Жандүйнө жаңырыгы

Төк жамгыр, сени сагындым!
Үп болуп, ысык ура баштаганда "шатырата жаан жаап жиберсе болмок?" деп тиленебиз. Жамгыр төгүп жатса, "качан басылат?" деп аны да жактыра бербейбиз. Деги адамзатына эч нерсе жакпайт... Ошентсе да, жамгыр тууралуу канчалаган чыгармалар жаралып, ак жамгырдын алдында романтикалуу жолугушуулар уланып келет. Мына ушундай нөшөрлүү жамгырга кабылып, ар кандай окуяларга туш болгон белгилүүлөр, баштарынан өткөн окуяларын айтып беришти.


Өмүр бою сыздап
Жамгырга кошулуп ыйлай бердим
Жамгыр... Ак нөшөр... Менин жүрөгүмдө чоң так болуп кала берди. Анткени, мен жамгыр жааган күнү сүйүктүү жарыма кезигип, аны менен бактылуу көз ирмемдерди башымдан өткөргөн элем. Эсимде, жамгыр жаап жаткан күнү экөөбүз кокусунан сейил паркынан жолуктук. Назик үнүң менен "Акмаржан" деп атыңды айткансың. Ошол күнү өчү бардай жааган жамгыр да биздин сүйүүгө тоскоол боло алган жок. Мен сени канча ирет көрсөм дагы, ошол күнү жандүйнөмдү куйкалап жиберчүдөй, сулуу жүзүң мени арбап алган. Асылым менин... Анан эмне болдук?.. Мына бүгүн дал ошол биз экөөбүз турган жерде, жетим баладай болуп, өзүм жалгыз турам. Ак жамгырлар сени мага кандай жолуктурса, дал ошентип кайра алып кете берди. Жүрөгүңдүн оорусу кармап, бул жалган дүйнө менен коштошкон күнүңдө ак жамгырлар куюлуп, сени менен түбөлүккө коштошуп жаткандай ыйлап турушту. Жамгырга кошулуп мен да ыйлай бердим. Көрсө, жамгырды жакшы көрөөрүңдү Жараткан да билген тура. А мен... Мен болсо жамгыр менен кошулуп ыйлай бердим, ыйлай бердим, ыйлай бердим... Менин көз жашым, менин сага деген махабатым жамгырга айланып, өмүр бою сыздап өтөөр...

Жетиген





- Нөшөрлүү жамгырда калдыңыз беле?
Назира Жетигенова, куудул:
"Түнү менен кыйналып чыккам"
- Көп эле жолу калгам. Өзгөчө асман ачык туруп, жамгыр жааганда сейилдегенди жакшы көрөм. Бир жолу троллейбуста кетип баратсам, орто жерден нөшөр төгүп баштады. Анда менин аты-жытым да чыга элек болчу. "Телевизордон көргөн клиптердеги каармандарды туурайм" деп Киев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинен, Көк-Жар кичи районуна чейин суу болуп, шөмтүрөп, жөө басып баргам. Муздак жамгырдан суук тийип калган окшойт, түнү менен кыйналып, ооруп чыккан элем. Апамдан коркконумдан атайын түшүп, жөө басып барганымды айткан эмесмин.


Жылдыз Тутуева, ырчы:
"Эки үйдүн ортосунда камалып отурдук"
- Жамгырда бир нече жолу калдым. Жакында эле кызым экөөбүз көчөдөн келатып, катуу жамгырга кабылдык. Эртең менен күн ачык эле тургандыктан, кол чатыр албай чыгыптырбыз. Кечке жуук жамгыр төгүп кирди. "Кызым ооруп калбаса экен" деп, жамгыр басылганча эки үйдүн ортосунда камалып, эч жакка жылбай отурдук. Эмнегедир мага катуу нөшөрдө бир да жериң суу болбой, кол чатырдын алдында корголоп турган аябай жагат. Ошондуктан бала кезимде ата-энем сатып берген кол чатырларды жоготпостон, эстеликке сактап койгом.


Урмат Усенов, ырчы:
"Шөлпөйүп, нөшөргө далымды тостум"
- Бала кезимде жайкы каникул сайын жайлоого барчумун. 5-класс болсом керек, мал кайтарып отурсам, нөшөр башталды. Ээн жерде жамгырдан жашына турган жер жок болгондуктан, шөлпөйүп бир орунда нөшөргө далымды тосуп туруп бердим. Мойнумдан аккан суу, багалегиме кирип, үшүгөнүмдөн титиреп, тийип турган күн көзүмдөн учкан эле. Бир топтон кийин күндүн көзү көрүнгөндө дөбөгө чуркап барып, кийимдеримди чечип, курганганым азыркы күнгө чейин эсимден кетпейт. Бул табигый жамгырга кабылганым. Ал эми "Жазгы жамгыр" аттуу ырымдын клибин тартып жатканда, жамгырдын ордуна унаа жуучу шланг менен муздак сууну үстүмдөн ылдый куюшканычы... Дагы жакшы, кайра-кайра ысык чай ичкендиктен, ооруп калган эмесмин. Кантсе да, табигаттын шатырап жааган жамгырына жетпейт да. Ошол учурда машине менен зуулдап, жамгырга каршы жүргөндү жакшы көрөм.


Алтынай Нарбаева, ырчы:
"Көйнөгүм денеме жармашып..."
- Жамгырда калган өзгөчө ырахат да. Ушул кезге чейин нөшөрлүү жамгырга эки жолу кабылгам. Биринчиси, анда мен 6-класста окусам керек. Бир күнү музыкалык мектептен келатсам, аябай нөшөр төктү. Айыл менен мектептин ортосундагы жалгыз аяк жолдо ары кете албай же бери келе албай туруп калдым. Бир убакта жамгыр катуулап, чагылган чартылдап, жол менен сел да жүрүп кетти. Бутумдун баары баткак, көйнөгүм денеме жармашып, калчылдап калдым. Денем кичине муздаса эле ичим оорумай адатым бар эле да. Шалпылдап суу болгонум аз келгенсип, ичим бурап ооруп, үйгө чейин көргүлүктү көрүп барганым эсимден кетпейт. Экинчи ирет студент кезимде дагы ошондой катуу жамгырга кабылгам. Жамгыр адамдын жан дүйнөсүн тазалайт деп ойлойм. Азыр эми жамгырда калып, тазаланайын десең машине менен жүрөсүң да (күлүп).


Жанета, ырчы:
"Нөшөр мөндүргө айланып..."
- Бир жолу балдарымды алып, көчөгө эс алганга чыксак, катуу нөшөр төктү. "Басылганча күтө туралы" дегиче болбой жамгыр уламдан-улам күчөп, нөшөрдөн мөндүргө айланса болобу? Көчөдө жүргөн элдин баары ызы-чуу, ар кайсы бактарды корголоп жүрүшөт. Көпчүлүк менен кошулуп, биз дагы жолдун боюндагы жайкы кафеге кирип кеттик. Анан шамал башталып, бир заматтын ичинде бактар сынып, кыскасы, эмне болуп кеткенин түшүнбөй калганбыз. Негизи жамгыр жаап жатканда үйдө болуп калсам, терезе, каалгаларды ачып коюп, уктаганды жакшы көрөм.


Айнура Касымова