Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_9.htm on line 2


п»ї

  Диктатор сабак

Жоругу жорго Ким Чен Ир
Дүйнөлүк диктаторлор анабашысы Ким Чен Ир Түндүк Корея башына 1994-жылы келген. Тактыны атасы Ким Ир Сенден мурастап алган бул жолбашчы расмий өмүр баянына "мен Түндүк Кореядагы эң бийик тоо Пэктусенде жарык дүйнөгө келгем" деп жазган. Айтымы, ал төрөлгөн маалда асманда жаңы жылдыз жаралып, нур жааган имиш...


Командир уулу...
Чынында Ким Чен Ир 1941-жылы 16-февралда Хабаровск крайындагы, Вятск кыштагында туулган. Бул маалда анын атасы япондорго каршы, корейлер менен кытайлардан түзүлгөн Кызыл армиянын 88-аткычтар бөлүгүнүн командири болгон. Кореяга Ким Ир Сен 1945-жылы көчүп барган. Советтер Союзунун жардамы менен 1948-жылы премьер-министр болуп дайындалган. Узак жылдар мамлекетти башкарып, 1994-жылы жүрөк ооруудан каза болгон. Ал эми Ким Чен Ирди тогуз ай көтөргөн Ким Чен Сук 1949-жылы төрөттөн көз жумган.
Түндүк Кореяда Ким Ир Сен күнү бүгүнкүчө кадырлуу. Жыл сайын туулган күнү майрам катары белгиленет. Миңдеген кореялыктар анын денеси коюлган "Кымсусан" мавзолейине гүл коюшат. Өмүр баяны, эмгек жолу мектепте, ЖОЖдо сабак катары окутулат.

"Болор бала богунан"
Ким Чен Ирдин саясый карьерасы студенттик кезде башталган. 1980-жылга чейин атасынын ишенимдүү колу болуп, ага каршы чыккандар менен аеосуз күрөшкөн. 1983-жылы Бирмадагы терракттан 17 адам жан берген. 1987-жылы Түштүк Кореяга тийиштүү авиалайнер жарылып, 115 адам өлгөн. Кийин бул трагедиялуу окуяларга Ким Чен Ирдин катышы бары ачыкка чыккан.
1995-жылдан тарта Түндүк Корея марксизмди четке кагып, Сонгун идеологиясын кабыл алган. Ага ылайык, Ким Чен Ир өзүнө "жогорку лидер" деген даража ыйгарган.

Ким Чен Ир фашистпи?
Мындан 4-5 жыл мурда Ким Чен Ирдин балачактагы мугалими, профессор Ким Хён Сиктин макаласы америкалык "Foreign Polisy" журналына басылган. Анда ал Түндүк Кореядагы тирукмуш жоруктарды ашкерелеп, "тартынчаак, майболпоч бозуландан кийин мыкаачы өсүп чыкты" деп жазган.
Профессордун макаласына таянсак, Ким Чен Ирдин идеялары фашизмге үндөш. Буга "генди тазалаш керек" деп бир жылдары майып, оорукчан адамдарды кырдырып салганы мисал.
Учурда Түндүк Кореяда 200дөн ашык концлагерь бары маалым. Барса-келбес бул жайда Ким Чен Ирге көзү түз эмес адамдар үйбүлөсү менен камалып жатат. Так эмес маалыматка таянсак, корей диктатору бийликке келгенден бери 2 миллион адамдын башын жуткан.

Чыгармачылык жаатта
Ал киноман. Коллекциясында 20 миңден ашуун орус жана кытай фильмдери бар. Бир жолу ага "007 Агенти" тасмасын көргөзүшкөн. Бирок, диктаторго Жеймс Бонддун жүрүштөрү жаккан эмес. Айрыкча, анын Түндүк Кореяга жасаган чабуулун көргөндө жиндеп, жанында отурган маданият министрин калемсап менен сайып салган. Анан батыштын ыплас идеологиясын сөгүп, жарым сааттан ашык лекция окуган. Түндүк Корея лидери атасы тууралуу бир нече тасманын сценарийин өзү жазган.
Жеке сапаты
Акыл көрөңгөсүнүн деңгээли орто, 105 коэффициент. Жаш чагында аскердик окуу жайга тапшырып, толук бүтүргөн эмес. Андан соң Пхеньян университетинде окуп, атасынын кадыры менен диплом алган. Китепти сүйүп окуйт. Көбүнчө фантастикалык чыгармаларды жактырат. Эс-тутуму күчтүү. Кол астындагылардын телефон номерин, почта дарегин жатка билет. Бир нече жыл мурун ат үстүнөн кулап, аман калгандан бери астротөлгөгө ишенет. Көзү ачыктардын кызматын пайдаланып, аларга кеңешмейин иш баштабайт.

