Гороскоп

2-августан
8-августка чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Көйгөйлүү маселелер сизди бүдөмүк ойлорго түртүп келген болсо, аны чечүүгө убакыт бышып жетилди. Андыктан, чечкиндүү кадамдарга коркпой барсаңыз болот. Буга сиздин туруктуу позицияңыз түрткү бериши ыктымал.

Букачар (21.04 - 20.05)
Жуманын алгачкы күндөрү маанайыңыз көтөрүнкү болуп, көп маселелер башыңызды оорутпайт. Өзүңүзгө ыңгайлуу шарт түзүп, буга чейинки иштер менен алектениңиз. Сүйүктүү адамыңыздын көңүлүн оорутуп албаңыз.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Өз күчүңүзгө ишенип жасаган жумуштардын аткарылышы ойдогудай болоорунан кабатыр болбой эле койсоңуз болот. Бул иш толугу менен максатына жетсин десеңиз маанилүү кеңеш бере турган адамдардын оюн угуп коюу кажет.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Бирдиктүү иш алып баруунун натыйжасы өз түшүмүн бербей койбойт. Жетекчиңиз жаңы жумуш сунушташы мүмкүн. Аны жети өлчөп, бир кесип кадам таштаңыз. Колуңуздан келбей турган иш болсо, жылуу ордуңузда тура турган эп.

Арстан (23.07 - 23.08)
Акча каражаттын тартыштыгы бир аз кооптондурат. Маанайыңыздын түшүп кетпешине көңүл буруп, кошумча каражат булактарын издеп көрүңүз. Анын жолун таап алуу сиздин гана колдон келишин унутпаңыз.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Үйдөн чыкпай жата бербестен, чечкиндүү кадамдарга барганыңыз жакшы болот эле. Азыркы жашооңуз ушуну талап кылып атат. Мүмкүн болушунча астыдагы айларга көз чаптырып, иш пландарды сереп салып тактап алыңыз.

Тараза (24.09 - 23.10)
Бул жума натыйжалуу иштериңиздин көпчүлүгүнө чекит коет. Эгерде, күчүңүздүн ашып-ташып атканын байкасаңыз, аны турмуш тиричилигине жумшаганыңыз оң. Капчыгыңыздын жөн жерден короп кетпешине жол бербеңиз.

Чаян (24.10 - 21.11)
Бирдиктүү иш алып барышыңызга эбегейсиз чоң шарт түзүлөт. Анүчүн өзүңүздү күүгө келтирип, маанилүү иштерден баштаганыңыз дурус. Келерки жума астында бир туугандарга кол-кабыш кылып, жардам кылып койсоңуз жаман болбос эле.

Жаачы (22.11- 21.12)
Сырт жактагы коллегаларыңыз жана досторуңуз бүдөмүк ишке азгырышы ыктымал. Анын маанилүүсүн гана тандап алып, чечкиндүү аракеттерге барыңыз. Мүмкүн ошол эле досторуңуз жардамга кол сунса, аны кабыл алсаңыз болот.

Текечер (22.12 - 20.01)
Кызыктуу адамдарга жолугуп, алар сиз менен ой бөлүшкөнгө аракет кылышы ыктымал. Маанилүү кеңештерин айтышат. Ден-соолугуңузду чыңап алганга убакыт бөлүп койгонуңуз оң. Кызматыңыздан эч кооптонбой эле коюңуз.

Суупери (21.01 - 19.02)
Суупери жылдызы астында төрөлгөндөрдүн иш планы өзгөрүп кетиши мүмкүн. Аны бирөөнүн кеңеши аркылуу тактап алыңыз. Кызуу кандуулукка алдырбай, өзүңүздү кармана билгениңиз дурус. Пайдасы тие турган адамдарга жолугасыз.

