Залкарларга табына...
Композитор Муратаалы Күрөңкеевдин 150 жана Атай Огонбаевдин 110 жылдыгына карата алардын элесине арналган сынак Бишкекте өтмөкчү. Бул үчүн атайын Ысык-Көл облусунун жетекчилиги атайын каражат бөлгөн. Сынак келерки айдын 20сына белгиленген. Ал эми ушул 2-3-августта сынактын тандоо туру Касымалы Жантөшов атындагы драма театрында өтөт.


Эне-бала АКШда
Кыргыз эл артисти Самара ТОКТАКУНОВА жана эмгек сиңирген артист Актан ИСАБАЕВ быйыл Американы көздөй аттанып, океан ар жагындагы мекендештерди Эгемендик күнү менен куттуктап кайтышмакчы. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, эне-бала өнөрпоздор Нью-Йорк, Чикаго жана Филадельфияда концерт беришет. Аталган иш-чараларды АКШдагы "Кыргыз клуб" уюштурууда.


Сары-Челек, Падыша-Атаны аралаган Жанета
Мындан туура жети жыл мурун "Ысык-Көлдө кадыр түн" сынагында баш байгени жеңип, машине утуп алган Жанета БОБКОВА быйыл аталган сынакты жыйынтыктады. Сынактын шарапаты менен Көлгө да бир чумкуганга жетишти. Ага дейре, ата-энеси, өз бүлөсүн алып, айылына барып, андан ары Сары-Челек, Падыша-Атаны аралай келген ырчынын азыр эргүүсү ашып, көңүлү толкуп турган маалы. Жакында эле Рыспай Абдыкадыровдун "Сагынуусун" жаңылап, ага клип да тарттырмакчы. Ошондой эле азыркы тапта 10дон ашуун саясый партиядан сунуш алып, арасынан Жанета өзүнө, көзкараштарына жакынын, эл деп күйгөн, кыргыз үчүн иштей турганын тандап, кызматташуу туурасында ойлонууда.


Дүйнөнү багынткысы келген ким?
Мыкты модель жана "Версус" бий тобунун мүчөсү АСЕЛ быйылкы жайда патриоттуулук менен кыргыз берметинде гана эс алып, көл ичинде жана жээгинде фотосессия уюштурмакчы. Андан сырткары, Асел бир нече жайкы көргөзмөлөргө камынууда. Ал эми ушул күздө модель кыз дүйнөнүн мода жаатында атагы чыккан өлкөлөрдүн бирине аттанып, Кыргызстандын намысын коргоону пландоодо.


Европаны айланган Кыял
Скрипач Кыял МАНСУРОВА жакында Европадан кайтты. Рим, Венецияны кыдырып чыгып, классикалык музыканын ордосу болгон Вена шаарында болуп, укмуш таасирлерге чулганган өнөрпоз учурда эргип турган чагы. "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" жана "Ой толгоо" деген чыгармаларды скрипкага салып, атургай, аларды тасмалаштырууга да үлгүрдү.


Эрлан кубанганынан...
"Ысык-Көлдө кадыр түн-2010" сынагында бир уялаш, окуучусу Рысбек Максатовдун үчүнчү орунга ээ болушуна жетине албай, сүйүнүп жүргөн Эрлан АНДАШЕВ жакында бир бассейнди кызыл жаян кан кылды. Шакиртинин жеңишин майрамдоо бассейнден башталып, сүйүнгөнгөбү же күндүн ысыгынанбы, айтор, Эрландын мурду канап, Бишкектеги ири бассейндердин бирин ызы-чууга салган имиш. Күбө болгондордун айтымында, бассейн администратору Эрланга акчалай чыгым жапкан.


Мыкты ырларды угуңуз
Аалынын жаңы ырлар жыйнагы сатылып жатат. Дискти сатып алууну каалаган күйөрмандар 0554070286 телефонуна байланышсаңыздар болот! Диск пираттык дисктерге чыгарылбайт.


ОМАР: Мен Кыргызстандамын!
Сүймөнчүк жана Алла Пугачеванын жылдызына татыган ырчы Омар жакында эле Америкадан кайтты. Мекенин сагынган жигит Кыргызстандын абасы менен суусуна тойбой турган убагы. Ал эми мындан аркы кадамдары туурасында Омар жакын арада биздин окурмандар менен бөлүшүүгө убадасын берди.


Подиумдан спортко
Бишкек периси АДИНАЙ спорт дүйнөсүнө аралашып, баш-оту менен бул чөйрөгө кирип алды. Өлкөнүн Күрөш федерациясынын башкы катчылыгына дайындалганы Адинай күн сайын ар кайсы өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көптөгөн кызык инсандар менен баарлашып, айтор, чет өлкө тургай, Ысык-Көлгө эле барып эс алууга убакыт табалбай жүрөт. Ушул жайга эле биздин спортчулардын 10 дүйнөлүк жана эл аралык чемпионаттарга катышуусу туурасында макулдашылган. Ал эми моделдик ишмердиги фотосессия жана телероликтерге тартылуу менен коштолууда. Айтмакчы, Адинай быйыл Москва жана Европада моделдик ишмердик жүргүзүү сунушунан ойлонбостон баш тарткан. Анткени, бул бийкеч подиумда гана эмес, тасма талаасында да өзүн сынап, ийгилик жараткысы бар. Баса, сулуу өзүнүн жакынкы пландарына бекем, туруктуу, бактылуу бүлө курууну да киргизген.

Даярдаган Айым НУРЖИГИТОВА