Психушканы элестеткен саясатчылар
Эски достор Мирослав Ниязов менен Адахан Мадумаров партияларын бириктирүүгө белсенишип, саясый күрөштү ынтымактуу аттанууга ниет кылып атышыптыр. "Бөлүнсөк бөрү жейт" деген идеяны тутунушуп. Бул экөөнүн артынан айтылуу Данияр Үсөнов колдоп, акча маселесин чечип берүүгө убада кылган сыягындай. Мына ушундай колдоого эргип кеткенби, айтор, акыркы кездери Мирослав акеңер кериле басып, пивоканаларда күпүлдөй саясатты айтып отурганы эмнеси? Жеткен акылы ушулбу? Аттиң дейсиң, эл өкүлү болом дегендер эмитен кур дөөлөтүн көтөрө албай атышса, Кудайдын деле жүзү тетири бурулат го. Ал эми Адаханга айла жок эмеспи, жакында эл менен жолугушууга Токтогулга барып, Сталинди жарым саат мактап, өзүн жол башчы сезе баштаганына түшүнбөйсүң. Саясый кумар деген эмнеге гана азгырбайт? Аягында психушкага жетелебесе экен дейсиң…


"Отко салса күйбөгөн..."
Элдик төңкөрүштөн кийин "тазаланабыз, бакиевдердин "куйруктарын" курутабыз" деп делбеленген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү деле Өктөмкан менен Айгүлдү араларына кошуп алып тынчышкандай. Ал эми Бакиевдин мыкты кадларынын бири Акылбек Жапаров "Ар-намыс" партиясынын штабын жетектеп, парламенттик шайлоого камданууда. Акылбек мырза чындыгында эле 7-апрелдеги бийликтин элди атуусуна тиешеси жок десек да болот. Анткени, ал 6-апрелде эле Таластагы тополоңдо элдин колуна түшүп, бийлигинен ажыраганы маалым. "Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" Жапаров ошо Таластагы тополоңдо да Молдомуса Конгантиев менен Искендер Айдаралиевге моюн бербей, элге карата күч колдонууга каршы чыккандыгын "Азаттык" үналгысы аркылуу жарыкка чыгарып, анын натыйжасында жаңы бийлик дагы аны жоопко тартууга батынбаганы белгилүү. "Ата Мекен" партиясы жүргүзгөн акыркы сурамжылоосуна карганда, "Ар-намыс" Түштүктө алдыга озгону белгилүү болду. Ошентип, Ф.Куловдун тандоосу оңунан чыгып, бул "аламанда" байгеден кур калбачудай түрү бар.


Макс шайлоодо кимдерди колдойт?
Максим Бакиев Батышта жатып алып, дагы эле болсо Кыргызстандагы саясатка көзүн кызартып атыптыр. Анын ою боюнча "Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" партияларын акча менен арбын колдосо, анан жеңишке жеткен тарапка жармашып, кайрадан бийлик башына келүү идеясы кылтыйдыбы? Мындай миф сымал көрүнүштөр кыргыз элинин кыжырын кайнатары ачык-айкын. А неге анда далбастап баштады? Же "бригадирлер" убаданы урдурушуп, баш айлантма сөздөрү менен Макстын колтугуна киришкенби?.. Баса, "Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары акчаны ченебей эле үгүт иштерине чачып атышат. Булар мыйзамдуу түрдө декларация береби? Эл билиш керек да, күпүлдөп кайдагы пулду сарптап жатышканын! Же мыйзамды сактоо булактары бу эки партияга көз жумдубу? Деги түшүнбөйсүң да! Баягы кыргыздагы "суунуку сууга кетет" деген логиканын саркындысы Максим Бакиев жана анын ниеттеш партиялаштарына жарашып аткандай…


М.Абдылдаев "Ата Журттан" кетеби?
Генерал аты бар Мыктыбек Абдылдаевге чүйлүк жердештери нааразы болуп, "чыккынчы" таризинде кеп ыргыта башташыптыр. Неге дегенде, анын "Ата Журт" партиясына киргени эбепке себеп болгонун билесиңер. Мындай коркунучтуу көрүнүштөн Мыктыбек байкебиздин жүрөгү үшүп, "Ата Журттан" кайра чыксамбы?" дегендей ой калчап аткан имиш. Кыргызда "эсиң барда этегиңди жап" деген кеп бар. Анын сыңарындай, М.Абдылдаев кеч кире электе ойлонсо, а болбосо бөөлөр менен чөөлөргө таланбайбы?..