"Манас Ордонун" касиеттеринен

Турусбек Мамашев, экс-министр:
"Экономиканы элдик өнөр да өстүрөт"
"Дасмия" комплексинде бүгүн бөтөнчө жандуу. Анткени биздин гезит өткөн сандарында кабарлап жүргөндөй, "Манас жолу - Улуу Жүрүшү" менен кыргыздын 40 уруусунан топтолгон эр азамат Ала Тоодон Алтайга сапар алды.

Ушул элдик кыймыл демилге көтөргөндөн тарта жаңы ачылган "Айкөл Ордо" маданий-этнографиялык борборунан штабга орун берип, бүтүндөй кыргыздын мекенчил атуулдарынын маданий-руханий очогуна айланган "Дасмия" комплексинин кожоюну Турусбек Мамашевге суроо салсак, мурда Туризим агенттигин жетектеп турганда: "Кыргызстандын экономикасын туризм өнүктүрөт" - деп саймедиреп келген бизнесмен эми: "Экономиканы элдик өнөр да өстүрөт" - деп атпайбы.
-Турусбек Чукуевич, эмне, туризмден кеткенден кийин эле көз карашыңыздан айный баштадыңызбы?
- Жок, тескеричинче, кайра ошол туризмди ар тараптан өнүктүрүүчү кошумча кор издеп, казынабызды байытар кенедей мүмкүнчүлүк болсо, ошону менен Кыргызстандын маданий-экономикалык, социалдык абалын жакшыртууга арга иликтеп жатам. Кыргыздар Теңирим берген бейиштин төрүндө жашап, бирок колунда турган алтындын баркына жетпей, жакырчылыкты башынан кечирип жатканда, четелди кыдырып топтогон тажрыйбамды элимдин эртеңкисине арнасамбы дедим.
- Өнөрдүн ичинен эстрада чеберлери акчага туйтунуп жатпаса, калганы каржы издеп, кайырчы болуп жүргөнүн эшиткенибиз бар.
- Ал ырас, бирок, эстрада элибиздин нукура өнөрү эмес, батыштан келген туунду туурубузга туруп алып, элдик өнөрдүн өнүгүшүнө кедерги болууда. "Профессионализм башталган жерде элдик өнөр өлөт" деген кеп бекеринен чыкпаса керек. Биерде кеп профессионализм дасыккан, каныккан, өз ишинин адиси катары маанисинде эмес, ал элдик өнөрдөн өнүп чыккан эмеспи, ошонун өзүнчө профессионалдык деңгээлге көтөрүлүшүнө кедерги болор башка сынамга өтүп кеткенинде. Профессионализм десе, биз европа маданиятынын классикалык үлгүлөрүн бетке кармоону түшүнүп калганбыз. Профессионал десе, биз мамлекеттик мекеменин расмий сахнасында иштеп калгандарды айтабыз. Эмне үчүн элет жеринде жүрүп, комузду сахна чеберлеринен алдаканча артык аткарган манасчы Асанкан Жуманалиевди, комузчулар Зайнидин Иманалиев менен Намазбек Уралиевди профессионал деп айталбайбыз? Ар кошкондон бир кошкон "совет өнөрү" элдик өнөрдү профессионализмдин башаты катары карабастан, журттун жупуну эрмеги катары баалап келгендиктен, ушул ой көкүрөгүбүзгө берч болуп катып калган да, эчак эгемендүү ой жүгүртүүгө оңуту келип калса да, алиге эски арабабыздан түшалбай келебиз. Эстрада өнөрү дүйнөнүн бардык элинде бар. Ал эми элдик өнөр ачык-айкын бир эле элге таандык. Ал ошонусу менен элдин кенчи, улутту башкалардан айырмалап турган жүзү, сыймыгы. Биз тек гана элдик өнөрүбүздүн баркына жетпей, анда калкыбызды каражатка карк кылар оголе чоң мүмкүнчүлүк бар экенин баамдабай жатабыз.
- Маселен?
