0(778) 23-99-46; СМС жаз!
Адахан акең саясый сойку эмеспи?
3467. Убактылуу өкмөт, эмнеге эле Барыктабасовго тийишип калдыңар? 2005-жылы бийликти мыйзамсыз басып алууга аракет кылган деген күнөө коюп жатасыңарбы? Анда 7-апрелде бийликти басып алуу мыйзамдуубу? Бекназаровдун бул жөнүндө айткандары эч себепсиз. Биринчи миңдеген адамдын канын төгүп кеткен Бакиевди кармап алып, анан калганын кармачы. Барыктабасовго жөн эле асыла бербей!
Айдар

3468. Текебаевди ошончолук жаман көрүш үчүн, элин-жерин саткан соттордун көзү менен кара. Же, бийлигинен, байлыгынан ажыраган ач көздүн көзү менен кара!
2121 абоненти

3469. А.Князев деген немени эмне кылса болот? Кыргызга тийишкенин койбоду.
Эркин

3470. 0119 абоненти, Кудайды карап сүйлөсөң. Адахан менен Камчыбектин да колдогон эли бар. Ат-Башы элинен он эсе көп. Таш бараңга алганды коюп, өзүңдүн өмүрүңдү Аллахтан сура. Ансыз деле ушул жылы элибиз сага окшогон акылсыз, маданиятсыз, жапайы айбандардын айынан дүйнө элине жаман көрүндү. Биз кыргыздар бири-бирибизге тиш кайраганды коюп, ынтымакта жашашыбыз керек! Башка элдер өзүбүздү-өзүбүз таш бараңга алганыбызды көрсө эмне дешет. Бул жөнүндө ойлондуң беле?
0335 абоненти

3471. 5404 абоненти, элди экиге бөлбөй жөн жүр. Адахан акеңдин соодасы бүткөнсүдү...
4585 абоненти

3472. 5577 абоненти, сенин кыжырыңды биздин урганыбыз барбы? Тим эле өзүңдү ким деп ойлойсуң? Сага окшогондор, тескерисинче, Оштун элинин кыжырына тийип атат.
0335 абоненти

3473. Урматтуу Өмүрбек Чиркешович! Мага 5 жылга грант бериңизчи?
Бакыт

3474. Өмүрбек Чиркешович, мен өзүмдүн урук-тууганым, достор менен сизди колдоп, партияңызга мүчө болоюн дедим эле!
8867 абоненти

3475. Балыкчы шаарындагы жашаган эгиз биртуугандар Канат менен Саматтын өтүп кеткен 10-август туулган күнү менен куттуктайбыз! Бактылуу, ыймандуу болгула!
4353 абоненти

3476. Ушу Алмамбет Шыкмаматовдуку өттү да, жердин битиндей болуп, өзүнчө эле кыйынсынат. Эмнесине экени түшүнүксүз. Андай кыйындардын далайын көргөнбүз. Көчүгүңдү кысып жө-өн жүр!
6451 абоненти

3477. Өмүрбек Бабанов, сен ушу элди алдаганы турат окшойсуң. Кыргыз эли сага ишенеби деги?
6451 абоненти

3478. Текебаев, эгер сен ушундай эле таза болсоң, эмне үчүн Акаевдин кол тийбестигин алууда жан үрөп каршы болдуң?
Меч

3479. Р.Отунбаева эне тилин жакшы билбей жатып, кантип элди башкарып атат?
Som100

3480. 17-20 жаштагы чүйлүк кыздар менен таанышам. Атым Бактыбек.
Тел: 0778-87-27-87

3481. Адахан Мадумаров, эл силер менен бирге!
"Эл"

3482. Чындык Адахан тарапта болуп жатат да. Ошого ичиңер күйүп, көрө албай жатасыңар!
2350 абоненти

3483. "Учур" гезитинде менден башкасынын баарын жамандап салыптыр. Мен абдан сүйүнүп атам. Молодцы!
2350 абоненти

3484. Д.Үсөнов, А.Жапаров, М.Эшимканов, Н.Мотуевдерге эмне үчүн кылмыш иши козголбойт? Бул адамдардын баары Конгантиевдин "куйруктары"!
5896 абоненти

