Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_7.htm on line 2


п»ї

  Декретке каршы

Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотууда КР президенти менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү төмөндөгү жагдайларды эске алуулары зарыл деп эсптейм:
Биринчиден, 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө" мыйзамынын 1- беренесинин 1-пунктуна ылайык, сотторду шайлоонун, дайындоонун, мөөнөтүнөн мурда бошотуунун бардык эрежелерин камтыган "Сот бийлиги" алтынчы бөлүмү Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Жогорку Кеңешинин биринчи отурумунан кийин күчүнө кирмекчи.
Экинчиден, ушул эле мыйзамдын 1-беренсинин 4-пунктуна ылайык, төмөндөгү эрежелер күчүн жоготту деп эсептелинет:
- 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Респубикасынын Конституциясы толуктоолору жана өзгөртүүлөрү менен.
- 2007-жылы 23-октябрда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сот бийлигине арналган жетинчи главасы өз күчтөрүн жоготот.
Үчүнчүдөн, ушул эле мыйзамдын 1-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттун судьяларынын, алардын орун басарларынын ыйгарым укуктары жаңы Конституцияга ылайык жаңыдан шайлоо жана дайындоолорго чейин сакталат.
Төртүнчүдөн, 2007-жылдагы Конституциянын редакциясындагы жободо тиешелүү мөөнөткө чейин Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министринин ыйгарым укуктары каралган, ал эми Жогорку Соттун судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу механизми каралган эмес. Ал эми жергиликтүү соттордун судьялары сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук Кеңештин жоктугуна байланыштуу ишке ашпайт.
Демек, учурдагы укуктук боштуктун кесепетинен, сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими негизсиз.
Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларын мөнөтүнөн мурда бошотуу иш-аракеттери жаңы Конситуциянын 6-бөлүмү күчүнө киргенден баштап иштеши зарыл эле. Ооба, Убактылуу өкмөттүн мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдарынын функцияларын өз милдетине алышы жана мамлекеттик иштердин баары декрет аркылуу чечилишин революциялык кырдаал шарттады. Азыр болсо жаңы Конституция күчүнө кирип, жаңы укуктук талаа түзүлгөн соң, декреттин негизинде мамлекеттик башкаруу жөнсүз. Тактап айтканда, өткөөл убактын бардык маанилүү маселелерин көзөмөлдөөгө жол ачкан жаңы Конституциянын күчүнө кириши Убактылуу өкмөттүн болушун жана чечимдерди декреттин негизинде кабыл алууну шарттабайт. Жөнөкөй сөз менен айтканда, Убактылуу өкмөттүн декреттин негизине таяп, сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу жаңы Конституция күчүнө кире электе мүмкүн болмок, эми жаңы Конституция күчүнө кирген соң, Убактылуу өкмөт мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигиндеги башкаруу функцияларынан ажырады.
Конституциялык мыйзамдуулукту бузууга алып келген мындай аракеттерден улам, Жогорку Соттун жана жергиликтүү сотторду мөөнөтүнөн мурда ажыратуу чечими негизсиз жана бул чечимден баш тартуу сунуш кылынат.

Э.Өскөнбаев,
көз карандысыз эксперт, жаңы
Конституцияны иштеп чыгуу
боюнча жумушчу топтун мүчөсү




