Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_20.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_20.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_20.htm on line 2


п»ї

Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
3156. Гүлзат, Эркин, күнүгө эфирге чыга бербей, мага да кезек бергилечи?
Ш...

3157. "Ыймандуулук" деген сөздү унутпагылачы. Ыйманын жеген кээ бир саясатчылар Ош, Жалал-Абадда элдин сөөгү сыздап турса, кыркылыгы чыга электе... Түшүнүктүү го дейм...
9180 абоненти

3158. "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, "ыймандуулук адамзатта биринчи орунда турат. Элибиз азыр аза күтүүдө. Куран окутуп, каза тапкандардын кыркын чыгаралы. Саясат качпайт. Жараткан ыраазы болсун" деди. Чынында азамат жигит экен. Башка да саясатчылар бул жигиттен үлгү алышса болмок.
Динара

3159. Лейлек районуна чоң салам! Бар болгула! Жаратканым жерибизге ынтымак, береке, ырыскы берсин. Иншаллах!
Айчүрөк

3160. Эй, бийликтегилер! Раззаковдун 100 жылдыгын белгилейбизби же кандай?
Патриотка

3161. Кыргызстан менин мекеним. Патриот бололу достор!
Лейлектин патриоткасы

3162. "Учурдун" жамааты азаматсыңар! Дайыма ушундай чындыкты жаза бергиле!
0893 абоненти

3163. Жаңы бийликтин каяк жагын колдоп жатасыңар? Биз каяк жагын колдойбуз? Кээ бир элдер түшүнбөй атышат.
2908 абоненти

3164. А.Мадумаров президент болсо, Кыргызстаным өсүп-өнүгөт! Иншаллах!
Айка

3165. "Учур" гезитинин бир СМСчиси, "жаңы бийликтегилер, гезитте жазылган СМСтерди окушат болду бекен (?), окуса уялып калышат беле?" дептир. Мен да муну колдойм.
Лейлечка

3166. Урматтуу бийлик, Раззаков айылындагы Раззаковдун 100 жылдыгына арнап курулуп жаткан, бирок, бүтпөй калган паркты качан бүткөрөсүңөр? Бүтүрүп койсоңор силерге Аллах ыраазы болмок.
9089 абоненти

3167. Жүрөгүм "Кыргызстан" деп согот! Ишенесиңерби?
KG

3168. Достор, мага кеңеш бергилечи, кайсы бөлүмгө тапшырайын? Анткени быйыл мектепти бүтүп, ЖОЖдордун кайсынысы кандай экенини билбей атам.
KG

3169. Урматтуу "Учур" гезити, эмне үчүн чоң окуу жайдын ректорлору менен маек кылбай атасыңар? Себеби, мектепти жаңы бүткөн "балапандар" канатыбызды кайда күүлөп учаарыбызды билбей атабыз. Мисалы, мен "Ататүрк-Ала-Тоо" университетине тапшырайын дегем. Бирок, кандай бөлүмдөрү бар экенин билбей атам? Жардам берип койгулачы.
Айка

3170. Ар бир адам бакытты эңсейт. Ошол бакытка жетүү үчүн, сабырдуулук керек. Ар кандай кыйынчылыктарга чыдап, Кудайдан жардам сураса, жамгырдан кийин күн ачылып, жакшы аба ырайы келери шексиз. Анын сыңарындай, кыйынчылык күндөрдөн кийин, жакшы күндөр, кубаныч, бакытты күтсө болот.
Айчүрөк

3171. 1990-жылкы Ош окуясындагы "кыргыз" дегенде кашык каны калганча күрөшкөн адам - "Легендарлуу Зорро" Камбаралы Бектемиров экенин азыркы жаштар эсибизден чыгарбайлы жана патриот бололу!
2126 абоненти

3172. Дагы деле 90 баланын өлүмүнө эч ким жооп бербейби? Бакиевдин "куйруктарын" качан камайсыңар? Дагы деле чалчактап, балчактап жүрө беришеби?
Люстра

