Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_22.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_22.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_22.htm on line 2


п»ї
  Эрозона

Телефондогу секс
Телефон аркылуу секс адамдын иш жүзүнө ашыра албай жүргөн сексуалдык фантазиясын орундатуучу эң сонун ыкма. Кадимки секс сыяктуу эле стресстен чыгаруунун да эң бир эфекттивдүү жолу.

Тилектер орундалып
Айрым учурда сексуалдык фантазияны ар кандай себептер менен ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бул көйгөйдү көпчүлүгү сойку жалдоо менен чечишет. Ал эми айрымдар телефон аркылуу сексти тандашат. Анткени, телефондогу секс коопсуз. Бул аркылуу сиз эч кимге заян келтирбейсиз. Биринчиден, телефондогу ойношуңуздун алдында эч кандай милдетиңиз жана жоопкерчилигиңиз жок, экинчиден, ар кандай жыныстык жол менен жуккан оруудан алыс болоруңуз талашсыз.

Акысыз кумар
болбойт
Телефон аркылуу секстин ар кандай түрлөрү болот. Баасы жагынан дегеним. Мисалы, акысызынан баштап VIPсине чейин. "Акысыз секс" деген саптарга көзүңүз түшүп, чалууну каалап жатсаңыз, жаңылышасыз. Анткени, азыркы заманда бекер эч нерсе жок. Бепбекер кумар убада кылган кыздар сизге жарым саат аралыгында дагы жыргал тартуулай албайт. Себеби, профессионалдар эч качан бекер иштебейт. Ал эми VIP кызмат көрсөтүүнү каалаган перилерден кооптонууну кереги жок. Айтып тургандай VIP кызматы үчүн аларга сиз VIP өлчөмдөгү каражат коротосуз. Ошого жараша, керек болсо 1-2 гана мүнөттүн ичинде кумардын туу чокусуна чыгып, керемет сезимдерге бөлөнө аласыз. Анткени, ал жакта атайын даярдоодон өткөн кыздар "эмгектенишет".

Секстен сүйүүгө
Айрым учурда телефон аркылуу секстен кийин мамилелер сүйүүгө айланып кетиши мүмкүн. Дегеним, бир кыз менен кумарга батып алган эркек кайра-кайра ошол гана кыз менен сүйлөшкүсү келе берет. Андан башка эч кимдин кызматын колдонгусу келбейт. Айрым учурда аны башкалардан да кызганат. Анан бул сүйүү эмей эмне?

Уятка орун жок
Телефон аркылуу секс азырынча жаңы көңүл ачуулардын бири. Ал жакта эмне жөнүндө сөз болору адатта эч кимге айтылбайт. Ошол себептен анда өзүңдү толугу менен эркин сезүүгө болот. Эч кимден уялбай, эң ыплас, сүйгөн адамыңа айтууга оозуң барбаган тилектерди орундатуу мүмкүн.

Эртеңкиге калтырба
Телефон аркылуу көңүл ачууну ойлоп жүрсөңүз, эч нерседен коркпой ишке ашыра бериңиз. Ага каалаган учурда убакыт тапса болот. Негизгиси каалооңуздан жана баш айланткан фантазиядан коркпоо шарт. Бирок дароо эле негизги калоону айтып, телефондогу өнөктөштү иренжитип алуудан оолак болуу керек. Ал эми негизги нерсе акырындап ишке ашат.

Жубайлар да
телефон кумарына бата алышат
Телефон аркылуу секс десе эле атайын кызматтарга чалып, тааныбаган аялдын үнүн тыңшоо эмес. Айрым учурда мындай секс менен жубайлар да алектенсе болот. Бул интимдик мамилелерди бекемдейт. Төшөктө, бири-биринин көзүнө тигилип турганда айта албаган каалоолор дал ушул сүйлөшүүдө оргушташы мүмкүн. Анда биринчи биргелешкен жашоодогу болуп өткөн өтө жагымдуу көз ирмемдерден баштаган жакшы. Өзгөчө биринчи түнүңөр эң сонун темага айланышы мүмкүн. Андагы сезимдер, уялуу, чыдамдын келиши, онтоолорду эстесеңер кантип тамырдын согушу күчөп, дем алуунун оорлоп баратканын өзүңөр байкабай каласыңар.

СМС керемети
Кечээки керемет түндөгү окуялар, андагы түгөйүңүздүн кайсы кыймылы сизге өзгөчө жаккандыгы туурасындагы СМС билдирүүлөрдү ага бүгүн жазсаңыз, алдыдагы түн андан да кызыктуу болорунда талаш жок.

Телефон аркылуу секстин жол-жобосу
o Айрым учурда маек башталганда эркек сөз таппай калышы мүмкүн. Мындай шартта ал ар кайсы белгилүү кино тасма же адабий чыгармалардагы айымдардын жүрөгүнө чок салган мырзалардын айткандарын эске салса болот. Жок дегенде сөз башында "мен сени менен Титаниктеги Роза менен Жек машинанын ичинен кылган нерсени кайталагым келип атат" деп баштаса болот.
o Сөз башталды деп коелу. Бул жерде чыныгы төшөктөгдөй эле эркек чоң роль ойнойт. Ошондуктан, ал көбүрөөк сүйлөшү керек. Үн өтө чоң мааниге ээ. Үн назик, ал эми сөздөр туура тандалган жана кызыктуу болуусу шарт. Мында да "аял кулагы менен сүйөт" деген макалдын мааниси күчтүү. Болбогон сөздөрдү сүйлөй коем деп, сизге кумар тартуулоону каалап жаткан перини чочутуп алуудан оолак болуңуз.
o Телефон аркылуу секс ойдогу нерсенин туура, так айтылышын талап кылат. Анткени, телефондун ары жагындагы адамдын жүзүн көрбөгөндөн кийин анын максатын орундатыш оңой эмес.
o Телефондогу сексте алгач эле оргазмга умтула берүүнүн кажети жок. Мында кадимки төшөктөгүдөй денени бошоң кармап, алдыдагы экстазга даярдоо керек.








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??