Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_3.htm on line 2


п»ї

  Итзамандан

Бөлтүрүктөр текени жейби?..
"Ата Журт" партиясынын анабашылары Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков эл менен жолугушууга Кара-Кулжа районуна барышып, 200-250 адамдын алдына чыгышып, жердешчиликке басым жасоо иретинде ич-күптүлөрүн чыгарышыптыр. "Чу" дегенде эле нааразычылыктарын Исмаил Исаков менен Өмүрбек Текебаев акелерине багышташып... К.Ташиев: "Исмаил аке "трус" экен, өзбек-кыргыз согушуп атканда автомат сурасак бербей койду" дептир. Ой, Кудай урган чунак, "кайчылаш иретинде кан төгүүгө себепкермин" деп жатканын билбейби? Же укук коргоо органдары жоопко тартпайт деген ишеними күчпү? Күүлөөнүп алган "бригадачылар" андан ары "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кыргызга душман, өзбекке жантарткыч кылып өлөөрчө шыбап, кычуулары кангандан кийин шымалана минтишиптир: "Текебаев бизди "Бакиевдин бөлтүрүктөрү" деп айтыптыр, эми көрөбүз, күзүндө бөлтүрүктөр карышкырга айланат, анан текени жейбиз!" дегенге чейин жетишиптир. Отурган эл мындай демаршты суз кабыл алып, жалданган жыйырмадай адам гана кол чабымыш болуптур.
Ушундай жоруктан улам дагы бир кызык окуя эске келет. Курманбек Бакиев үчүн "бөрк ал десе баш алып" жүрчү Молдомуса Конгантиевдин бир жоругун аргасыздан көңүлгө аласың да. Молдомуса акең бир сапар шүмүрөйгөн текени саттырып келет да, анын моюнуна "Текебаев" деген табличка илдиртип, анан кумарга бата текени сойдуруп атып, "мына, Текебаевдин терисин тескери сыйырып жатабыз" деп чалкалай каткырганы күнү бүгүнкүгө чейин айтылат. "Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүң" дегендей, акыры Молдомуса Ташполотович 6-апрелде аесуз тепкиде калып, кечээги кылыктары үчүн жазасын алгандай болду го. Анан Москвадан өз терисин дарылатып, "экинчи текени сойбойм!" деп сөз берип, Кудай астында жалынып-жалбарган имиш.
Ошентип, "Бригаданын" жаш "бөлтүрүктөрү" дагы текеге тиш салабыз деп тап берип турушат. Кантет болду экен? Текенин териси бу саам түтө алабы? Же тиш салчулар мүргүшүп, натыйжада, дагы бир чет элдик дантистин күнүн туудуруп, Молдомуса акесиндей Жаратканга жалынышабы?..
Сакен БӨРҮБАЕВ




  "Аппарат жыттагычтар" айдыңында

"Ийлеп-ийлеп итке салгандай..."
"Ата Мекен" партиясынын идеологдорунун бири Өмүрбек Абдырахманов "люстрация" мыйзамын (ыплас, коррупционер чиновниктерден арылууну) сунуштап келет. Аталган мыйзам кабыл алынса, 7-апрелдеги кандуу окуяда бийлик бейкүнөө адамдарды атып атканда оюн билдиргенге жарабай, же жок дегенде отставкага кетип калбай, башын ийинге катып отурган чиновниктерди 7-10 жылга дейре мамкызматка жолотпоо вазийпасы көрүлөт. Бул сунуш көпчүлүк элдин колдоосуна да ээ болуп, мына башталайын дегенде техникалык өкмөттүн курамына Өктөмхан Абдуллаева менен Айгүл Рыскулованын кирип калышы тазалануудан үмүт этип турган коомчулукка муздак суу бүрккөндөй элес калтырды. Президент Роза Отунбаеванын бакиевчилерди кызматка алып, тескери кеткен жоругуна Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да кайдыгер болушуп, "тиешебиз жок, биз отставкадабыз" дешүүдө. Мунун эми кандай жоруйбуз? Же бул эки аялдын кылыгын унутуп калышканбы? Кызык, 7-апрелде аянттагы элди кырып бүткөнчө Ө.Абдуллаева менен А.Рыскулова Курманбек Бакиевдин колтугунда отурганы жалганбы? Булардын эл башкарууга тырмактай да моралдык укугу жок болсо да, кайрадан бийликке алып келүү осол көрүнүш болууда. Мындайда эл келечеги үчүн курман болгон жигиттердин арбагын кордоп, элдин кыжырын кайнатып атышканы өтө өкүнүчтүү. Бакиевчи эки аялдан башка деле профессионал кадрлар арбын эмеспи. Неге Роза эже аларды көрбөйт десең! Эл ишенимин ушинтип да тебелешеби? Же, бул эмне, "эч кандай тазалануу болбойт, үмүтүңөрдү үзгүлө" деген белгиби? Балким, "күзгү парламенттеги шайлоодон кийин ыйгарым укуктардын кескин кыскарарын сезген "аппарат жыттагычтар" капчыкка иштей башташканы чынбы? Минтип отурса, ишенчээк Р.Отунбаеванын абийири тез эле айрандай төгүлөт го!
Ошондо канттик? Биздин "багыбызга" Р.Отунбаева менен "аппарат жыттагычты" калтырып, шайлоого аттанып кеткен УӨнүн мүчөлөрүнө кандайча баа беребиз? "Ийлеп-ийлеп итке салгандай" кылдыңар" дейбизби? Натыйжада, маселенин жогорудагыдай жагдайда өнүгүшү коом ичинде катуу нааразычылыктарды жаратып, ММКлар жаңы бийликти кескин сындоого алууда. Карапайым калк жерге түкүрүп, бийликтин аброю плинтуска түштү. Коом козголуп, күтүүсүз аракеттер да көрүлчүдөй. Мындай калпыстыкка катар өткөн жумада үмүт жаратчу иштин башталганы, "Тазалануу" аттуу коомдук бирикменин түзүлгөнү маалымдалды. Аталган бирикменин башында Орозбек Молдалиев, сабында Жыпар Жекшеев, Сабыр Муканбетов, Токтобай Мүлкүбатов, Кубат Кожоналиев, Элдияр Бейшебаев, Турсунбек Күрөңкеев ж.б. белгилүү-белгисиз адамдардан турган топтун идеялары ишке ашабы? Ушул демилге натыйжада кандай жыйынтык берет (?), тазалануу башталабы? Айтор, суроолор көп. Кудай сактасын, иш жүзүндө бакиевдерче "ит-кушту" чогултуп, кайрадан сазга батып кетпегей элек. Чыдай туралы, убакыт көрсөтсүн...
Албан УЛАН