3173. Оштогу окуяларга Убактылуу өкмөттүн да күнөөсү бар. Алар жооп бериши керек. Бул жерде Бакиевдин айыбы жок. Анан Муфтий өз ажалы менен өлгөн жок. Элди алдабагыла. Кылмышкердин колунан ажал тапты. Кылмышкерди издеп, эл алдына алып чыгуу керек.
Чындыкбек

3174. Өзбек туугандар илгертен бери Алайлыктардан корккон. Кокон хандыгын Алай башкарган. Исмаил Исаковду президент кылып шайлоо керек. Түштүк жергесинде дагы бирдеме чыгып кетпесин десеңер. СНБ жакшы иштебей жатат. Мага полномочие беришсе, башка улуттагы тентекбаштарды тарыхый мекенине депортация кылмакмын. Чын-чынына келгенде, Лейлектен Таласка чейин жерибизди алдырып койгонбуз. Андижанда 800 миң кыргыз бар.
Манас

3175. Кыргызстанда өлүп жок болуп бараткан жаныбарлар түрүнө, акыркы болуп кирген. Оштогу ала допучандар экенин дүйнөлүк аналитиктер байкашыптыр. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
2126 абоненти

3176. 8088 абоненти, Б.Боркеев туура айтат. Бакиев "ичкилик". Сали - атасы, Бакы - чоң атасы. Булардын кыргыз экени шектүү. Накта дунганбы? Канкорлор 90 жигиттин өмүрүн ала кетти. Кыргыздын өнүгүшүнө тымызын саясат керек.
Токо

3177. А, Б, В, Г, Дны чечмелеп берейинби? А - Акакев, Б - Бакиев, В - Временныйлар, Г - голодныйлар, Д - дөөпөрөстөр. Булар биздин бийликтин жүзү.
8088 абоненти

3178. 5987 абоненти, азаматсың! Чыныгы патриот деп сени айтса болот. Жаңы бийликке подход кылбай, чычалаган чындыкты жазыпсың.
Cheerful girl

3179. Түштүктөгү коогалаңды Убактылуу өкмөттүн алсыздыгынан келип чыкты дегендер адашат. Ал - Бакиевдин той-тамашасы болду.
1112 абоненти

3180. Кыргыз элим, бизге эркиндик эми келди. Келгиле, ынтымактуу эл бололу!
Зина

3181. Кыргыз аялдары, эгер китепке чыгам десеңер, 2,5 миң сом төлөгүлө да, тарыхта калгыла! Акчаны жегендер көрдө калышат.
Кыргызстандык патриот

3182. Баягы эле карышкырлар заманы келди. Минтип жүрүп отурса, кайра революция болот.
3049 абоненти

3183. Болот шер! Сен кыргыздын баатыр уулдарынансын. Сага баардык чин сонун жарашат! "Жарашпайт" дегендер бок жейт. Бул жөн эле көралбастык. Ушинтип отурсак качан кыргыз өсөбүз?
2121 абоненти

3184. А.Атамбаев, сиз эл алдына чыгып, "Финполду жок кылам" деген элеңиз. Айтканыңызды ишке ашырсаңыз, сизди экономика, энергетика, билим берүү, бизнес ж.б тармакта иштегендер бүт колдойт.
Жумгалстан

3185. Өзбекстан Чынгызга тыюу салса, анда биз Ош, Жалал-Абадда "меням", "сенямдардан" жана күнү-түнү кыйкырган туугандардын ызы-чуусунан кутулушубуз керек. Эгер Ош жергесиндеги туугандар кыргыз болсо.
Нарындык патриот

3186. "Кто ясно мыслить, тот ясно излагает" Роберт Бьюи
9124 абоненти


3187. Кээ бир адамдарга таң каламын. Жазат десе, билсе да, билбесе да жаза берет экен. Ушунчалык "эл-жерим" деп күйсөңөр, сөз түрүндө эмес, иш жүзүндө көрсөткүлө да!
Куба, Кербен