Балык (20.02 - 20.03)
Астыга койгон максаттарыңыздын орчундуулары иш жүзүнө аша баштайт. Ич дүйнөңүздүн жаңылануусу жакшы сезимдерди тартуулашы ыктымал. Жаман адаттарыңыздан арылгыңыз келсе, көп создуктурбай дароо баштаганыңыз оң.






  sMs

Мирослав Ниязовдун кеп-кеңеши тыйынга арзыбайт!
3262. Сени мен ушунчалык сүйөм неге, куса болуп карааныңа жүрөм неге. Биздин жолдор бирикпешин билсем дагы, жол карап, үмүт үзбөй келем неге?
Чопа

3263. Маалында ажону да мактаган, "манкуртпуз" деп мал сыяктуу бүт кыргызды атаган. Кызуу кандуу жылкы мүнөз Адахан, кылык менен мүнөзүңдөн бүтүн кыргыз тажаган.
8961 абоненти

3264. Шер Манастын талаасы, шек санабай ишенет, кыштак менен калаасы. Эл багына бир келген, Шернияздын баласы. Чындык үчүн чыркырап, чыдабай кетсе чыр кылат, кыргыз үчүн көп күйөт, чындап тамыр зыркырап. Болот кантип курчуду? Көк жал Манастын жеринде, мокок жигит туулчубу?
К.К

3265. Роза Отунбаева, ала допучандардын колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргыз жарандарына сиздин күнөөңүз бар. Өз убагында туура чечим чыгарыш керек болчу.
6032 абоненти

3266. Акаев 15 жылда жегенди, Бакиев 5 жылда жеди. Эми элден жегенин кайтарып бербесе да калайык калкка тынчтык берсинчи!
3514 абоненти

3267. Адахан, сен теледен чыкпай эле койчу, же сени Бакиев зордоп чыгарып атабы?
3514 абоненти

3268. Оңбогон Бакиев сенин колуңдан миңдеген адамдар өлүп кетти. Сенин жазаңды Кудайым колуңа берсе керек.
3514 абоненти

3269. Улуу Кыргыз элимден Р.Отунбаева, Ө.Текебаев. А.Бекназаров, Т.Сариев, ж.б атка минерлер айланып кетишсе болмок. Ош, Жалал-Абадда кырдаал кыйындашып жатса, алар партия, акча болүштүрө албай убара болушканы аябай эле уят иш болду. Буларга Кудайдын көзү түз болсун демекмин!
0138 абоненти

3270. Реальные девушки КG, звоните! Старше 18ти и только красивые, умные!
Тел: 0777-34-25-35

3271. Салам "Учур"! Жал кичи району ысык суу жок унчукпай отура береби? Же шаардын мэри Иса Өмүркуловго маалымат жетпейби? Дагы канча күтөбүз?
9251 абоненти

3272. Баткендик досум Берметке жана анын жигити Жаркынга салам жолдоюн деген элем. Менден силерге чоң салам!
1170 абоненти

3273. Баткендиктерге менден чоң-чоң салам!
Айгүл

3274. Бермет+Жаркынбек= сүйүү!
Айгүл

3275. Мен саясатчы болгум келет. Силер мага жардам бергилечи? Баткендин алтын кызы.
Эркетай

3276. Жан сырдашым "Учурум"! Жаш куюп, жандан арылдым, жалгыздык неге алсызсың? Жакамды кармап мен калдым!
TimoN

3277. Каалгасы жүрөктүн талкаланып, каалабай маанай суудан танып. Калдым мен сүйүүдөн жапа тартып, каарманым кетти көз жаш аарчып.
2324 абоненти

3278. Угулат кулакка назик сонун, уядан кеттиң көлдөп көзүң. Ууланды сүйүүгө жаш жүрөгүм, унута албайм кара көздөрүң!
Тимон

3279. Таланып сезим, таш боормун эми кечиргин. Тааныбайм сени, кетчи, элестен кеткин. Таалайым дечүмүн, таштады мени назигим, талаада калып, тумчугуп жаттым келбедин. Таланып сезим...
4232 абоненти

3280. Адашпаган пенде болбойт өмүрдөн, аппак жоолук кирдей берет өңүнөн. Аябай кир, капкара болуп турса да, ак экенин танбайт эч ким жүрөктөн!
TimoN

3281. Топучан келген ажого токтолбой калпак кийгиздиң, токтоорок болуп башында, толк чыкпасын билгенде, тотудай тилиң тийгиздиң. Кашкабаш ажо келгенде, калпагын тазга тапшырдың, тайкы эмес болчу акылы, таалайы анын тайкыбы? Таң калбай эле коелу, талкалап кетти катыны. Ток этер жерин айтайын, бийликтин минбей байталын. Топ жарган чечен Топчуке, торнадо толкуп келсе да, тоготпой салып капталын.
Мурат

3282. "Ак-Ордо" жаңы конушунан тез арада 5 сотых жер сатылат. Кызыл китеби бар.
Тел: 0772-71-54-36, 0770-19-07-83