3485. Мадумаров, сени кыргыз эли колдойт!
0030 абоненти

3486. Кыргыз эли баарыбыз биригели! Улуттук лидерди табалы. Азыркы бийликтегилерди карагылачы, сүйлөгөн сөздөрү маанисиз, былжырактар. Техөкмөтү мелтиреп уйкусурап отурат. Мен эмес, силердин деле буларга ичиңер жылыбай жатса керек? Жада калса өзбектер да тоготпой чоң кыргынды баштап, кыргызды онтолотуп салды. Мындай адамдар эч качан өлкөбүздү алдыга жылдырып, жашообузду оңдой албайт. Бийлик менчиги эмес, кыргыз элиники!
Кыргыздар

3487. А.Рыскулова менин эч кимим эмес. Ал эженин экспедиция эмгегин теледен көрүп баалагам. Аялдын да, эркектин да жумушун жасаган тың катын экен. Бүгүн ал эжени жамандаган эркектерге айтарым, эмне, Айгүл Рыскулованы Бакиев тууду беле (?) дегим келет.
Анипа

3488. Убактылуу өкмөттөгүлөр, "Айыл банктын" пайызын 12ге түшүрдүк" дедиңер эле. Бүгүнкү күндө 22ден эле берип атышат. Муну кандай түшүнсөк болот?
1462 абоненти

3489. Салам кыргызым! Четтен караган адамга өлкөбүздө кырдаал жакшы эмес. Акаевдин, Бакиевдин кирин жууп жүргөндөр бүгүн партия түзүп, бийлик талашууда. Ө.Текебаев баштаган "Ата Мекен" партиясын алга сүрөйлү! Ар-намысы күчтүү, ыйманы бар адамдар "Ата Мекенде". Бизде өз ара ишеним күчтүү болуш керек. Биз өлкөнүн тынчтыгын тилейбиз.
Кулмолдоев, Москва шаары

3490. Салам "Учур"! Азаматсыз Ө.Текебаев! Мен сизди кумир тутам.
5360 абоненти

3491. Новопокровка айылынан тез арада 20 сотых жер сатылат. Кызыл китеби бар.
Тел: 0550-54-87-77, 0555-629-669

3492. Кыздар менен таанышам. Маякка жооп жок. СМС жазгыла. Атым Дайыр.
Тел: +79260781771

3493. Салам сулуу кыздар! Силер мага телефон чалгыла. Маяк бербегиле. Менин атым Боки.
Тел: +79269799798

3494. Ош калып, Баткенди пландап койдуңбу? А.Муралиев гумжардам күтүүдөсүңбү?
4173 абоненти

3495. Салам "Учур" газетасы! Жумуштан чыккандан кийин, күн сайын силердин гезитти окуйм. СМС жазам. Аларды окуп алып куштарланам, жыргайм, эс алам.
3665 абоненти

3496. Роза Отунбаева эжебиз эмнеге Айгүл Рыскулова менен Чолпон Абдуллаева экөөнү ишке алды? Элдин аллергиясын чыгарып.
5404 абоненти

3497. 6460 абоненти, сен оозуңа карап сүйлөп жүрсөң, Ошко асылбай!
4096 абоненти

3498. Каныбыздан жаралган Кыргыз калкым! Азыркы өкмөттөгүлөр, бириңен өтүп, бириң кыйынсың! Кимиңерге ишенелик? Жаштардын келечегин ойлогон бирөө барбы?
4096 абоненти

3499. Салам "Учур"! Менин атым Данияр. 1990-жылы туулгам. Ош базарында колбаса сатып иштейм. КНУда 2-курста окуйм. Жумушумдун жанында кафе бар. Ал жерде иштеген бир кызды чын ыкласымдан сүйүп калдым. Телефонун алгам. Сүйлөшүп турабыз. Ага чын сүйүүмдү кантип айтарымды билбей жатам. Жардам бергилечи?
Doni-90

3500. Салам "Учур"! Мен сиздердин жамаатыңыздарга бир гүл жөнөттүм. Жалбырагында береке, жытында сый, тамырында бейиш, жүзүңөр нурга толуп, иштериңерге ийгилик каалайм!
8202 абоненти