  Медалдын экинчи бети

"Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак..."
"Учур" газетасынын башкы редактору
А.Сартбаевге
Кайрылуу
"Учур" газетасынын өткөн бир санында "Медакадемиянын ректору Бакиевдин сүрөтүн неге айрыды?" деген макала чыгыптыр. Журналист катары али аты-жыты элдин катмарына билине элек Бекбол Айдаровдун авторлугу менен. "Бирөө көрүп айткан, бирөө көрбөй эле айтат..." дегендей болбош үчүн Бекбол мырза, Медакадемиянын алгылыктуу иштерин, же кемчиликтерин, мүчүлүштөрүн жазгысы келсе, жок дегенде бир күн жалпы жамаат менен баарлашып, азыркы чечилип жаткан маселелерди, келечекке кандай максат коюлуп жатканын талдап, таразага салып, жакшысын жакшы, жаманын жаман деп, анан барып өз оюн элдин элегине салганда дурус болмок. Кээ бир журналисттер бир жактуу жазгандан, бирөөнүн тапшырмасын аткаргандан качан баш тартаар экен? Макаланын башталышында эле Медакадемиянын ректору Ашыралы Зурдиновдун коллективде кадыр-баркы жок, бир тууган Бакиевдердин жардамы менен ушул орунга турду дейт. "Жаман көргөндүн бөркү казанбактай" деген ойго жетелетпей, автор А.Зурдиновдун басып өткөн жолуна аз да болсо сереп салып койсо болмок. "Дарак бир жерде көгөрөт" демекчи, Ашыралы Зурдинович Мединститутту бүтөөрү менен бул жерге окутуучу болуп жайлашып, кырк жылдан ашык Медакадемиянын ар кандай жооптуу кызматтарында иштеп келатат. Он жыл декандын орун басары, жаш окумуштуулар менен иштөө боюнча кеңештин башчысы, төрт жыл проректор болуп үзүрлүү эмгектенген. Ушундай кызматтарда жемиштүү, чыгармачылык менен иштөөнүн натыйжасында ректорлук кызмат ага ыйгарылып отурат. Демек, Ашыралы Зурдинович Медакадемиянын иштеринин "коен жатагына" чейин билет десек болот.
Макалада дагы ректорлук орунга, депутаттыкка шайлоо жүргөн учурунда өзүнүн кандидатурасын көрсөтүп, бирок өтпөй калган дейт. Терең ойлонуп көргөндө: биринчиден, кандай шайлоолорго болбосун, чабал адам батынып, катыша да албайт. Өзүнүн күчүнө ишенген, коллектив колдогондор гана барышы мүмкүн. Экинчиден, мыйзам чегинде, демократиялык жол менен катышса, анын эмнеси жаман? Жогорку Кеңешке Араван, Кара-Суу райондорунан бир пайызга жетпеген добуш алган дейт. Калптын да чеги болбойбу? Ал жерден он сегиз пайыз алып, шайлоо комитетине төлөгөн акчасын кайтарып алыптыр. "Жумурткадан кыр издөөнүн" эмне кереги бар эле бул жерден?
"Бакиевдин сүрөтүн айрыды, эски бийлик өткөргөн курултайга катышкан, Кыргыз Илимдер Академиясына мүчө-корреспонденттик наамды туура эмес алган" дешет. Сөздүн чынына келгенде Акаев, Бакиевдер башкаруунун башында турушканда, кимдердин гана кабинеттеринде алардын сүрөттөрү илинип турбаган? Бирок, "ушундай жалпы жагынуулар мындан ары болбойт" деп, ким кепилдик бере алат? "Балык башынан..." дейт. Жогору жактагылар "кой" демейинче, мындай көрүнүштөр кайталана бермекчи.
Ал эми курултайга студенттер, Медакадемиянын эмгек жамааты А.Зурдиновду делегат кылып көрсөтүп, анан шаардык чогулуштан да өтүп, курултайга катышып келиптир, мунун эмнеси күнөө? Эгерде курултайдын трибунасынан Бакиевди асман-айга жеткирип мактаса, жактаса анда башка кеп дээр элек. Академиянын мүчө-корреспонденттигине чоң окумуштуу, т.а. 300гө жакын чыккан эмгектери аркылуу эле камчы салдырбай өтүп кеткендиги бардык окумуштууларга маалым. Илимдин 4 докторун, 25 кандидатын даярдап чыгаруу ар кимдин эле колунан келе бербейт да. Көп жылдар бою бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) эксперти катары иштөөсү да түрткү болгон чыгаар бул ишине. Дагы макалада кереги жок штаттар ачылды, фармакология кафедрасында иштегендердин саны 30 адамга жетти дейт. А чындыгында фармакология кафедрасында иштегендердин саны ашык-кеми жок мурдагыдай эле десек жаңылбайбыз. Жогоруда айтылган орундар, т.а. аппарат жетекчиси, башкы экономист, башкы бухгалтер ж.б. кызматтар А.Зурдинов болгонго чейин эле штатта турган. Эгерде мурунку иштеп жаткандар бир нече убакыттан кийин өз ыктыяры менен иштеген орундарынан кетишсе, алардын ордуна тажрыйбасы мол, жакшы адистер келсе анын эмнеси туура эмес?
Бир эле мисал: баштагы аппарат жетекчиси менен азыркыны салыштырууга болобу? Алардын асман менен жердей айырмасы бар. Азыркынын билим десе билими, тажрыйба десе тажрыйбасы бар, иштин көзүн билген адис, Медакадемиядагы коррупция боюнча комиссияны башкарат. Ушул адамдын жетекчилиги менен комиссия коррупцияга каршы иштерди жүргүзүп жатат. Жыйынтыгында көптөгөн биздин коомго жат көрүнүштөрдүн бети ачылды десек болот. Бул маселелер боюнча анкета жүргүзүүнү ректор тыйып салбай, кайра жандандырып, күчөтүп жатат. Себеби, азыркы учурда билим берүү сапатынын менеджмент сектору бул ишти ырааттуу алпарууда. Ал эми бөлөк окуу жайдан студенттерди которуу жолдору комиссия аркылуу чечилип, мыйзам, эреже бузуулар жок экендигин айткан, "беттырмачылыктын" кимге кереги бар демекчибиз? Сөзүбүздүн жыйынтыгында ар ким талашып, тартышпай, өзүнө тагылган ишин ыймандуулук, ырааттуулук, билгендик, чыгармачылык менен аткарса, ошондо мамлекетибиз күчтүү өлкөгө айланаары бышык. "Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрүп" отурбай, "бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгарып иштөө азыркы учурдун өзгөчө талабы десек болот.
Медакадемиянын коллективинин атынан:
И.Ж.Сатылганов
К.Б.Ырысов
Р.Д.Алымкулов
Т.М.Ибрагимова
К.Б.Куттубаева
С.С.Бакасов
Ж.С.Сыдыков
А.А.Какеева
И.З.Исмаилов




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??