3283. Бактылуу бол, өмүрүң сүйүүгө толсун. Башыңды жөлө, ким бирөөгө толкунсуң. Бул ыр менин жүрөгүмө дары болсун, бук чыгарам, муну бир күн окуурсуң!
4232 абоненти
3284. Токтогул районундагы атам-апама салам!
Ширин

3285. Данил, Илгиз, Матю салам!
4154 абоненти

3286. Тимур, я тебе очень люблю. Если ты прочитаеш позвони!
Тел: 0779-09-41-54

3287. "Атың чыкпаса жер өрттө" болуп калды го биздин Кыргызстан! Дүнүйө эли Кыргызстан жөнүндө жаман ойлобосун эми.
Cheerful girl

3288. Кыргызстан - наш обший дом дечү беле. Ошентип, ар улутту жыйып алып, кайра урушасыңар да. Ынтымакта жашайлы урматтуу Кыргызстандыктар!
0893 абоненти

3289. Лейлек районуна караштуу Навои атындагы орто мектептин окуучуларына чоң салам. Бар болгула. Жаңы директоруңар кут болсун!
Kg kyzy

3290. "Ататүрк-Ала-Тоо" унивеситетинин мугалимдерин конокко чакырып маек кылгылачы? Айым Нуржигитова эже, ушул иш сиздин колдон келет. Себеби, мен ошо унивеситетти аябай жактырып атам. Тапшырып окусамбы деп аткам.
0893 абоненти

3291. "Атамекенчилер", урааныңарды "Ана-Ватан" деп которуп алгыла!
Меч

3292. Кыргыздар! "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Текбаевдин өзбектерди колдоп келгенинин негизинде миңдеген кыргыздардын каны төгүлдү деген имиш бар. Ушу имиш тегин жерден чыктыбы?
Кыргыздар

3293. Кыргыз элим, качан, канткенде өнүгүп, өсөбүз?
Чолпон

3294. Кыргыз эстрадасына салымын кошуп келаткан Жолдошбек Исраиловдун "Бир күн гана" деген ырын обого созолонто ырдаган Камилага ысык салам!
Назима, Акмарал

3295. Оо, Алла жаратканым! Кыргыз элимдин жашоосун өзүң оңдо. Бөөдө согуштан сакта! Токчулук, молчулук бер. Коррупциядан арылт. Өзүңдөн башкага ишеним арткан биз акмак. Элиме акыл бер. Баштарын иштет! Омийин!
9419 абоненти

3296. Кайсы Бакиевди каргаарымды билбеймин. Каным кызып кабатырмын, жинденемин. Кайдасыңар ажыдаарлар, кан ичкичтер, кангып келген адам деген аты барлар? Ичте жатып, ирип бүткөн, ичип канын шимип бүткөн. Ийиндерге кире качып, иши кайра бугуп алган.
Мурат

3297. Кыргыздын кымтып капчыгын, кыйналбай өттү жаштыгың. Жан кыйнап деле иштебей, "жашылга" толуп баштыгың. Жаратканга жакпайт го? Жакырга кылган кастыгың. Өнүктүрүү фондуна, өзүң барып кондуң да. Өлөсөлүү өкмөттү, өгөй бала сойдуң да. Өнөрүңдү өргө чаап, өзүң жалгыз тойдуң да. Айран жокто максым бар, Айдар жокто Максим бар. Алдатып ийип жөөттөргө, артынан кошо качкың бар. Атаңан байлык калгансып, акчанын баарын чачкың бар. Антип тайыз ойлонбо, эл деген бизде ташкын бар. Кутула албайт кыргыздан, куйругу кууш саткындар!
8961 абоненти

3298. Сени сүйдүм, ак сүйүүгө мас болуп, жалган сөзгө чын дилимден кас болуп. Сен деп жашап бул өмүрдө өлгөнчө, сени сүйүп, сүйүп гана жашаймын.
Ромео

3299. Ошто канча бир туугандарыбыздын каны төгүлдү? Мыкаачы ала допучандарга кыжырданам!
8095 абоненти

3300. Кыргызымдын жөнөкөй кыздары менен таанышам. Атым Руслан.
Тел: 0556-15-30-41

3301. Адахан, сен Бакиевдин айтканынан чыга албайсың! Айтты айпады дебе!
3041 абоненти