3188. Айланайын СМСчилер, эмнеге эле дөөрүй бересиңер? Мадумаров бийлик үчүн өлсө, Бакиевдин колтугунда жүрө бермек да. "Бийлигиңди урдум" деп кетпеди беле! Эмне, А.Атамбаев деле, эл көтөрүлүп жатса, кыйраткансып, Бакиевдин жанында жылмайып олтурбады беле? Аны унутуп калдыңарбы?
ДНД сакчы
3189. "Эли-жерим" деп күйгөн патриот эр-азаматтар бийликти алып берди. Эми карасак, Роза апабыз эски бөрүлөрдү алып келди. Роза апа, кеч боло электе ойлонуңуз. Жаштар да иштесин. Алар да үйрөнсүн. Элине таза кызмат кылсын. "Эли-жерим" деп каза болгондордун арбагы уруп кетпесин.
Куба сакчы

3190. Текебаев, Атамбаев, Сариев, Бекназаров ж.б. элди-жерди ойлосоңор! Миңдеген адамдын өлүмүнө жол бербей. Оппозиция өз ара сүйлөшүп, Максим, Жаныш ж.б. бакиевчилерди, албетте, Д.Үсөновду өзүңөр эле жок кылсаңар болбойт беле? Силер эл-жерди эмес, бийликти, эркин жеген акчаларды эңседиңер. Силер эмес, жаштар депутат болсо, эмне жарашпайбы? Деги аман эле болгула!
8686 абоненти

3191. ГУВДнын кызматкерлери Ошко барып, кыйратып келгенсип, оозуңарды көптүрө сүйлөй бербегилечи. Уят болот. Эркек деп ким айтат силерди? "Кичине колдон келген кызматты өтөп келдик" деп эле айтсаңар!
2686 абоненти

3192. Ө.Субаналиев кыргыздын чыныгы эр азамат мырзасы экен. Сиздей эр азаматтар элибизде көп болсо дейм. Өзбектердин жөрмөлөп жүрүшүнө, кыргыз элим Ошту сактап калышына чоң салым коштуңуз. Азаматсыз!
Кыргыз патриоту

3193. М.Эшимканов, уялбай кантип партияга мүчө болуп жүрөсүз? Бакиевдин убагында арак ичип, "Ассоль менен эс алганы бармакмын" деген имишсиз, элге уят болдуңуз. Эми депутат болуп, "айымдардын жарымын сугарайын" деп жүрөсүзбү? Кичине адамда уят болуш керек!
Кербен

3194. "Куйруктар кулачын жайганда" аттуу макаланы жазган Сакен Бөрүбаев, сиз эң туура жазгансыз. Акаев убагында, "Аксы элин атуу боюнча буйрук берген адамды табамын" деп, ал адам Бакиевдер болгонун билесиз да.

3195. Люстрация жана люстрация!..
0089 абоненти

3196. Исакеев айылындагы Арыковдун үйбүлөсүнө салам!
Айжамал

3197. Акаев качты ...аман келди, Бакиев качты ...аман келди. Мурдагыдай эле күлүп-жайнап аман келди. Мурунку да, азыркы да премьер Муралиев Амангелди. Мындан башка кыргызда, кыргыз жокпу бычакка сап? Өзү кыргыз болбосо, кыргыз ашкан кырларды кантип ашат?
Мурат

3198. Акылбек Жапаровду теледен көрсөтпөй эле койгулачы бай болгурлар! Бетин табактай кылып, уялып койбойт...
Ася

3199. Чаек айылына чоң салам!
Венера

3200. Чаек айылынын Сапарбеков атындагы көчөсүндө жашаган элдерине жана Венера менен Маралга чоң салам! Силер дүйнөдө жок кыздарсыңар!
Кайрат

3201. Мен урматтаган Дамира Ниязалиева эже, "таразанын бир жагына казинодон түшкөн миллиондорду, экинчи жагына уттурган үйбүлөнүн көз жашын койсо, көз жаш оор болот" деп таамай айтты. Мелис Карыбек уулу да "казинолорду жоюш керек" деген ойду айта калып жүрөт. Демек, биздин нарк-насилге туура келбеген кумар оюндарын тыйбасак, көз жаштан куралган арам акча менен алдыга жыла албайбыз!
Майрамбек

