Сырмаек

Салима Балтаева, ырчы:
"Жолдошумду аябай сүйбөсөм деле..."
"Кош бойлуу айымдар-дүйнөдөгү эң сулуу айым" деп бекер айтылбаса керек. Мына ушундай сулуу айымдардын катарында ырчы Салима Балтаева дагы бар. Эки кызды тарбиялап, үчүнчү кызын курсагында чоңойтуп жаткан Салима айымды маекке тартып, ал-ахыбалын сурап, жаңылыктары менен тең бөлүштүк.


- "Дүйнөдөгү эң сулуу айым-кош бойлуу айым" деп коет го. Мен азыр сизден ошондой сулуулукту көрүп турам?
- (Күлүп) рахмат. Боюнда бар кездеги эң сонун сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайсың. Өзүңдүн керт башыңды багыш үчүн гана жашабастан, Кудайдын буйругу менен көкүрөгүңдүн алдында баланы чоңойтуп, жарык дүйнөгө алып келген милдетти аткаруу кандай бакыт. Учурда өзүң көрүп тургандай, эки кызымдан кийин үчүнчү баланы күтүп жатам. УЗИге түшсөм кыз деп жатышат, октябрь айына барам го. Кудай бизге ден-соолук берип, аман-эсен көз жарып алайын деп тиленип жатам.
- Жолдошуңуз үчүнчү наристеңиздерди "эркек болсо экен" деп күттү беле?
- Экинчи кызым боюмда барда "эркек болот" деп күткөн. Азыр болсо, тили таттуу эки кызынын кылык-жоругуна элжиреген атасы, "үчүнчү кызым экөөнөн дагы сулуу кыз болот" деп сүйүнүп жатат.
- Кыздарыңыздын ысымдарын кимдер койду эле?
- Улуу кызым Сайкалдын атын "баатыр кыз Сайкалдай болсун" деп жолдошум Мамат өзү койгон. Экинчисин Сайкал "апа, кыз төрөсөңүз атын Акылай, эркек болсо Актан коем" деп, "Керемет көчтөгү" Актан менен Акылайга абдан таасирленген эле. Анан ажы досубуз "кызыңардын атын мен коюп берейин. Мусулман динин эң биринчилерден болуп кабыл алган Сумая деген айымдын атын коелу" деп сунуштап, ал ат бизге да жагып калды. Башында "кызыңардын атын ким койдуңар?" деп сурагандарга Сумая десек, түшүнүшпөй, "суу майбы, сары майбы, аман болсун" деп тамашалап калышчу.
- Сайкал Сумаядан канча жаш улуу?
- Экөөнүн ортосу төрт жаш. Сайкал алтыга, Сумая экиге чыкты. Улуу кызым баео, жоош. Акча берсең ар кайсы жерге таштап кое берет. Кичинекейим ага караганда тыңыраак. Колундагы акчасын мыкчып алып, канча күн болсо да жоготпойт. Акчага тили келбей "менде ачак бар" деп дүкөнгө жөнөйт. Балмуздактын атын айта албай "манёна" дейт. Өзүнүн атын так айта албайт. Кызыгы, өзүнө-өзү "манёна" деп ат коюп алыптыр. "Ай, сенин атың Сумая. Кана суу дечи десең, "суу" дейт. Эми мая деп айт десең, жакшы эле "мая" деп айтат. Анан экөөнү кошуп "Сумая деп айт "десең, кайра эле "манёна" дей берет". Эмнегедир атын айткысы келбейт.
- Кыздарыңыз курсагыңызды көрүп эмне дешет?
- Сумая төрөлгөндө Сайкал сүйлөп эле калган да, "апа, төрөбөй эле койбойт белең?" деп кызганып, жанына жакын жолотчу эмес. Кайра туруп "башкалардын бөбөгү жок, меники бар ээ?" деп ойнотуп калчу. Азыр эми Сумая тыкылдап, Сайкал курсагымды кармаса кошо кармап, анын жасаган кыймылдарынын баарын туурайт. Маанайы жакшы болсо, "апанын курсагында ля-ля бар" дейт да, маанайы жок болсо "ля-ля эмес, бок бар" деп түртүп, чапкылап кызганып кетет (күлүп).
- Жолдошуңуз жардам кылып, бала багышабы?