3501. Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден!
8202 абоненти

3502. Сүйөмүн бирок айта албаймын. Сагынам, сагынычты жаза албаймын. Айлуу түн кечесинде уктабастан, алтыным сен жөнүндө ойлоп жатам.
Doni-90

3503. Айлуу түндө сени ойлоп уйкум качты. Көз жашым жаздыгыма агып жатты. Ушунчалык сени сүйүп калган экем, жүрөгүм сени ойлоп ыйлап жатты.
Данияр

3504. Башчылар көп карыз алса, жумуш элде болбойт. Карыз бербесе, жумуш көп.
7296 абоненти

3505. Сариевге, Бекназаровго эмнеге кылмыш иши козголбоду?
5896 абоненти

3506. Камчыбек, Келдибек! Силерди Түштүк эли 100% колдойт. Көздөгөн максатыңардан кайтпагыла! Силер кыргыздын патриотусуңар!
Меч

3507. Сабира кабарың жок болуп кетти. Номериңди жаз. Ашым.
Тел: 0770-37-78-71

3508. Бакиевиңер сызга отургузуп, өзүңөрдү атып жатса да, ага жан тартып турганыңар уят эй! Качан акылыңарга келесиңер? 7-апрелде жеңдик деп парад кылган жокпуз го.
Абыкеевдер

3509. Оштогу абалды азыркы бийлик эмес, алайлыктар жөнгө салат. Азаматсыңар алайлыктар! Силер улуу элсиңер.
2126 абоненти

3510. Курманжан датканын неберелери алга! Ош силердики. Себеби, силер Кокон хандыгын да колго алгансыңар. Алайлыктарга даңк!
2126 абоненти

3511. Мен сага ушунчалык арбалып калам деп ойлогон эмес элем. "Сен" деп жашап калганымды эми сездим окшойт. Далайлаган кыздар менен сүйлөштүм. Бирок, бирин да сени ойлогондой ойлоно элек элем. Турсам да, жүрсөм да, жатсам да сени ойлоп, сенин үнүңдү уккум келет. Сени сагындым менин сүйүүм!
Куба, Кербен

3512. Келгиле, Кыргыз элим, кыргыз тилин өнүктүрүп, кыргыз тилинде сүйлөйлүчү!
2787 абоненти

3513. Жүздөгөн бийкеч менен сүйлөштүм. Арасынан таппай койдум сүйүүмдү. Жараткандан тилек кылып жатайын. Көп кыйнабай жолуктурчу сүйүүмдү. Ушул сапты 6 ай мурун жазган элем. Анда сүйүүмдү табуу азабы болсо, азыр ар кандай ойлор, түркүндөгөн жашоо жазмышы. Билбейм. Бул жандүйнө азабыбы?
Сакчы

3514. Кайра ушул кыз башынан кандай күндөрдү, кандай кыйынчылыктарды кечирди экен деп ойлоно кетем. Россияда иштеп келгем десе, башыма балта менен чапкандай тийди. Беш кол тең эмес дечи. Бирок, ойлорум чабыттап, кай жактарга барбайт дейсиң?
Куба, KG
3515. Өмүрбек мырза, мага грант бериңизчи? Буттан туруп, мен да эл катары үйлөнөйүн!
Бакыт

3516. Экөөбүз жолуккан күн. Сени биринчи жолуктурган кез. Ошондогу жылуу жылмайганың. Наздуу сүйлөгөнүң бүт жандүйнөмдү ээлеп алган учур эле. Ошол түндү чогуу өткөргөнбүз. Сени менен болгон жылуу мамиле мени анчалык өзүнө тарта элек болчу. Эртеси кечке кайра жолуктук. Менин үйүмө келип, кайра кетем деп жатып, төшүмө башыңды коюп уктай кеттиң. Мен да унчукпадым. Анткени, мен сени кетиргим келген эмес эле. Ал түн да жандүйнө кумары менен коштолду. Азыр билесиңби, оюм чабыттап белгисиз жакка сызып учат. Сен Россияда иштеп келгем деген сөзүң, баш ылдый бир чака муздак суу куйгандай сезилди. Сага ушунчалык арбалып калам деп ойлогон эмес элем. Сени сүйүп калганымды, сен деп жашап калганымды эми байкадым. Сүйүү астында сенин "кыз белгиңди", абийириң алсыздык кылат экен. Азыр ээн талаада Султан Садыралиевдин "Махабат" ырын угуп, ушул катты жаздым.
Куба, Кербен