3302. Мадумаров, кайсы бетиң менен эл аралап жүрөсүң? Сени "Каркыра саткыч" дешкен жокпу?
7296 абоненти

3303. "Биз эл менен!" деп бакырды жабык супермаркет. "Биз дагы!" деп чыйылдады байкуш ачык камок!
Жантай

3304. Үйдө баатырлар сыртка чыгышты, аянттагы баатырлар үйлөрүнө кайтышты.
9124 абоненти

3305. Кайдагы бир бокмурундардын тагдырына баш оорутпай, ата-эне жөнүндө ойлонолу!
8294 абоненти

3306. Мен Роза эженин техникалык өкмөткө кадрларды туура тандабаганына каршымын. Булар Акаевдин, Бакиевдин убагындагы коррупционерлер. Буларың 3 айдын ичинде кайра эле туугандашып, Бакиевдин кишилерин кызматка кое баштайт. Аларды кандай коюп алганын Роза эже өзү да билбей калат. Ушуларды Алмаз байке менен Өмүрбек Чиркешовичтер менен кеңешип туруп иш кылса болмок. Мен ушул эки братанга эле ишенем. Булардын партиясы шайлоодо административдик ресурсту колдонбой эле жакшы добуш алышат. Нарындын бүт жерлеринен сурасам, баары эле эки партияны колдойбуз дегендер. Мадумаровдун партиясына окшогондор жөн эле убара болуп жатышат. Ишенбесеңер өзүңөр деле кыдырып, сураштырып көргүлө?
Жоке

3307. Агабыз Айбек Карымовдун 29-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Сизге чың денсоолук жана ишиңизге ийгилик каалайбыз!
Айдос, Мирлан, Рамис

3308. Шапке да кийдим шалпайтып, кепка да кийдим кекейтип, бирок, мага ак калпак эле турат жарашып!
9124 абоненти

3309. Эмне үчүн азыркы өкмөттөгүлөр Ош, Жалал-Абаддагы коогалаңды чыгарган бузукуларды кармабай жатышат?
6010 абоненти

3310. Гүлмиранын окууга өтүшү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Гүлнур

3311. Салам "Учур"! Мен Бишкекте жашаган 20дан 40ка чейинки келиндер менен таанышам. Капчыктары калың болсун. Чалгыла. Атым Бек.
Тел: 0773-74-61-77

3312. 2004-жылы Акаевге "бир районду бериңиз, башкарып берейин" деп кат жазган элем. А кишиден "айылыңа келип, кетмен чаап оокатыңды кыл" деген жооп келген. Эми мага окшоп, өзү да тентип жүрөт. Роза Исаковна, эгер мыкты аким керек болсо чакырыңыз. Любой районду башкарууга даярмын!
Медер

3313. Папа-карло партиясына таш кылымдан келген пришелец эски доорду эстеп, эсиңер ооп жатабы? Андан көрө барып, Бесмертный Кащейдин акыбалын сурап койгула. Заново Чипполино менен учурашып, таанышып келесиңер.
Переводчик

3314. Миназарова Назира Абдызакировна, мен сени сүйөм! Сенсиз менде уйку жок.
2067 абоненти

3315. Азыркы учурда баягы эле оюн салгандар, тайраңдап жүргөндөр чоң кызматтарда отурушат. Качан кадрдык реформа болот экен?
8686 абоненти

3316. Оштук туугандар көзүңөр ачылдыбы? Эми "ака", "үка" дебей кыргызча сүйлөйлүчү!
Куба, Кербен

3317. Ташиев "мен азыр бөлтүрүкмүн. Күзүндө карышкыр болом. Анан текени (Текебаевди) жеймин" депсиң. Мен сага айтат элем. Жей албайсың. Биринчиден, сен карышкыр болсоң, ал дөбөт (Спикер) болот. Экинчиден, аны колдогон калдайган Кыргыз деген калкы бар. Үчүнчүдөн, МЧС болуп турганда миллиондорду жеп алган имишсиң. Анан кантип бөлтүрүк болосуң? Сени деген карышкыр деп койсо болот да. Же андай эмеспи?
Мурат

3318. Урматтуу кыргыз элим! Сиздерден сураныч, саясатка, партияларга бекер башыңарды оорутуп, нервиңерди коротпогулачы? Акаевди, Бакиевди шайладык, зыяндан башка пайда кылган жок. Ошон үчүн саясатка көңүл бурбай, ар бирибиз ата-эне, үйбүлөбүз менен өз арабабызды кылдыратып аман бололучу.
Аристократ

