Мужиктөр

Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси:
"Параметрлерим кыздар тийише тургандай эмес"
- Сиздин үйүңүздө ким кожоюн?
- "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, биздин үйдө демократия кожоюн. Коом үйбүлөдөн башталат эмеспи. Ал эми коомдо "демократиялык принциптер жакшы" деп биз даңазалап келебиз. Анын сыңарындай, үйбүлөдө дагы ушул принциптердин болгону туура. Бир адамдын диктатурасы болсо, анда жакшылык болбойт. Биз жубайым экөөбүз "ийри отуруп, түз кеңешебиз".
- Жубайыңыз менен кандайча таанышып калгансыз?
- 1997-жылы 8-март күнү таанышканбыз. Бир жерде конокто чогуу отуруп калганбыз. Анан көздөр көзгө кадалып, бири-бирибизди жактырып калып, кийин дагы жолугуп жүрдүк. Мамилебиз келишип, үйлөнүп алдык. Турмуштун арабасын чогуу кылдыратып атканыбызга 11 жыл болду. Кудайга шүгүр, балалуу-чакалуу болуп, бактылуу болуп жашап атабыз.
- Кимиңиздер көбүрөөк кызганасыздар?
- Кызгануу - бул табигый көрүнүш да. Экөөбүз тең кызганабыз. Кызганычтын такыр болбогону дагы жакшы эмес көрүнүш. Өзүнүн чеги менен кызганычтын болуп турганы жакшы.
- Айрым эркектер "аялдын шайтанын чыгарып туруу керек" деп, кол көтөрүшөт экен. Сизде да мындай учур болгонбу?
- Ачууга алдырып, кол менен эмес, сөз менен катуу чапкан учурлар болгон.
- Эркектер "жубайынын көзүнө чөп салбаган эркек болбойт" деп мактанышат экен. Чын эле ошондойбу?
- Коомдо ушундай кеп бар. Жалпы коомго ушул сөздү алып чыгып, "мен ала жипти аттайм" деп мактангандын өзү туура эмес. Себеби, өсүп келаткан муундарга туура эмес таасир тийгизиши мүмкүн. Ошон үчүн мен бул суроону жоопсуз калтырганым туура болот го...
- Биздин "Учур" гезитибиз аркылуу Гүлбурак деген окурман такай сизге сезимдерин билдирип келет. Муну сиз жана жубайыңыз кандай кабыл алып жатат?
- Бул каттарды, смс билдирүүлөрдү мен да, келинчегим да редактор-достордун тамашасы, чымчып, тийишип коймойу деп түшүнөбүз. Болбосо, ал кыз ошончолук эле сезимдери болсо гезитке жазбай эле, өзүмө келип айтмак да. Анан "Учур" гезитинен башкага неге андай арзуулар чыкпайт? Акыл-эси ордунда болгон кыз сүйүүсүн гезитке жазып даңазалабайт да. Кыз киши табиятынан сүйүүсүн биринчи болуп билдирбейт. Аябай жанга батып кетип, билдиргиси келсе, ошол адамдын өзүнө барып айтат. Сезим деген бул өтө купуя нерсе да.
- Мал сойгонду билесизби?
- Нарындыктардын ичинен мал сойгонду билбеген жигит жок болуш керек. Устукандап, жиликтегендин деле майын чыгарам.
- Өз колуңуз менен үй салгансызбы?
- Өз колум менен үй салган эмесмин, бирок, студент кезде курулуш отрядына командир болуп барып, Таласта сарай салганбыз. Ошондуктан, устачылык деле колумдан келет деп айта алам.
- Жумуштан баргандан кийин короо иштерин жасайсызбы?
- Илхом келип, маанай жакшы болуп калса, короодогу майда-чүйдө иштерди жасап калмайым бар. Чөп жулуп, короо тазалап, сынган жерлерди оңдоп, жер казып...
- Ашканада кандайсыз?
- Ушул убакытка чейин жумуртка кууруганды да билбейм. Ашканага такыр кийлигишпейм.
- Ичимдикке кандайсыз?
- Анда-санда пиво ичем.
- Кандай мас болосуз? Бирөөлөр ырдап калса, бирөөлөр ыйлайт эмеспи...
