Кызмаанай

Айсулуу Давлесова:
"Башка улуттагылар менен жүргөн кыздарды жактырбайм"
Айсулуу Давлесова 18 жашта. Юридикалык академиянын 3-курсунун студенти. Атына заты жарашкан модель. Жаштыгына карабай, окууга да, ишке да жетишкен кызга жолугуп, турмуш, келечек тууралуу оюн билдик.


- Айсулуу, юридикалык кесипти өз каалооң менен тандадың беле?
- 9-классты аяктаган соң, С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына өткөм. Кол өнөрчүлөрдү даярдаган бөлүмдө бир жыл окуп, бул кесип мен үчүн эместигин сездим. Анан атамдын сөзүн эстедим. Ал "сенден сот же дипломат чыгат" деп көп айтчу. Эки кесипти таразалап көрүп, укук жаатын тандап алгам.
- Демек, сот болууну чечкен экенсиң да...
- Былтыр Свердлов райондук сотунда үч ай секретардын милдетин аркалагам. Ошондон кийин "сот болбойм" деп чечтим. Себеби, бул кызматтын айынан үйбүлө күтпөй калган аялдарды көп көрдүм. Мен өзүмө андай келечекти каалабас элем.
- Учурда модель экенсиң, подиумдан тапканың өзүңө жетеби?
- Азыр мени апам багууда. Өзүмдүн тапканым, чөнтөк чыгымдан ашпайт.
- Мода дүйнөсүндө атаандаштык күч деп угабыз?
- Атаандашуу бар. Бирок, ал батыштагыдай күчтүү эмес. Бири-бирине бут тосуп, касташкан моделдерди көрө элекмин.
- Модель катары чет өлкөгө чакырышабы?
- Бир жолу Парижге чакыруу келген. Жол-жобосун сурап көрсөм, бүт чыгымды өзүм көтөрүшүм керек экен. Ага кайдагы каражат? Негизи, сунуштар дайыма эле болот. Көбүнө ишене албай, баш тартасың. Кокус барганда сатып жиберсечи? Андай окуяларды угуп эле жүрбөйбүзбү.
- Мүчөңө кандай кам көрөсүң?
- Эртең менен бир чыны шире же компот ичем. Кечкисин жеңил тамактанам. Таттууну, камыр азыктарды аз жейм. Кокус толо баштасам, бир-эки күн наар албай, диетага отурам. Бирок, фитнес клубдардын кардары эмесмин. Спортко анча кызыкпайм.
- Көпчүлүк жаштардай эс алуу үчүн түнкү клубга барасыңбы?
- Ал жерде шоу-сынак, кече өтө турган болсо, моделдер мейман катары чакырылат. Кээде досторум туулган күндү ошол жерде белгилейт. Андай учурда эки-үч саат эле отуруп, үйгө кеткиче шашам. Анткени ызы-чууну сүйбөйм. Түнкү клуб мен эс алчу жайлардын катарына кирбейт.
- Анан кайда эс аласың?..
- Көбүнчө табият коюнунда эс алган жагат. Жакында эле Көлгө барып келдим. Ага чейин 10 күн жайлоодо жүргөм. Кымыз ичтим, атка миндим. Суунун шарын тыңшап, жээкте отурдум...
- Сөзүңө караганда айылды жактырат окшойсуң?
- Ооба. Айылда бир касиет бар. Ал жакка барсам, кадимкидей энергия топтойм. Жакшы ойлор келет. Аба таза. Элетте жупуну, боорукер адамдар көп.
- Моделдер кийимди кайдан алат?
- Жеке мен дүкөнгө барам. Кийимдин арзанына качырбайм. Орус жазуучусу А. Чеховдун "адам бардык жагынан жакшы болушу керек" деген сөзүнө кошулам. Эл көзүндө жүргөндөн кийин жарашыктуу кийинүү абзел.
- Хоббиң эмне?
- Сайма саям. Көркөм сүрөт окуу жайынан кездеме менен иштөөнү үйрөнгөм. Бош убактымда жүн менен кооздоп, моюн орогуч жасайм. Андан тышкары сүрөт тартам.
- Сүрөтчүлүк укумдан-тукумга өтчү өнөр дешет...
- Атамдын да, апамдын да тукумунда сүрөт тарткандар болуптур. Алардын таланты мага оосо керек. Кичинемде эле кагазга бирдемелерди чиймелей берчү экем. Анымды атам байкап, аябай сүйүнүптүр. Эс тартканга чейин альбом, карандаш белек кылып жүрдү.
- Ата-эне, бир туугандарың жөнүндө айта кетсең?
