Маек-төр

Фатима СУЛТАНОВА:
"Жан дүйнө мектебин ачам"
Эгер адам өзүн өзү тааныса, ал өзү улуу касиет, чылк маалымат, мүмкүнчүлүктөрү чексиз. Ошол себептен, мен акыркы кездери ушул багытка ыктап баратам...

- Кыргыз сахнасынан ысымыңыз өчө түшкөнүнө ичиңиз ачышпайбы?
- Андай менде жок. Анткени, менин ырларым дале радиодон жаңырып турса керек... Екатеринбургда мен өзүмө жакын нерсени таап алдым. Бул жашоодо бир кесипти тандап, анын жогорку тепкичтерине чыгуу башкы максат эмес тура. Ырчылык бизге хобби экен, ал эми түпкү максат таптакыр эле башка нерсе экен. Мен ошону таап алдым. Жашоодогу баалуулуктар жаатында суроо салып, бирок, жоопторуна канаат албай келчү элем. Көпчүлүгүнө жооп таап алдым. Сахнадан алган үч жыл тыныгуу ага чейинки өмүрүм менен тең келгендей болду.
- Бул жакта сахнада жүрүп, алгач барганыңызда кафе-ресторандарда ырдоодо ичтен кыйналбадыңызбы?
- Бир чети мага бир мүнөзүм жардам берди окшойт. Эч качан өзүмдү жылдыз санап, сахна тандаган эмесмин. Андай сезим-туюмдар менде башынан эле жашабайт. Албетте, адам ар кандай кырдаалга кабылат. Ичтен ыңгайсыздана берүү барып-барып адамды артка тартат, ооруга тушугасың. Ырчылыкты тандап алдыңбы, демек, кай жерде болбосун, элге кызмат кылып, маанайын көтөрүүгө тийишсиң.
- Бишкектеги концерттерге катышып, кыргыз сахнасында да жолду улоого мүмкүнчүлүк барбы?
- Мүмкүнчүлүк түзөйүн деп ниеттенип жүргөн чагым. Күздө ырлар жыйнагын чыгарсамбы деп турам.
- Алыста болсоңуз да, кыргыз шоу-бизнесине көз салып турдуңуз да. Кандай баа бересиз?
- Албетте, гезит-журналдар барат, клиптерди көрөм. Баары аракет кылып атышат. Бизде терс жагын чукуламай өнүгүп кетпедиби, мен ошол нерседен алысмын. Бул чөйрөнүн өкүлү болгон соң, бир ырды элге тартуулоонун артында канча эмгек, канча аракет жатканын жакшы билем. Андыктан, аракет кылгандарды кубаттайм. Ал эми сахна өзү иргеп, элге кимдин кандай экенин көрсөтөт. Эгер чындап ыр алардын жолу болсо, эгер эл алардын чыгармасы менен жан дүйнөсүн азыктандыра алса, демек, алар сахнанын ээлери.
- Өз убагыңыздагы жанып турган ырчылардын чыгармачылыгы менен таанышсызбы?
- Ал убакта "Инсан", Ырыскелди, Актан, Гүлнур Сатылганованын сааты жанып турган. Азыркы тапта мен болгону Гүлнур эженин ырларын көп угуп, клиптерин көп көрөм. Негедир башкаларды байкай албай келатам. Бирок, менимче, алар качан кайра билек түрө киришсе, кайра эле ошондой ийгиликке жетише алаарына ишенем. Себеби, алар бардык жактан төп келишкен ырчылар. Алар кайра сахнага кайтышса, жаштарга аябай чоң үлгү, кеңешчи, жол көрсөтүүчү болушмак.
- Азыркы жаш ырчылардын кимиси менен дуэт ырдагыңыз келет?
