Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_24.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_24.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_24.htm on line 2


п»ї

Кубанычтын Ак кушу ким?
Атасынын жолун жолдоп, ырчылык өнөр менен элдин батасын алып жүргөн Кубаныч Сатаев, атасынын эски ырларын кайрадан жаңылап, заманбапташтырып ырдоону дагы да болсо улантууда. Бул жолу "Ак кушум" аттуу Чубак Сатаевдин элге көп тарала элек ырын жаздырып, радиолорго жаңыртты. "Кара көз" деп ырдап жүрүп, эми "Ак кушумду" созолонтуп калганынын себеби бар. Анткени, Кубанычтын ак кушу келинчеги, продюсери ди-джей Кундуз Авашова эмеспи.


"Ысык-Көлдө кадыр түн-2010"
16-17-июлда Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көлдө кадыр түн-2010" фестивалы болуп өттү. Фестивалга бир топ таланттуу ырчылар катышып, калыстар тобунун курамында Муратбек Бегалиев, Юрий Бобков, Ырыскелди Осмонкулов жана Жамила Муратовалар болушту. Фестивалдын жыйынтыгында гран-при, 1-2-3-орундар аныкталып, 1-орунду Азамат Сарыбаев, 2-орунду Байыш, Жаныш Момуновдор жана 3-орунду Наоми аттуу ырчы кыз жеңип алды.


Эрлан күйөрмандарын өзүнүн блогунан күтөт
"Сүйүп калдым кантейин", "Кайгырба" аттуу ырлары менен популярдуу болуп жаткан Эрлан Андашев, өзүнүн күйөрмандары менен жакындан таанышып, ар убак сүйлөшүп туруу үчүн "starlife.kg" деген сайттан атайын өзүнүн блогун ачты. Мындай мүмкүнчүлүк чоң интернет булактарында гана болгондуктан, блог ачуу Кыргызстанда алгачкылардан болуп жатат. Демек, Эрлан өзүнүн күйрмандарын эми блогдон күтөт.


Аалыдан аты жок диск
Көпчүлүктүн сүйүктүү төкмө акынына айланган Аалы Туткучев кыргыз элин кубандырып, жаңы ырлар жыйнагын чыгарды. Жыйнакка 7-апрелден кийинки башаламандыкка кайрылуу, ыймандуу башчынын келишин тилеген ыр саптары, "Сокур кемпир" жана башка ыйман тууралуу эң мыкты тогуз ыр камтылган. "Дискимдин чыкканын билип алгандар "тытып" алып кетип жатышат. Эми дагы 1000 нуска чыгарганга туура келүүдө" деп кубанган Аалы акын, жандүйнөсүнөн чыккан, кыргыз деп күйгөн ырларынын элге жетип жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.
(Дискти сатып алууну каалагандар 0554 07-02-86 номерине байланышыңыздар.)


"Сезимден" сенсация!
"Сезим" радиосунун жетекчиси Арстанбек Абдыманов JBK студиясы менен биргеликте Ата Журт аттуулдук ырларын мыкты аткаргандар үчүн сынак жарыялайт. 1-орун 50 миң, 2-орун 40 миң, 3-орун 30 миң сом байге менен башталат. Үч жуманын ичинде жыйынтык чыгарылып, жеңүүчүлөрдү радио угармандар, калыстар тобу аныкташат. Анда эмесе, бул сынакка активдүү катышыңыз демекчибиз.
Айнура Касымова




  Тез татым

"Дасмиянын" "Ырыскысы" даамдуу
"Дасмия" эс алуу борборунда "Ырыскы" аталышта тез даам татуу түйүнү ачылды. Чакан түйүндүн ачылганына аз эле убакыт болсо да, анын сүйүктүү кардарлары күн санап көбөйүүдө. Себеби, тандап ала турган тамагың бет маңдай жайгашып, ийкемдүү официанттар каалаганыңды салып беришет. Ал эми баасын көрүп алып таң каласың. Эң кымбат дегени - 45 сомдон ашпайт. Арзаны - 15 сомдук. Курсагыңды суюк, кою, нан жана чай-пайы менен тойгузгуң келсе, 70 сомдун тегерегине барып токтойт. Коммунизм бекен? Мындай тамакка башка жерлерден бери дегенде 300 сомдон кем эмес акчаңды сарптайсың. Анысы аз келгенсип, айткан тамагың жок болуп чыгат же табитиң тап-такыр өлүп калганда (25-30 минутада) апкелет. Сизге ушу керекпи (?) дейт экенсиң. Эми "Ырыскынын" менюсуна көз чаптырып көрөлү:









кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??