3319. Айран барда, максым жок, Максим барда Айдар жок. Бирөө таз, бирөөнүн көзү тосток. Экөө тең качып кетти чөөгө окшоп.
8660 абоненти

3320. Акыркы кабарларга таянсак, "К.Бакиев "Батьканын" фазендасында жумушка алынды. Чочкокананын башчысы болуп иштеп атыптыр" деген имиштер тарады. Мындан башка жумушту а кишиге бербей аткан экен. "Эгерде чочкокананы жакшылап өздөштүрүп кетсең, анда чочкоферма болосуң. Андан да өзүңдү жакшылап көрсөтсөң, айыл өкмөтү кылам" деген имиш.
8660 абоненти

3321. Роза Исаковна, Курманбек Бакиевдин өзүн качан кармап келесиңер? Карапайым калк унутуп калды дебегиле. 86 баланын сөөгүн коюп атканда сүйлөгөн сөздөрүңөр эсиңердеби? Андыктан, силер ойлонуп, тездеткиле!
9543 абоненти

3322. Жаным, Мираиданын 31-июлдагы туулган күнү менен куттуктайм! Жаным, сени түбөлүк сүйөм! Таянычым качан келесиң? Аябай сагындым!
Тынчтык

3323. Роза эже, сатылып кеткен Каркыра, Үзөнгү-Куушту эл аралык сот аркылуу кайрып алса болбойбу?
Жылдыз

3324. 0588 абоненти, сендейди манкурт дейт. Эгер билсең, ошол арам тамактар менен кашыкташсың, андай болбосо, жок дегенде айдаган жагына кете берүүчү итсиң.
Меч

3325. Нарындык Бек, ачуу чындыкты айтканым үчүн сенде уят болсо болгондур. Бирок, арам тамактар уят, адеп дегенди билбейт.
Меч

3326. Текебаев, сен А.Акаев, К.Батыров менен табакташ, пикирлеш болгонуң жөнүндө уккан жайым бар. Сага кыргыз элинин атынан наалат айткым келет! Жалган жалаа деп көрчү, сага факт жетет. "Ата Мекенчилер"! Силердин мындан кийинки урааныңар "Ана-Ватан"! деп өзгөртсөңөр ой да сонун жарашканы туру.
8188 абоненти

3327. Бакиевдерге асылгандарды каргыш алсын. Тынч жашоону бузуп, элге өлүм алып келди.
Оштук

3328. Отунбаева, Текебаев, Сариевдер, кайсы бетиңер менен референдум 97% болду дедиңер. Ош менен Жалал-Абадда 300 киши адам өлдү деп жатасыңар. Ал жерде жок дегенде 7500 жаран каза болбодубу. Ушулардын өлүмүнө силер жооп берип калып жүрбөгүлө!
Меч

3329. Рахман Разыков Бакиевдин бөлөсү болгон үчүн ар бир айдын алтысында талантыңар жок болсо да "Аралашты" элге таңуулап жадаттыңар эле. Силердин мээңер жокпу?
Сельсовет

3330. Убактылуу өкмөт, силер мамык креслого олтурбай жатып, миллиондогон акчаларды сугунуп жатат деп угуп калдым. Тамагыңардан кантип өтүп атат болду экен?
8188 абоненти

3331. "Ата Мекенчи" Шыкмаматов! Сизди Сары-Өзөн чүйдүн бир жерине жаман ураан менен желек иретинде илип коюптур дешти. Андагы ураанды киши окуганга ооз барбайт имиш. Билсек болобу?
8818 абоненти

3332. Эй, Кыргыздар! Эжебиз Роза айым өзбек улутуна келинби?
6881 абоненти

3333. Ош, Жалал-Абаддагы коогалаңга наркобарондордун үлүшү бар. Анын ичинде Асилбек Текебаевдин салымы болгон деген кепти угуп калдык. Ушуну тактап бересиздерби?
8888 абоненти

3334. Текебаев, канчалык Акаевди коргоп, көзүңдөн жашыңды дарыя кылып агызба, баары бир элдин түшүнүгү такыр башка болуп калган. Сени алар кечирбейт.
Меч

3335. Эй, байлар! "Ана-Ватандын" эшигин сагаалагандан көрө, Ош, Жалал-Абаддагы жабыр тарткан кыргыздарга жардам берсеңер сооп болмок.
Меч

