Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_8.htm on line 2


п»ї

  Архивди аңтарып: сенин ким экениңди кечээгиң аныктайт!

Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
2007-жылы декабрда өткөн шайлоодон кийин, бийликке кызмат кылган саясый аналитиктер "оппозиция өлдү" деп жарыя кылышты. Эски оппозиция тарыхта калып, анын ордун жаңы формациядагы, жаңы күчтөр ээлеш керек деп, байма-бай бийликти колдогон ММКлар аркылуу жар салып, атайын маалымат кампаниясын жүргүзүштү. Жаңы оппозиция жөн жерден, тез эле пайда болбойт. Ал айыгышкан күрөшкө түшүп, болоттой чыңалып пайда болот.

2008-жылы январда Аликбек Жекшенкулов "Акыйкаттык үчүн" кыймылын түзүп, дээрлик оппозициянын башын бириктирди. Көп узабай эле "Коомдук парламент" түзүлүп, ал жерде коомдун көйгөйлүү маселелерин талкуулай башташты. 2008-жылдын апрель жана ноябрь айларында эң чоң Курултайлар болуп өттү. Оппозициялык күчтөр болуп көрбөгөндөй состав менен бир чоң күчкө айланышты. Курултайдан курултайга бул кыймылдын сапаты жана составы да өсө баштады. Акыркы жолу өткөргөн ноябрь айындагы курултайда бириккен оппозиция өлкөнүн жаңы өнүгүү Концепциясын сунуштап, бул жаңы саясый программа көпчүлүктүн колдоосу менен кабыл алынды. Мына ушундай иш-чаралардын "мотору" А.Жекшенкулов эле. Бирок, ал кезде оппозиция эки канатка бөлүнүп турган, бирөө "Акыйкат үчүн" кыймылы, экинчиси Революциялык комитет болчу.
2008-жылы декабрда бул эки кыймыл биригип, Бириккен Элдик Кыймыл деген оппозициялык күчтү түздү. Бул биригүү өзүнөн-өзү пайда болбосун далилдеди. Ал эми бийликке кызмат кылган саясый таануучулар болсо: "2015-жылы гана жаңы оппозиция - жаңы саясый элита пайда болот" деп өздөрүнүн айткан сөзүн дагы беш жылга артка жылдырышты.
Окуя оппозиция үчүн болуп көрбөгөндөй пайдалуу болуп, алар күндөн-күнгө бирдиктүү болуп, сапаты, саны, күчү да көбөйө баштады. Көз каранды эмес саясый таануучулар жана бийликтин саясый таануучулары: "Оппозиция такыр бириге албайт, булар азыр бир да, анан кийин президенттик шайлоо башталганда бири-биринин алдында өз амбицияларын тарта албастан, өз алдынча тарап кетишет" деген идеяны айтып жатышты.
Курултайга келген оппозициянын жактоочулары бир гана негизги маселени коюп жатышты: бул "амбицияңарды тыйгыла, оппозициянын атынан бир гана кандидатурага токтолгула да, ошол кандидат үчүн баарыбыз бирдиктүү, чогуу туралы. Эгер бөлүнсөк, үйбүлөлүк криминалдык система менен күрөшө албайбыз, ал бизди бир-бирден жөн гана жеңип коет" деген сунуш болчу. Бул тууралуу баардык Курултайларда чечимдер кабыл алынды, форумдарда сунуштар айтылды. Оппозиция лидерлери өз ойлорун билдиришти.
Акыркы алты ай ичинде оппозициялык маанайдагы массалык маалымат каражаттары "Улуттук лидерди издейбиз" деген темадагы ачык талкууларды жүргүзүп, бул тууралуу жазып келишти. Бул маселе оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын дагы негизги маселеси болчу. Бул маселе официалдуу түрдө 2008-жылдын февраль айында БЭКтин саясый бюросунун күн тартибине коюлат. Ал маселе талкууланган отурумда "Ата Мекен" Социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого барбастыгын жарыялайт. Бул маселе тууралуу "Айгай" гезити: "БЭКтин дээрлик баардык мүчөсү Темир Сариевдин кандидатурасын колдошту, ал бүткүл уюштуруу, финансы жоопкерчилигин өз мойнуна алды" деп, бир нече сан бул маалыматты жарыялап турду.
Күтүүсүздөн 2009-жылдын 20-мартында президенттик шайлоо белгиленип, президенттикке талапкерди жылдыруу мөөнөтү да чукул болуп, ал 20-марттан башталды. Оппозициядан да тез арада бирдиктүү кандидатура жылдыруу зарыл эле. Жоопкерчиликти Сариев өзүнө алганы менен, президенттикке талабын коеру же койбосу ачык болбой, чечим кабыл алып, акыркы жообун бере алган жок.