- Толуп атат. "Башканы коюп Манасты айт" дегендей, дүйнөнүн жети кереметине тете "Манасыбыз" эле эмне деген керемет кенч! Э, айланайын, аны дүйнөлүк билермандар мурда-кийин, айрыкча 1995-жылы Таластагы "Манас Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде өткөн "Манас - 1000" мааракесинде дүйнөгө даң салды го. Биз кур дегенде, ошону жөндөп улап кеталбай, өкмөт калганын ошо комплекстин өзүнө очойтуп үйүп койду. Өз киндигин өзү кесип көнүп калган кыргыздар калганын өзү кыбыратып жатат. Ошол мааракеден кийин Бишкек мэриясына өткөрүлүп берген тиги Чоң-Арыктагы "Манас айылынын" тагдыры эмне болду? Ыктоо жерлери ыкыр-чикирге толгон алиги айыл майрамдарда ошол чөлкөмдөгүлөрдүн гана эсине түшүп, кичине оюн-зоок курумуш болбосо, калган күндөрү үйлөнгөн жаштар ата-энесинен жашырынып барып, шарап көтөрмөй жайга айланган. Канча каражат асманга сапырылды. Элдин айлык акысын көтөрөрдө битиреп, биттин ичегисине кан куйган өкмөт Манаска келгенде өлүмтүгүн артып калып атпайбы! Ошонун айынан "Манасыбызды" кытайларга тарттырып ийдик. Бул - мекенчил кожоюндун жоктугунун, кыргызга баары боло берет деген камырабас кайдыгерликтин, кесирлүү кенебестиктин кесепети. Атаңгөрү, ошону мага берсе, Меккеге айлантып ийет элем!...
- Бирок ошол үмүтүңүздүн учкай жагын "Дасмия" көп кырдуу комплексиңиздин ичинде ачылган "Айкөл Ордо" маданий-этнографиялык борборуңуздан көрчүдөйбүз. Ыраспы?
- Ырас. Бирок, "Бул атың чыкпаса, жер өрттө" деген кексе мүдөө эмес. Азырынча чыгашадан башка мүшкүл түшүрө элек бул борбордун келечегине ынандырган бир чоң ишеним болду. Баарыбыздын башыбызга коммунисттик идеологиянын заадиси мыйрык мыкчегерлери мык менен кагып, дат бастырган атеисттик көз карашын чаручкандай тараткан бир окуя менин дүйнө таанымымды түптамырынан бери өзгөрттү. Бир күнү Манас атам кайыптан кабар берди. Ошондогу жандүйнөмдү бүт ээлеп алган абалды мен аруулануу деп түшүндүм. Ошол кайыптан келген кабар менен менин көзүм ачылып, жок, көчөдөгү көзачыктардыкындай эмес, жандүйнөмөдөгү рухий булактын көзү ачылгандай болду. Анан "Дасмиянын" батыш ыптасында тирүүлөй бозүйлөр тигилген чакан кыргыз айылы бар эле, ошону өзүнчө ажайыпканага айландыруу идеясы илешип алып, мага таптакыр тынчтык бербеди. Анан Таластан Манастын айкелин таап келдим. Бир күнү Замир досумдун иниси мага Манастын чакан айкелин апкелип: "Таластагы Бакай-Ата конушунда Михаил Фёдорович Тур деген бедизчинин короосунда 2002-жылдан бери Айкөлдүн чоң айкели турат деп калды. Аны көргөндөн кийин көөнүм ошону эле дегдеп туруп алды. Анан 2010-жылдын 30-апрелинде "Дасмия" комплексинин бозүйлөр турчу ыптасына куду кут конгондой болуп, ошол айкел орноп калды. Анын ачылуу асемине аттуу-баштуу кишилер, бедизчинин өзү да катышты. Ошондо 250дөй санаалаш кишим келип, бул жерди Мекке сыяктуу ыйык жайга айлантуу сунушун билдиргенден кийин ойлогонум эле ошол болуп калды. Аны алиги досторум айткандай, Меккеге айландыруу үчүн оголе көп каражаттан, ошол жерди ыйык жайга айландырайын деген карандай ишенимимден тышкары элдин агылып келишине кепил боло турган рухий жаңылануу, жаңыча дүйнө тааным болуш керек, башкача айтканда, ар бир кыргыздын жүрөгүндө өзүнүн Манасы жашашы кажет. Антмейинче, бул "Айкөл ордо" маданий-этнографилык борбору оюн-зоок кызматын гана жөндөп, агартуучулук милдетин аткаралбай калат.
