Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_2.htm on line 2


п»ї

"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
Экс-"акжолчу" Бегалы Наргозуевди буга чейин тамаша-чыны аралаш сындап келгенбиз. Албетте, саясатчы болом деген адамга реалдуу сын-пикирлер айтылат. Аны көтөрүш керек. Эгерде чычалай берсең, анда саясый талаадан сугат талаасына кетүү зарыл. Туурабы? Анан Бегалы мырзадай болуп, "менден кечирим сурабасаңар сотко берем!" деп атырылып, катуу кеткени эмнеси? Редакцияга атайын кат жөнөтүптүр. Сот менен коркуткан маанисинде. Таңгөрү, Б.Наргозуевге пиар керек болуп атса керек! "Соттошом!" деп опурулуп-жапырылганына караганда. Эгерде мындай кылыгын токтотпосо, биз дагы ал каалаган күрөшкө даярбыз! "УЧУРга" чыккан айрым макалалар анын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген имиш. Кудайды караса боло, кайра өзү жөнүндө сөз болуп атканына кубанып, "мени эски кесиптештерим унутуп калбашыптыр..." деп сүйүнбөйбү? Жөн эле атырыла бербей. Андыктан, "УЧУР" гезити Бегалы "достон" кечирим сурабайт! Сотко бермектен отко берсин! Кызык, арыздангандан көрө жигитче жүрсө деп кеңеш берет элек. Чоң эле кишиге уят го...


"Үйдө баатыр, жоодо жок" байкебиз жылжыганда...
Жыла басып, жылжыта иш кылган бир саясатчы бар. Мыктыбек Абдылдаев аттуу. Жарыктык киши өзүн өлө сүйөт да, тим эле мындан ашкан акылдуу, чынчыл киши жоктон бетер. Эми бу кишинин кылык-жоругун жаза берсек арбын, тек, бир гана нерсесине токтололу. Акыркы күндөрү Мыктыбек байкебиз "Ата Журтка" көчүгүн такап алып, "биз бийликке келебиз" деп удургуй сүйлөгөнү эмнеси? Бийликке ушул адам эле жетишпей аткансып. Бакиевдик кандуу режим элге залакасын тийгизип, баш көтөргөн тың чыкмаларды куугунтуктап атканда Мыктыбек байкебиз кайда эле? Чычалабай эле койсун, үйүндө жашынып жаткан болчу. "Үйдө баатыр, жоодо жок" болуп. "Окопто" жаткандай элес калтырып. Эми ушундай адамдар Кыргыз бийлигинин башына келүүгө ашыкканы таңгалычтуу. Ты-ынч эле жүрсө дейсиң, жылжыбай...


"Акыйкаттын" лидери Москвага барат
Жакынкы күндөрү "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун Москвага барары күтүлүүдө. Кыязы, Кремлдеги үлкөн достору чакырып атышса керек да. Дал ушул маалымат боюнча кызыккан тараптар көбөйүп, Аликбек мырзанын соңку кадамы табышмактуу болуп атыптыр. Эмне жаңылыкка күбө болобуз? Күтө туралык.


К.Бакиевдин "куйруктары" "Кыргыз жеринде"!
Өткөн саныбызда Өмүрбек Суваналиевдин "Ата Журт" партиясынан кеткени туурасында жазганбыз. Кызыгы, бир жума айланбай "Кыргыз жери" аттуу партияга өткөнүн "Азаттык" радиосу кабарлады. Дагы жаңылышты го. Буга чейин "Каттани" "Ар намыс", "Ата Мекен" партияларына мүчө болгону да маалымдалды. Ошентип, Өмүке төртүнчү партиянын босогосун аттап отурат. Эмне демекчибиз, "бактылуу болсун" деп бата берели. Кайсы партия болбосун, барган жеринен бак айткан жакшы да. "Эми ушул партияда туруктуу отуруп калса" деп тилейли. Кыргыздар "таш түшкөн жеринде оор болсун" маанисинде тилек кылат. Саясат деген ушундай экен да, не кылабыз? Баса, "Кыргыз жери" партиясында Курманбек Бакиевдин "куйруктары" каз катар тизиле баштаганы кандай? "Азаттыктын" билдиргенине караганда, аталган партиянын айланасына Токон Мамытов, Элмира Ибраимова, Бегалы Наргозуев ж.б. саясатчылар чогулуп атышыптыр. Мындай адамдар кыргыз жерин курутпайбы?


Адаханды Кочкордон кууп чыгышты
Өткөн жума соңунда Адахан Мадумаров Кочкор районуна барып, ал жердеги мал базардан эл менен жолугушуу өткөрүүгө ашыгыптыр. Бирок, карапайым эл А.Мадумаровдун мындай кадамын колдобоптур. Нааразы болгон көпчүлүк Адаханды бир да сүйлөтпөстөн базардан кууп чыкканга үлгүрүшүп, экинчи Кочкорго келгис кылганы кабарланды. Мындан ары "Бүтүн Кыргызстандын" лидери Нарынды көздөй баспайт го, а башка региондор деле сүйүп атыптырбы? Барган жеринен эле "Каркыраны саткансың!" деген кыйкырыктар угулганы кызык болууда. Ошого катар Жалал-Абаддагы жолугушуудан да Адаханга көпчүлүк кабатыр болуп, чек ара, Каркыра маселелерин көтөрүшүптүр. Бул жактан да жолу болбогону неси? Оомат качтыбы? "Элдин көзү көрөгөч" деген ушул да...


И.Айдаралиев "Республиканы" айланууда
Экс-министр Искендер Айдаралиев "Республика" партиясына кирүүнү ниет кылып, акыркы күндөрү Өмүрбек Бабанов менен байма-бай жолугушуп аткан кези. Искендер мырза акыркы кездери үйүндө тынч жатты эле, эми саясатка аралашып, мандат күүсү менен алектене баштаптыр. Өмүрчик менен ымаласы келишеби, же?..


Т.Курманбеков кайсы партияны жактырды?
Соңку убакта экс-минситр Темирбек Курманбеков "Акыйкат" партиясынын позициясын жактырып, "таза, келечектүү партия экен" деп маашырланганын эшиттик. Айрым маалыматтарга караганда, Темирбек байкебиз жакын достору аркылуу Аликбек Жекшенкулов менен жолукканы, тымызын кө-өп нерсени сүйлөшкөнү каңкууланууда. Кызыгы, Т.Курманбековго оңой менен саясатчылар жакчу эмес эле, бу саам эмне болду? Табышмак. Кыязы, Темикенин саясаты кызык болчудай...


"Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик"
Жантөрө Сатыбалдиев деген "сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн" жылмышчаак чиновник бар, кандай бийлик болбосун жылчыгын таап, "майкөл-сүткөлдө" чардайт дегендей. Мунун жеп-ичкендери тууралуу ызы-чуулар болуп, кылмыш козголсо деле кылы кыйшайбайт экен. Эми да минтип техникалык өкмөттүн курамына кошулду. Бирок, эмнегедир Жантөрө мырзанын жаны жай албай, түнкүсүн кой союп алып, Үсөн Сыдыковго каттап жатканын айтышууда. Балким, чын эле, анын бир билгени бар болуп, запасной аэродром камдоодобу? Айтор, баягы "эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлүптүр" дегениндей болбосо болду. Жүрдөөк кишиге айла жок турбайбы.





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??