Алп жылдыздар бүркүмүнөн

Атак-даңктуу жылдыздардын оюна нелер гана келбейт?
Айрымдары барган жеринен көк түстөгү ванна талап кылса, айрымдары жүздөгөн сүлгү алып келишин суранышат. Эми бул жоруктар батыш, Голливуд алптарына жарашса керек. Ал эми биздин шоу-өкүлдөрү гастролдоп барганда эмнелерди талап кылышат болду экен?


Рики Мартин перидей сулуу көрүнгүсү келет
Белгилүү ырчы Рики Мартин барган жерине баш айланткан талаптарды коет. Алардын бири мейманканадагы Рикинин бөлмөсүндөгү жарыктын өңү сөзсүз сары болушу керек. Анткени, ушундай гана жарыкта ырчы терисинин күнгө тегиз күйгөн сыяктуу көрүнөрүнө ишенет. Эгер бөлмөгө сары жарык берилбесе, ал мейманкананын жетекчилиги катуу сөгүш алат жана ырчы экинчи жолу ал мейманканага таптакыр келбейт.


Бекчоро:
"Рикинин жоругу бизге жарашпайт"
-Рики Мартиндин антип эркелегенин түшүнсөк болот. Ошончо атактуу болгондон кийин каалаганын кылышат да. Анүстүнө анча-мынча нерселер батыштыктарга жараша берет. А бизге анткен болбойт го. Биз деген кыргызбыз, меймандос, түшүнүктүү, айкөл калк келебиз. Мейман болуп барган жерде "ырчымын" деп эле акылга сыйбаган нерсени талап кылуу уят. Сары түстөгү жарык тургай айрым учурда таптакыр эле шарты начар жерлерге барып калган учурлар болот. Анан конок койдон жоош болуп, өз милдетибизди аткарып коюп кете беребиз. Шартты да түшүнүш керек. Андай обу жоктук бизге жарашпайт.


Мерилин Мэнсон мышыктын дааратканасын колдонобу?
Ырынан биринчи өзүнүн оригиналдуу кебетеси менен көрүүчүнүн эсинде калган Мерилин Мэнсон гастролдоп барганда, уюштуруучулар сөзсүз мышыктын дааратканасын даярдап коюшу керек. Кызыгы, Мерилиндин мышыгы жок, эч качан болгон да эмес. Анан эмнеге мындай кызыктай каалоосу бар? Же?..


Дархан:
"Биринчи чыгармачылыгыңды тартуула"
-Мен муну анын айласы кеткендеги жоругу деп эсептейм. Анткени, ал чыныгы таланты менен анча деле көп күйөрман топтой алган жок. Мисалы, өткөн жылы миллиондоп чыккан дискинин 20 миңи гана сатылыптыр. Ошондон кийин аны менен иштешип жаткан чыгармачыл топ да андан баш тартышкан. Менимче, биринчиден, элге талантыңды тартуулашың керек, андан кийин гана өз кызыкчылыгыңды көздөсөң болот.


Земфира көк гана түстөгү ваннага түшөт
Концерт коюп барганда Земфиранын бөлмөсүндөгү ваннанын түсү көк болбосо ырчы чоң чатак чыгарат. Анткени, башка түстөгү ваннага түшүү ага таптакыр жакпайт экен. Болгондо да ваннасын биринчи атайын кызматты чакыртып, тазалыгын бир нече жолу текшертет.


Аида Кулуева:
"Мага ысык суу, тазалык болсо…"
-Мен Земфиранын ал жоругуна жаман же жакшы деп так кесе баа бере албайм. Ар кимдин каалаганы ар башка. Эгер Земфирага көк түстөгү ваннага түшүү жакса, айла жок, тегерегиндегилер аны уюштуруп берүүсү керек. А жеке өзүм жөнүндө айта кете турган болсом, мага ваннанын өңү роль ойнобойт. Болгону анда ысык суусу болсо болду. Анан тазалыкка да өзгөчө көңүл бурам. Жата турган төшөгүмдөгү шейшептер таза жана үтүктөлгөн болушу керек.


Киркоровго Лимузин!
Орус жылдызы Филипп Киркоровдун концерттеринин уюштуруучулары ага ак лимузин, мейманканадан президенттик номер жана 30-40 милиция кызматкерлеринен турган кайтаруучу топ даярдап бериши керек. Бул ырчынын дайыма койгон шарты.


Бакыт Букаев:
"Биздин дараметибиз Киркоровго жетпейт"
-Мен сулуулар конкурсун өткөрүп же тамадалык кылып барган жерден жашай турган бөлмө менен даамдуу тамак гана талап кылам. Ал эми лимузин, президенттик бөлмөгө азыр биздин дараметибиз жете элек да. Балким андай учурлар бизге, Кыргызстанга, дагы качандыр бир кезде келер. Бирок, азыр эл менен эл болуп эле жүрөбүз. Талап коймок тургай кээде өзүбүзгө талап коюшат. Көп эле учурлар болот, чакырган тараптан көз каранды болуп каласың.


Пи Дидиге 204 сүлгү керек
Пи Диддинин каалоосу тегерегиндегилердин кыжырына тийеринде талаш жок. Анткени, ал бөлмөсүндө 204 сүлгү, 20 самын, эки бөтөлкө Hennessy коньягы, Dom Perignon шампаны, Grey Goose арагы, магнитофон жана ак түстөгү розалар болушун талап кылат. Бул анын каалоосунун жарымы гана.


Асия:
"Жылдыздардын аты өчүп баратканда айласы кетет"
-Пи Диддинин мындай каалоосу чыныгы анын каалаганы эмес экени түшүнүктүү. Бул жерде продюсерлер чоң роль ойнойт да. Алар жылдыздардын кадыр-баркын ого бетер көтөрүш үчүн ушул сыяктуу көпчүлүккө жакпаган нерселерди ойлоп табышат. Өзгөчө аты өчүп бараткан жылдыздар ушул ыкманы колдонушат. А бизге ал жарашмак беле? Өзүбүз жөкөнөй эле элден, кедей-дыйкан үйбүлөсүндө төрөлүп өскөн адамдар болсок. Анан биз бир жерге барып алып, "мага 204 сүлгү керек" десек чалкасынан кетишет. Эгер аксөөктөрдүн тукуму болуп, үлпүлдөгөн шартта чоңойсоң башка кеп. Анан обу жок нерселерди талап кылган болбойт бизде. Бирок, чет өлкөгө чыкканда, мага продюсерим ушул сыяктуу талаптарды кой десе, мен аткарам. Ал жакта бул нерсе кадыресе көрүнүш да.

Бегимай БАКАШЕВА