Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_17.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_17.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_17.htm on line 2


п»ї

  Жуптөр

Назми таарынса, Талант гүл алып келет
Турмушта өз ордуларын таап, кол кармашкан жубайлардын катарын толуктаган ырчы Назми менен жолдошу Талант, былтыр февраль айында баш кошушкан. "Эжеме жездем жарашкан" дегендей, жубайлардын тамашакөйлүгү, шайыр мүнөздөрү бири-бирин толуктап турат экен. Учурда ата-эне кызы Альбинанын кыял-жоругуна кубанып, эзиле эркелитип, наристесинин жытына мас болуп жаткан кездери. Турмуш жолуна
эрте шашылбаган Назми кызын отуз бир жашында төрөгөн.

- Назми, Талант, эң алгачкы таанышкан күнүңүздөрдү эстеп берсеңиздер?
Назми: - Мындан он беш жыл мурда "Малика" деген кафеде музыкант болуп иштеп калдым. Талант болсо музыканттардын жетекчиси эле. Өзү да ырдап, бизди да колдоп, жардам берчү. Көрсө ошондо эле мени жактырып калыптыр. Мен ал кафеде бир ай иштегенден кийин кетип калгам. Ырчылар менен гастролдоп, концерт коюп жүрө бердим. Анан Сапар менен дуэт ырдап калдым. Ошол бойдон Талант экөөбүз жолуккан деле жокпуз. Мен чыгармачылыкка кириштим, ал бизнесмен болуп кетти. Анан Кудайдын буйругу экен, былтыр февраль айында колумду сурап, баш кошуп калдык.
Талант: - Назми анда көп деле сүйлөчү эмес. Өтө жоош, сүйкүмдү, сулуу кыз болчу. "Ушул кыз менин келинчегим болот" деп, ошондо эле кыялданчумун. Анан экөөбүз экиге бөлүнүп кеткенде дагы андан үмүт үзбөй, алыска кетип калса, артынан издеп жүрүп, өзүмдүкү кылып алдым.
- Белгилүү ырчынын жолдошу болгон кандай экен?
Талант: - Албетте, жакшы да. Назминин өнөрүнө, ырдаганына сыймыктанып, өзүмдү бактылуу сезем. Кесибим экономист болгону менен чыгармачыл чөйрөгө жакынмын. Башында Назмини өзүм баалап, колдоо көрсөткөм дебедимби. Мына азыркы күнгө чейин "ырда, клиптериңди тарттыр" деп колумдан келишинче жардам берип жатам. Бир гана ырчы катары эмес, аял, эне катары мага түшүнүктүүлүгү, бала кыял мүнөзү анан ыйлаганы менен жагат (тамашалай).
Назми: - Аа-ай, карасаң (күлүп). Ыйлабайм дечи, болгону Талантка эркелейм. Талант мени мактап жиберди го. Өзүнүн дагы мүнөзү абдан жакшы. Мага караганда ак көңүл, тамашакөй.
- Экөөңүздөр бири-бириңиздерди мактап жибердиңиздер. Тескерисинче, жамандап бере аласыздарбы?
Талант: - Назми мага караганда акчага сараңыраак. Буюм алаарда, же бир нерсе кылаарда "кое туралы, эмкиде алабыз" деп, акчаны үнөмдөй берет. Анан бир таарынса эки суткага чейин таарынып, сүйлөбөй коет. Ал учурда белек алып, гүл көтөрүп келип таарынычын жазам.
Назми: - Талант деле таарынса сүйлөбөй коет. Бирок, мага караганда чын эле бат жазылат. Башында концерттерге, тойлорго барып калганда "эртерээк чыкпайсыңбы? Эмне кармалып жатасың?" деп тескегени бар болчу. Ошенткен сайын, кыжаалат боло берчүмүн.
- Кимиңиздер кызганчааксыздар?
Назми: - Экөөбүз тең кызганабыз. Башында Талант мени көбүрөөк кызганчу эле, азыр үйдө бала менен отуруп калып, Талантты кызганчу болдум (күлүп). Куудулдар айтып калышат го, "аялдардын эки эле сөзү бар. Биринчиси, кайда жүрөсүң? Экинчиси, качан келесиң?" дешип. Анын сыңарындай, мен дагы бекерчиликтин айынан кызганчаак болуп баратам. Тамагымды даярдап коюп, "келе жатасыңбы, качан келесиң?" дей берем. Кичине кечигип баратса "эмнеге кечикти? Ким менен жүрөт болду экен?" деп ойлоно баштайм.
