Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_4.htm on line 2


п»ї

  Элчи-маек

Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"
Кыргыз-Кытай дипломатиялык алакаларынын түзүлүшүнө быйыл 18 жыл толот. Эң башкы соода өнөгүбүз болгон бул мамлекет менен алакабыз кандай өнүгүп, кандай нукта келатканы жана өлкөдөгү кырдаал эки мамлекеттин байланыштарына кандай таасир эте алды? Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Кытай мамлектиндеги толук ыйгарымдуу элчиси Жээнбек КУЛУБАЕВ биздин басылмага баян этип берди.

- 18 жыл аралыгында кыргыз-кытай алакасы кандай нукта келатат?
- Саясый маселелер жаатында аталган эки мамлекеттин мамилеси график боюнча жогору карай багыт алууда десем болот. Бул убакыт ичинде бир топ саясый, чек ара маселелери чечилди. Андан тышкары, Кытай мамлекети Кыргызстанга көптөгөн гранттарды бөлүп, өлкөнүн саясый-экономикалык абалынын жакшырышына да көңүл буруп келет. Шанхай кызматташтык уюмунун негизинде терроризмге, сепаратизмге каршы күрөшүү боюнча макулдашылган аракеттер жүрөт. Ал эми экономика жаатында, Кытай мамлекети Кыргызстандын биринчи соода-экономикалык өнөгү болуп эсептелет. Кытайдын бажы кызматынын маалыматына таянсак, 2008-жылы эки мамлекет ортосундагы соода-сатык көлөмү 8,5 млрд. долларга жеткен. Бизде бул көрсөткүч азыраак болгону менен, эки өлкө ортосунда соода абдан активдешкен. Кытай товарлары Кыргызстан аркылуу башка коңшу мамлекеттерге да таркашы жалпыга дайын. Бирок, статистиканы карасак, быйыл биринчи жарым жылдыкта соода-сатыктын көлөмү алда канча азая түштү. Буга биринчиден, Кыргызстандагы саясый абалдын өзгөрүшү себеп. Экинчиден, Ош-Жалал-Абаддагы окуялар бир топ кытай ишкерлерин чоочутуп койду.
- Өлкөдөгү акыркы кырдаалдан улам Кытай мамлекетинин жетекчилиги Кыргызстанга кандай маанайда болду?
- Мындай кырдаал алгач орун алган 2005-жылы мен ШОС башкы катчысынын экономикалык иштер боюнча орун басары болуп иштечүмүн. Быйыл элчи катарында өлкөдөгү орногон кырдаалды түшүндүрүп бердим. Алгач Кытай бийлиги эки-үч күн байкап, тынч көз салды. Эки күн өткөндө Кытай тышкы иштер министрлигине барып, эл өз эрки менен бийликти алмаштырганын, элдик революция болуп, Убактылуу өкмөт келгенин, эми ошол өкмөттүн аракеттерине көмөк көрсөтүлсө дурус болот эле деген ойду билдирүү менен кырдаалды түшүндүрүп бердим. Алар кунт коюп угуп, суроолорду берип отурушту. Туура төрт күндөн кийин Кытай ТИМи: "Кыргызстанда болгон окуя, элдик революция жана болуп жаткан процесстер - бул Кыргызстандын ички саясаты. Биз буга кийлигишпейбиз. Экинчиден, Кыргызстандагы саясый иштер тез аранын ичинде укуктук талаага салынып, стабилдүүлүккө чакырабыз. Үчүнчүдөн, биз мүмкүн болушунча Кыргыз мамлекетинин, өкмөтүнүн экономикалык саясатына жардам беребиз" деген билдирүү жасашты. Ташкентте өткөн Шанхай уюмунун саммитине Кыргызстандын атынан Убактылуу өкмөттүн өкүлү - Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты. Саммиттин жүрүшүндө Кытай мамлекетинин башчысы Ху Цзинь Тао биздин министр менен кезигип, саясый окуялар Кыргызстандын жеке иши экенин дагы бир ирет баса белгилеп, ага кийлигишпестигин, гуманитардык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирүү менен тезинен тынчтык жана стабилдүүлүктү орнотууга чакырган. Ошол маалда Ош окуясы тутанып калды. Ага да Кытай мамлекетинин бийлиги ашыкча комментарий бергенден карманышты. 14-15-июнда 22 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлүп, мындай көмөк экинчи ирет да кайталанды. Азыркы тапта гуманитардык жардамдын үчүнчү партиясы камдалууда. Мындан тышкары да, Ош-Жалал-Абаддагы кырдаалдын турукташына салым кошуу ниетинде 30 млн. юань (5 млн. доллар тегерегинде) жардам көрсөтүлөрү айтылган. Кытай мамлекетинин эң чоң кошунасыбыз. Биздин чек ара 1200 километрди түзөт. Эгерде биздин өлкөдө саясый кырдаал өйдө-төмөн боло берсе, эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатык карым-катнаш зыянга учурашы ыктымал.