3202. Кыргызстанда иштей турган жаш кадрлар жокпу? Президентибиз баш болуп 60ка чыккан пенсия курактагылар. Карт бөрүлөрдөн качан кутулабыз? Роза эжекебиз ушул жөнүндө терең ой жүгүртүп, жок дегенде тыңгылыктуу жаштардан өкмөткө аралаштырса болмок.
Нура

3203. Кыргыз элим, Ошубузду борбор кылуу менен гана сактап кала алабыз. Биздин астыбызда турган чоң сыноо жана милдет. Талкуулайлы.
Омега

3204. Бакиев кыргыздын Рысбек, Баяман, Санжардай жигиттерин жеп койду!
Улан

3205. Салам "Учур"! Ош, Жалал-Абадда курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сабыр кылгыла.
0271 абоненти

3206. Кыргыз кыздарын зордогон ала допучандар эч качан жакшылык көрбөсүн!
7027 абоненти

3207. Р.Отунбаева Кыргызстанды оңоп жиберишине кээде туруп ишенбей кетем. Берки качып кеткен "качкындарга" окшоп, өлкөбүздү сызга отургузуп, өзү да "жылт" койбойбу? Жанындагыларын көрсөм аллергиям кармап кетет. Көрөйүн деген көзүм жок.
0670 абоненти

3208. Урматтуу улуу Кыргыз элим! Жакында боло турган парламенттик шайлоодо жаңылбайлы. Келечегибизди туура тандап алалы.
7067 абоненти

3209. Таластык Болот, Адахандын эркек же башка экенин аксылык келиндерден сурачы. Алар Боспиектеги курултайда "эксперимент" жасашкан.
Аксылык

3210. Досум Сакушка салам! Достугубуз үзүлбөсүн!
0781 абоненти

3211. Кочкорлук досум Айзадага издөө салам. Окуп калсаң телефон чал.
Тел: 0778-78-33-40

3212. Эмнеге эле анча-мынча акмактарды кайра министр кылып салды? Ошол министрликтерде иштеген карапайым кызматкерлердин арасынан тыңыраагын министр кылса болбойт беле?
Анаконда

3213. Роза эже, Костюктан башка бирөөсүн таба албадыңызбы? Ал кадрлардын заманы эбак эле өтүп кеткен. Эми Бермет Акаева келсе деле аны жумушка ала бересизби? Мен сизди анча түшүнө бербей атам.
1106 абоненти

3214. Жантөрө Сатыбалдиевдин кайсы кыйратып кылган ишине Ошту оңдогуч кылып шайлады экен? Какыр деген айылда, атасынын үйүнө чейин асфальт төшөп, калган көчөлөрдү оңдогон эмес. Өз айылын оңдобогон, башка жакты оңдойбу? Ишенбесеңер "Учур" гезити барып көрсөңөр болот. Ошто губернатор болгондо да көңүл жылытарлык иш кылган эмес. Андан көрө Баку шаарында жүрө берсе болмок.
8110 абоненти

3215. Салам "Учур"! Сулуу кыздар менен таанышам деп сулуу жигит...
Тел: 0773-65-73-79

3216. Р.Отунбаева инаугурацияда чаар-ала кийинип жүргөнүн көрүп, "эмнеге сасык үпүпкө окшоп алган?" деген элем. Эми кашайып, кылган иштеринин баштары сасый баштады го?
2351 абоненти

3217. Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, Э.Каптагаев, Т.Сариев, И.Өмүркуловдордун сүйлөгөндөрүн байкагансыңарбы?.. Бул адамдар баары эле онтоп сүйлөшөт. Эмнегедир ай күнүнө жетип, 9 айлык болуп калган аялдардын элеси көзгө тартылат.
2351 абоненти