3336. Ө.Текебаев - кыргыз демократиясынын туусу, А.Атамбаев - туунун
сабы, Р.Отунбаева - тууну көтөргөн баатыр экендиги айныгыс чындык.
Элмир

3337. Айдар жокто Максим бар. Максим жокто Руслан бар. А.Бекназаров кызматынан кетсе эле, баласы камалаарын сезип, креслосун бошотпой жатат.
Шер

3338. Эмне үчүн кыргыздар бирөөнү көрө албаганга маш. Тескерисинче, өнүгүп-өскөндү, бирөөгө колдоо көрсөткөндү, жаңы идеяларды издегенден коркушат. Бийликтеги колтугу колоңсо жыттангандардын колтугуна кенедей жабышып, кошо колоңсо жыттанып кала беришет. Байкуш кыргыздын жакшынакай уул-кыздары бул дүйнөдө колоңсо бейиште жашап, тиги чын дүйнөдө тозокко түшүшөт.
Эма

3339. Роза эже, качан парламенттик шайлоо-шарданы башталат? Ушу убакытка чейин аныктала элек. Эмне себептерден кармалып атат?
Жаныбек

3340. И.Раззаковго! Келген эле кенедейден эл бийлеп, алалабай телегейин тең бийлеп. Дал ушундай тунук дилдүү инсанды, айтса ылайык айкөл жүрөк, эр бий деп. Элге арналса максатынын бүттүгү, өзгөчө эле пейилинин түздүгү. Калкыбыздын бакытына жаралган, адам экен адаттан тыш типтирүү. Деп айтчу экен, орундалып оюбуз, көккө чейин жетсин десек оюбуз. Сен да, мен да, таза болсок эгерде, киргилденбей таза болот коомубуз.
Адашбек Ажыгулов

3341. Өлкөбүз дымып, ар бирибиз билген намазыбызды окуй баштадык. Бирок, ар бирибиздин көкөйүбүзгө көк таштай тийген бир нерсе бардай. Бирөө кышкыга көмүр, бирөө эгинин чаба албай, бирөө чөбү калды чабылбай. Катын алып, турмуштун дангыр жолуна түшөт элем деген да жок эмес. Аман-эсен көз жарып алсам, эркек болсо атын Азат, кыз болсо Роза коем деп далбас уруп жүргөн чет-четинен табылат. Алаканын ушалап, ушу күздө партиям парламентке өтүп кетсе экен. Анан, Кыргызстанды бутуна тургузууга жан үрөп жашамакмын. Качанкыга чейин алакандай элибиз өнүгө албайбыз деп, ичинен күйгөндөрүчү?
Чан

3342. "Учур" салам! Сиздерден кеңеш сурайын деген элем. Кайсы партияга мүчө болоюн? Ким менен карым-катнаш түзүп, чоң жашоого аттансам? Кеңеш бергиле!
5782 абоненти

3343. Ө.Суваналиев, Кыргызстандын келечеги, тагдыры сиздин колуңузда. Жалгыз сиз мурунку эки бийликтегилерге жана президентке каршы мыйзамсыз иштерин токтотууга аракет кылдыңыз. Эл сиздин эмгегиңизди баалайт. Биз Кыргызстан жаштары дайым сиз менен бирге жана Кыргызстан үчүн!
1841 абоненти

3344. А.Атамбаев, сиздин 2009-жылы президенттик шайлоо алдында Көк-Жар айылындагы бир сөзүңүз эсиме түшүп атат. Анда сиз: "биз, бакиевдердин үйбүлөлүк башкаруусун түп оту менен жок кылабыз. Президентти эки бутунан эки жакка чоюп, бир жеринен асыш керек" деген өктөм сүйлөгөн элеңиз. Биякта туруп алып бир аз коркуп кеткем. "Кантип бакиевдердин үйбүлөсүн тактан кулата алат" деп. Көрсө, ошондо сизге аян берген окшойт. Жөн киши эмес көрүнөсүз.
СДПКнын мүчөсү

3345. Ө.Суваналиев - сиз кыргыз деп чын жүрөгүңүз менен күйгөн, ак эмгегиңиз менен кызмат кылган инсансыз. Биз сизди сыйлайбыз жана кыргыз мамлекетин алдыга жылдыра турган жалгыз сиз калдыңыз. Биз сизге ишенебиз Кыргызстан жаштары!
1841 абоненти

