И.Чудинов колго түштү
Экс-премьер-министр Игорь Чудинов колго түштү. Бул тууралуу улуттук коопсуздук кызматы да тастыктады. Маалыматка караганда, акыркы кездери өлкөнүн стратегиялык тармактарынын активдерин башкарып келген Өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп турган Игорь Чудиновду чек ара кызматы кармаган. Ага карата козголгон кылмыш иштери Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. И.Чудиновго "кызмат абалынан кыянат пайдаланган", "мамлекеттик мүлккө зыян келтирген" деген сыяктуу беренелер боюнча айып тагылууда. Азимбек Бекназаровдун айтымында, И.Чудинов сүйлөшүүлөр аркылуу өзү сурак берүүгө келген. "Азыр биз анын Кыргызстанга келишин Барыктабасовдун митинги менен байланышы барбы же жокпу (?) деген маселелерди караштырып жатабыз. Эгерде ал өз ыктыяры менен келсе, буга чейин Чудиновдун баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну ойлогонбуз", - дейт ал. Ал эми Бейөкмөт уюмдарынын ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмүталиеванын айтымында, Игорь Чудинов качпай эле эки жумадан бери Ысык-Көлдө эс алып жаткан.


Акаевдин кол тийбестигин кимдер алгысы келбеди?
Аскар Акаевдин кол тийбестигин алып салуу жөнүндө Декретке Убактылуу өкмөттүн 9 мүчөсү кол койду. Эгерде ага Отунбаева жана Каптагаев кол койсо, бул Декрет 11 добуш менен кабыл алынат. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча Эльмира Ибраимова, Абдыганы Эркебаев жана Темир Сариев гана каршы чыгууда.


К.Бакиевдин жакыны кармалды
Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери массалык башаламандыктарга тиешеси бар деп шектелген бир адамды кармады. Ал 7-августтан 8-августка караган түнү Казакстанга чектеш "Ак Жол" өткөрмө бекетинен колго түшкөн. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал 1981-жылы туулган, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун тургуну. Шектүү деп кармалган адамдын аты азырынча айтыла элек. Анын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тууганы Санжар Бакиев менен жакын мамиледе болгону кабарланууда. Маалыматка ылайык, кармалган адам 10-17-апрель аралыгында С.Бакиевден АК-41 үлгүсүндөгү автомат алып, ошол кезде Жалал-Абадда жүргөн Курманбек Бакиевди коргогон. Иликтөө иштери шектүү деп кармалган адам 13-14-майдагы башаламандыктарга катыштыгы болгонун көрсөткөн. Ал Казакстанга, андан ары Москвага качып бара жаткан жеринен кармалган.


А.Бекназаров "вице болдум" дейт
А.Бекназаров вице-премьер-министр болуп дайындалганын билдирди. Эми ал укук коргоо иштери боюнча президент Роза Отунбаевага жардам берет. Азимбек Бекназаровдун айтымында, ал кыйын кырдаалда парламенттик шайлоого барбай, ыңкылаптын максаттарына жетүүнү жана укук коргоо органдарынын иштерин көзөмөлдөө үчүн техникалык өкмөттүн курамында калууну туура тапкан. "Бул менин патриоттук милдетим. Убактылуу өкмөттүн көптөгөн маселелери толугу менен чечиле элек. Экинчиден, мен таза жана адилеттүү шайлоону өткөрүү үчүн өкмөттө калып жатам", - деди А.Бекназаров. А бирок, президенттин маалымат кызматы А.Бекназаровдун дайындалышы боюнча расмий маалымат жок экендигин айтышты.


Президенттин кеңешчилери кимдер?
Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен президенттин үч кеңешчиси дайындалды. Алар Султан Раев, Виктор Черноморец жана Бактылгүл Каламбекова. Эскерте кетсек, Султан Раев Бакиевдин тушунда маданият жана маалымат министрлигин жетектеп келген болсо, Бактыгүл Каламбекова тышкы иштер министринин орун басары болуп, үйбүлөгө куп гана кызмат кылгандардан болушкан. Ал эми Виктор Черноморец болсо ички иштер органдарынын ветераны.


Мас болуп машине айдагандар жазаланат
Эми мас абалында машине айдагандарга катуу чара көрүлөт . Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгы эскертет. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери эле ичкилик ичип алып унаа айдагандардын кесепетинен 117 жол кырсыгы катталган. Ушул эле аралыкта МАИчилер мас абалында унаа айдап жүргөн 7780 адамды токтотушкан. Буга байланыштуу мындан ары мас абалында унаа айдагандарга катуу чараларды колдонуу маселесине көңүл бурулмакчы.