3218. Ө.Текебаев, "Конституцияны кыргыз, өзбек, орус тилдеринде чыгартам" деп, көп адамдардын кыжырын кайнаткансың. Эмнеге ушундай кадамга бардыңыз?
6032 абоненти

3219. Адахан, кайсыл бетиң менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясын түздүң? Сен партия түзүп жатканда ойлонгон жоксуң. Сен "Жер сатаар" деген партия түзсөң жарашмак. Али да болсо кеч эместир. Ойлон Адахан, ойлон!
Нарын

3220. Элмурза Сатыбалдиевдин аты-жыты угулбай калды. Партия түзгөн жокпу? Эгер партия түзсө, мен анын партиясына жан үрөп иштеп бермекмин. Ал партия парламенттен орун алмак.
Нур-нур

3221. Камчыбек Жолдошбаев агабыздын кылган эмгектерин өткөндө теледен көрүп алып кубандым. Нагыз кыргыздын карапайым жигиттеринин жүзү сыяктанды. Ат-Башы жергесине чакан стадион салып, спорт тармактарын көтөрүп атыптыр. Кыздар (!) керек болсо, бул кишиден тукум алгыла. Балдарыңар зоот болот. Кыргыздын породасы өзгөрүлөт. Качанкыга чейин кибиреп жүрө беребиз?
Субайгүл

3222. Меч! Эмнеге атың чыкпай калды? Өчтүңбү? Же башка ат менен СМС жазып, жанды кашайтып атасыңбы? Эгер билип калсам, тирүүлөй жеп, жаным тынат. Сен эми түшүндүң да!
Канжар

3223. Мурунку саныңардагы Таластан чыккан Кыргыз улуттук күрөшүнүн балбаны Тынчтыкбектин телефон номурун берип коесуңарбы? Мага ал жигитиңер абдан жакты. Сулуу экен. Таанышып, жакшы санаалаштардан болуп жүрөйүн дегем. Анын үстүнө мен дагы А.Жекшенкулов агайдын "Акыйкат" партиясында иштейм. Бирок, менин регионум Көл тарап.
Жайнагүл

3224. Э.Каптагаевди телеге чыгарбагылачы. "Лысый башка, дай пирожка" деген ырды эстеп, кыжырым келе берет. Бала-бакчада ушул ырды чачын алдырып келген балага тийишип ырдай берет элек.
С.Хрущев

3225. Бек Борбиев, мен сенин ырларыңдын баарын билем. Отуруштарда досторум ырдата беришет. Мен да тажабай, эргүү менен созуп, алардын жүрөктөрүн эзип ийем. Анан сага, сени жактырган күйөрман адам катары саясатка аралашпай эле койсоң дейт элем. Чыгармачыл адамдардын жүрөгү таза болот. Аны сен деле түшүнүп турсаң керек. Эгер чыгармачылыгыңа балта чапкың келбесе, саясатка жолобо! Жолобо!
Бек (мени достор ушинтип атайт)

3226. Эмнеге КТРде жылыш жок. Мелис Эшимканов бир топ эле оңоп койгон эле. Азыр карасаң "Азаттык", "Азаттык+" жана дагы толуп аткан "азаттыктар" болуп кетти. Кубат Оторбаев дале болсо өзүн "Азаттыкта" жүрөм деп элестетип жүрөбү? Давай жигит, сен андайыңды токтоткун! Болбосо, кайрадан Мелис Эшимкановду КТРге отургузуп коебуз!
5454 абоненти

3227. Адахандын партиясына кирип жаткан Кыргыз элим ойлонгула! Ал - "Бүтүн Кыргызстан" эмес, ал - "Саткын" партия. Адаханды эч ким колдобойт болуш керек? Кыргыздын керемет жайлоосу болгон Каркыраны каратып туруп сатып жиберген. Ал адамдын бети болсо, Каркыраны казактардан кайрып апкелсин! Муну жалпы кыргыз эли биле бербесе керек.
Кыргыз