- Ислам Акматовдун чыгармачылыгын баалайм. Ал жигитти алгач "Поющий город" сынагында көргөм, анда мен калыстар тобунда элем. Жакшы эле келатып, акыркы учурларда көп байкабай калдым. Ислам менен дуэт ырдоого ниетим бар. Ошол балада башкача бир өзгөчөлүк бар. Баары бир адамдык сапаттарына карайсың. Ушул жигиттин жан дүйнөсүн, кругозорун билейинчи дейм.
- Кыздардын арасынан кимди атаар элеңиз?
- Көз салып келатам, бирок, кыздардан өзгөчөлөнгөн ырчыны байкай элекмин. Өңүнө карабайсың да, анүстүнө өңүнө караган заман бүткөн. Сахна ыйык. Анын ыйыктыгына табыныш үчүн биз бардык жагынан, өнөр, талант гана эмес, жан дүйнөбүз да төп келиши зарыл.
- Сиз жердеген Екатеринбург бул Россиянын бир гана облусу. Ошол облустук деңгээлдеги шоу-бизнес биздикинен канчалык жогору?
- Техникалык жактан гана бизден алдыда болбосо, деңгээл бирдей эле. Сахнанын артында ошол эле турмуш. Тили эле орусча болбосо, турмуш да, деңгээл бирдей эле. Бир айырма орус угуучулары сенин ырыңды угат, үнүңдү сындайт. Бир ирет Бишкектеги бир концертте көрүүчүлөрдүн арасында олтуруп калып, алардын улам чыккан ырчынын ырына кулак салбастан, кебетесин сынап, арык-толуктугуна, узун-кыскалыгына асылып отурганын көрүп, концертке ушул үчүн келишеби деп көңүлүм ооруган. Ушул нерсе мени иренжите берет. Угарман ырчынын ырын уга билип, көздөрүнөн жан дүйнөсүн көрө билгени жакшы эмеспи.
- Ырчылыктан башка багытка ооп кетүү боюнча ой келген жок беле?
- Баары бир бул чөйрөдөн узай албадым. Эгер бул сенин тагдырың, жолуң болсо, андан четтеп кете албайт экенсиң.
- Негедир жан дүйнөнү көп оозанат экенсиз?
- Азыр биз жан дүйнө кылымына баратабыз. Байкасаңар, буга чейин сулуулук салондору көп ачылды. Бирок, сырткы түспөлүбүздү канчалык сулуулаган менен алгач жан дүйнө тазаланбаса, адамга абдан оор. Денени болушунча адамзат өздөштүрүп бүттү, жан дүйнө доорунда биз балким, анын ар кырын изилдээрбиз. Жашоо туш тараптан тизгиндеп алат тура. Негедир, жан дүйнө илимине берилип кеттим. Өткөн жумада эле Ишенаалы Арабаев атындагы университетте чет өлкөлүктөрдүн катышуусунда рухий дүйнөгө арналган конференция болуп өттү. Анда айтылгандардан бүтүм чыгарсак, Борбор Азияда келечекте руханий борбор ачылат экен. Жан дүйнөнүн сырларын ача баштаса, адам гармонияда, ички тынчтыкта өмүр сүрөт. Азыр бизде өзүбүз менен өзүбүз гармонияда болалбай атпайбызбы.
- Сизди тыңдап отурсам, айткандарыңыз йогага жакындашып атат...
- Жок. Йога бир гана тарап да. Жан дүйнө илими эч кандай дин эмес, ал чети да оюла элек кенч. Кандай оору берилсе да, ошол жан дүйнөдөн бир белги. "Оорунун арты оомат" деп айтып өтпөдүмбү. Дүйнөдө байкасаңар, ийгиликке жетишкендердин айрымдары - башынан бир оор дартты же бир тагдырды баштан кечиргендер. Адам баарын өзү жаратат, ал сырттан келбейт. Душманды да, дартты да өзүнөн табат. Жан дүйнө илимин өздөштүрсө, адам өзүнө өзү дарыгер, өзүнө өзү психолог. Эгер адам өзүн өзү тааныса, ал өзү улуу касиет, чылк маалымат, мүмкүнчүлүктөрү чексиз. Ошол себептен, мен акыркы кездери ушул багытка ыктап баратам.