Бардык мамлекеттик мекемелер күчөтүлгөн режимде
Мындан ары бардык мамлекеттик мекемелер күчөтүлгөн режимге өтүштү. Президент Роза Отунбаева бардык мамлекеттик мекемелердин өзгөчө режимде иштөөсү керектиги тууралуу директивага кол койду. Ага ылайык, өлкөдө коомдук-саясый туруктуулукту бузууга аракет кылган чагымчы күчтөр, экстремисттик жана кылмыш топтору баш көтөрүп келатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Бул кырдаалды калк арасында дагы деле курал-жарктардын көп болуп атканы оорлотууда. Ошол себептүү коомдо бейпилдикти камсыз кылуу, шайлоо кампанияларына керектүү шарттарды түзүп берүү, улуттук коопсуздукка шек келтирген коркунучтарды жок кылуу максатында ушул директива чыкты. Анда бардык мамлекеттик мекемелерге төмөнкүдөй талап коюлат: 11-август күнү таңкы саат 06:00дөн баштап бардык мамлекеттик мекемелер, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы, Каржы полициясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баш болгон органдар күчөтүлгөн режимде иш алып барышат. Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Сузак райондоруна өзгөчө көңүл бөлүнөт. Стратегиялык мааниге ээ жайлар катуу кайтарууга алынат. Бардык мамлекеттик органдар күн сайын аткарган иштери тууралуу эртең мененки саат 10:00гө чейин президентке маалымат берип турушат. Ош жана Жалал-Абад облустарында жана шаарларында коомдук тартипти сактоо боюнча атайын штабдар түзүлөт. Мурда өзгөчө абалды кармоо үчүн тартылган күчтөрдүн бардыгы аталган штабдарга өтөт. Ал эми министрликтер, облус жана райондордун администрациялары, шаар мэриялары күнү-түнү нөөмөт менен иштөөнү уюштурууга, бардык жерде оперативдүү маалыматтардын алынуусуна шарт түзүүгө милдеттендирилет. Каржы министрлиги аталган директиванын ишке ашуусу үчүн каражат маселесин чечет. Ал эми Башкы прокуратура жарандардын укуктарынын бузулбашы жаатында иш-чараларды уюштурат. Аталган директива президенттин кийинки көрсөтмөлөрүнө чейин күчүндө сакталат.


Дагы бир башаламандык ишке ашпай калды
9-августка пландаштырылган массалык башаламандык ишке ашпай калды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, апрель окуясынын курмандыктарын эскерүү реквиемин өткөрүү шылтоосу менен Бишкектеги эски аянтка беш миңден ашуун кишинин катышуусунда массалык башаламандыкты жүргүзүү пландаштырылган. "Бул иш чаранын демилгечилери болуп жүрүшкөн Сүйөркулов, Тынаев, Жайылов, Сааданбеков, Казымкулов кармалышкан. Буларга 40 жаштагы Төрөбай Колубаев жетекчилик кылып келген. Ага өз кезегинде ар кандай жаштардын жана коомдук уюмдар, саясатчылар колдоо көрсөтүп келишкен", - дейт маалымат кызматтын жетекчиси Р.Быкын уулу "Азаттыкка". Маалыматка ылайык, бул митингге катышуу үчүн алдын ала жаштар, ар кайсы коомдук уюмдун өкүлдөрүнө чакырыктар ташталып, баракчалар таратылган.



Газ кымбаттады
Жаратылыш газына болгон баа кымбаттады. "Кыргызгаз" ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, абоненттер мурда газдын 1 куб метрине 14 сом 02 тыйын төлөп келсе, эми август айынан тартып 14 сом 81 тыйындан төлөй башташат. Аталган ишкана баанын өсүшүн көгүлтүр отундун сатып алуу баасына, тактап айтканда, валюталык базарда доллардын курсуна байланыштуу деп түшүндүрүүдө. Газ берүүчү өзбек фирмалары менен түзүлгөн келишимде квартал сайын төлөмдөрдү жүргүзүү каралган. 2010-жылга газдын орточо баасы 1000 кубометрге 220 доллар болуп аныкталган. Экинчи чейректе газга болгон баа 227 долларга көтөрүлгөн. Ал эми үчүнчү чейректе 238,09 долларга чейин жеткен.