3228. Урматтуу Мелис Мырзакматов! Акыркы күндөрү сизди иштен кетет экен деген имиштер тарады, неге? Сиз, элдин уулусуз. Жумуштан кетпеңиз. Сураныч.
Фатима

3229. Мелис Мырзакматовду тааныган бирөө жарым окуп калса, айтып коюңуздарчы, "Мелис мырза иштен кетпесин. Түштүктүн эли абдан сыйлайт" деп.
Фатима

3230. Салам "Учур"! 3151 абонентине рахмат! Дагы ушинтип жазып койгулачы. Мен антип жаза албайм. Бир окуп алып моокумумду кандырсам дейм.
3373 абоненти

3231. Сүйүү - жүрөк жеген оору экенин сенден ажыраган соң гана билдим. Timon+Jan... болбой калды...
2324 абоненти

3232. Ырыскелди Момбеков Минкультурага келгени жакшы иштеди. Ачык эле айтыш керек. Кээ бир "ит" кыялдуу "эл артис" сөрөйлөр эшикти каккылап келе берчү эле. Алар коркуп иштери менен алек болуп келбей калган. Эми Садык Шернияз жумушка чыгары менен кайрадан келе баштаса таң калбайм.
Маданияттуу кыз

3233. "Чабал өрдөк эрте учат" деген кыргыз элинде накыл кеп бар эмеспи? Анын сыңарындай, "Ата журт" партиясы парламенттик шайлоого эрте уча баштады. Канаттары кайрылып, жерге учуп түшпөгөй эле деп коркосуң.
4671 абоненти

3234. Рахат, мен сени жакшы көрөм. Жашым да өтүп баратат. Ушу күздө турмуштун жаңы босогосун аттап, үйлөнсөмбү дегем. Эгер сен каршы болбосоң, тагдырдын татаал жолуна бирге түшсөк деген оюмду гезит аркылуу билдиргим келди. "Нике кайып" деген сөз бар. Кыргызча эле нике кыйып, башыңа ак жоолук салып отургузуп койсом дейм. Телефонду билесиң. Оюңду билдир.
Алмаз

3235. Көлгө коллектив менен барып, эс алуу деген болбогон кеп экен. Андан көрө субай салтаң, башың бош барсаң, ал жердеги келбети сонун келишкен жарым жылаңач кыздар менен сууга түшүп, көзүң менен алмадай төштөрүн теше тиктеп, кыялданып жанында отурсаң эмне деген рахат. Ал эми кечкисинчи... Ах чиркин!
Жылдызбек

3236. Алмаз Атамбаев сулуу жигит. Бирок көздөрү түлкүнүкүнө окшош. Кээде ой келет. Мурунку жашоосунда түлкү болгонбу деп. Кыял-жоруктары да, ойт берип кетмейин салыштыра берип, окшоштук жактарын көп табам.
6152 абоненти

3237. Көл калаасын азыркы күндө ким башкарып жатат? Тим эле бардак. "Кимди ким билди, Быржыбайды там басты" кейпин кийип калган. Тартипке сала турган бычакка сап болчу кыргыздын мыкты жигиттеринен жокпу?
Айганыш

3238. Роза эже, өткөндө өкмөт жыйынында өлкөнүн келечектеги тагдыры тууралуу салмактуу кеп сүйлөп атсаңыз, ошо жерге барган жыйындын катышуучуларынын жарымынан азы уктап отурат. Же сиздин сөздөрүңүзгө маарып, кыялданып атып уктап кетип жатыштыбы?
0090 абоненти

3239. Төлөйкан Исмаилова деген укук коргоочу эмне болду? "Запкы жедим, жеп атам. Мени бышырып жегени атышат" деп атканын угуп калдым эле. Негедир акыркы күндөрү дайыны билинбей кетти. Чет өлкөгө кетип калган жокпу?
Укук коргоочу