3346. Эрте жазда (7-апрел күнү) жайлоого жалгыз кунаажынымды малчыларга кошуп жиберген элем. Семирип келсе күзүндө сатып, жакшы пул кылып, кызымдын контрагына төлөйүн деп. Эки күн мурун ал жактан суук кабар келди. Жалгыз кунаажынымды карышкыр жеп кетти деген. Ал кабарды аялым уга элек. Кантип угузаарымды билбей айлам кетип отурат. Кашайып "Учур" гезити биз жакка көп келбейт. Жок дегенде гезит аркылуу аялыма окутуп койсом, бир аз жумшагыраак болот беле деген үмүтүм да.
Чолпонбек, Кочкор айылы

3347. Чаектик Максат, качан колукту алайын деп атасың? Ушу күздө үйлөнсөң жакшы болгону турат. Эрке жеңемдин колу узарып, көңүлү да тынч жашамак.
Руслан

3348. Биздин айылда жалгыз "Акыйкат" партиясынын штабы бар. Калгандары келе элек. Бирок "Акыйкаттын" балдары эмитен жакшы иштей башташты. Үймө-үй кыдырып, партияга тартып атышат. Акча сурасак, "ал жагына үмүт кылбагыла, келгиле патриот бололу" деген сөздөр менен жайкагансыйт. Бирок, эл деген эл да. Азыркы учурда акчалуулардын гана күнү тууп аткансыйт.
9830 абоненти

3349. 12-август менин туулган күнүм. СМСчилер мени унутуп койбой, куттуктап койгулачы. Мурдум дердейип калсын!
1208 абоненти

3350. Жаным, Гүлзат! Сен мени эмне үчүн кыйнайсың?
Данияр (КМЮА)

3351. Салам "Учур"! 20-25ке чейинки Токтогулдук кыздар менен таанышам! Маяк бербегиле.
Тел: 0777-15-14-37

3352. Кыргыз элим келгиле, бөлүнбөй, ынтымакта жашайлы. "Бөлүнгөндү бөрү жейт" дегендей. Бирге болсок баарын жеңебиз. Ойлонгула, кеч боло электе!
8994 абоненти

3353. Салам "Учур"! Мен цехте иштеп аткан эжем Майсара жана Эльзага салам жолдойм. Башкаларына да менден чоң салам деп сиңдиңиз.
Санаш

3354. Салам "Учур"! мен 19-25ке чейинки кыздар менен таанышам. Маякка жооп жок.
Тел: 0779-01-77-41

3355. Менин шаарым Чолпон-Атада "Кадыр түн" сынагы өттү. Мага Аскат Мусабековдон башкалары жаккан жок. Жалгыз ушу жигит конкурска даярданып келиптир. Калгандары "кыргызча" жөн эле келгендей түр көрсөтүштү. Эгер ушундай деңгээл менен эл аралык фестивалга ырчыларды жөнөтө турган болсок, уят болобуз башка элге.
Ышкыбоз

3356. Акмат Келдибековду зөөкүр дешет. Ошондой болсо, анын партиясына эч ким келбейт, кирбейт. Теледен сулуурак көрүнгөндө эле мээме бир нерсе "тык" эткен. Себеби, сулуу адамдардын ички дүйнөсү жарды болушат деп көп жерден угуп калган жайым бар. Демек, А.Келдибеков деле ошолордун бирөөсү окшойт.
Акылкарачач

3357. Урматтуу "Учур"! Азыркы Кыргызстандын ал-ахвалы кыйын эле болуп атат. Ошондуктан, менде жалпы кыргыз элиме айта турган бир кебим бар. Күздө шайлоо башталат. Ар бир партия акчасын обу жок чача баштаганы турулуу кеп. Бери дегенде миллиарддаган акчалар кумга синген суудай жок болот. Албетте, шылуундар капчыгын партиянын атынан кампайтат. Карапайым элге бүркүндүсү гана тиет. Обу жок рекламалар көчөгө илинет, радио, теле жана гезиттер укмуш иштейт. Буклет жана башка толуп аткан кагаздар таркатылат. Анын баары күнүмдүк экенин түшүнсөк дейм. Ушулардын баарын сереп кылып көрүп, Роза Отунбаевага омоктуу оюмду, сунушумду киргизейин деп атам. Роза Исаковна, шайлоого бара турган партияларга кайрылып, "кимде-ким, кайсы партия көп акча топтоп, мамлекетке төксө, ошол партия көп добуш алган болуп, парламентке келсин. Аз төккөнү аз орун алат" десеңиз. Алар бекер эле акча коротпой өкмөткө пайда келтирмек. Кантип дебейсизби? Ошол топтолгон акчаны бюджетке которсо, ал акчаны карапайым элге жумшаса болбойт беле? Мен эми өтө эле үстүртөн, одоно түрүндө айттым. Анын жол-жоболорун адисттер дыкат иштеп чыкса пайдасы тиет болсо керек.
Чаласабат, Талас