Талант: - Кызганыч болот да. Кантип кызганбай кое аласың! Эркекпи, аялбы, ортодо сүйүү болсо кызганыч сөзсүз болот. Назми бир жакка кетсе, кеч келтирбешке аракет кылам.
- Кызыңыздарга канча ай болуп калды?
Назми: - Күндөн-күнгө торолуп, эки айга жакындап калды. Ар күнү башкача кылыктары чыгып, мен үчүн унутулгустай болуп жатат. Менин оюмча, жалгыз менин кызым өзгөчөдөй сезилет. Башкалардан "силердин балаңар да ушундайбы, мындай кылыгы бар беле?" деп, кызыгып сурай берем. Боюмда барда көчөгө чыксам, жалаң боюнда бар аялдарды карай берчү элем. Эми эки-үч айлык баласы бар аялдарды издей берем.
Талант: - Мен Назмиге караганда өтө эле баласаак болсом керек. Эртеден кечке жумушта жүрүп, кызымды аябай сагынам. Кээде ишимди таштап, кызымды көрүш үчүн тердеп-кургап, үйгө шашып келем. Келип эле, "кызым сени апаң урган жокпу? Ким сени урушса айт" деп, чоң кишидей аны менен сүйлөшөм. Кубандырганы, кызым мага көбүрөөк окшош.
Назми: - Мага деле окшош (жубайлар, ушул жерден кызын "мага окшош, сага окшош эмес" деп талаша кетишти). Мына ушинтип талашабыз анан. Бирок, көпчүлүгү атасына окшоштурушат. Азыр эми кызыбыз кичинекей да. Чоңойгон сайын дагы өзгөрөт. Чоңойсо, мага окшошуп калаар деген үмүтүм бар. Дагы талашканыбыз, Талант "кызым кичине чоңойсо, менин машинемде жүрөт" деп, мени ыйлатат. Мен болсо "эмнеге мен эмизип, мен карап жатсам, чоңойсо сенин машинеңде жүрүш керек" деп, жөн жерден талаша бермейибиз бар.
- Үйдө бийликти, акчаны ким кармайт?
Талант: - Оо-у, эркек болгондон кийин бийлик дагы, акча дагы менин колумда. Акча канча керек болсо каалагандай ала беребиз.
Назми: - Негизи үйбүлөнү кожоюн башкарыш керек деп ойлойм. Мен бийликке эмес, ырга кызыккан жанмын (күлүп).
- Үйдө отурган кандай экен. Тажаган жоксузбу?
Назми: - Өзгөчө чыгармачыл адамдар үйдө отура албайт экен. Кыздардын турмушка чыкканга чейинки "күйөөм бакса, үйдө отура бермекмин" деген сөздөрү жөн эле сөз деп ойлойм. Баары бир ишке көнүп алгандан кийин тажайт экенсиң. Эне болгон соң, балаң үчүн баарына даярсың. Балаңды карайсың, бактылуумун дечи, бирок, чындыгында телевизордон башка ырчылардын жаңы ырларын, клиптерин көрүп, ичим ачышат. Жолдошум атайын "чыгармачылыгыңа" деп акча бөлүп берген. Кызымды "люлкага" отургузуп, машинеге салып, студияга барып жатам. Буюрса, жакында жаңы эки ырымды жаздырып бүтөм.
- Сүйлөгөн сөзүңүздү байкасам, сахнаны сагынып калыптырсыз. Кызыңызга бала багуучу жалдайын деген оюңуз бар го?
Назми: - Жо-ок. Өзүм отуз бир жашымда төрөсөм, кантип кызымды бала багуучуга бактырам. Жаңы төрөлгөн күндөн баштап, кыркы чыкканча жанымда апам болду. Жалгыз апама гана ишенем. Бирок, ар ким өзүнүн баласын өзү баккан жакшы да. Үйбүлөң, жолдошуң, балдарың үчүн баарына жетишесиң.
- Экинчи баланы пландаштырып жатасыздарбы?
Талант: - Албетте. Мен "мынча балалуу болом. Мынчасы кыз, мынчасы эркек" дегенди жаман көрөм. Кудай бизге канча наристе берсе, ошого ыраазымын.
Назми: - Экинчи баланы бир жарым, эки жылдан кийин пландайбыз го. "Балалуу үй базар" деген жакшы да. Буюрса, Альбинага бөбөк төрөп берем.

Айнура Касымова








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??