3240. Урматтуу "Учур"! силердин гезит эми 24 бет болуп, колго толумдуу чыканына сүйүнүп жатам. Бир жума бою эрикпей, ар бир бетин окуп кумарга батуудамын. Башка гезиттерди албай калдым. Себеби, ал жердеги материалдар силерге жетпейт. Чындыкты, акыйкаттык түрдө чагылдырган журналисттериңерге терең ыраазымын. Ушул ыргагыңардан жазбагыла!
Окурман, Талас

3241. Оо-уу журтбашылары! Силер качан Бакиевдерди кармап келесиңер? Жанагы Санжар Бакиевди эмне кылдыңар? Түрмөгө кестиңерби же боштондукка чыгарып ийдиңерби?
5656 абоненти

3242. Дасмиянын ээси Турусбек Мамашовдун телефон номерин таап бергилечи. Силердин гезиттен окуп калдым. "Ушу күздө үйлөнөт" деген. Менин жакын, санаалаш дос кызым окуп алып, өзүнчө эле кызганып жаман болуп жүрөт. Турусбек мырза! Эгер ушу билдирүүнү окуп калсаңыз, менин дос кызым менен жолугуп, жөн-жайды кенен сүйлөшүп алсаңар жаман болбос эле. Сиз эми жаш бала эмессиз, ал деле адам да.
Айнагүл, Кара-Балта

3243. Роза эже, сиз эми расмий түрдө Кыргыз Республикасынын президенти болдуңуз. Мен буга эч каршы эмесмин. Бирок, жүрүм-турумуңузду, кийген кийимдериңиздин стилин өзгөртпөйсүзбү? Болбосо, "Служебный роман" киносундагы каарманга окшоп, олдоксонураак болуп аткандайсыз. Очкиңиздин оправасын алмаштырыңыз. Прическаңызды жакшыртыңыз. Чаар-паар эле бирдеме кийе бербей, классикалык киймдердин жарашыктуусун же болбосо, улуттук оюлар түшкөн кийимдерди кийиңиз. Сизге жарашат. Анан эл алдына чыгып сүйлөгөн учурда, колдон келсе кагаз карабай, жүрөгүңүздөгү омоктуу ойлорду таамай айтканга жатыгыңыз. Эже кечирип коюңуз. Өтө эле Ахиджакова болуп кетсем. Азырынча жетет болсо керек. Сизди терең урматтап, сиңдиңиз Ажаркан.
1545 абоненти

3244. Бозтери айылындагы жашаган Канымгүлдү өтүп кеткен 16-июлдагы туулган күнү менен куттуктайм. Бар бол, бай бол, бактылуу бол демекмин!
3417 абоненти

3245. Кыргызстанда 200дөн ашык партия катталыптыр. Гиннестин рекорд китебине түшөрүнө аз калыптыр. Ушуга кошумча иретинде мен дагы партия ачсамбы (?) деп атам. Бирок, партиянын атын эмне деп коюшумду билбей атам. Ат да калбай калыптыр. Аялымдын аты - Жийде. "Жийде" либералдык партиясы десем кандай болот? Угулушу силерге жактыбы? Мага да жаккансып атат. Кайындарым жыргайт болуш керек. Күздөгү шайлоого айла жоктон чуркашат. Эгер парламенттен орун албай калсам, аялыма эч качан мени менен тең жарыша сүйлөгөнгө жана менин чыгарган чечимдериме каршы турганга уруксат бербейм.
Либерал

3246. Чач кирпиги суйкалган Чолпон, мен сени өл-лө сүйөм! Сенсиз менин жашоом супсак. Ичкеним ириң, жегеним желим. Эмне мынча таш боорсуң. Сага ушунчалык жалындым, жалбардым. Сезимимди өлтүрбөчү?
Жаныбек

3247. Билим берүү жаатында качан өзгөрүүлөр болот? Карапайым калк кыйналып кетти. Контрактуу окуу дегенди бир карап чыкпасаңар болбой калды. Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгендерди тыкыр текшерип чыккыла. Капчыкты кампайтуу илдетинен качан арылабыз?
Абитуриент

