз!
Timon

3759. Салам! Кыргызымдын достукка бекем жигиттери менен таанышам. СМС жазгыла. Менин атым Нури.
Тел: 0770-49-63-56

3760. Айжамал, мен сени сүйөм. Бирок, айла жок башкага баш кошом. Эх, тагдыр!..
Кардиолог

3761. Урматтуу "Учур", мен силердин гезитти калтырбай окуйм. Дайыма чындыкты жазасыңар. Кээ бир жаңылыктарыңарды өз кезинде ушак катары бааланган менен, кийин кашкайган чындык болуп чыга келет. Силердин гезитти "ушакчы" дегендерге кошулбайм. Ушак жөн эле жерден чыга бербесин окурмандар билсе экен деп тилейм. Силерге ийгилик!
Окурман

3762. А.Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү мага жагат. Алардын бирөөсү менен дос болгум келет. Кимисинин колуктусу жок? Ошонусу менен дос болуп, мүмкүн кийинчерээк сүйүктүү жубайы да болуп калаар ниетим бар. Кеңеш бергиле. Себеби, силердин гезит менен кичине болсо да ымаласы бар эмеспи.
Анюта

3763. Адахан Мадумаровду жигит катары сыйлайм. Бирок, ичкиликти көп ичет деп угуп калган жайым бар. Ал ичпей жүргөнүн көп эле көргөм. Бирок, адам болгондон кийин ууртап-татып койсо, койгон чыгар.
4521 абоненти

3764. Урматтуу "Учур" гезити, сиздер А.Мадумаровдун телефон номерин берип койсоңор жакшы болгону турат. Мен ал кишиде жумушум бар эле. Жекеме-жеке чече турган маселелер тууралуу.
4521 абоненти

3765. Эмнегедир акыркы жумада киши өлтүрүү көбөйүп кетти. Эмне үчүн укук коргоо органдары жакшы иштебей жатышат? Минтип отурса астыдагы боло турган парламенттик шайлоо тынч өтпөй калышы ыктымал. Милийсалар, сиздерден сураныч, чаалыкпай иштегилечи.
Ага сержант

3766. Аликбек Жекшенкулов мырза, мен сиздин ишмердүүлүгүңүздү жакшы билем. Пакиза адамсыз. Бир гана кемчилигиңизди байкап жүрөм. Ал кыргызча жакшы, даана, так сүйлөй албаганыңыз. Ушу жагын уялбай эле өздөштүрсөңүз деген тилек айтмакмын.
Альбина

3767. Кечээ бир чоң тойдо отурсам Темир Сариевди мактап атышыптыр. Кулак төшөсөм минтип айтып атышат. "Темир, Кыргызстандын премьер-министри болгонго татыктуу жигит. Ал өндүрүштү жакшы билет" дешти. Ушундайбы?
3757 абоненти

3768. Урматтуу мусулман калкым! Туткан орозоңор кабыл болсун! Силерге Аллах ыразы!
Дабатчы

3769. Мусулмандардын ыйык айы болгон орозо маалында "Жарамазан" айтып жүргөн жаш балдарга ырайым этип, садага берип койгула! Силерге Аллах ыразы.
Дабатчы

3770. Кубат Оторбаев мырза, сиз КТРди "Азаттык" кылып салдыңыз. Телевидениенин өңүн жакшылап ачпай жатасыз. Изденүү деген нерсе такыр жок. Акыркы күндөрү КТРди көргүм да келбей калды. Карасам эле эки киши болбогон нерсени талкууга алып жатат. Аягына чейин чыдабай уктап калып атам. Эми балдарым, "ата, КТРди көрбөй эле коюңузчу" деп такыр көргөзбөй калышты.
4190 абоненти

3771. Бир жума мурун мен жашаган "Арча Бешик" жаңы конушунун бош жерин өрттөп жиберишти. Ал жерде 7-8 жолбун иттердин мекени болчу. Өздөрү менен өздөрү көбөйүп, күчүктөрүн чоңойтуп атышчу. Эми ал жерге иттер жолобой калды. Күйүк жыттанып атса керек. Сезимтал болушат эмеспи. Анан бир ит эки күчүгүн эрчитип биздин үйгө келип корголоп атышат. "Өзүм иттей жулунам, итим кайдан тоюнсун" дегендей, байкуш иттерди кантип тоюнтам, билбей турам.
1273 абоненти

3772. Эмнеге базардагы баалар кымбаттап атат? Тамак-аштын баары кымбаттады. Ушундай бышыкчылык маалда антпеш керек эле. Ал эми кышында кантебиз? Азыркы бийликтегилер ушундай жагдайды билишеби?
1273 абоненти

3773. Өмүрбек Бабанов жөнүндө менде маалымат жок. "Партия ачып, күздөгү шайлоого барат экен" деп угуп калдым. Ал жигиттин ишмердүүлүгү тууралуу кичине болсо да гезит бетиңерге жарыялап койгулачы. Сураныч.
Саксак