Чийки балык, жылаңач бийчилер...
Ким Чен Ир орустун эски ырларын угуп эс алат. Алла Пугачеваны баалайт. 1989-жылы аны эки жолу чакырып, концертин уюштуруп берген. Гольфко кызыгып, кымбат автоунааны, асыл тукум жылкыны жакшы көрөт. Ичкиликке жакын. Француз коньягын кайда барбасын ала жүрөт. Жапон ашканасынын күйөрманы. Анын бир кездеги Кужимото аттуу жеке ашпозчусу "ал шарапка жуулган, чийки балыкты аймагандан рахат алчу" деп эскерген. Кужимотонун айтуусунда, диктатор жума сайын стриптиз бийчилерин алдырып, шаан-шөкөт өткөрөт.

100 бала, мураскер ким?
Корей салты боюнча падышанын ордун тун баласы басышы керек. Бирок, анын улуу баласы Ким Чен Нама 2005-жылы Токиодон жалган паспорт менен кармалган. Бул окуя атактуу үйбүлөнүн беделине кыйла көлөкө түшүргөн. Душманга күлкү кылган уулун диктатор кечирген эмес. 2008-жылы ал кичүү уулу Ким Чен Унду мураскер деп жарыялаган.
Ким Чен Ир өмүрүндө үч жолу төшөк жаңыртып, 13 бала көргөн. Ал эми бейнике төрөлгөн балдарынын саны жүзгө жетет.

Ким Чен Ир эчак өлгөнбү?
2008-жылы жапондордун "Сюкан Гэндай" аттуу жумалык басылмасы "Ким Чен Ир 2003-жылы эле өлгөн. Мамлекетти ага коендой окшош адам башкарат" деп жазган. Мындай кептин чыгышына 2008-жылы Ким Чен Ирдин көрүнбөгөнү себеп болгон. Ал жада калса Түндүк Кореянын 60 жылдык мааракесине да барган эмес. Ага удаа эле "Ким Чен Ир инсультка чалдыгып, Кытайдын эң мыкты дарыгерлеринин көзөмөлү астында" деген кабар дүйнөнү дүңгүрөткөн. Бирок, Түндүк Кореянын башкаруу кеңеши муну четке кагып, Ким Чен Ир эл алдына чыккан.

Ким Ир Сен тирилгенде...
Ким Чен Ир үчүн атасынын өлүмү оор сокку болгон. Бийликке келгенде эл аны Ким Ир Сендей кабыл алган эмес. Толкундоолор күчөгөндө, лидер чара көрүүгө аргасыз болгон. Ал курал жардам бербесин түшүнгөн. Ошол себептүү, амалдуу кадамга барып, "Ким Ир Сен тирилди" деген ушак тараткан. Бул кабардан соң өлкөнүн туш тарабынан Пхеньянды көздөй агылгандардын саны көбөйөт. Аянтка жетиштүү эл топтолгондо, күн мурунтан атайын даярдалган топ "Ким Ир Сен көзүн ачты" деп кыйкырып, мавзолейден чуркап чыгышкан. Эртеси күнү кореялык гезиттердин баары "Ким Ир Сен уулуна мамлекет тагдырын табыштап коюп, кайра түбөлүк жайга кетти" деп жазып чыгышат. Бул сценарий 100% өзүн актаган. Корейлер ошондон бери Ким Чен Ирди "улут атасы" көрүп, сыйынып келет.

Путинди "кидать" эткенде...
Түндүк Корея акыркы 5-6 жылдан бери ядролук куралдарын сынай баштаганы маалым. Дүйнө лидерлери бул иш-аракетти токтотууга канча сүйлөшүү жүргүзсө да, майнап бере элек. Бир ирет Ким Чен Ир ядролук программаны токтотууга убада кылып, В.Путин менен кол алышкан. Бул кабар дүйнөгө чагылгандай тараган соң кайра "тамашалап койгом, аны орус жолбашчысы түшүнбөй калыптыр" деп танып, туруксуз лидер экенин далилдеген.
Батыш эксперттеринин айтымында, ядролук курал Ким Чен Ирдин акыркы көзүрү. Такай ушул маселени бетке кармап, өлкөгө гумжардам алганга маш. Антпесе, жакырчылыкка белинен баткан эли бир күнү өзүнө каршы көтөрүлүп чыгарын жакшы билет.
Таалайгүл Жаныбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??