Көзачыктар көчөсүндө

Кубатбек Жакыпов, И.Арабаев атындагы КМУнин доценти, акын:
"Көтөрүп алган кызыңар, көрүнө тойдо осурат..."
Аян деген сөздү укканда эле түшкө кирген аянды элестетебиз. А чындыгында кайыптан келген аяндарга көпчүлүгүбүз ишене бербейбиз. Биздин каарман Кубат Жакыпов 2002-жылдан баштап, аяндын чындыгын чагылдырып, ата-бабадан калган мурасыбыз болгон макал-лакап, накыл сөздөрдү, кыргыздын жашоосу, турмуш-тиричилигине байланышкан аян ырларды жазып келет. Кубат мырзага аян көбүнчө сезим, туюм аркылуу берилсе, кээде ар кандай үндөр аркылуу угулат экен.

- Кубат мырза, кайыптан келген аян ырларды ар бир адам эле жаза бербейт эмеспи. Сизде мындай сезим кантип пайда болду?
- Кайыптан келген ырларды жазып калганыма кененирээк токтоло кетейин. 2002-жылы катуу ооруп калдым. Ага чейин арак ичсем кыйналып, башымдын кан басымы көтөрүлө берчү. Бир күнү университетте ачык сабакта отурсам, температура болуп, башым ысып, бир кызыктай ооруп баштады. Чыдабай үйгө барып, жатып калдым. Мурдагыдан башкача ооруп жатканын сезип, кошуналарга дем салдырып, киренелетип койдум. Келинчегим Майрам, Тамара деген менин бакшы курсташыма барып жүрчү. Мен төшөккө жатып калгандан кийин Тамарага барса, "Кубат түлө жасасын" деп чоң аталарыңар аян берип жатат" дептир. Мен "жазында малдар арык, кайдагы түлө" деп баш бербей койгом. Үч-төрт күндөн кийин келинчегим дагы келди, "Тамара эжеге барсам "чоң атаңар дагы белги берди. Кубат төрт күнүн өткөрүп жибериптир. Үч күн убактысы бар, эгер түлө кылбаса алып кетебиз" деп түлөгө ак козу соёрумду, ал койду ким мууздаш керектигин, кимдерди чакыраарымды келинчегиме түшүндүрүп бериптир. Анан жан керек да, атам менен байланышып, тууган-урукту чогултуп, түлө кылдым. Кыргызчылык жактан устатым болгон Шакен эже, курсташым Тамара баары келишти. Мен болсо ар кимди карап алып эле буркурап ыйлайм. Шакен эже атама карап, "аракты таштабасаңыз болбойт. Балаңыздын ыйы жөн ый эмес. Аракты тандаңыз же балаңызды тандаңыз" деп кесе эле айтты. Атам аракты аябай ичпесе дагы "мындай тез ылдамдыкта таштайм" деп ойлобосо керек. Анан "мага бала керек" деди. Элдин баары бата кылып, жакшы ниеттерин айтып кетишкенден кийин шалдырап эле отуруп калдым. Эмнеге ыйлап жатканым, эмнеге калчылдап башым ооруганы басылып, түш көргөндөй эле болдум.
- Түлөдөн кийин сизге кандай белгилер сезиле баштады?
- Түлөдөн кийин мени "намаз оку" дешкен. "Университетте иштесем, кайдагы беш маал намаз" деп, таңкы багымдат намазын үйрөнүп, окуп жүрдүм. Үйгө бир күнү Тамара келип калды. "Бабаларың айтып жатат. "Балам төрт маал намазын каза кылууда. Беш маал намазды толук окусун. Кара теспе сатып алыптыр. Биздин тукумда кара теспе тарткан эч ким болгон эмес" деп айтса, оозум ачылып калды. Чын эле борбордук мечиттин жанынан мөлтүрөгөн кара теспе сатып алгам. Ошентип, бир топ убакыт өтүп, устатым Шакен эже, курсташым Тамара менен мурдагыга караганда көбүрөөк байланышып калдым. Бир күнү Шакен эже "Кубат, мага асмандан түшкөн ак кагаздар белги болуп жатат. Бирок, эмне болоорун түшүнбөй жатам. Ушу сен жазат окшойсуң" деп калды. Ага чейинки белгилер туура болуп жаткандыктан ага да ишендим.
- "Аян, кандай болуп келет болду экен?" деген суроо сизди кызыктырса керек?
- Ооба. Мен сага бир кызыкты айтып берейин. Эжем Анархан экөөбүз Ак эне деген келинге бардык. (Өзүнүн аты Акмарал. Кайыптан келгендер менен түз байланышта, Ырысбек Качыкеевдин "Арбактар сүйлөйт" деген китебин жазган). Сеанста отурсак, эки колум башка бирөөнүн колундай эле кыймылдап бата кыла баштады. Өзүм бир кызыктай болуп, "өзүңдүн мүчөң өзүңө баш бербей калат деген эмне?" деп таң калдым. Көрсө кайыптан келгендер мага бата кылганды үйрөтүп жатышыптыр. Ошол күнү Анархан эжемдикине жатып калдым. Диванда жатсам эле мени катуу нерсе басып калды. Бирок, көзүбүзгө эч нерсе көрүнбөйт. Эжемдер мени карап турушат. Бир маалда кулагыма "операция жазайбыз" деген алгачкы үндөр угулду. "Кудай сакта, ушинтип жинди болуп каламбы? Кандай операция?" деп жүрөгүм түштү. Бутумдан төбөмө чейин бир нерселерди алып жаткандай сезилди. Көздөрүмө келгенде каректерим тегерене айланып, чыгып кетчүдөй болду. Ошентип, таңга маал мени тазалап бүтүштү окшойт. Эртең менен жумушка баратсам, моюнум ооруп калыптыр. Шылкыйып келатсам, "башыңды өйдө көтөрүп, койкоюп бас" деген үн угулду. Моюнумдун ооруп жатканына карабай, чиновниктердей кылып башымды зыңкыйтып койду. Эми өзүмдүн көлөкөмдү көрүп алып күлкүм келет десең...
