Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_6.htm on line 2


п»ї

  Күйбөгөн жериң күл болуп...

С.Абдукаримов кантип министр болот?
"Учур" гезитинин кезектеги санында "Адыл Бакиевдин "куйругу" дооран сүрүүдө" аттуу сын макала жарык көргөн эле. Макалада калыстык издеген, жабыр тарткан кадрлар өздөрүнүн атынан дагы Убактылуу өкмөткө жана Саламаттык сактоо министрлигине жазуу жүзүндө кайрылгандыгын редакцияга билдиришкен. Мындан сырткары, Ош облусунун медиктеринин атынан дагы телеграммалар, кайрылуулар жиберилгендиги маалым. Бирок, ошондон бери бир топ убакыт өтсө дагы эл чоң ишенген Убактылуу өкмөт этибар албай, а Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бул маселе эмнегедир эч кандай каралбай жана жыйынтык чыкпай келүүдө, тескерисинче, "сууга чөкпөгөн, чапса кылыч кеспеген" бакиевчил "баатыр жигит" С. Абдукаримов бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөттөн чоң адамды таап, колтугуна кирүү менен тайраңдап, өзүнүн жумшак ордунан жылбай, тагыраак айтканда, эл ишенип шайлаган өлкөнүн президенти Роза Отунбаеванын чечими менен Саламаттык сактоонун министри болуп которулуп олтурат. Абдукаримовду Саламаттык сактоо министри кылып дайындоо жөнүндөгү чечим боюнча респуликадагы көптөгөн саламаттык сактоо кызматкерлери нааразычылыктарын билдиришүүдө. Биринчиден, азыркы өлкөдөгү саясый-экономикалык оор мезгилде мамлекеттик эң бир маанилүү тармагы болгон Саламаттык сактоо системасына убактылуу болсо дагы таза, булганбаган, бул системада кадыр-баркы бар, Акаев-Бакиевдин "куйругу" эмес кадрды койсо болмок. Экинчиден, респуликадагы Саламаттык сактоонун көп маселелеринин ичинен дарылоо, диагностикалоо, алдын-алуу маселелерин ийне-жибине чейин анализдеп, бул боюнча алдын алуу, уюштуруу иштерин терең билген профессионал адис-министрлик креслого олтурса жарашпайт беле? Ал эми жаңы болгон министр С. Абдукаримовдун кесиби санитардык врач, райондук денгээлде дагы жетекчилик кызматта иштеген эмес. Дарылоо, диагностикалоо иштеринен таптакыр алыс адис. Акыркы мезгилде мамлекетте Саламаттык сактоо министрлик креслосуна кадрларды коюу боюнча эксперименттик багыт күч алууда. Буга чейин министрлик папкени кесиби боюнча фармацевт Д.Ниязалиева айым алып, медиктердин көптөгөн нааразычылыктарын туудуруп келсе, эми министрлик папке санитардык врач Абдукаримовко тийип олтурат. "Биринчи байлык ден-соолук" дегендей, элдин денсоолугуна кайдыгер карап, ушундай эксперименттерди жүрүгүзүүнүн кимге кереги бар? Бүгүнкү күнү кеч дагы болсо экспериментти токтотуп, бакиевчил атка минер жетекчиден арылуу мезгили келип жетти. Эл дагы, коомдук өзгөрүүлөр да ушуну токтоосуз чечүүнү талап кылып жатат. Болбосо, калыстык издеген көптөгөн адамдар башка дагы ар кандай акцияларга барышаарын какшап айтышууда.

Бекбол Айдаров




Топчукенин тополоңу
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине жетекчи болуп барганы Топчубек Тургуналиевдин үнү угулбай калды эле. Көрсө, кадрдык тазалоо жүргүзүп, колу бошобой жатыптыр. Бирок, кызматтан айдалгандар да оңой эмес экен. Улам-улам Жогорку Кеңештин астына пикетке чыгып, аны менен тирешүүдө. Алар Топчукени өз тааныштарын айланасына топтоодо деп айыпташууда.


Ушул жетпей атты эле
Адилет министрлиги "Күч структураларынын биримдиги" аттуу коомдук бирикмени каттоодон өткөрдү. Бул уюм ички иштер органдарынын, күч структура кызматкерлеринин укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн. Уюм мындан тышкары орган кызматкерлерине жумуш таап берүү, аларга социалдык колдоо көрсөтүү сыяктуу багыттарда да иш алып бармакчы.


А.Бекназаров кабинет басмачысыбы?
"Айкөл Эл" партиясынын лидери Эдил Байсалов Азимбек Бекназаровдун кызматын өткөрүп бербегенине капа. Ал муну өзүмбилемдик, кабинет басмачылыгы катары баалап, "УӨ мүчөлөрү ишенимден эбак кеткен. Шайлоого барса, эл колдобосун билишет. Ошон үчүн кабинетте ар кайсы сөзгө жамынып отура беришет" деп "Азаттыкка" билдирди. Кечээ эле бир пикирге келип, бир акырдан жем жегендер бүгүн эмне үчүн бирин-бири шыбап атат? Же Эдил Байсалов бөлтүрүкчөсүнөн карт бөрүгө айбат берип жатабы?


Буу
өзбектерге боор толгоп
БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллэй кыргыз күч органдарына Женевадан сын узатты. Анын айтымында, кыргыз күч органдары Түштүктө өзбектердин укугун тебелеп, кыйнап жатат. Мындай мамилени убагында токтотпосо, кырдаал кайрадан курчушу ыктымал. Бирок, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бул маалыматты төгүндөп, өзбектерди эч ким кордобогонун "Азаттыкка" билдирди.


Жаныш Бакиевдин орун басары кармалды
КР Башпрокуратурасы таркаткан маалыматка таянсак, Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Тимирбаев 20-июлда өз эрки менен колго түшүп берди. Ушул эле күнү ага карата Биринчи Май райондук соту УКМК СИЗОсуна камакка алуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу аталган жетекчиликтин басма сөз кызматы кечээ кабарлады. Нурлан Тимирбаевге буга чейин адам өлтүрүү жана кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу беренелери боюнча иш козголуп, издөө жарыяланган.


Садык Шернияз кызматка киришти
Кечээ маданият жана маалымат министри болуп дайындалган Садык Шернияз кызматына кирди. Эми ал жүгүн аркалап кетеби же мурдагы "акжолчу" жетекчилердин таз кейпин кийеби, аны убакыт көрсөтөт. Айтор, чыгармачыл инсандардын ишеничи акталгай эле. Болбосо чагым уюштурушуп, эртең эле ээрден шыпырары белгилүү эмеспи.


Мекенин ойт бермейинен
Мелис Эшимканов саясаттан чарчап, азыр чыгармачылык тыныгууда. Бул тууралуу ал "Аки-пресс" маалымат агенттигине билдирген. Анда М. Эшимканов Ф. Куловго жармашканын жокко чыгарып, эч бир партияга мүчө болбогонун кабарлаган. Бирок, Мекеге ишенүү кыйын эмеспи. Күзүндө "мен ойлондум" деп, эски досторуна эрмешип, шайлоого аттанышы ажеп эмес.


Камбар-Ата ишке кирет
Камбар-Ата ГЭСинин биринчи агрегаты август айынын акырында ишке кириши мүмкүн. Биринчи агрегаттын кубаттуулугу 120 миллион киловатт-саатты түзөт. Быйылкы жылы бул ГЭС ишке кирсе, 30-40 миллион сомдун тегерегинде электр энергиясын өндүрүүгө болот.






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??