Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_15.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_15.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_15.htm on line 2


п»ї

  Закым

Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
Улугбек Салымбеков Кыргыз спорт журналисттер федерациясынын президенти. Жакында Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатына барып, сулуулугу суктандырган чоң-чоң стадиондордон, атагы айды сапырган топ тепкичтердин оюнун көрүп, бош убактысында Африканын табиятына жуурулуша кайтты. Көргөн-билгендерин шилекей тамыза биз менен ой бөлүшө отурду.

Гана курамына жан тартып...
- Дүйнөлүк чемпионатты стадиондорунан көрүүгө билеттерди тээ кыш айларында заказ кылган элек. Көп оюндарына "заявка" бергенбиз. Бирок, тилекке каршы, болгону үч гана таймашка катышуунуку FIFA тарабынан канаттандырылды. Сегиздик финалга бир, чейрек финалга эки оюнга. Тактап айтканда, Испания менен Португалия беттешүүсүн сегиздик финалдагысын, чейрек финалда ошол эле Испания менен Парагвай жана Уругвай менен Гана мелдештерин көрө алдык. Катышып, таймаштарын көргөн үч оюн тең мага жакты. Дүйнө чемпиону болгон Испаниянын катышуусундагы эки беттешүүнү көргөнүмө абдан кубанам. Испания менен Парагвайдыкында көрө турган орундарым жашыл майсанга жакын болгондуктан, Давид Вилья, Андрес Иньеста жана Икер Касильястарды мурундун учунда чуркап жүргөндөрү мага кызык болду. Андан сырткары, Уругвай менен Гананын оюндарында, стадионго келген 80 миң күйөрмандын 79 миңи Гана топ тепкичтерине сүрөөнчүлөштү. Арасында мен да ал командага күйүп-быштым. Кернейлерин (вувузель) сатып алып, жанымдагылардын кулактары тунгуча үйлөп аттым. Жергиликтүү көрөрмандар обону менен созгондой болушту. Мен аларга окшоштуруп урдуруп аттым. Оюн бүткөнчө эле агылган элдин баары жандары ачып, пиводон баса-баса жутуп, тыныгуу учурунда туалетке кезек күткөн адамдардын саны бери дегенде 500дөй. 20-25 минута дегенде жетип, бошонуп алып кайра келгиче 10 минута өтөт. Мындайча айтканда, оюндун экинчи бөлүгүнүн жарымын көрбөй калган учурлар болду.

Лионелл Мессини көрбөй арманда калдым
- Дүйнөлүк биринчилик керемет таасир калтырды. Буга чейин эки чемпионатка катышкам. Салыштырып болбойт. Өзгөчө көз жоосун алган заманбап стадион жана ага келген көрөрмандардын ар бир командага болгон сүрөөндөрү, стадионду тегерене чуркап жүргөн жергиликтүү шамандардын жорук-жосунун көрүп алып бир жерде катып каласың. Африка өлкөсүнө бара электе эле Испания курамына жан тартып жүргөн элем. Мен аларды жок дегенде жарым финалга чейин барса экен деп тилегенмин. Кудай жалгап, алар дүйнө чемпиону болушту. Анан арманда калганым Аргентина менен Германия оюндарын стадиондо көрө албадым. Билет жок. Мурунку дүйнө биринчилигинде баасы жогору болсо да бир билет табууга мүмкүн эле. Бул жолу миң аракет кылган күндө да табууга болбоду. Жок дегенде Аргентина курамын жана андагы мыкты оюнчу Лионелл Мессинин оюнун көрө албадым. Дагы бир өкүттө калган нерсе - Кыргыз жергесинен калыс катары барган Бахадыр Кочкоровду да көрбөгөнүм кейиштүү болуп калды.