- Бу кыргыз айылы жети бозүй тигилген чакан жай экен, аны оголе көп эл агылып келип турчу ажайып жайга кантип айландырайын дейсиз?
- "Кеп каалоодо, калганы өзү эле табылат" деген акылман кепти билесизби? Берейин деген кишиге Теңирим өзүле берет экен. Менделе ушу бизнесимди нөлдөн баштагам. Мына азыр "Айкөл Ордо" расмий ачыла электе эле эл акырындап агылып келе баштады. Азыр каржалып турган элди кайраттандыра турган эмне? Рухий күлазык. Эй, айланайын, Улуу Ата Мекендик согушта Чолпонбайды көкүрөгүн окко тостурган күч - Манас урааны эмес беле! Ошондо башканы билбейм, кыргыздар кыргынга "манастап" ураан чакырып аттанган дешет. Ошо ар биринин көкүрөгүндө өзүнүнүн Манасы жашап жатканы үчүн бөтөн жердин бейкуттугу өз жериндей, бөтөн элдин эркиндигин өзүнүкүндөй көрүнүп кеткен. Баткен коогалаңында да кыргыздар сакалчан басмачылардан жергебизди ошол чакырыктын деми менен сактап калган. 7-апрелдеги төңкөрүштө "Манасты" терең окуп билбесе да, ар биринин көкүрөгүндө өз Манасы тымызын жашап жаткан жаш жигиттер Айкөл бабасы "курама жыйнап журт кылган" элинин эгемендиги үчүн өзүлөрүн курмандыкка чалды.
Үчүнчү. "Манастын" өзүндө биримдиктин башаты жатат эмеспи. Эсиңиздеби, Көкөтөйдүн ашына ааламдан канча улутту чакырып, ынтымактын ырыс кешигин жедирейин десе, заадисинде жер ээлөөдөн башка мүдөө жок кытайлар Алооке менен Коңурбай чатак баштап, эркиндик үчүн кармаш акыры Манасты "кулаалы таптап журт кылган" эл башы болуу деңгээлине алып чыкты. Биз, "аз болсо да саз" болгон, анын азыркы урпактары көркоо аткаминерлердин айынан аткарылбай калган жети осуятын элдин келечеги үчүн ишке ашырышыбыз керек. Ар-намыстуу ар бир атуул ушинтип ойлогонго жетишкенде гана, ар бирибиздин көкүрөгүбүзгө Манастын руху баарлап турганда гана, элибизди кайдагы келгиндеремес, өзүбүздүн Манастай атуул, чыныгы кыргыз ажо башкарганда гана мурасыбызга жетебиз. "Айкөл Ордо" борборун ошондой мекенчил атуулдардын ыйык жайына, олуттуу ойжорум очогуна айлантып, кыргыздын нукура өнөрүн насыяттоо менен, качандыр көчмөндөр цивилизациясынын башында турган байыркы кыргыз элинин азыркы өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, анын башкалар таңгалар керемет касиетин кийинки муун улап кеткидей. Сөздүн чыныгы маанисиндеги, өнөрканага айлантсамбы деген ниет менин азыркы көргөн-билгеним, ой-толгоом, аянын айтсам жашоомдун маңызы болуп калды. Менин ушул кыялымды ишке ашырышууга дүйнө таанымы меникиндей, Манас дегенде ичкен ашын жерге койгон Бөкөнбай Боркеевдей санаалаш киши тапканыма кубанам. Ал бул ишке мен чакырган күндүн эртеси эле шымалана киришип, бир топ саамалыктын башын ачып койду. Эми бир кездеги "мен болбосом, сен болбосоң, ким коргойт мекенди!" деген улуу чакырык мен үчүн азыр улутту башкалардан айырмалап турган асылбаа өнөрү, көөнөрбөс дөөлөттөрү менен кошо сактап калуу керек деген ыйык милдетке айланып калды. Бул көөдөн көптүргөн көңдөй сөз эмес. Анын бир мисалы - Манас атабыз төрөлгөн Алтайга азаматтар ушул "Айкөл Ордодон" аттанып жатканы. Үй ээси катары ошол жүрүштүн штабы менен катышуучуларына болгон конок каадасын жасадым. Анткени башкаларга бир жолку патриоттук секирик болсо, мен үчүн бүтүндөй бир тарыхый окуя. Мен аны тасмага тарттырып, казынама катып койдум. Бир кезде, элибиз бүт бойдон Манастын руху менен жашап калган заманда, ошол рухий мунараны түптөгөнгө көмөктөшкөн атуул катары урпактардын алдында жүзүм жарык болот деп ойлойм.