- Атам былтыр дүйнөдөн өтүп кетти. Кесиби боюнча экономист эле. Апам Бермет Байкелова, опера ырчысы. Айпери деген сиңдим бар. Келечекте музыкант болгусу келет. Азыр П.Шубин атындагы музыкалык окуу жайдын фортепиано классында билим алууда.
- "Аккан арыктан суу агат" дейт, апаңа окшоп чыгармачыл чөйрөгө аралашкың келеби?
- Азыр пианинодо ойногонду үйрөнүп жатам. Апам "үнүң жакшы, ырдасаң каршы эмесмин" деп айта берет. Бирок, өз кесибимди эле аркалайм го.
- Апаң менен сыймыктанасыңбы?
- Азыр сыймыктанам. Кичинемде уялчумун. Окуучу кезде апамдын ырчы экенин көпкө жашырып, айтпай жүргөм. Акыр-аягы болбой эле билинип калган.
- Китеп окуйсуңбу?
- Ананчы? Айрыкча, орус адабиятын жакшы көрөм. Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" романын бир дем менен окуп чыккам. Андан тышкары детективге жакынмын. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын баалайм. Мен келечектеги адвокатмын. Сөзгө чечен болушум керек. Ага эмитеден китеп окуп, даярданып жатам.
- Досторуң көппү?
- Кыздарга караганда, жигит досторум көп. Алар менен тез-тез жолугуп турам. Сүйгөн кыздары менен да мамилем жакшы. Кокус, үйлөрүнө барбай калса, ата-энелери дароо мага чалышат. Издеп, сураштырып, кайда экенин айтып берем.
- Адатта "аял менен эркек дос боло албайт" деп коюшат го...
- Мен ага кошулбайм. Кыздарга караганда жигиттер достукка бекем келет. Ийгилигиңе чын дилден кубана билет.
- Мекенчилсиңби?
- Абдан. Менин юрист кесибин тандап алышыма ушул сезим кандайдыр бир деңгээлде таасир берген. 2006-жылы Раатбек Санатбаевди атып кетишпеди беле. "Башка элдер чыгаан уул-кыздарын төбөсүнө көтөрүп, сыйлайт экен. Биз болсо бирөө алдыга суурулуп чыкса, көрө албайбыз" деп ыйлаган болчумун. Анан келечекте ушундай баш аламандыкка, адилетсиздикке каршы күрөшкүм келген. Быйылкы окуялар да жүрөгүмдү катуу оорутту. Атуул катары мамлекетимдин өнүгүп, өсүшүн каалайм.
- Жашоодо ар кандай болот эмеспи, балким чет өлкөлүк мырза колуңду сурап калса, макул болот белең?
- Жок, макул болмок эмесмин. Чет өлкөлүк жаранга турмушка чыгып жатканымды элестете да албайм. Ошондонбу, башка улуттагылар менен жетелешип жүргөн кыргыздын улан-кыздарын көрсөм эле жиним келе берет.
- Моделдер бай жигиттерди гана "чабат" экен го...
- Акча эмне, колдун кири да. Бай балдардын көбү көпкүлөң келет. Кыскасы, аң-сезими такыр башкача. Мен адамдын чөнтөгүнө, коомдогу абалына карап, мамиле түзгөндү жактырбайм.
- Өзүңдүн мүнөзүң кандай?
- Өжөрмүн. Бир нерсени баштасам, аягына чыгышым керек. Көз карашыма туура келбеген нерсени такыр аткарбайм. Боорукерлик жайым бар. Апама "балдар үйүнөн бир бөбөк багып алалычы" деп айта берем. Көчөдө калган, үй-жайсыз карыларды көргөндө көзүмө жаш тегеренет. Алар деле бир убакта биздей болгон да.
- Эмнени жаман көрөсүң?
- Калп айтып, бирөөнү алдаганды.
- Сулуулар конкурсуна катыштың беле?
- 2008-жылы өзүм окуган окуу жайда сулуулар конкурсу өтүп, гран-прини жеңип алгам. Жаңы катышып жатканда, аябай жүрөксүнгөн элем. Сынак бүткөндөн кийин көшөгөнүн артында "эч бир орунга илинбей калдым го" деп санааркап турсам, атымды жарыялап калышты. Аябай сүйүнүп, сахнага чыкканым эстен кетпейт.
- Мындан 10 жылдан кийинки турмушуңду кандай элестетесиң?
- Мамлекеттик мекеменин кызматкери, жолдошумдун сүйүктүү жары, үч баланын мээримдүү энеси болом го... Эң башкысы адам катары артымда из калса дейм. Күнүмдүккө ыраазы болуп, эт менен челдин ортосунда жашагым келбейт.

Санжи Туйтунова