Куттук!

Жандүйнө байлыгын каалайбыз!
1-сентябрь мектеп босогосун аттаган бөбөктөргө кубаныч ыроолоп, билим ачкычын апкелген күн катары саналат эмеспи. Ооба, бул күн баарыбыз үчүн улуу, жагымдуу. Аң- сезим башатынын булагы ачылгандай сезилет...
Мына ушундай жакшы күндө кесиптешибиз Айнагүл Сапарбек кызынын туулган күнү экен. Куттуктайбыз! Ар дайым маанайың ачык болсун, ийгиликтер жылоолоп, жакшылыкка жетүү жолунан тайба! Тазалык, аруулук сени коштосун. Арабызда күлүп-жайнап, бакубат өмүр сүрүшүңө тилектешпиз! Узакка жыпар чачкан гүл сымал жагымдуулугуң арта берсин. Кайгыны адаштырган, кубанычты жанаштырган бакытты каалайбыз. Жандүйнө байлыгы байырласын, бар бол!

Кесиптештериң


  Тентек кеп

Токойбек Тентеков, саясый серепчи:
"Кыргызстанга парламенттик система жарабайт"
-Токойбек мырза, сиздин байкашыңызча азыркы учурда Кыргызстанда эмне көбөйдү?
- Мурда "биздин өлкөбүздө жылдыздар көп" дечүбүз. А бүгүнкү күндө саясый партиялар көбөйдү. "Расмий түрдө каттоодон өткөндөрдүн саны 150дөн ашты" деп атат. Ал эми октябрь айында парламенттик шайлоого аттангандардын саны элүүгө чукул экен. Бул эмнеден кабар берип турат, өзүңөр баам салып турсаңыздар керек. Ошентсе да өз оюмду ортого сала кетейин. Биринчиден, саясый партиялардын көбөйүшү жакшы жышаандыр. Себеби, демократиянын бирден-бир өзөгү деп түшүнсөк болот. Кыргызстанда жашаган элдердин эркиндигин айгинелеп тургансыйт. "Талаш-тартыштан чындык жаралат" дегендей. Экинчиден, ар кандай максатта, анын ичинде мансап издеп, бийликти гана көздөгөндөр үчүн партиялардын көптүгү өлкөбүзгө терс таасирин тийгизип аткандай. Биздин чакан өлкөгө ашып кетсе эки же үч гана саясый партия жетиштүүдөй. Себеби, ошол эле элүүдөн ашык саясый партиялардын программалары менен тыкыр тааныша келген учурда, өлкө үчүн иш жүзүнө ашыра турган маселелердин кандайдыр бир окшоштуктары байкалат. Бири-биринен көчүрүп жазып алгандай. Баары эле "кыйратабыз, өркүндөтөбүз, айлыгыңар көбөйөт. Жашоо, турмушту оңойбуз" деп удургушат. Ошондой эле өркүндөткүчтөр болсо, биригип алып өркүндөтө бербейби дейт экенсиң.
- Сиз айткан өлкөнү өркүндөтүү үчүн элге жардам берем деген адамдар сөзсүз түрдө саясый партияда болуш керекпи? Же...
- Партияда болбой эле жардам берсе болот. Андайлар четтен чыгат. Мисалы, Турусбек Мамашов, Тынычбек Конушбаев дагы-дагы толуп аткандар. Азыр эстей албай атам. Бул адамдар эч кандай партияга кирбей эле элге жардам берип жүргөнүн баамдап жүрөбүз.
- Анда азыркы партияларга кайсы чөйрөдөн кимдер кирип жатышат?
- Мурунку парламенттеги партияларда ишкерлер, догдурларды көрчүбүз. Ал эми азыркы партияларга кирип, депутат болом дегендердин басымдуусу аскер адамдары экен. Генерал, полковниктерден туруп, кандайдыр бир куралчан согуш блокторун түзүп аткандай сезилет (анын бетин ары кылсын). Булар карапайым элдерди ойлоп аткандарына ишенимим жок.
- Өзүңүз Темир Сариевди жана анын партиясын катуу колдоп жүргөндөй болдуңуз эле?
- Туура, мен Темир Сариевди абдан сыйлайм. Убагында оппозицияда жүргөндө, президенттикке талапкер болгондо да барып, колдоо иретинде мыкты жаштарды киргизип, тааныштырып, алардын пайдасын жакшы эле көргөн. Эми болсо, Темике бийликте. Менден башка достору деле жетип атса керек (!) деп ойлойм.
- Өзүңүз кайсы бир партияга багыт алдыңызбы?
- Жан дилим менен партия тизмесине кирейин деп чуркаган жокмун. Анын үстүнө ар бир партиянын азыркы тапта тизмелери даярдалып, өз алдынча ботколору чыгып жатат. "Сен мынча бердиң, мен мынча бердим. Мени тизменин жогорку сабына кой. Болбосо..." дегендей соодалашуулар болуп аткан кез. Ал жерде кээ бир шылуундар партия башчыларынын эшигинин алдынан чыкпай, жагалдануунун амалын издеп аткандары да жок эмес. Ошол эле учурда, акчасы болбосо да ак кызматын аянбагандар аргасыз тизменин түпкүрүнөн орун берилип, шефтин "жоокалатуу" же далыдан таптоо амалынын астында "тепселенүүдө".
- Күзүндө курала турган парламенттин келечеги кандай болот деген ойдосуз?
- Ал курала турган парламенттин ишмердүүлүгү бизде жашай албачудай сезиле берет. Кайсы партия канча орунду ээлейт, кайсы партия оппозиция болот, кимиси өкмөттү курайт жана башка толуп аткан процедуралык маселелерге ким гарант болуп, ынанымдуу чечип бере алат (?) дегендей баш катырма суроолор бар эмеспи. Ушулардын баарын так жана кыска убакытта эле чечиле калышына менин чоң күмөнүм бар. Ал эми жашоо деген күтүп отурбайт. Күнүмдүк тиричилик өз нугу менен жүрүш керек да. Карапайым эл кыйналып, кайрадан нааразычылыктар көбөйө баштайт.
- Алдыдагы шайлоо шарданына катышасызбы?
- 15 жылдан бери ар кандай шайлоого катышып келе жаткан патриот командабыз бар. Мамлекеттин мыйзам чегинде иш алып барууда абдан дасыгышкан. Ал команда бүгүнкү күндө да жок эмес.
- Кыргызстанды парламенттик республика дегенине кошуласызбы?
- Көп кошула бергеним жок. Себеби, аны карапайым элдер толугу менен түшүнүшкөн да, элес да алышкан жок. Азыркы учурда "мурун биздин өлкөнү бир үйбүлө тоноп келген болсо, эми 120 үйбүлө тонойбу?" деген суроолор пайда болууда. Андан сырткары, ошол эле карапайым элдерге парламенттик республиканын кайсы бир моделин тартуулап, талкууга коюшкан жок. Дегеле бул системада бийлик жүргүзүү Кыргызстанга жат көрүнүш экенин жакында түшүнөсүңөр...Мына ушунун себебинен менде жекече ой пайда болду. Кыргызга президенттик башкаруу туура болсо керек деген. "Мурунку эки президенттин каталарын кетирбейм. Үйбүлөлүк башкарууга барбайм. Чын ыкласымда, кыргыз эли үчүн кашык каным калгыча иштеп берем" дегендер бизде жок эместир.

Маектешкен Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