Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_16.htm on line 2


п»ї

  Эсимде

Айласы кеткен абитуриенттер
Учурда "Алтын уя" аталган мектеп менен коштошуп, борбор калаага агылган абитуриенттердин жүрөктөрү дүкүлдөп, "Жогорку окуу жайлардын кайсынысына тапшырып, кайсы кесипти тандасам экен?" деп, санааркап турган кездери. Ошентсе да, абитуриент болгон кандай жакшы. Шаардын турмушуна аралашып, "кой" деген кожо, "ай" деген ажо жок, өзүнчө жашоо башталат. Бул мезгилди белгилүүлөр баштарынан кандай өткөрүшкөндөрүн өздөрүнөн сурадык.


Жылдызбек Турсунбаев, манасчы, акын:
"Троллейбуста "зайчик" болуп, ыйлагым келген"
- Мектепте окуп жүргөндө "Манас" айтуу боюнча кароо-сынактарга катышып, шаарга келип жүргөнгөбү, абитуриент болуп келгенде чоочуркаган деле жокмун. Каалаган окуу жайга тапшырып, жыйынтык күтүп, таежемдин үйүндө туруп калдым. Акчам түгөнүп, же окуу жайлардан "өттүң" деген жооп болбойт. Күн сайын университеттерге келип-кетмей... Бир күнү үйдө отуруп, таежемдин июнь айындагы жол билетин таап алдым. "Июнь" деген жерин лезвие менен акыры-ын кырып, көк пламастер менен "июль" деп оңдоп көрсөм, эч билинбей калды. Анан жол кире төлөбөй, ошол жол билет менен көпкө жүрдүм. Кашайып, бир жолу 11-троллейбустан кармалып калып жатпайымбы. Мага дароо 30 сом айып салышты. Чөнтөктө болсо бир тыйын жок. Көзүмдү жалдыратып отуруп бердим. Күндүзгү саат он бирден, түштөн кийинки үчкө чейин троллейбустан түшүрбөй коюшту. Шаардын ичин төрт жолу кыдырдык. Айдоочу мени катуу урушса да, менден үн чыкпайт. Троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн арасынан жанталаша тааныш издейм. Кардым ачка. Мени тааныган бир караан түшсө эле, ыйлап жиберчүдөймүн. Оюма жаман нерселер келип, "окубай эле камалып кетет турбаймынбы?" деп өзүмдү жемеледим. Акыры айдоочу мени камагандан майнап чыгара албасын түшүндү окшойт, булкулдатып-жулкулдатып, троллейбустан түртө чыгарып жиберди. Бир эсе кутулганыма сүйүнсөм, бир эсе анын мага кылган мамилесине ыза болуп, үйгө чейин жөө барганым эсимден кетпейт.


Нурдөөлөт Копоев, актер:
"Таманымдан жел чыгып..."
- Мен "Абитуриент-96" болгом. Апам оң колума бир койдун этин, сол колума эки чака кымыз куюлган чанач берип, улуу эжем экөөбүздү шаарга узаткан. Дагы бир баштыкта китептерим бар. Жолдо келатып, Гүлай деген эжем "туфлийден бутуң ысыйт. Шаар укмуш ысып жатат" деп, кытайдын гель шлепкасынан алып берип койду. Аны кийип алып шаардагы байкемдин үйүнө келдик. Мен мектепти бүтүп жатканда эле "актер" болом дечүмүн. Нурила эжекем "Сени Дүйшөн Байдөбөтовдун колуна тапшырам. А кишиден сабак аласың" деп, мени даярдап келаткан. Шаарга келгендин эртеси Дүйшөн агайдын үйүнө барсак, "а, айтып жүргөн иниң ушул балабы? Актер болгонго жарайт экен" деп, эртеси күнү мени Кыргыз драма театрына сабакка алып барды. Театрга кирсем, телевизордон гана көрүп жүргөн Сабира Күмүшалиева, Шайыр Касымалиева өңдүү белгилүү артистер кирип-чыгып жүрүшөт. Аябай таң калып, алардан көзүмдү албай тиктейм. Бир убакта "абутуриенттер залга киргиле" деп калышты. Фойеде турган балдар-кыздар менен кошо актерлор да залга киришти. Башкалар сынактан өткөндөн кийин кезек мага келди. "Кана Копоев, ары-бери басчы?" деди эле, сахнадан кыймыл-аракет менен ары-бери бассам, баягы Гулай эжем алып берген гель шлепкамдан "быш, быш" деген үн чыгат. Актерлордон уялганымдан бетим кызарып, жанымды коерго жер таппайм. Же аны элдин көзүнчө чечип салалбайм. Ары жактан бир актер "эмне, сенин таманындын алдынан жел чыгып жатабы?" десе, залдын ичи күлкүгө толуп калды. Ошондон кийин абитуриенттер мени "таманынан жел чыккан бала" деп жаттап калышкан (күлүп).