БЭКтин саясый кеңешинин мүчөлөрүнүн берген интервьюсунда: "Атамбаев баарына - Текебаевге, Бешимовго, Сариевге, Байболовго жол берип, силер баргыла, кимиңер барсаңар да мен силерди колдойм" деп бир ай толук, 20-апрелге чейин күткөнү маалым болду. Ошентип, жаш саясатчылардан эч ким чыкпагандыгына байланыштуу, БЭК кыймылынын бюросу 20-апрелде, президенттик шайлоо башталгандан бир айдан кийин, Алмаз Атамбаевдин кандидатурасына токтолуп, чечим кабыл алынат. 25-апрелде Арашан айылында 5000ден ашык киши катышкан Курултайда БЭКтин атынан Алмаз Атамбаевдин жана дублер катары Исмаил Исаковдун кандидатурасын көрсөтүштү.
БЭК 2008-жылы декабрда Сариев жана Бекназаровдун демилгеси менен түзүлүп, жаңы кыймылдын документтери Сариевдин офисинде бекитилген. Ал документтер төмөнкү негизги жоболорду камтыган: 1) Көпчүлүккө азчылыктын кыйшаюсуз баш ийиши; 2) Кыймылга кирген саясый партиянын жеке кызыкчылыгынан БЭКтин кызыкчылыгын жогору коюу. Бул жоболордун болушун жана керектигин Сариев менен Бекназаров башка мүчөлөргө ынанымдуу далилдеп: "Антпесе болбойт, эртең тарыхый сыноо келсе, ар бирибиз амбициябызды тыя албастан чачырап кетебиз" деп далилдешкен. "Бириксек ушинтип биригели, бирикпесек анда бирикпей эле коелу" деп жогорудагы жоболорду кабыл алдырышкан.
Бирок, БЭКтин бюросунда Темир Сариев: "Мен азыр президенттикке талапкерлигимди коер-койбосумду билбейм, менин артымда чоң саясый күч турат, бул "Ала Тоо ынтымагы" деген күч, ал жерде мурда өкмөттү, республиканы, региондорду, министрликтерди башкарган тажрыйбалуу, авторитеттүү аксакалдар бар, булар менин кандидатурамды кой деп жатышат, мен алар менен кеңешип, оюмду 20-апрелде айтам" деген. Бирок 20-апрелде да, 25-апрелде да айткан жок, ошондуктан БЭК өз чечимин кабыл алды.
Ал эми "Ак Шумкар" партиясы өзүнүн Курултайын 4-майда өткөрүп, өз лидеринин кандидатурасын президенттикке көргөздү. "Ак Шумкар" партиясынын логикасы жана кызыкчылыгы жөнөкөй: "Биз өз алдыбызча партия болуп түзүлгөндөн кийин, шайлоого катышуубуз керек, башка партиялар менен биригип тандем түзгөн партиялар коркок, өз күчүнө ишенбеген, алсыз партиялар" деп билдиришти. Эгер бул логиканы туура десек, анда оппозицияга кирген ар бир 12 оппозициялык партия 12 талапкер жылдырыш керек экен да, эмне үчүн бул логика БЭК кыймылын түзүп жатканда козголбостон, БЭК Атамбаевдин кандидатурсына токтолгондон кийин гана козголуп жатат. "Акшумкарчылар": "Бакиев баары бир утат, анан күзүндө жаңы парламенттик шайлоо жарыялайт, биз ага партияны даярдашыбыз керек" деген оюн жашырбастан, гезит беттерине жарыя кылып атышат, жолугушууларда айтып жүрүшөт. Бул жерде БЭКтин "Жеке партиялык кызыкчылыкты БЭКтин кызыкчылыгынан жогору койбош керек" деген жобосу одоно бузулуп жатат.
"Ак Шумкар" партиясынын мүчөлөрү: "Эгер башка партиянын лидерлери партия Курултайын өткөзбөстөн, өзүлөрү чечим кабыл алып коюшса, анда алар партия мүчөлөрүн адам ордуна көрбөйт, биздин лидер партия мүчөлөрүнүн сөзүн угуп туруп гана чечим чыгарат" деп айтып жатышат. Ал эми май айында өткөргөн Курултайына 50 делегат катышты, бул чакан уюм. Эмне үчүн оппозициянын ичинде кандидатура такталып жатканда "Ак Шумкар" партиясы Курултайын март айында же апрелде чакырган жок. Мунун өзү "курултай" деген шылтоо экендигин ачык көрсөтүп турат. Эмне Бакиевдин кагаз, ооз жүзүндө берген убадаларынан баш тартып, ар кандай шылтоо издөөсү биздин саясатчылардын баарына жугуп калганбы?