3517. Байлыгыңа бул ааламды курсаң да, түбөлүктүн пайдубалын урсаң да. Убактыңдын кези келет бул чындык, атак-даңкта асман тиреп турсаң да.
Мирлан, Талас

3518. 3367 абоненти, Адахан акең саясый сойку эмеспи? Болбосо, ар-кимдин асыла бергени жөнүндө бир аз ойлонуп койсоң болмок. Бакиев, Ташиев, Мадумаровдордун заманы бүттү го дейм!
4585 абоненти

3519. Текебаевге көп асылгандар кыргыз үчүн күйбөгөндөр. Бир жери кычышып, жөн жүрө албай, өйдө-төмөн сүйлөгөн катындардай.
Алым

3520. Ат-Башылык 0119 абоненти, элдин атынан былжырап сүйлөбө. Сенин добушуңа Адахан мырза зар эмес. Оштун эли 100% добушун берет!
0335 абоненти

3521. К.Ташиев Шакафтар шаарчасына үгүт ишине келип, "өзбектерди жок кылгыла!" деген экенсиз. Кыкеңдер үйлөрүн эмес, мал сарайынан өйдө өрттөптүр. Айтканга жараша курал берип кетсеңиз жакшы болмок экен.
Кубаныч

3522. Байкуш Барыктабасов, акчасын тарата албай атат. Ким жардам берет?
7296 абоненти

3523. Кечке эле сага жаза береби анан? Эмнеге? Унчукпай эле жооп жазбай кой...
Чилин

3524. Барыктабасовго карыз болуп, акчасын бере албай, анан кулу болуп калган туугандар! Анча эмне ызы-чуу болуп жатасыңар? Урмат Кыргызстанга президент болгудай кыргыздарга эмне татыктуу иш кылып берди? Кайсы эмгеги үчүн мени колдогула деп атат. Бирдеме болсо эле Дубайды көздөй фыр-р коет. Бул факт. Акты ак, караны кара деп калыс болуш керек. Жөн эле дүрбөй бербей.
Чагылган

3525. У.Барыктабасов жанындагы (Балыкчыдан өмүрү алыс чыкпаган) 5-6 адамдын "сени кыргыз эли колдойт" деген сөзүнө ишенип алган окшойт. Мекендин ысык-суугуна күйүп-тоңбой, чет элде жыргап-куунап жүрүп, келе калып "мен башкарам" десе, калган эл макул боло калгандай кыргыздар мал эмес да.
Шер

3526. "Учур" гезити А.Атамбаевди мактап эле жаза бересиңер. Ал киши силерди каржылап жатабы? Ал эми Текебаевди, тескерисинче, жамандап атасыңар. Тийишкениңерди токтоткула. Баары бир Текебаевди эл колдойт!
6608 абоненти

3527. Ө.Бабанов "Альянс" компаниясын Айдар "крышевать" эткендигин, кысымга чыдабай Максим көзөмөл кылган ОсОО "Газпром Азияга" аргасыз сатканын, ордуна Ш.Садыбакасованын АКБ "Кыргызстанды" алып бергенин эмнеге жашырат? Уялат го десең андай деле түрү жок.
Шер

3528. Ө.Бабанов, НК "Альянсын" 100 миллион долларга сатканы чын болсо, мага квартира алганга карызга акча берсинчи. Элге жардамы тийбеген соң, жада калса миллиардга сатса да мактангандан эмне пайда? Жардам берерине деле ишенбейм. Анткени байлар битир болушат. Бирок, үмүт деген жаман экен.
Э.Ш

3529. У.Барыктабасов акчасын тарата албай атабы? Жардам берип коелубу?
7296 абоненти

3530. Кагылайын кыргыз элим! Биримдикте, ынтымакта, башка улуттарга уят болбой, өз эл-жерибизди, өзүбүздү башкарып, ар бирибиз кыргыз үчүн ак кызмат кылалы!
МКТ 27