- Соода-сатык катнашты күчөтүүдө эки мамлекет ортосунда кандай перспективалар бар?
- Өткөн айдын соңунда Кашкарда СУАР жана Орто Азия мамлекеттеринин ортосундагы соода-сатык мамилелерин өнүктүрүү маселесин көтөргөн ири конференция кытайлардын 500дөн ашуун ири компаниялары катышуусунда өттү. Анткени, Синьцзян уйгур автономиялык району боюнча Кытай өкмөтү чоң программа кабыл алган. 10 жыл аралыгында бюджеттен 7 млрд. доллар бөлүп, Артыш, Кашкардан Алтайга чейинки регионду өстүрүүгө аракет кылышат. Жакын арада ушул СУАРда узундугу 12 миң километрди түзгөн темир жол, 68 миң км. унаа жол, орто эсеп 7-8 орто эсептеги ГЭСтер курулат. Мындан тышкары, Кашкарда эң чоң инновациялык-техникалык борбор курулат. СУАРда өндүрүлгөн жана инновациялык продукциялар Торугарт-Эркештам аркылуу Орто Азия жана КМШ мамлекеттерине таркалат. Ошол конференцияда Кыргызстан жана өлкөдөгү кырдаал, референдумдун ийгиликтүү өтүшү, жаңы өкмөт мамлекетти тынчтык жолуна бураарын, жакын арада парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында туруктуу өкмөт куралаарын, саясый жагдайды турукташтырып жана экономикалык абалды чыңдоого болгон күч жумшай турганыбызды камтый доклад жасадым. СУАРды өнүктүрүүдө Кыргызстандын мааниси жана орду чоң. Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустары СУАР менен иштешсе, жакынкы аралыкта экономикабызды өстүрүүгө чоң өбөлгө болмок.
- Аталган регион менен иштешүүгө жалгыз туруксуз кырдаал гана тоскоолбу же дагы башка жагдайлар барбы?
- Бир гана саясый бейстабилдүүлүк. Кытай ишкерлери жана компаниялары үчүн инвестициялык климат Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эң жеңил жана аралык да жакын. Ош окуясынан улам 1200гө чукул кытай ишкерлери өлкөдөн чыгып кетишти. Азыр алардын алды кайта баштады. Буга Кытай өкмөтү да данакер. Алардын талабы - кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылып жана иштерине тоскоол жагдай жаратпоо. Бул жаатында Экономика министри Эмил Үмөталиев менен жолугуп, сүйлөштүк. Саясый кырдаал турукташса, Кытайдан инвестиция тартып, ишти алдыга жылдырганга аракет кыла баштайбыз. Экинчи бир маселе, Эркештам-Сары-Таш-Ош жолу Кытай өкмөтү жана АБРдин каржылоосунда реконструкцияланууда. Эмки жылы соңуна чыкса, Кашкар-Эркештам-Сары-Таш-Ош аркылуу Өзбекстанга жол ачылат. Торугарт-Нарын-Бишкек жолу да Кытай өкмөтү жана АБРдин кредити менен курулуш иштери башталып отурат. Бул реконструкция эки жарым-үч жылга эсептелген. Дагы бир маселе, Кашкар-Торугарт-Ак-Чий-Жалал-Абад темир жолу. Бул суроо көптөн бери такталып келатат. СУАРдын өнүгүшү менен бул темир жолдун да курулушу актуалдашат. Анын узугундугу болгону - 260 км. Бул иштер ийгиликтүү аяктаса, Кыргызстандын транзиттик потенциалы өсөт, соода-сатык өрчүп жана жол чыгымдары да азаймак. Ошол себептен, биздин өкмөт аталган жолдорду тез аранын ичинде бүтүргөнгө аракет кылууга тийиш. СУАРдын өнүгүшү менен бизге эң чоң геоэкономикалык шарт түзүлөт.
- Кытай ишкерлеринин жана компанияларынын Кыргыз өкмөтүнө жолдогон кандай өтүнүчтөрү бар?
- Негизгиси - өлкөнүн салык системасы туруксуздугу. Салык жааты туруктуу болсо деген ниетин билдиришет. Андан сырткары, транзит, жогоруда атап өткөн маршруттар боюнча жол курулуштарынын тездетилиши. Кыргыз-казак чек арасынын жабылышы кытай ишкерлерине да бир топ зыян алып келген. Эмгек квотасын кеңейтип жана лицензия алууда бирдиктүү терезе системасы иштесе деген пикирлерин айтышат. "Кытай экономикасы басып кетет" деген кептер айтылат, бирок, мындан коркпош керек. Бүгүнкү тапта Кытай өндүрүшү бүт дүйнөнү тейлейт. Дүйнөлөшүү маалында бул табигый көрүнүш. Кытай ишкерлери бизге эмес, биздин ишкерлер да Синьцзянга барып иштешсин. Артышта "Шоро" заводу ачылган, ортодо тыным алып, кайра быйыл иштей баштады. Бул регион абдан чоң рынок экенин түшүнө билгенибиз оң.








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??