- Жолдошум Мамат кесиби боюнча юрист. Бирок, өзүнүн жеке иштери менен алектенет. Баласаак болгону менен бала бакканга, жардам бергенге шыгы жок. Кичинекей баланы кармагандан коркот. Кээде көтөрүп, алаксытып турганы менен сүт бышыра калып, же жалаягын үтүктөп бере калбайт. Ал эмес, үйдө мен жок болсом тамак даярдап иче бербей, ачка отура берет. Чыдабай баратса кафелерге барып курсагын тойгузуп алат. Анан жардамчым болсун деп, туугандарыбыздын бир кызын үйгө алып келгем. Улуу кызымдай эле болуп калды. Ага ишенип, сырттагы жумуштарымды бүтүрүп, төрөгүчө деле, төрөгөндөн кийин деле машине айдап жүрдүм. Азыр деле боюмда барына карабай чакырган жерлерден калбай, каалаган убагымда кыздарыма сарсанаа болбой кете берем.
- Үйдө эрке кожейке экенсиз да?
- Ошондой десем дагы болот. Уйкуну жакшы көрөм. Уйкум кансын деп жатып көп жерлерге кечигип калам (күлүп). Кээде Мамат экөөбүз таарыныша кетсек, жанаша отурсак дагы сүйлөшпөй коебуз. Элдердей болуп ажылдашып, урушпай экөөбүз тең былтыйып көк беттенип отуруп, аягында бышып кетебиз. Бизди элдештирген телефон. Мен ашканада, ал конок үйдө отурса дагы СМСке жакшы-жаман сөздөрүбүздү жазып, жөнөтөбүз. Бир аздан кийин эч нерсе болбогондой таарынычыбыз жазылып кетет (күлүп).
- Жаңы таанышкан кезиңиздерди эстеп, жылмайып аласыздарбы?
- Ооба. Мен окууга берилип, көпкө чейин сөз айткан жигиттерге көңүл бурган эмесмин. Бир күнү эле дос кызым "бир бала сени кечки тамакка чакырып жатат. Жолугуп келбейсиңби?" деп калды. "Убактым жок" деп жүрө бердим. Дагы бир күнү "ой, таанышып, чайын ичип кой да. Сени ала качып кетмек беле?" деп жанымды койбой. "Чакырса кечки тамакка эмес, түшкү тамакка чакырсын" деп койдум. Анан "кайсы кафеге барарыңарды өзүңөр тандагыла" дептир. Биз "Маматты уят кылалы, заказ берген тамактарга чач-кирпиги чак келет бекен?" деп ал убакта аябай белгилүү болуп жаткан "Монте Карлого" бардык. 300 граммдык сыра 500 сомдон экен, үч кыз андан заказ кылдык. Болушунча кымбат тамактарды алып, ой-да сынадык. Бирок, ал дагы камырабай, "дагы заказ кылгыла, эмне жейсиңер?" деп "жентельмен" болгон. Ал күндөн баштап, аркамдан калбай жүрүп, өзү эле туугандарым менен таанышып, мени бура бастырбай койду. Ошол учурда мен аны аябай сүйүп калбасам дагы, ал мени аягында "мен ушуга тийет экенмин да" деген ойго такап койгон. Азыр Кудайга шүгүр, бактылуу жубайлардан болуп, минтип кыздарды чоңойтуп жатабыз.
- Жеке турмушуңузда бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп жатыптырсыз. Чыгармачылыгыңыз кантип жатат?
- Учурда филармонияда эле иштеп жатам. Быйыл ал жакка келгениме алты жыл болуп калыптыр. Филармонияга келгенден бери бир эле жолу концерт бердим. Кудай буюрса, репертуарым жаңы ырлар менен толукталып жатат. Аман-эсен көз жарып алсам, жеке концертиме даярданам. Боюмда бар болуп, үйдө отуруп калган күндө деле ырчы досторума жолугуп, кабарлашып, шерине жеп турабыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы кыргыз элимди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, эгемендүүлүктө баарыбыз бактылуу жашоону кечирели деп тилеп кетмекчимин.

Айнура Касымова