3531. Роза Отунбаева ала допучандарга келин болдубу? Аларга эмнеге жан тартып атат? Бакиевден да өтүп кеттиңиз го. Көзүңүздү ачып, жөн жүрүңүз!
Бати, Зати

3532. Турмуш бизди ар кыл жайда өкчөгөн, туура басып, түз жүргөндөй өңдөнөм. Туткунунда калдым окшойт мен азыр, туш-туш жакта оюм калды өксүгөн.
Д.Мадина

3533. Өзөк өрттөп жүрөктөгү өкүнүч, өз атыман сурап келдим өтүнүч. Өмүр менен кош айтышкан жаната, өкүттөмүн өңүн көрбөй өмүр түш.
5881 абоненти

3534. Эй, Шыкмаматов! Кечээги күндөрдү унутуп, кутура баштапсың. 7-апрелге чейин жөө-жалаңдап, маршрутка карап жол тосуп жүрчү элең. Эми "джип" машинесин тээп өзгөрүпсүң. Мурдуңду көтөрбөй жөн жүрсөң, болбосо сени...
Ата Мекен

3535. Комиссиянын замы Фаттахов айтты: "Үчүнчү күч айыптуу" деп. Анда өзбек махаллалардан чыккан куралдарды эмне деп түшүнсө болот?
Оштук

3536. "Бийлик талашкандар атууга кетсин" деген мыйзам чыгаруу керек болуп калды окшойт, Алмазбек мырза? Же болбосо минтип эли-жерин "барктабастар" чыгып атпайбы...
2787 абоненти

3537. Бактыгүл! Биринчиден, азыр Ата Мекендик согуш эмес. Элди эзип, канын соруп, элине жер-суусун сатып, өз элине кас болгон. Элдин эмгеги менен Конгантиев, Мадумаров байыса керек? Буларга окшогон чиновниктерди Түндүк-Түштүгүнө карабай публично атыш керек. Экинчиден, тарбиясы тайкы, сабаты жок элди Түндүк-Түштүккө бөлгөн, ак-караны ажырата албаган "элбузар" деп сени айтат.
Салийпа, Москва

3538. Оштук туугандар, силер башкалардын ырын угуп, киносун көрбөй эле койгулачы?
1720 абоненти

3539. Россия Чеченстанды, Израиль Палестинди тып-тыйпыл кылган эле. Генодцид кылыштыбы же жокпу? Бизде өзүбүздү-өзүбүз кырып атса, "кыргынчы" атка кондук тооба. Эл аралык уюмдардан бирөө да калыс баасын бере элек, бербейт дагы.
Али

3540. Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну, атабыз Мураттын 60 жаш курагы менен куттуктайбыз! Апабыз Алтын экөөңүздөр аман болуңуздар. "Учур" гезити сиздерге рахмат. Окурмандарыңыздар көбөйө берсин!
4056 абоненти

3541. Жаңы-Талапта жашаган байкем Сагындыкка, Эрниске, Максатка салам! Атам Муратка, апам Алтынга да салам жана неберелүү болушуңар менен куттуктап кетмекмин!
Кундуз

3542. Акүйдү борбордон сыртка чыгарып алып, анан талаша бергиле. Ма десе бир эмес, алты Акүй куруп алгыла. Тажап бүттүк!
Үмөт

3543. Кыргызстанды "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Мекен", "Акыйкат" партиялары саздан чыгарат. Калгандары акчаларын чогултуп, элдин керегине жумшасын. Бул чындык.
Рахиз

3544. ИИМ Байболов мырзага, Б.Шер Свердлов РИИБине начальник кылган Айбек Нусубалиев - бул жеткен кошоматчы болсо керек? Мансап дегенде эне-атасын сатканга даяр эргул деп уккам. Ал 2009-жылы президенттик шайлоодо "Бакиевди колдоп койгула" деп айылдагы элге акча тараткан имиш. Өзүнүн тууганы "Акжолчу" Абдыкадыров менен. Эгер муну калп десе, айылдагы элдин астына чыгып жооп берсин.
Айылдашың

3545. Жубайым Кундузга салам жолдойм! Туулган күнү менен куттуктайм! Дайыма жанымда күлүп жайнап жүрө бер. Көп жаша, жаным!
4056 абоненти