3358. Айжаркын, мен сени сүйө берип чарчадым. Омор Султанов агайдын "Чарчоонун жүзүнчү ыры" деген китебиндеги ыр саптары сымал. Сага арнап ыр жаздым. Сага арнап сүрөт тарттым. Бүт жашоомду сага арнадым. Бирок, сенден үмүтүм өчкөнсүп баратат. Эмне кылышты билбейм?
7777 абоненти

3359. "Учур" гезити, силер жакшы чыгып атасыңар. Силерде өргүү деген оокат барбы? Же эс албай иштей бересиңерби? Эгер Ысык-Көл тарапка келип калсаңар, Чолпон-Ата шаарына меникине конокко келгиле. Мен силердин коллективди бир жума эс алдырганга мүмүкүнчүлүгүм жетет. Келгиле, конок болуп кеткиле!
Досумбек, Чолпон-Ата

3360. Ак-Моюндук атам Муратты, апам Бурулсунга салам. Сиздер качан Бишкекке келесиңер? Болду эжемдер кызын бергени атышыптыр. Келип сый көрүп кеткиле. Андан ары кудага да барып калышыңар мүмкүн. Бурулуш эжемдин буттары айыгып калдыбы? А кишини да тойго ала келгиле.
Каныкей

3361. ЭлТР каналы жакшы канал экен. Бизде мурун тартчу эмес. Эми тарта баштады. Жакшы нерселерге умтулуп, изденүүлөрүн байкадым.
7672 абоненти

3362. "Учур", эмнеге силер дин жөнүндө жазбай жатасыңар? Мусулман эли болгондон кийин, ушул теманы көп-көп жазып турсаңар жакшы болмок.
Айыл "муфтий" сөрөйү

3363. Роза Исаковна, Сиз "Учур" гезитине жок дегенде көз жүгүртүп коесузбу? Сиз жөнүндө өйдө-төмөн ойлорду көп айтышып, көп жазышат. Ошолордун пайда-зыянын иргеп, талдап койсоңуз жаман болбос эле.

3364. Салам "Учур"! Кыздар менен таанышам.
Тел: 0777-15-14-37

3365. Урматтуу "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович! Мен сиздин партияга өтөйүн дедим эле!
Тел: 0773-77-50-30, Б.Б.Бекбоевич

3366. Кыздар менен таанышам. 20-25 жашка чейин.
Тел: 0779-01-77-41

3367. Кандай сонун көк чөптө ак шүүдүрүм, андан сонун кызгалдак ачса гүлүн. Кечээкиге кейибе, жаша куунак, баардык күндүн улуусу бүгүнкү күн!
ST@RLOVER

3368. Im sorry. Im only your boyfriend forever! Im aiways ready to reach your love! Your love
ST@RLOVER

3369. Жалгызмын дебе, колдоочуң Аллах! Сыркадым дебе, эмдөөчүң Аллах! Кыйналдым дебе, сындоочуң Аллах! Досум жок дебе, сырдашың Аллах!
7494 абоненти

3370. Аллах сезим жаратса сүйүү деген, адамга адам ашык болот экен. Эгерде бири-бирин катуу сүйсө, сагынууда көзүңө жаш толот экен.
7494 абоненти

3371. Эх, чиркин! Жаштык кайда барат шашып? Алып калсак болобу, арак берип мас кылып?
4749 абоненти

3372. Мага Мирослав Ниязов байкем жакпай жүрөт. Теледен чыгып алып акылдуусунуп, элге кайрылып кеңешин айтымыш этет. Бизге мындай агалардын кеңеши бир тыйынга арзыбайт. Түштөн кийин эле кыйын боло бергендерди көргөндө аллергиям кармап жаман болуп кетем.
9671 абоненти