Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_19.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_19.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_19.htm on line 2


п»ї
  Күч берен

Айнурага айымдар тең келе албай...
Айнура Асанбекова Кыргыз Республикасынын кол күрөш боюнча 3 жолку чемпиону. Эл аралык мелдештерден да кур эмес. Жакында өткөн өлкөнүн биринчилигин жеңип алуу менен август айында Индияда өтүүчү Азия биринчилигине жолдомо алган. Азыркы тапта Индияга барууга кам көрүү менен алек болуп аткан чагы.

-Айнура айтчы, Ат-Башы жергесинде кайдагы кол күрөш? Таржымалына токтоло кетсең?
- Үйбүлөдө эркек сымал чоңойдум. Мектепте окуп жүргөндө эле спорттук оюндарга көп катышып калдым. Сабак учурунда танаписке чыгарыбыз менен кол күрөш же мындай күрөш менен классты чаңызгытып калар элек. Кээ бир эркек балдардын колдорун бурап, ызалантып ыйлатканга чейин алпаруу мен үчүн көнүмүш адатым эле. Мектептер аралык мелдештерде чуркоо боюнча жакынкы аралыктарга жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, облус жана республикага чейин келип, сый барактарына татыгам. Ал кезде кол күрөш спорту жөнүндө түшүнүк жок болчу. Биздин Ат-Башыга кийин эле жетти. Кыз-келиндер арасынан саналуубуз барбыз. Алардан иргелип отуруп, биздин райондун атынан чоң таймаштарга мен чыгып жүрөм.
- Үйбүлөңөрдө спортко кимиси жакын?
- Атамдан эрте ажырадым. А кишини билбей калдым. Түйшүктүн баары апам экөөбүзгө түштү. Чаалыкпаган күчтүү, балбан адам болчу. Эркектердин колунан келбеген кээ бир жумуштарды өзү эле кылып, сокмо согуп, чөп чаап, сугат сугарчу. Чуркаган жагынан да күлүк экенин байкаган жерим бар. Бир жолу апамдын тилин албай, айтканын укпай коюп, "таяк жебейин" деп качып жөнөдүм. "Жеткирбей качып кетем" дегенмин. Тызылдап чуркаганыма карабай жетип келип, апамдан келтек жегем. Айтайын дегеним, апамдын спорт жандуу экенин эми эскерип отурам. Менин спортко ышкыбоздугум апам жактан ооп келиптир.
- Ат-Башынын өзүндө турасыңбы? Кол күрөш спорту менен машыкканга шарттар каралганбы?
- Райондук маданият үйүндө режиссерлук ишти аркалайм. Ал эми кол күрөш спорту менен машыкканга бизде кайдагы шарт. Турмуш-тиричилик менен алпурушуп күн кечиребиз. Көң аңтарып, уй саасаң, картошка түптөп, чөп чапсаң эле машыгуунун табыгый түрү болуп чыга келет.
- Мелдештерге качан чыга баштагансың?
- 2008-жылы Жалал-Абад шаарында чоң мелдеш болду. Чүй облусунун чемпиону болгон 115 килограммдык бир кыз менен финалга чыгып калдым. Билектери менин санымдай болгон неме экен. Тырмышып атып, утуп алдым. Кийинки жылы Таласты багындырдым. Быйыл биякка келээрден мурун Каракол шаарындагы мелдешке катыштым. Жети дубандан жети кыз ар бирибиз менен күч сынашып, акыр аягында чемпион болдум.
- Эл аралык мелдештерге баргансыңбы?
- Караколдо чемпион болгондо, Федерация президенти Жээнбек агай "август айында Индияда боло турган Азия чемпионатына барасың" деген. Жолдомо алышым менен чогуу куттуктап.
- Каражат маселесине ким жардам берип атат?
- Негизинен каражат маселеси кендирди кесет тура. Бу жолку өлкөнүн биринчилигине деле келе турган шартым жок болчу. Жолдошум каза болуп калган. Беш баланы айыл жергесинде бутка тургузуу оңой эмес да. Бул жагдайды облустун кол күрөш боюнча машыктыруучусу Уран деген жигитибиз туура түшүнүп, жардамын аяган жок. Федерация президенти Жээнбек Муканбетов агайыбыз болсо, "Азияга алпарам. Каражат жагынан кол кабыш кылам. Ал жагынан кам санаба" деди.
- Балдарыңдан спортко шыктуулары барбы?
- Эң кенжемдин шыгы бар. Ал эркин күрөш боюнча шугулданып, мелдештерге катышып келип атат. Жаман эмес. Өткөндө облуска чейин барып, байгелүү орунга илинип келип, мени кубантты. Ал баламдан үмүтүм чоң.
- Өзүң спортту таштап салбайсыңбы?
- Алым-күчүмдүн жетишинче. Астыда Азия чемпионаты турса, кантип таштайм. Тескерисинче, кыргыз кызынын күчтүү экенин тастыктоо үчүн жан үрөп, бардык аракетимди жумшап аткан кезим.
Даярдаган Сурат Жылкычиев