- Чыгармачылык жол кантет анан?..
- Мен бул багытка сүңгүгөн сайын чыгармачылыгым күчүнө кирет. Себеби, өзүңдү тааныган сайын, мүмкүнчүлүктөрүңдү да биле баштайсың. Тазаланасың, ал тазалык сыртка чагылат, чыгармачылыкка таасир этет. Буга ыктаган сайын жан жүйнөң жыргайт, ансайын ырдагың келет, жаңы-жаңы бийиктиктерди багынткың келет. Сахнада ырдап атканда ырчы менен көрөрмандын ортосунда көзгө көрүнбөгөн нерселер жүрөт, эгер сенде тазалык, жыргал болсо, ал көрөрманга да өтөт.
- Жан дүйнө темасына ыктоого эмне түрткү болду?
- Бул бала кезден бери бар менде. Анан да адам турмушта ар нерсени баштан өткөрөт. Же башкалардын тагдырына көз салат. Акыры, өзүнө жакын нерселерди издеп же руханий азыкка, байлыкка муктаждыгын сезет. Россияга узаардын алдында "Адам бол" деген ырымды жазып калтыргам. Өзүн өзү таанууну ар бир адам максат кылат.
- Бирок, ар кимдин эле колунан келе бербейт да?!
- Демек, мен ошол нерсени таанууга бышып-жетилип калгандырмын. Ар бир нерсенин өз убагы бар эмеспи.
- Балким, айрым адамдар жан дүйнөнү талдамак тургай, тааныбай өтөөр...
- Андайлар кийинки жашоосунда тааныр.
- Ушундай жан дүйнө менен биздин сахнада сизге абдан оор болгон болуш керек, сахна артындагы турмуштан да кабардарбыз го...
- Болгон... Бирок, андан бери өстүм да, азыр мен ак-кара деп бөлүүнүн деле зарылчылыгы жок экенин аңдап калдым. Турмушта тегиздик болгону дурус тура. Алдыга жылган сайын өзүң менен өзүң гармонияда болушуңа тоскоол кылып аткан "бутактарыңды" кыркып, адамзатка, коомго, жаратылышка пайда келтире турган сапаттарыңды курчутуп салып отурушуң керек экен. Ошол нерсени адам туя билсе, адамзат коому эч кандай оор жоготууларсыз алдыга жылмак.
- Кыргызстанда ушул багытта санаалаш, пикирлештерди таба алдыңызбы?
- Албетте, буга манасчылар да кирет. Кесиптештеримдин арасында кимдир бирөө вокал мектебин ачса, мен жакынкы келечекте Жан дүйнө мектебин ачкым келет. Кептин баары жан дүйнө тазалыгында, таза ойдо экен. Ойдун да жаны бар, ал асыл жана таза болушу шарт.
- Айланаңардагы адамдардын пендечилик жактарына көз жума билүүгө жетишип калдыңызбы?
- Аракет кылам. Ар бир адамды өзүмдөй кабылдап, кемчиликтерине көңүл да бурбай келем. Бирок, мен да пендечилик кетиришим ыктымал. Бирок, алардын баары - жан дүйнө илимин изилдегендерге практика. Акыйкатты, Кудайды издеп баргандарга пайгамбар: "Турмуш жолдо оңго ооп баратканда солго жылдым, солго ооп баратканда оңго жылдым" деген сырын айтат. Турмушта тең салмактуулук жана ар бир нерсени туура кабылдай билүү адамга аябагандай чоң пайда алып келет тура. Жашоонун өзү да мектеп экен. Анда адамдар улуулукка умтулуп, ар кандай кырдаалдарда сынактан өтүп турат.

Маектешкен
Айым НУРЖИГИТОВА