Азамат Болгонбаев, төкмө акын:
"Агайым үнүмдү эмес, "нервимди" текшерген"
- Мен жылдын аягында төрөлгөндүктөн, он алты жашымда эле абитуриент болуп, оозумду ачып, атам менен Б.Бейшеналиева атындагы искуство институтуна келгем. Алгач Халин деген орус мугалимге ырдап берсем, "окууга өтөсүң" деп, сыртка чыгарып жиберди. Анын сөзүнө кудуңдап жүрө бердим. Бир күнү биздин кафедранын башчысы С.Субаналиев деген агай кирүү экзаменин кабыл алып калды. Экзаменде Жеңижоктун "Көк сулуусун" ырдасам, "ушинтип кантип ырдасын" деп ой-да урушту. Эч нерсеге түшүнбөй карап калсам, "кете бер" деди. Көрсө мен орус мугалим текшергенде эле өтүптүрмүн, Субаналиев агай ырдаганымды эмес, "нервимди" текшериптир. Ошентип, өз күчүм менен бюджет бөлүмүнө өтүп кеткем. Абитуриент болгон кездеги окуяларды каза берсе чекесинен чыга берет. Өзүм Кызыл-Аскерде жашачумун. Совет, Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 14-троллейбуска отуруп алып үйгө барчумун. Бир күнү адатымча троллейбустун артындагы тескери жакты караган орундукка отурган бойдон уктап калыптырмын. Ойгонсом эле, көзгө тааныш эмес жерде жүрөм. Жүрөгүм "шуу" дей түштү. Эч кимге сыр бербестен жерге түшүп калып, үйгө чейин жөө басып келген элем.

Гүлнара Кахарова, ырчы:
"Жөө баскандан заарканып..."
- Албетте, эсимде. Анда мени шаарга ыраматылык апам алып келген. Шаар өзгөчө чоң көрүнүп, ар бир имаратты карап суктанчумун. Филармониянын эстрадалык студиясына абитуриент болдум. Жүрөк курч, "окуйм" деген кез болчу. Биринчи жолу борборго келгендиктен, эки жакка баралбай, көп адаштым. Эмнегедир мага жөө баскан аябай жакчу. Окуум Филармонияда, өзүм болсо Айни көчөсүндөгү жатаканада жашайм. Ал кезде көркөм окуу деген бар эле. Окуумдан сырткары радиого ишке кирип алгам. Бир күнү Шайлообек Дүйшеевдин көркөм окууларын жатташ үчүн радиодон үйгө чейин жөө келмей болдум. Ичимден сөздөрдү кайталап, кыңылдап келатып, үйдөн бир топ эле өтүп кетиптирмин. Кайра артка бутум тартпай, аябай чарчап, карангыда араң үйгө келгем. Ошондон кийин жөө баскандан заарканып калгам.

Чынара Капарова, диктор:
"Кенен-кесир баскым келчү"
- Абитуриент болгон кез кантип эсиңден чыксын? Жаштыктын романтикага батып турган кызык кези. "Эркиндикке чыктым, өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген мааниде улууларга баш бергиң келбей калган учур болот экен. Мен дагы абитуриент болуп, Улуттук университеттин Журналистика факультетин тандап алгам. Ал кезде коко-кола менен ходдог мода болуп жаткан жылдар болчу. Апам "жол киреңе" деп акча берсе, кола менен ходдогго тыйын алмайынча, үйдү айланчыктап жүрө берчүмүн. Бир жолу болсо "кыздардын баары жатаканага чыгып жатат. Мен дагы алар менен жатаканага чыгам" деп кенен-кесир баскым келип, үйдөгүлөргө ой-да чыр салгам. Апам болсо "жатакананын жашоосу оңой деп жатасыңбы? Ал жерден ач болосуң, ток болосуң, үшүйсүң. Шаарда үйүң бар туруп, эмнеге чыкканы жатасың?" деп катуу тилдеген эле.


Айнура Касымова




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??