- "Айкөл Ордо" маданий-этнографиялык борбору "чү" дегенде эле Манастын руху байырлаган ээрге түз отурган сыяктуу. Элибиздин түшүнүгүндө "Манас" кыргыз турмушунун бардык жагын камтыган энциклопедиялык маанидеги дөөлөт. Демек, "Айкөл Ордону" ошол казынадан каймактарын калпып алар маданий очоктон тышкары, сиз сөз башында кылайтып чыгарган, экономиканы өнүктүрүүнүн булагы болуп калат деп ишенсек болобу?
- Туризмди жетектеп турганда, дүйнөнү кыдырып, өнөр жөн эле маданий кенч эмес, экономика булагы экенине көзүм жетти. Агахан фондусу аркылуу айрым өнөрпоздор чет элге чыгып, тилмечтин кереги жок нукура элдик өнөрү менен дүйнө элин кыдырып, тирилигин бир топ оңдоп алышты. Бул шарты келгенде жана Агахан фондусу каалаган убакта болчу убактылуу ишчара. А биз болсо "Айкөл Ордо" маданий-этнографиялык борборунун аты менен заты айтып тургандай, жалаң элдик аспаптар менен өнөрпоздордон турган "Дасмия" фольклордук тобу менен кол өнөрчүлөрдүн тандалма курамынан турган чакан жамаат менен дүйнө элин алдын ала келишим аркылуу пландуу түрдө толук программа менен кыдыралы деген оюбуз бар. Анда-санда чаржайыт каттаган өнөрпоз канча мыкты болбосун четелдин эсинде оңой менен калбайт. Ал эми колдо болгон өнөрдүн бүтүндөй аспаптарды камтыган топтому менен жарнак жана насыятты кыябын келтире кыдырып чыкса, алар келеркиге келишимди өзүлөрү эле олчойто түзүп, чакырыкты жаадырат. Маселен, четелден саякатка баарынын эле келүүгө, көз жоосун алган уз буюмдарды артынып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми биздин фольклор менен кол өнөрдүн кошмо жүрүшү музейлик экспонаттары менен четелдик күйөрмандардын колуна өзүлөрү эле топ деп түшүп берип жатпайбы. Бул - сыртка чыккандагы оокатыбыз.
Ал эми ички булактар канча? Биз Манастын турмуштагы изи болсок, дүйнөгө кыргыз кереметин тааныткан өнөрпоздор ошол жолду уланткан шакирттерди тарбиялаш керек. Демек, кадр даярдоо маселеси өзүнөн өзү келип чыгат. Бизде андай тажрыйба бар. Автоокуукомбинатынын ашык класстары менен тажрыйбасы жогорку сапаттагы чеберлерди окутуп, тарбиялоого, ошол эле фольклордук топто жөлөк топ катары тажрыйбага кааныгууга мүмкүнчүлүгү болот. Ал эми окутуу карандай тажрыйба менен гана чектелбейт. Илимге жарды музыкалык маданияттын бөксөсүн толтуруу үчүн кыргыздын нукура элдик аспаптарын жасоо, үйрөнүү, аткаруу маселесин илимий негизде ишке ашыруу милдетин колго алуу керек. Андан ары аларды китеп кылып басып чыгаруу зарылдыгы өзүнөн өзү келип чыгат. Залкарды кой, азыр аты чыгып калган жаратман өнөрпоздордун чыгарамалары элдин кенчине айланбай, сандыктарында сакталып жатат. Канча мыкты чыгарма жарык көрбөй, дамамат аткарылбай автору менен кошо кетти, же бир жерде биларман күйөрманын күтүп жатат. Ошол озуйпаны орундоо милдетин мойнубузга алсак.
