Чырпык кез

Эсте калган
окуучулук күндөр
- 1-класс кезиңиз эсиңиздеби?

Туп-туура беш күндөн кийин күркүрөгөн күз айы жана 1-сентябрь кирип келет. Бул күн жалпыбызга тааныш десем жаңылбайм. Мотурайган бөбөктөр мектептин босогосун аттап, 1-класстын каалгасын ачышат. Алиппе менен дос болушат. 1-сентябрды утурлай биз дагы белгилүү адамдарга суроо узатып, 1-класс болгон "жөжө" кездерин эстерине салдык.


Мүзүр, "Кеңеш" тобунун жетекчиси:

"Гүлзат колума так салып..."

- Мен 1-класска чейин даярдоо классына бардым. Менден улуу эжем мага 36 тамганы таанытып, санаганды үйрөтүп койгон. Окуудан кыйналган жокмун. Кичинекей кезимде эле музыкага жакын болуп, сабакка көтөргөн жаңы сумкемди аркама асынбай, аккордеон кылып, бетине көк сыя менен ноталарды чийип алып, алдыма асынып алчумун. Сумкемдин бетиндеги "боталаны" көргөн мугалимдер "жууп кел" деп урушчу. Сыя оңой менен кетпейт экен да, ошентип жаңы сумкемди мектепке көтөрүп барбай калгам. И-ий баса, бир күнү болсо Гүлзат деген тазалык секторубуз "жакаңдын кири, колуңдун кычысы кантет?" деп колумду тытып, мени сабап салган. Ошол тытыктын тагы азыр деле бар ("мынакей" деп, оң колунун аты жогун көрсөтүп күлүп калды). Бирок, ал классташыма жолугуп калганда айтсам, "алдаба" деп такыр мойнуна албайт (күлүп).


Азиза, ырчы:

"Бантигим жок сабакка кирбей калгам"
- Мектепке жаңы барганда көп эле кызыктар болгон. Тыпылдап сумкемди көтөрүп алып, сабакка келчүмүн. Чачым узун эле болчу. Бир күнү сабакка барарда бантигимди издеп таппай калдым. "Кечиккенден көрө, бантиги жок бара берейин" деп мектепке барсам, эшикти тосуп турган "дежур пионерлер" "бантигиң кана? Мектепке кирбейсиң" деп урушуп, үйгө кайра жөнөтүшкөн. Сыртта турган окуучулардан уялып, ыйлагым келген. Айла жок кайра үйгө барып, бантигимди таап, тагынып келгем. Ал убакта тартип өтө катуу болчу да.


Гүлмира, "Кеңеш" тобунун ырчысы:

"Тамактын үстүнө батинкемди салып..."
- 1-сентябрь күнү 1-класска барсак, мугалимдер мага "коңгуроо кагасың" деп калышты. Ичимден аябай сүйүндүм. Бир эжекебиз "үйүмө барып, ачкыч алып келе калчы" деп жумшап жиберди. Ачкычын алып келгенче мугалимдер мени таппай калышып, башка кызга коңгуроо кактырып коюшуптур. Ызаланганымдан аябай ыйлаганым эсимде. Азыркыга чейин "ачкычка барбай эле койсом болмок экен" деп өкүнөм. Кичинекейимде эле тыпылдаган тың кыз болчумун. Балдар менен дос болуп, кыздарды сабап, мушташып эле жүрчүмүн. Бир күнү ашканада тамак ичип отурсак, бир балабыз менин табагыма былтыйта көк маңкасын чимкирип салып жатпайбы. Тура калып аны чапкылап, ыйлап жатам. Ал болсо менин тамагымды балдарга көрсөтүп шылдыңдайт. Анан намыстанып кеттим окшойт, бутумдагы батинкемди чечип, анын тамагына салып койдум. Мугалимдер бизди таң калып карап калышты.


Назик, бийчи:

"Ой ата-а, мен билген тамгалар..."


- Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебинин босогосун аттадым. "Быссымылда" дегенде эле коңгуроо кагып, көркөм ыр окуп, салтанаттын көркүн чыгардым. "Кызыбыз коңгуроо какты" дешип, ата-энем ой-да майрамдашкан. Элдин көзүнө жакшы көрүнгөн окшойм, көз тийип үч күн бою шалдырап ооруп, сабакка барган эмесмин. Үч күндөн кийин мектепке барсам, бир бала менен отургузуп койду. Мугалимдерди туурап өзүмдү кыйын сезип, ал балага күн сайын сабак үйрөтөм. Апамдын айтканына караганда үйгө келгенде "ой ата-а, мен билген тамгаларды үйрөтө беришет экен" деп тапшырмаларды аткарчу эмес экенмин (күлүп).


Шайырбек Арапов, теле алып баруучу:

"Алма үчүн мугалимден тил уккам"
- Мен 1-класска барган күндөн баштап эле сумкама китеп, дептер менен кошо толтура алма салып алчумун. Бир күнү орус тил сабагынан алманы акырын алып чыгып жеп отурсам, мугалим эжей "сен мектепке окуганы келесиңби же жеп-ичкени келесиңби? Мектептен берилген бекер компот, булочка, кофеге тойбой жатасыңбы? Сабак учурунда соргоктор гана жеп отурат" деп балдар-кыздардын көзүнчө каттуу тилдегени эсимден кетпейт. Класстын ичи "уу-дуу" каткырык болуп, мени шылдыңдашкан. Уялганымдан ыйлагым келип турса дагы, намыстанып ыйлабай койгом. Ошондон кийин сумкама алма салып барууну токтотком. Андан кийин дагы бир жолу уят болгом. 8-мартта биринчи мугалимим Нуркан Боронова "Шайырбек сиздерге ырдап берет" деп мени сахнага чыгарып койду. Мен кыйын болуп, Ибрагим Жунусовдун "Алтын апа" деген ырын ырдап кирдим. Экинчи куплетине келгенде сөздөрүн таппай көпкө чейин туруп калганымды эстесем азыр да уялып кетем (күлүп).


Айнура Касымова