3774. Айжаркын, менден алган 10 миң сомду качан бересиң? "Бат эле Урмат Барыктабасовдон алып бере коем" дегенсиң. Эми ушу 10 миң сом үчүн экөөбүз жаман-жакшы айтышпай эле коелучу? Мага срочно акча керек болуп атат. Балдарымды мектепке даярдайын дегем. Аракет кылчы. Сага телефон чалсам өчүк болуп атат. Же бир жакка качып кеттиңби? Үйүңө эки жолу барсам, үйүңдүн жанында кара кийинген эки жигит машинеде олтуруп алып, мени таң калгандай карашты. Менин телефон номерим баягы эле . Өзгөрткөн жокмун. Жок дегенде бир чалып, кабарлап кой.
Мээрим

3775. Урматтуу "Учур" гезити, Урмат Барыктабасовду ким камады? Бул жөнүндө бизде маалымат жок. Азыр ал камактабы? Эмне үчүн камашты?
Мээрим

3776. Канышай, сени ушу күздө турмушка чыгат экен деген жылуу кабар уктум. Мени үйлөнүү тоюңарга чакырасыңарбы? Же унутуп коесуңбу? Унутчу болсоң абдан таарынам. Ал эсиңде болсун. Баса, сени Карышкыр сүйүп жүрчү...
9946 абонети

3777. Жаныжок деген досум жоголду. 7-апрелден кийин такыр көрө элекмин. Бирөөлөрдүн айтымында "Бакиевдин заманы кулаганда, Кыргызстанга жашоого мүмкүн эмес, мен да Белорусияга кетем, Бакиевдин жаш токолунун жанында болом" дептирсиң. Анын канчалык чындыгы бар экенини билбейм? Дагы бирөөлөр "шаардын кайсы бир районунун замакими болуп иштеп атат" дешти. Бир-эки жолу телефон чалсам албай койду. Аны издегендердин саны көбөйүп кетти. Өзгөчө Жамгырчы деген дагы бир кыйышпас досу сагынып атат. Куса болуп, өңүнөн азып кетти. Сүйлөбөй калды. Эгер ушу СМСти окуп калсаң бир келип кет. Жөн келбей куржун асына кел. Болбосо, келбей эле жүрө бер. Ошондон ары маа десе жоголуп кет.
Ороз

3778. Урматтуу Турсунбек Акун! "Сизди кол астындагы иштеген кыз-келиндерди "кармалайт" деп гезиттен окудум. Эми сиз өзүңүз бир бакыйган мамлекеттин элге үлгү болчу акыйкатчысы болсоңуз, акыйкаттыкка жатпай калат го. Же "акыйкатка" жаткызыш үчүн билгизбей "кармалаш" керек беле?
Тынчтык, Токтогул шаары

3779. Жаңы окуу жылы келатат. Менин даярдыгым жок. Апама айтсам, "эл көргөндү биз да көрөбүз" деп койду.
6-класстын окуучусу

3780. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн азыркы иштеп аткандарына ичим чыкпай жатат. Жүдөгөн бир байкуштар экен. Андан көрө иштейт элем деген жалындуу жаштарды колдонушса болмок. Качанкыга чейин картаңдар менен жүдөп жүрө беребиз? Эзилип деле бүтүп калдык. Кыргыздар революция жасаганды билгенден тышкары, өлкөнү өнүктүрүү жагын да дүйнөгө көрсөтсөк болмок. Ал иш биздин колубуздан келет. Анүчүн жалкоолонбой, өз ырыскыбызды өзүбүз теппей, чымырканып, силкинип туруп, суткасына 10 сааттан кем эмес иштешибиз керек. Азыр эс ала турган жагдай эмес.

3781. Алдаяр, сенин 1-сентябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Сага чың ден-соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалап кетмекмин. Андан сырткары, менин соткамдын наушнигин бирөө-жарымдан берип ийчи. Музыка уга албай кыйналып атам. Өзгөчө эл уктап атканда жаман экен.
Карина

3782. "Ак жол" партиясын колдоп, ажо сөрөйдүн абийиирин жапкандар, "Арча-Бешик" элинин акыркы штанына чейин саткандар: Муктарбек Айткулов, Достукбек Осмоналиев, Асылбек Бакыбаев, Жумабек уулу Талантбек, Нурбек Абдыкеевдерге ыр десте: Жетим менен жесирди, карабады беш каман. Жеп-ичкенден башканы, кылабады бу беш каман. Т.Сатылганов.
Беш каман
Тууган менен душманды, Ылгабады беш каман.
Улууларды урматтап, сыйлабады беш каман.
Тебелешип мыйзамды, уруп салды беш каман.
Катарынан кафени, куруп салды беш каман.
Бакча, жолду мектепти, кертип сатты беш каман.
Колтуктагы жүндөрүн, чертип сатты беш каман.
"Коррупцияны" гүлдөтүп, күркүрөдү беш каман.
Бакиевге жаккан соң, дүркүрөдү беш каман.
Агаларын сайратып, "акын" кылды беш каман.
Акырында өздөрүн, "катын" кылды беш каман.
Медербек Сулайманов. (Күйдүмчок)

3783. Жакында бир министрдин кыздарга тап койгонун, алдап кафеге, башка жактарга алпарганын "Учур" (силердин) гезитине беребиз. Оппозицияда жүрүп, министр болгон кайбардын акмагы чыгат. Кызматынан кетет, себеби, факты бар!
Алмакан