Көз жоосун алган Кейптаун
- Кейптаун шаарын дүйнөдөгү бай еврейлер салыптыр. Көз жоосун алган кооз шаар экени талашсыз. Кадимки эле Борис Абрамович ал шаарга үй салдырып, чемпионат бүткүчө бир шаардан бир шаарга жеке вертолету менен барып атты. Пляжында майда кумдары, жээкке жакын сүзүп келген чоң ак акулалары менен жергиликтүү эл сыймыктанат экен. Үй боюндай көтөрүлгөн толкундарында серфинг спорту менен машыгып жүргөндөрүнө сан жетпейт. Бул шаарга келген туристтерди, жээктен катерлерге салып, акула жүргөн жерлерге алпарып, суу астынан көргөзүшкөнгө маш болуп калышыптыр. Тилекке каршы, анысын көрө албадым... Шаардын тургундары ар кыл динде сыйынышып турары, андагы мечит, храмдарынан байкадым. "Кара дуба" касиеттерине таасирлүү маани бергенин жашырышкан жок. Шамандары ачык-айкын көчөдө, базарда топ-топ болуп жүрүшөт... Көбүнчө азыктанган тамактары деңиз жаныбарлары болгондуктан, аларды биз нан жегендей жеп көнүп калышыптыр. Биз болсо бир аз көнө албай, сураштырып, биздин ашаканага ылайык бир ресторанды таап, ал жерден тамактанып аттык.

Сафариде сай-сайлап...
- Африка бейишинин төрү болгон атактуу Сафарисинде болдум. Ал жерде туристтерге деп чоң аймак коргондолуп, анын ичинде маймылынан баштап пилине чейин жаныбарлар ээн эркин жүрүшөт. Саякатчыларды гид жана жан сакчылар коштоп, ошо жаныбарлардын жанына барганга чейин мүмкүнчүлүк түзүп коюшуптур. Мисалы, арстандарга жакындаганда "телефонуңарды өчүрүп койгула. Пилге чукул барбагыла, алардын куут мезгили. Маймылдардан сак болгула" дешип. Анткени, арстандар телефондун үнүнө кыжырданып, пилдери эки кулактарын калдайтып, маймылдары ачып көздү жумгуча колуңдагы тамак-ашты жулуп кетиши ыктымал экен. Ал жердин бабуин маймылдары адамдан да акылдуурак экенин көрүп калдык. Айнек эшикти, кулпусу турган жерди муштумдай таш менен талкалап, үйгө кирип келип, ай-буйга карабай, курсактарын кампайткандын амалын таап алышыптыр. Негизинен Африка жаныбарларынын көпчүлүгүн көрө алдык.

Васко де Гама Африканы ачканбы?
- Португалдык деңиз сүзүүчү жана саякатчысы Васко де Гама 1497-99-жылдары Лиссабон шаарынан чыгып, Индияга саякат жасаган. Орто жолдо Африканы айланып кетип атып, биринчи жолу ошо материктин эң түштүгү болгон "Мыс доброй надежды" деген жерин ачыптыр. Кейптаун шаарынан бир жарым саатта бардык. Жолдо катар айылдарына токтоп, пингивиндерин көрдүк. Алар жергиликтүү калк менен коюн-колтук жашап, адамдардан коркуу сезими жоголуп кетиптир. Жондорунан сыладык. Айылдын четиндеги жайгашкан жүзүм плантациясы, дүйнөдөгү эң мыкты жана даамдуу винолорду тартуулап, аны Европага, Америкага экспорттоп турушат экен. Ал жердин бир өзгөчөлүгү - киттердин мекени катары, эки океандын тиягы Атлантика, биягы Индия океаны кошулган булуңда балдарын жетилтип, үч ай дегенде чоң океанга сүзүп кетишерин ошо жердеги адамдар айтышты.

Йоханнесбургдагы дайрадай агылган эл
-Түштүк Африканын эң чоң шаары Йоханнесбург экени талашсыз. Бул жерде эки футболдук стадиондо дүйнөлүк оюндар болду. Бирөөсүнө 85 миң адам келе баштаганда жүрөгүң опколжуп, суу ташкынындагы килейген дарыянын агымын элес калтырды. Спорт журналисттер бу жолу аябай көп болду. Алардын иштеген жерине бери жактан кызыгып, бир ой кетти. Эмки боло турган Бразилия чемпионатына Кыргызстандан жок дегенде бир спорт журналистке жолдомо алып берип, жибергенге аракет кылууну ойлоп атам. Мүмкүн бул оюм да ишке ашып калаар.
Маектешкен Сурат Жылкычиев








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??