Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_18.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_18.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_18.htm on line 2


п»ї

  Көздүү мончок...

Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."
- Кичинекейимден ырчы болууну самачу элем. Кудай кут кылсын деш керек, аздыр-көптүр эл таанып, ырларымдын саны арбып калды. Бирок, элге көрүнүп калган адамдын турмушу жыргалчылыгы менен бирге эле бир топ эле кыйынчылыктар менен коштолот экен. Көчөдө жүргөн маалда туура эмес карап да койгонго акың жок, жөн да баса албайсың. Качан болсо, сени канчалаган көздөр көз салып турары бышык. Ошондой кысынып кеткен кездерде, карапайым адам болгондон артык бакыт табалбай каласың. Кесир сүйлөгөндүк эмес, кээде сахнага чыга элек маалдагы кезимди сагынып калам. Бул - өзүмдү укмуш жылдыз санагандыгым эмес, жөн гана катардагы карапайым турмушту жактырганым. Элден өзгөчөлөнгүм же башкалардан өзүмдү бийик койгум келбейт. Анткени, жан дүйнөмдө баары бир жөпжөнөкөй адаммын. Ошол жөнөкөйлүктү кандай болгон күндө да жоготкум жок.

***
- Элге таанылган соң, сени ар кандай кеп ээрчийт тура. Сөз деген адамды баары бир жеңип коет экен. Ошол себептенби, депрессияга кабылган учурларым көп болот. Андайда мага ички бир стержень жардамга келет. Сыртымдан абдан назик көрүнгөнүм менен ошол стержень мени кармап турат. Кайгырганда да, капаланганда да же тескерисинче, кубанганда да, айтор, баарын татыктуу көтөрө билүүгө тийиш экенбиз. Ал эми адам башынан кандай күн кечирбесин, убакыт деген дары бар экенин унутпашыбыз зарыл өңдөнөт. Эгер сен кыйынчылык менен жыргалчылыкты бирдей көтөрө алсаң, анда сен бул турмушта туура багыттагы адамдар катарындасың. Бирок, баары бир адам кээде пендечилик кетирээри анык. Кээде бүт дүйнөгө нааразысың, бир туруп ааламдын ар бир нерсеси үчүн Кудайга ыраазычылык келтиресиң...

***
- Жашоодо ачык жанмын. Бирок, ачыла турган, сөздү сиңирип, сырымды башка жанга ачпай турган адамдарга гана толук ачыламын. Дегеле, чыгармачыл дүйнөдөгү адамдардын көбү өтө сезимтал, анан да баарын жүрөккө жакын кабылдашат. Капачыл жагдай жаралганда сыртка эч жик чыгарбай, көпчүлүк учурда ичимден кайгырам, ичтен кыйналам. Капаланып-кайгырганда да көрүнөө ыйлаганды туура көрбөйм. Эч кимге көрсөтпөй, бөлмөмө бекинип алып ыйлап-ыйлап алышым мүмкүн. Бирок, турмушта негизинен жайдарымын. Тамашалаганды да жакшы көрөм, бирок, өзүм бат таарынып калышым ыктымал.

***
- Эгер ыр жазууга шыгым болгондо кыялымдагы махабат ээсин элестете ал туурасында, ага арнап жүрөктүн түпкүрүндөгү катылган кыял-сырларымдын баарын сапка салмакмын. Буга чейин менде сезим эч жанган эмес десем, жалган айткан болом. А бирок алдымда мени өзгөчө, улуу, бактылуу махабат күтүп турганынан дегеле шегим жок. Табиятымдан кыялкечмин. Табышкан, арзышкан адам менен жайлоого чыгып, жаратылышта эс алып, Кыргызстандын тарыхый жерлери менен таанышып, колдон келсе, дүйнөнүн кооз жерлерин кыдырып, өмүрдүн эң бир таттуу ирмемдерин сүйгөн, кол кармашкан адамым менен бирге өткөргүм келет.
***
- Дал меники, мага таандык, мага бакыт арнап, бакытка бөлөй турган адамды кезиктиргениме көзүм жетсе, сахна менен үй-бүлөлүк бакыттын бирин тандай турган кез келип калса, баары бир биринчи орунга үй-бүлөнү коймокмун. Бирок, Кудай чыгармачылыктан таптакыр алыстатып койбосо экен дейм. Бактылуу жар, акжолтой келин, сүйүктүү эне болуу - бул менин эң бир купуя тилегим. Анткени, ар бир кыз кичинесинен тарта бул жарыктыкта кандай вазыйпаны алып жүрөрүн түшүнө билет: бой жетип турмуш куруп, үй-бүлөнүн коломтосун өчүрбөй, эне болуп, адамзат тукумун улайт. Карьера деп жүрүп, жеке турмушун унут калтыргандар арбын. Баш-отум менен ишке берилип жүрүп, качандыр бир кез мен да өкүнүп калгандан Кудай сактасын.