3546. Баягыдай акча деле сарпталбады, балыкчылык Барыктабасов баркталбады. Баштан ылдый алтын төгөм деген бал тил менен, баео мүнөз калкты алдады. Балээ баскан байлык-бийлик кумарынан, балга конгон чымындай чыга албады. Бакиевчи бандиттердин бадалдардан "куйруктары" булаңдады.
Мурат

3547. Юлдуз Усманова деген неме былтыр эле "мен уйгурмун" деп Өзбекстанды, сарттарды жамандап жүрбөдү беле? Эми эле сарт болуп чыга келди. Муну кандай түшүнсө болот?
0859 абоненти

3548. Текебаев, сарттарга сатылбай жөн жүр. Болбосо, кыргыздар бир күнү жазаңды катуу берип коюшу ыктымал. Бакиевдин үйүн өрттөгөнүң аздык кылдыбы?
0859 абоненти

3549. Бакиевдин Тейиттеги үйү кыргыздыкы экенин Батыров сарт, ойлонбодубу? Ал жердеги кыргыз туусу менен герби да өрттөнгөн. Кыргыздарым ойлонгула!
0859 абоненти

3550. МВД, ГКНБ министрлери ичиңер өтсө да Бакиев күнөлүү деп шыбап каласыңар. Иштей албай жатканыңарга башка шылтоо жокпу? Уятыңар деги барбы?
8088 абоненти

3551. Аликбек Жекшенкулов чыныгы лидер! Эл колдойт!
Бакыт мырза

3552. Эгерде Баяман Эркинбаев тирүү болгондо, Ош, Жалал-Абадда мындай болбойт эле.
Саке

3553. Мына сага! Болсоң Дамира Ниязалиевадай бол! Жумгалдын милициясына 1000 доллар таштап койду. Молодец КСДП! Ал эми Алмамбет Шыкмаматовдун битирегенин куп гана жазыпсыңар!
3533 абоненти

3554. Ош, Жалал-Абад эли Мелис Мырзакматов менен! Ал адамды каралагандар ооздору кара!
Канатбек, Жала-Абад

3555. 9543 абоненти! Сендей акмактардын, "манкурттардын" кыжыры келсе, келгендир. Бирок, караламан карапайым кыргыз элим туура түшүнөт жана колдойт. Эй, манкуртум эсиңе кел!
8188 абоненти

3556. Айланайын кыргыз элим! Акча берип койсо эле ар кимдин аркасынан ээрчип, митинг кыла берсек элдин эртеңки келечеги кандай болот? Качанга чейин саны бар, сапаты жок саясатчыларды эрчийбиз? Качан ар бир кыргыз патриот, улутчул, намыскөй болобуз? Качан биригебиз? Качан ынтымакка келебиз? Качан өнүгүп-өсөбүз? Качан коңшу мамлекеттер менен теңата сүйлөшөбүз? Качан?..
Мурат

3557. 7-апрелден берки болгон нерселердин баарына Убактылуу өкмөт күнөөлүү. Кылгылыкты кылып коюп жүрүшөт эми. Бөлүнүп, жарынышып.
Канат

3558. Өмүрбек Текебаевдин, Топчубек Тургуналиевдин ойдо жок жерден ойт бермеси жок, кыргыз үчүн жанын аябаган, кандай хан болсо да жалтактабаган, жагалданбаган, кыргыз демократиясынын аталары. Чыныгы кыргыздын патриот уулдары деп эсептейм. Шералы Назаркулов, Дооронбек Садырбаев сыяктуу булардын ысымдары кыргыз тарыхында жазылып калат.
Курманов

3559. Салам Камила! "Биз" тобунун дискине чыгышың менен куттуктайбыз! Талантың ташкындай берсин.
Нуржан, Айгүл жана Байкал

3560. "Акыйкат" партиясы, азаматсың! Элге күйгөн бир эле Аликбек Жекшенкулов экенине көзүбүз жетүүдө...
Акылбек

3561. Ыймандуу балдар-кыздар менен дос болуу ниетинде таанышам.
Тел: 0778-21-71-24

3562. Эй, 9543 абоненти! Сен кыргыздын патриоту эмессиң. Сен манкуртсуң. Байлыкка көзүң көрбөй, кулагың укпай калган.
Меч