Акыркы кездерде "Ак Шумкар" партиясы бийликтин проектиси деген сөздөр болуп жатат. Муну биз "Ак Шумкар" партиясы бийлик менен сүйлөшүп алды дегенден алыспыз. Бирок, окуянын жүрүш логикасынан улам коомчулук мына ушундай ойго келет экен.
Мисалы: Темир Сариевди колдогон чоң күч "Ала Тоо ынтымагы" март айында эле "Биз оппозиция болбойбуз, баары бир Бакиев утат, аны менен кызматташалык. Эгер маселеңер болсо, үстүңөрдөн козголгон иштер болсо, бизге кайрылгыла, биз сүйлөшүп чечип берели" деп оппозиция мүчөлөрүнө кайрылышкан. "Ала Тоо ынтымагынын" төрагасы А.Муралиев, анын катчысы Э.Каптагаевге "Силер БЭКтен чыккыла же болбосо "Ала Тоо ынтымагынан" чыккыла" деп ультиматум коюшат. Алар "Бакиев менен сүйлөшүү ынтымагын эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн ачык, принципиалдуу күрөшөбүз, БЭКтин курамында калабыз" деп чечим кабыл алышып, төрагалык жана катчылык кызматты өткөрүп беришкен.
Дагы бир мисал, 25-апрелде Арашанда болгон БЭКтин Курултайына Сариев келип катышкан жок. Ал эми Алма-Атадан жаңы эле командировкадан келген Чолпон Жакупова: "Курултай өз максатына жеткен жок, ал жерде баягы эле эски адамдан, эл күткөн жаңы лидер, жаңы саятсачы көрүнбөдү" деп жарыя кылып ийди. Тарыхты карасаңар 2-3 ай ичинде БЭК түзүлсө, баары чогуу жүрсө, анан кантип эле ал жерге жаңы адам келип, жаңы адам кайдан пайда болуп калат эле? Жакупова айтып жаткан жаңы саясатчы, жаңы лидер ким эле? Бул тез эле анык болду, анткени, 4-майда өткөн "Ак Шумкар" партиясынын курултайынан кийин эле Чолпон Жакупова дагы бир жолу Бишкек пресс-клубуна берген интервьюсунда мындай дейт: "Мына жаңы күч, мен алардын ой жүгүртүүсүнө карап туруп Кыргызстанда жаңы күч пайда болгондугуна ынандым" деп жарыя кылды.
Бул 2007-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Акүйдүн саясый технологдору: "Эски оппозиция өлдү, анын ордуна жаңы оппозиция келиш керек, мына жакында келет" деп, анан ал айткандары оңунан чыкпай калып, кайра аны кийинкиге жылдырып, "Жаңы оппозиция 2015-жылы пайда болот" деген идеясы кайра жанданып, эми ал ишке ашчуга окшоп турат.
Анткени, ошол эле көз карашты бийликти колдоп турган саясат таануучулар жана гезиттер андан ары уланта баштады. Бийликке жан тартып турган "Московский Комсомолец" гезити андан ары бул ойду улап, минтип жазат: "Темир Сариев өз учурунда БЭКтен бөлүнүп чыкты, ал өз учурунда саясый келечегин камсыз кылды" дейт. Андан ары "Баары бир азыр Бакиев утат, Темир Сариев 2015-жылкы саясый карьерасына бүгүн жол ачты. Сен туура кылдын, тандаган жолуңан тартпа" деп аны шыктандырып жатат. Ушундай эле ойду бийликти колдогон башка гезиттер да жазып чыгышты.
Бийликти колдогон газеталар, Атамбаевди сындаган, Сариевди колдогон же нейтралдуу макалаларды байма-бай жарыялап жатат. Мисалы "Агым", Жалалабат облустук администрациясынын "Акыйкат", "Эркин Тоо", "Жаңы ордо", "Комсомольская Правда" жана башка гезиттер.
Бул маалымат каражаттарында Атамбаевди каралоо шайлоо логикасы менен түшүндүрүлсө, "Ата Мекен" партиясын сындоо эч кандай логика менен түшүндүрүлбөйт. Анткени, бул партия президенттик шайлоого өз кандидатурасы менен катышкан жок. "Ата Мекен" партиясын сындоо бул бүгүнкү жалпы эле оппозициянын аброюн кетирүү: "Эски оппозиция өлдү, жаңы оппозиция пайда болду" деген далалаты деп түшүнсө болот.