***
- Энеге болгон ыраазычылыкты мен эмес, залкар адамдар да айтып жеткире албас. Апам бизди чоңойтуш үчүн бар күчүн жумшап, өзүн да унуткарып койгон. Энеден өткөн ыйык ким бар?! Өзү боорукер болгону менен кичинебизден абдан катуу тартипте кармаган. Бирок, ошондо да эркелете билчү. Кичинемден жоош болгонум үчүн апам мени көп урушчу эмес, ал эми агам, эжелерим тентек, эрке болушкандыктан, алар көп тил угушчу экен. Апамдын баскан-турганын, сүйлөгөн сөздөрүн карап, андан искусствонун аябай жакшы бир чебери чыкмак деп калам. Өзү да кичинесинен актриса болууну самачу экен. Москвадагы Щепкин окуу жайына тапшырып, кетээр маал келгенде улуу эжеси кетирбей коюптур. Кээде: Ошондо эжем кетире бергенде азыр улуу актриса болмокмун. "Менин кыялым орундалбай калды, бирок, сен сахнада жүрөсүң" деп, аракеттеримди дайым кубаттап, кемчилик кетирсем, сөзсүз сынга алып турат. Боенгонумдан тарта сахнада жүргөнүмө чейин сынайт. Бирок, аябай түшүнүктүү жан, мага эле эмес, менин курбуларыма да кеңеш бере билет. Апам экөөбүз мүнөт сайын кабарлашып турабыз. Ал менин курбум, эң биринчи сырдашым да, сынчым да. Жаш курактык келишпестик жок экөөбүздө. Апам - мен үчүн аялзатынын идеалы. Апамдай эне болгум келет. Адамдык сапаттардын мыктысын апамдан алгым келет.

***
- Апамдын тилегин улай мен да кинодо да өзүмдү сынап көрүүнү самайм. Сунуштар эч болгон эмес дебейм, бирок, алардын дээрлик бардыгы мүнөзүмө ылайык келбеген ролдор эле. Сахнадан тышкары, бир келген өмүрдө киного да тартылсам дейм. Бул чөйрөгө кызыгам.

***
- "Турмушта баарын татып көрүш керек" дегенди тутунбайм. Жашоо тилекке каршы, жалаң жакшы нерселерден куралбайт тура. Адамзатка зыян көрүнүштөрдөн, ден соолукка залал келтирчү нерселерден оолак болгум келет. Мейли, баарын татып жашайлы, бирок, коомго, өзүңө да эч зыяны тийбесин!

***
- Бала кезде карыяларды көрүп алып, "мындай карыбайм, жаштык кез өткөнчө гана жашайм" дечүмүн. Азыр андай ойду жоготком. Анткени, апамдын неберелерин эркелетип, алар келгенде алып-учуп, берерге ашын таппай калганын көрүп, мен да апамды бул жагынан бакытка бөлөп, өзүм да бир кездерде ошондой чоң апа, таене болгум келет. Кудай канча жаш берсе да, бактылуу, өксүгү жок өмүр сүрүүнү тилейм.

***
- Албетте, ар ким табияттан алган мүнөзүн алып жүрөт дечи. Бирок, кыздардын мырза мүнөз күткөнүн анча туура көрө бербейм. Анткени, аялзаты үчүн коомдо жазылбаган мыйзамдар иштейт. Анда биринчи кезекте мээримдүүлүк менен наздуулук болуусу керек го... Мырзалардын коргоосуна ал дайым муктаж. Өз ордун билип, аялзатынын өкүлү экенин ал эч жерде унуткарбоого тийиш. Ушул нерсе үй-бүлөдө да сакталуусу шарт. Аялдын өтө эле өз алдынчалуулугу мырзаларга жага бербейт. Ошол эле учурда мырзалар да аялзаты алардын коргоосуна, колдоосуна муктаж экенин билип, ошого жараша өзүн татыктуу алып жүрүшсө, ал мыкты мырза деп саналат.

Жазып алган
Айым НУРЖИГИТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??