- Мен ичкенде философ болуп кетем. Ошол маалда кайсы теманы талкуулап аткан болсок, ошонун тегерегинде ой жүгүртүп дегендей.
- Эртесинде баш жазуу кыйынга турабы?
- Жок, мен баш жазгыдай деле жатып калганча ичпейм да. Баш жазуу деген проблема жок.
- Тамекини буркуратасызбы?
- Тамекини жакшы эле чекчүмүн, бирок акыркы күндөрү таштадым.
- Стресстен кантип чыгасыз?
- Мен мончо аркылуу чыгам. Эртең менен кирип кетсем, кечинде чыгам, бууга отурам, шыпыргы чабынам, ошентип атып стресстен кантип чыгып кеткенимди байкабай калам.
- Акыркы жолу мушташканыңыз эсиңиздеби?
- Он-он беш жыл болуп калды го. Жаш кезде балдар менен Ысык-Көлгө барып, эс алып келели деп чечтик. Сөздөн сөз чыгып кетип эле, эки жаат болуп мушташып кеттик. Эки тарап тең көкала койдой көгөргөнбүз. Бирок, кайра эле элдешип кайткан элек.
- Мектепте канчанчы атаман элеңиз?
- Классташтарым мени "уюштуруучулук жөндөмгө ээ, шайдоот, чыр-чатактан алыс, душман күтпөгөн бала элең" деп айтып калышат. Анын сыңарындай, менде атамандыкты талашуу деле болбосо керек. Ошентсе да менин пикирим менен көбүнчөсү эсептешчү. Муштумдун күчү менен эмес, башка сапаттарым аркылуудур.
- Кыз ала качууга катышкансызбы?
- Бир досум үйлөнмөк. Айылдан классташтарым келип, "бир кызды сүйлөшүп койдук, туугандары да макул болуптур, ала качалы" деп айтып калышты. Көрсө, кыз билбейт деле экен. Бир топко чейин түшүнбөй келип, анан "баарыңарды каматам" деп тополоң салганы эсимде. Бирок, ошол кыз отуруп калып, азыр эң үлгүлүү үйбүлөлөрдүн бири.
- Бул жашоодо эркектерге сүйүү бир нече жолу келет имиш. Сиз дагы кечиккен сүйүүлөргө кабылып көрдүңүзбү?
- Ушинтип айтып коюшат экен. Мага кечиккен сүйүү келе элек, келбей деле койсун.
- Сулуу кыздарды көргөндө тийишип каласызбы?
- Сулуу кызды көргөндө суктанам. "Сылап ийсем, сыйпап ийсем" деген ойдо эмес, жөн гана табияттын сулуулугуна суктангандай суктанам.
- Тескерисинче, кыздар сизге тийишип калабы?
- Жок, андай болгон эмес. Менин параметрлерим тийише тургандай стандартка деле жооп бербейт го ушу. Какшыктап эле тийишпесе...
- "Бийлик, мансап деген адамды өзгөртөт" деген чын бекен? Сиз бийликке баргандан бери өзгөрдүңүзбү?
- Менин коркконум ошол. "Мен өзгөрбөсөм экен" дейм. Айлана-чөйрөмдөгүлөр "мени өзгөрүп кетти, көптү, бийлик бузду" деп ойлоп атышат экен. Өз башыма келип, сезип отурам. Сырттагы адамдарга ошондой көрүнөт экен. Бирок, мен мурда кандай болсом, азыр деле ошондоймун.
- Өзүңүздү мүнөздөп бересизби?
- Ак көңүлмүн, анан эмгекчилмин. Күн сайын бир нерсени үйрөнүп, алдыга карай өскүм келет. Жакпаган сапатым толтура. Кайсы бирин айтайын? Ачуум чукул, кээде эмоцияга алдырып коем.
- Сырткы келбетиңизди өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болсо, боюңузду өстүрөт белеңиз?
- Жок, эч нерсени өзгөртпөйт элем. Бала кезде болсо, балким, ойлонуп көрмөктүрмүн. Азыр өзүм кандай болсом, ушундай эле болуп калууну каалайм.

Дилбар АЛИМОВА