Үсөн Сыдыков Түштүк регионуна барып, өз партиясынын жыйынында "Биз Курманбек Салиевич менен сүйлөштүк, жаңы президентти шайлагандан кийин, кышка чейин парламенттик шайлоо өткөрөт, бугүнкү "Ак Жол" жарабай калды, ал жерге мына биздин партиядан да барат" деген оюн ачык айткан. Мына ушуга окшогон жалган үмүт, жалган кыялга "Акшумкарчылар" алданып, "Этин жебесек да, шорпосун ичебиз" деп партияны күзгү шайлоого даярдап, "Президенттикти утпасак дагы күздөгү парламенттик шайлоого партияны даярдап, парламентке барсак, ошондо 2015-жылга чоң даярдык менен барабыз" деп эски оппозиция досторунан бөлүнүп, аларды "тарыхтын эски калдыктары" деп жатышат.
"Ар Намыстан" Жогорку Кеңешке талапкер Анвар Артыков акыркы кездерде Атамбаевди бир нече гезиттерден сындап жүрөт, өзүнүн акыркы гезиттерге берген интервьюсунда Сариевди колдоорун билдирди. Артыковдун ал берген интервьюсу мамлекеттик гезиттерге көчүрүлүп басылып, жер-жерлерде бекер таратылып жатат. Ал эми Ф.Куловдун пресс-катчысы болуп жүргөн Азамат Калман редактор болгон "Лица" гезити Атамбаевди катуу сындап, ал эми башка беттеринде Бакиевди колдоп, мактап жатат.
Калыс, нейтралдуу деген маалымат каражаттары дагы, мисалы "Аалам" гезити: "Бакиев баары бир шайлоону утат. "Ак шумкар" партиясы парламенттик шайлоого азыртан даярданып, туура кадамга барды, келечектеги өз пайдасын камсыз кылды" деп ачыктан ачык жарыялап жатат.
Темике, сага ушундай келечектин кереги бар беле?
Мына ушуга окшогон окуя, фактылардын логикалык өсүшү "Ак Шумкар" "бийликтин проектиси" деген ойго түртүп жатат. Акүйдүн ырын ырдагандай. Массалык маалымат каражаттарын карасаң, оппозиция Бакиевди унутуп калып, эки жаатка бөлүнүп алышып бири-бирин сындоо менен алек. Бийлик ушуну каалаган, ошого жетишти.
Темир Сариевди "кандидатураңды кой, биз сени колдойбуз" деген аттуу-баштуу "Ала Тоо ынтымагы" деген кыймылдын лидерлери Т.Кулмурзаев, К.Алымкулов, К.Ашыралиев жана башкалар Бакиевге барып жолугуп чыгышты. Алар Бакиевге кирип, аны колдоорун айтып, оппозиция эместигин, аны менен шайлоодон кийин иштөөгө даярдыгын билдирип чыгышты. Булар колдомуш болуп жүрүп "Темир Сариевдин убалына калган жокпу?" деген суроо туулат. К.Алымкулов Сариевдин орун басары Болот Алымкуловдун атасы. Эгерде "Ата Мекен" партиясынын лидеринин орун басары Болот Шерниязовдун, же Дүйшөн Чотоновдун же СДПК партиясынын лидеринин орун басары Бакыт Бешимовдун аталары Бакиевге кирип: "Сизди колдойбуз, шайлоодо утасыз, сиз менен иштешебиз" деп чыкса, бул партиялар тууралуу эл эмне деп ойлойт эле?
Май айында Сариевдин гезиттерге берген интервьюсунда: "Мен партиянын баардык мүчөлөрүн айта албайм, анткени алар куугунтуктоого кабылышы мүмкүн" деген оюн айтып, "Ал эми партиянын колдоочулары абдан көп, биздин партиянын артында дагы аттуу-баштуу колдоочулар бар" дейт. Ал эми "Сары-Өзөн Чүй" коомдук бирикмесинин Ф.Кулов, А.Жумагулов баш болгон мүчөлөрү каз-катар тизилип Бакиевге ийгилик, жеңишке жетишин каалап кирип чыгышты. Ал жерде "Ак Шумкар" партиясынын Чүй облусу боюнча лидери генерал Б.Субанбеков, Т.Сариевдин ишенип жүргөн жакын байкеси генерал К.Кубатбековдор да бар. Мына ушундан улам келечектүү жаш саясатчыны аттандырып, оолуктуруп, шайлоого чыгарып, артка кайткыс кылып, андан соң "президентке кирип, кылган иштери тууралуу "отчет" берип атпасын?" деген суроо туулат.
"Учур" гезити,
11-июль, 2009-жыл





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??