- Анан кайсы күнү аян келди?
- Жаңы жылдын алдында өзүнчө эле башкача болуп, маанайым көтөрүлүп, ыр жазгым келди. Келинчегиме "ай, кагаз алып кел, ыр жазат окшойм" дедим. Бир убакта өзүмдүн кол жазмам менен эмес, бөлөк бирөөнүн суп-сулуу кол жазмасы менен каза болгон чоң атам тууралуу, күнүмдүк жашоого байланыштуу ырлар шатырап жазыла баштады. Өзүм эмне ыр жазаарымды билбейм, бирок, жаттап алгансып жыйырма куплеттей ыр жаздым.
- "Аян ырлар" аттуу алгачкы китебиңизге бийлик тууралуу келген аяндарды коштум дедиңиз эле?
- Ооба. 2005-жылдын 24-март күнү Кыргызстанда тарыхый чоң окуя болуп өтпөдүбү? Анын ыңкылап болгонун же чыркырак болгонун тарых таразалаар. Түнкү таламайдан кийин төмөндөгүдөй маалымат келип түштү.
Туура чечим чыгарып,
Туусун жыктың чыңалып.
Туйтунушту жакшы эле,
Тукумдары кул анык. (Акаевдин үйбүлөсү тууралуу айтып жатат).
Сокур экен көздөрү,
Соолсун, балам өздөрү.
Соордон туруп чакырдың,
Сонун бир болду өзгөрүү.
Уят болду элине,
Ууккан жетип чегине.
Ушундай болот акыры,
Улуктар кетсе тегине.
Суранам, балам, өзүңөн,
Сени укпайт алар өкүнөм.
Сулайман кылбай мөөнөтүн,
Ашырбас кылсын экиден. (Эмки президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу айтылды)
Тойлошуп азыр сүйүнүп,
Тополоң жаштар биригип.
Токочун алса бирөөнүн,
Тозокко түшөр күйүнүп. (Мородерлор жөнүндө айтып жатат)
Кубанса элиң чек менен,
Кул кызы кетти кек менен.
Кудайдан жардам болбосо,
Каргаша болор көптөгөн.
- Андан кийинки президент К.Бакиевге кандай аян айтылды эле?
- Кыйналды кыргыз баласы,
Кылымдап бүтпөй талашы.
Кыркууда күрөө тамыры,
Кычыткы сөздөр жарасы.
Катыны элди башкарып,
Кааласа эрин ташка алып.
Кабанаак иттей талашып,
Каршыккан жерден акча алып.
Тарыхы элдин булганды,
Таалайсыз нечен тул калды.
Тапсаңар боло чогулуп,
Тантыган Кудай урганды.
Чап кенедей жабышып,
Чакмактай торун жайышып.
Чардаган эле "чантулар",
Чакалап алтын табышып.
- "Чанту" - деген сөзгө жазып жатып түшүнгөн жокмун. Тактоо үчүн "Кыргызча-орусча" сөздүккө кайрылганда "Чанту"- кытай тилинен кирип "мусулман" деген маани берет экен. Демек, Кытайлар дунгандарды "чанту" деп атаса керек, кайыптар Бакиев Закиржан жөнүндө айтып жатат го деген түшүнүк келди.
Көк кенедей жабышып,
Көрүнбөй торун жайышып.
Көбүшкөн эле көркоолор,
Көпөстүк жолго салышып.
Дайыны журтка билинип,
Дардестер улам жинигип.
Дабасыз болуп турганда,
Дал сокту жаштар биригип.
Ушуну көрмөк падышаң,
Уйпалды болуп саны сан.
Уулуна бермек кезекти,
Убайда калып алты сан.
Чамгарагың орносун,
Чамаңды Кудай оңдосун.
"Чантусуз" таза кургула,
Чаң тийбес кыргыз ордосун.
- Демек, К.Бакиевдин бийликке келишин кайыптан келгендер жактырышкан эмес экен. А азыркы бийликке кандай аян келүүдө?
- Азыркы президентибизди дагы жактырбагандай сезилүүдө.
Көчүңдүн алды тосулат,
Көзүңдүн жашы жошулат.
Көтөрүп алган кызыңар,
Көрүнө тойдо осурат.
Калкыңдын жашы кургасын,
Кас душман канжар урбасын.
Капилет сатып кетпесин,
Каныша болгон ургаачың...
- Кайыптан келген сезимдерди кагазга түшүрүп жатканыңызга элдин пикири кандай болууда?
- Бийлик тууралуу аян ырлар келгенде окуган тааныштарым "сен бийликтегилерден коркпой кантип жазып жатасың?" деп сурап калышат. Мага Алла Талладан келип жатса, эмнеге коркмок элем. Бул жерде оюмдан чыгарган эч нерсе жок. Бул ыр саптарынын баары меники деп айтпайм. Бул кайыптан келген аяндар. Менин максатым элди ынтымакка чакырып, ыйманга үндөө. Көпчүлүгү ишенбөөсү мүмкүн, бирок, китептеримди окуп, терең түшүнгөндөн кийин таразалай билишет деген ойдомун.

Айнура Касымова