  Парус

Руслан Молтаев Сингапурга жолдомо алды
Жайдын саратанында кезектеги 31-республикалык суу жарышы өттү. Ал Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында өлкөнүн мыкты кайыкчандардын катышуусунда болду. "Дүйнө парус астында" ураанын туу тутушуп, спортчулар ар кыл көнүгүүлөрдөн күчтөрүн сынап көрүштү. Жыйынтыгында Руслан Молтаев аттуу жигитибиз Сингапурда өтүүчү жаштар олимпиадасына жолдомо алды.

  Олимпиада

Москва олимпиадасына 30 жыл!
1980-жылы Москва Олимпиадасы өткөн эле. Анда Кыргызстандык спортчулардын арасынан жоон тобу чемпион жана байгелүү орундарды жеңген. Алсак, ушу күндөрү оор атлетика боюнча 48 килограмм салмак ченинде Каныбек Осмоналиев агабыз алтын медаль жеңип, олимпиада чемпиону болгон. Аз өтпөй мылтык атуу жаатынан Александр Мелентьев да ушундай даражага татыган. Бул атлеттерибиз Кыргызстандан барган спортчулардын чоң жеңишке жол ачкан карлыгачтары болгон. Кечээ жакында спорт коомчулугу ал баатырларды ушундай жигердүү күнү менен кызуу куттукташты.

  Шахмат

Өспүрүмдөр уукпаса ...
Шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Азия биринчилиги өттү. Пекин шаарына Кыргызстандан 7 акыл эс оюнунун чеберлери аттанган. Таймаш швейцар таризинде 9 оюн ойнолуп, Талас жергесинен барган Келсинбек Исакжанов гана белден (5 упай) ашкан. Калгандары караандабай калышкан. Жакшы көрсөткүчкө жетишпей калган себептерин, тамактан уугуп калышканын айтышат. Бул эми атайылап болбосо керек.

  Футбол

"Абдыш-Атанын" кыздары кыйынбы?
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер арасында топ тепкичтер мелдешинин биринчи баскычы аяктады. Кыздар курамында 7 футболдук клуб ат салышкан. Каракол шаарында өткөн кызуу таймаштын негизинде, "Абдыш-Ата" клубунун кыздары 14 упай топтоп, турнирдик таблицанын көч башына чыкты. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону "Азалия" 12 упай менен экинчи тепкичте келатат. Экинчи этап октябрь айларына белгиленди.

Бахадыр Кочкоров келе калып...
Кыргызстандын Түштүк жергесинде мини-футбол боюнча мелдеш өттү. Достукка, биригүүгө жасаган дагы бир кадам катары. Финалдык таймашка калыс болуп берүүгө Бахадыр Кочкоров макул болгон. Бу жигит жакында эле Түштүк Африка өлкөсүндө дүйнөлүк биринчиликке калыстык кылып, келгенин коомчулук билет эмеспи. Андыктан, Бахадырдын бул жөрөлгөсү Кыргыз топ тепкичтер тарабынан жакшы маанайда кабыл алынды.










кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??