3563. Кыргызстанда улуттук лидерлерибиз Баяман, Рысбек деген эр жүрөк баатырларды өлтүрүп жок кылышты. Эми бизге качан катылгандын катыгын бере турган баатыр Манас келет? Баямандын, Рысбектин арбактары үстүбүздөгү азыркы абалды көрүп, ыйлап учуп жүрүшөт го. Менин оюмча, келечектеги улуттук лидер Алайдан чыгат.
2126 абоненти

3564. Баткендеги тажиктерге жер саткан акмактардын иши Жогорку Сотто каралып жатабы? Кыргыз элим билип койгула, Каркырадан кийин гектар-гектар жерлер Баткенде да сатылган
2126 абоненти

3565. Кыргызстандагы жашап кутургандардын чыгып кетүүсүн талап кылабыз!
0859 абоненти

3566. Баатыр, мен сени абдан сүйөм. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле ысык болсо деп тилейм.
5168 абоненти

3567. Беймаал азан айтылган Оштогу эки мечиттин имамы иштен алынды деп жазыптыр. Кандайча иштен эле алынат? Аларды сурак кылып, сөзсүз жоопко тартыш керек!
2126 абоненти

3568. И.Раззаков айылындагы досум Элеманды өтүп кеткен 9-август туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Дайым биз менен күлүп жайнап жүрө бер!
Руслан

3569. Азыркы кыйын кырдаалда Мадумаровдой тартипти катуу кармаган эр-азаматтар бизге аябай керек. Партия лидерлери кыргыз эли-жери үчүн иштейсиңерби же кыргыз элимдин сомдору үчүнбү? Кыргыз элим маданиятсыз, акылы жоктордун акчасына алданбагыла!
Куба

3570. 1208 абоненти, сени 12-август туулган күнүң менен куттуктайм. Сага баардык жакшылыктарды каалайм!
554113858

3571. Ош - кыргыздын Ата-Журту! Сарттар эне журтуңарды издей бергиле.
8088 абоненти

3572. Турмушка чыгайын деген кыздар менен таанышам.
Тел: 0551-10-20-84

3573. Азыркы бийлик элди атпагыла! Силерге Бакиев элди атканды үйрөтүп кеттиби?
6255 абоненти

3574. Р.Отунбаева теледен айтып жатат. "У.Барыктабасов элди алдап, премьер- министр болом деди" дегендей. Отунбаева өзү элди каратып туруп алдап, президент болду. Касиеттүү көлдүктөрүм! Бүгүн У.Барыктабасовду камашса, эртең К.Кадыровду Байболов камайт. Намыс барбы бизде? Байболов өзүн Л.Якубовичке окшоштурбасын. Алмаз Бокушевди сабатып табасы кандыбы?
Көлдүк

3575. Темиргул, сен биринчи этаждан чыкпай калба?
3514 абоненти

3576. Аликбек Жекшенкулов келечектеги президент! Чыныгы лидер!
Самурат

3577. Тимур, туулган күнүң менен куттуктайм! Канчага чыктың?
Жоошбай

3578. Кыргыз эли уктабагыла! Ойгонгула! Кылым карыткан кыргыз эли жок болгону турат. Эгерде ЕККУ биздин өлкөгө кирсе, канайым Америка сектасынан экени чынга айланып баратат.
1550 абоненти

3579. Ооба, мен да 0796 абонентине кошулам. Ош коогалаңды теке менен тикенек гүл баштаган. Болбосо 3 күн кыргызды сарттар кырып жатса, үн катпай турушту. Азыр деле үнү жок. Себеби, текенин... Тикенек гүл сартка келин дешет. Ушул чын окшойт.
1550 абоненти

3580. Мээримге салам жолдойм. Аны дагы эле сүйөм! Мурунку жигити.
Самат, самбо-kg

3581. Элмурза Сатыбалдиевдин үнү эмнеге чыкпай калды? Биз, оштуктар аны колдойбуз!
Жигит

3582. Алмаз Атамбаев менен Аликбек Жекшенкуловдун партиялары шайлоодо алдыга озот. Бөркүңөрдөй ишенгиле!
Элдос