Генералдын ойт берери байкалууда
Эсиңерде болсо, былтыркы президенттик шайлоого Исмаил Исаков талапкерлигин коюп, бирок кайра алып койгон. "Алмаз Атамбаевди колдойм" таризинде саясат жасап. Ал эми бүгүн болсо Исмаил аке кайрадан эски өнөрүн салып, парламенттик шайлоого "Азаттык" аттуу партия менен аламан байгеге түшөрүн билдирип, Коргоо министрлигинен да кетти. Генерал көнгөн адаты боюнча ойт берери байкалууда, атап айтсак, шайлоо жакындаганда позициясын өзгөртүп, таасири күчтүү партияга кошулары айтыла баштады. Айтор, элдин башын айлантып бүтмөй болдук!


Азикени соттор "соебу"?
Ушул күндөрү Азимбек Бекназаровдун ишмердигине, жасаган кадрдык жүрүштөрүнө нааразы болгондор ар тараптан көбөйө баштаптыр. Өзгөчө соттордун "нервин" кайнатып, натыйжада, акыркы убакта элүүдөй сот ага каршылык акциясы менен чыкканы атышыптыр. Айрым маалыматтарга караганда, соттордун колунда А.Бекназаровду сулатып жыга турган компроматтар жетиштүү сыягындай. Мындай каршылыктын эрегишүүсү менен Азике да жөн жатпай, ошол элүүдөй соттун баарысын кызматтан алууга ашыккан кербези дейт. Байкап туралычы, жеңиш кай тарапта болоор экен?


Сый-урматтын үлгүсүн көлдүктөр көрсөтүүдө
Мурда күнү көлдүк аттуу баштуу аксакалдар бийликте отурган тыңчыкма жердештерине барышып, баарысын тегиз куттуктап чыгышты. Кабинеттерде дүкүлдөшүп, духту көтөргөн сөздөр айтылып, "артыңарда касиеттүү Ысык-Көл, анан миңдеген колдоочуңар турушат, эл үчүн иштегиле!" дегендей кептер жаңырып. Бул кыйындар жакшылыкта да, жамандыкта да жапатырмак бир турууну көздөшүп, барган сайын ынтымактары бекемделүүдө. Көз тийбесин! Башка региондор да көлдүктөрдүн сый-урматын сезишип, кыргыз элинин ынтымагы үчүн баштарын байлашса кана?!


Досбол Нур уулу Түндүк-Түштүккө бөлөбү?
Курманбек Бакиевдин сүймөнчүк аткаминери бар болчу. Досбол Нур уулу деген айтылуу саясатчы. 7-апрелден кийин бу оендун дайын-оту чыкпай кеткен. Кумга сиңген суудай болуп. Кантсе да жарыктык киши үйүнө жата берип чыдабаптыр. Эми акыр-ын баш көтөрүп, "шайлоодо түштүктүк тыңчыкмаларды колдош керек, биз бийликти кайра алышыбыз зарыл" дегендей чаргытмаларды баштап аткан сыягындай. Ой-тобоо, аттуу-баштуу делген адамдарыбыз ушинтип удургуй баштаса, кыргыз элинин келечеги дагы да жарга такалабы? Деги акыл айтчуңар барбы Досболго?..





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??