3248. Теледеги "Ак Шумкар" партиясынын рекламасы неудачный. Элдин баарын электен өткөрө турган ушу партиябы? Өзү өтпөй калса кантет?
6534 абоненти

3249. Урматтуу Исмаил Исаков, менин байкашымча, сиз ара жолдо калчудайсыз. Мурунку оппозицияда жүргөн досторуңуз четинен сатып кетип атат. Азыртан ушу жагдайды колго албасаңыз, кийин кечеңдетип жибересиз.
Жолдош, Алайкуу

3250. Өткөндө Ысык-Көлгө бир жума эс алып келдим. Булуң-бурчтарында "радужный форель" балыгын өстүрүп атыптыр. Аларың жырткыч келип, тосулган торлордон чыгып кеткендери Көлдөгү балыктардын баарын четинен жеп атканын билдим. Мындай көрүнүштөрдү көзөмөлгө алуучу уюм, ишканалар жокпу? Мындай жат нерсеге кайдыгер болбошубуз керек. Жакындан чара көрөлү!
SOS!

3251. Мырзалар менен таанышам. СМС жазгыла. Атым Аида.
Тел: 0556-44-39-35

3252. Мамлекет башына аял келсе не болот дечү эле? Кудайым сактасын. Убагында ойгонгула! Кыргыз элим, силердин келечегиңер өзүңөрдүн колуңарда!
Cheerful girl

3253. Эй, кыргыздар! "Алма быш, оозума түш" деп жата бербей, ошол алманы терип кетип жаткан сыйды билбеген ала допучандарды кубалап койсок кантет?
2025 абоненти

3254. Сарттардын музыкасын укпагылачы жана "сеням, меням, расса, гөш" деп сүйлөбөй, нукура кыргызча сүйлөйлүчү.
Чагылган

3255. Мен Отунбаевага нааразымын. Ал кыргызга эмес, сарттарга күйүп аткансыйт. Ош, Жалал-Абаддагы өлгөн кырыздарды үчүнчү күчтөн көрүп жатат. Жана ошентип элди ишендирип койгонсуду. 5987 абоненти айткан кептерге толугу менен кошулам.
4326 абоненти

3256. Мурат Курманов, сиз азаматсыз! Ушу ыргактан жазбаңыз. Сизди аябай урматтап калдым.
Айбек, Талас

3257. Роза эже, сизге кулак кагыш! ГАИшниктер 7-апрелди сабак кылбаптыр. Талас районунун Талды-Булак айылында мыйзамсыз пост пайда болду. Максаты - өткөн-кеткен машиналардан акча чогултуу болуп атат.
Айбек, Талас

3258. Жаңы өкмөт, силер качан банк системасын калыпка келтиресиңер? А.Атамбаевдин айткан төмөнкү пайыз менен кредит берилет деген сөзүн эч ким уккан жок жана аткарбай атышат. Бирдеме десек эле, баргыла, ошо Атамбаевге претензия койгула деп атышпайбы.
9847 абоненти

3259. Кыргызстандын аймагында жайгашкан "Народный" дүкөн-тармактары азыр кимге тиешелүү? Мурун Максимдики деп, карапайым калк жалпы тоноого барышкан. Азыр эл тарапка өттү беле же дале болсо Максимдики бойдон турабы?
Эгер элге өткөн болсо, ээси ким?
7-апрелдеги тоногуч

3260. Т.Молдо менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, мурунку автобаза бар эле. Аны Д.Үсөнов шаардын мэри болуп турганда өз пайдасына карактап алган. 10 гектарча жер чети тосулуп, ичинде кароолчудан башка эч ким жок. Мына ошо жерге Ош, Жалал-Абаддагы катуу жабыркаган, турак-жайы жокторго кичи микрорайон куруп берсе болбойбу? Жалпы элдин сообуна калмаксыңар.
7-апрелдеги тоногуч

32261. Ысык Ата районундагы Юрьевка айылынан жаны үй сатылат. 28 сотых. Баасы келишим баада. 0778099458 0552 208578








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??