- Кыргыздардын өзгөчөлүгүн чагылдырап турган кол өнөрчүлүк биздин элге гана тиешелүү да. Аны дүйнөлүк базарга кантип алып чыгып, каражатка туйтундурууга болот дейсиз?
- Бул бирден өзгөчө дааналап чыгарган буюмдар жөнүндө айтып жатасыз. Ал эми көзүн тапса, нечендеген нускалап чыгарган тиричилик буюмдарын, белек-бечкектерди сата турган дүйнөлүк базар шартын үйрөнүш керек. Табигый таза чийки заттардан жасаган буюмдарды кай жактан болбосун алат. Биз, адатта, бирин-экин чет элдик чоң мамлекеттер менен гана чектелип калганбыз, дүйнөдө канча эл бар. Биз али билбеген чет элдерден не деген азем буюмдар келип жатат. Мына, Орусияда биздин тикмечилердин жеңил-желпи кийимдерин тимеле талап кетишет экен. Атүгүл Москванын базарында башка элдердикине караганда Кыргызстандан барган буюмдарга таңсык экенин сыналгыдан көрдүк го. Демек, базарларды иликтеп көрүп, ошого жараша чет элге кол өнөр буюмдарын көп алып чыгуу жагып, ойлонуштуруп жатабыз Мына, Улуу Жүрүшкө келген чет элдик элчиликтер, коноктор, аттуу-баштуу адамдар кол өнөр буюмдарынын көргөзмө базарында болушуп, керектүү буюмдарын алып кетишти. Мындай көргөзмө сатыкты салтанаттарда дайыма уюштуруп, элдик буюмдарга кызыгууну күчөтүү керек. Ал үчүн кол өнөрчүлөрдүн өзүлөрүн "Айкөл Ордодо" иштетүүгө шарт түздүк, алар белендеген буюмдарын ортончусуз, далдалчысыз эле өзүлөрү сатууга мүмкүнчүлүк алат. Демек, ал суроо-талап келечекте цехтерди ачып, аны өндүрүштүк жолго коюуну өзү эле талап кылып жатат. Андан ары ал шакирттерди тарбиялоо зарылдыгын туудурат. Болочок музыканнтарды окуткандай эле кол өнөрчүлөрдү окутуп, ордонун өзүндө тикелей тажрыйбага каныккан чеберлерди тарбиялоого мүмкүнчүлүк болот. Алардын ишин илимий жактан иликтеп, өзүнчө колдонмо китептерди чыгаруу да "Айкөл Ордонун" планында турат. Биз ошону менен бир кезде маркум Амантур Акматалиев баштап кеткен китеп чыгаруу ишин колго алабыз. Албетте, ал илимий негизде болот. Мындан тышкары табият бизге бере элек бардык кенчин элге буюм-тайым, арзан электр кубаты иретинде кайтарып берели деген ниетибиз бар. "Ырыскы" кафесинин базасында арзан тамак-аш тармагын акырындап жайылтып атабыз. Аны экологиялык таза байлыктарыбыз менен жабдыйбыз. Айтор, "кудай берген куруттан мени неге куруттуң?" дегендей, табият колубузга кочуштап берип турган байлыктарды иштетип, карапайым элге арзан берүү менен, жакырчылыктан чыгуу маселесин да чечебиз. Мунун баарын чет элден инвестиция тартуу менен бизнес-долбоор бөлүмүбүз ишке ашырат. Ал кызылдай акчаны саап турар маркетинг борборуна айланат.

Маектешкен Бекбол Айдаров