Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_14.htm on line 2


п»ї

  Сезимдер "сандыгынан"

Жүрөктү канаткан арзуулар...
Чын дүйнөдө...
Чындык ачылбай калса эмне!
Ишенесиңби, кээде баарын таштап туруп, сени менен алыстарга кетким келет. Кайда жүрбөйүн, качан алдымдан чыга калат деп күтөм. А сен таптакыр жолукпайсың... Менден качасыңбы, же тагдыр бизди кездештирбейби, түшүнө албайм.
***
Адамдардын достугуна, адамдардын бактысына данакер болгум келет. Негедир өзүмө келгенде колумдан эч нерсе келбечүдөй абалдамын. Неге мен өз бактымды курууда алсыздыкка алдырам?!
***
Экөөбүз дегим келе берет. Экөөбүздөй ынак өскөн, экөөбүздөй ысык сүйүшкөндөр чыгаар бекен?.. Экөөбүздү биргеликте элестете не бир сонун сезимдерге, не бир таттуу кыялдарга бөлөнөм. Акыры, экөөбүздү бөлгөн чындык ойго кылт эткенде, таттуу кыялдарым шамал айдап кеткен булуттардай жок болот. Бирок, чайыттай көк асман алдында эмес, бөтөнчө караңгы, башкача бир жагымсыз дүйнөгө кабылгандай сезим каптайт. Көңүлүм андайда эч нерсеге чаппай, шаабайым сууп калат.
***
Акыркы көргөнүмдө көздөрүңдөн көздөрүмдү алалбадым. Тойбогондой, экинчи көрбөй калчудай сук артып да, суктанып да карап турдум. Канчалык жашырганың менен сенде деле мендегидей сезимдер жашарын сезем. Айталбайбыз, жар сала албайбыз. Анткени, экөөбүздө арзуу арнашууга, бул жалганда кол кармашууга, атүгүл "экөөбүз" дешке да акыбыз жок. Балким бул - тагдыр, балким, Жараткандын сыноосудур. Же чын дүйнөдө экөөбүзгө, бир багыт алуубузга жол ачыктыр.
Калыйнур, Бишкек




  Таттуу эриндер...

Көңүлүң бир гана жубайыңа оосо экен!
Телефон шыңгыры жаңырган сайын, дисплейден сенин ысымыңдын чыгышын тилейм. Сагындым!!! Экөөбүздүн жакындан таанышканыбыздан берки үч жолку кезигүү мага үч жылдай сезилип, оюмдун баары сен тарапта. Сени менен кезиккенге чейинки пландарым да, иштерим да токтоп калгансып, бар дүйнөм бир сага байлангандай... Жашоомду ары улап кете албагандай, сени менен бир өткөргөн кыска убакыт, таттуу ирмемдерге кайрыла, кыялга батып жүргөн убагым.
Эмне иш менен алек болсом да, маңдайымда сен тургандай сезиле берчү болду. Адамды тартып турган жагымдуу жүзүңдү, ары сүйкүмдүү, ары терең көздөрүңдү элестеткенде, же сөздөрүңдү эстегенде жүзүмдү жылмаюу чала түшөт да, бирөө байкап койбоду бекен дегендей ар тарабыма кылчактайм. Алыста жүргөнүң эске түшө калганда жанымды коерго жер таппай, бул ааламда мен гана жалгыз калгандай сезимдемин.
Ар күнүм интернеттен катыңды, телефондон чакырыгыңды күтүү менен өтчү болду. Канчалык өзүмдү тилдесем да, "болгону виртуалдык дүйнөдө гана ал мендик го" деп өзүмдү актоого шылтоо издеп кирем.
Сенден, болгондо да үч баланын атасынан мен эч нерсе күтпөйм. Бир кезде таап алып, сактап келаткан үйбүлөлүк сүрөтүңдү карап алып жубайыңдан, балдарыңдан кечирим сурадым. Сенин колуңду кармап, эң чекилик иш жасаганым - эриндериңдин даамын татканым үчүн. Сага өзүмдөгү ойдун бирин да билдирбедим, билдирген күндө да сенин дүйнөңдө мага орун жок экенин сопсонун билип турам. Болгону экөөбүз тең пенделик кыла, мүнөттүк азгырууга берилгендирбиз. Балким сен менчелик ойго батып, менчелик сагынычка батпастырсың. Андай абалды сага каалабайм. Кыйналсам бир мен кыйналайын. А сенин бар көңүлүң балдарыңа, сен өткөн жолду кошо басып, сен көргөн тоону бирге ашып келаткан жубайыңа гана бурулсун.
...Мындан туура алты жыл мурун экен. Иштер менен кабыл алууңда болгом. Анда жаш кыз деп элес да албагандырсың. Ошондо сага сезимдер да күч эле. Бирок, сага багытталган сезим качантан бери жанып келатканын айтмак тургай, четин чыгарууга даай алган эмесмин. А неге бул ирет жолдорубуз кайчылашты?! Жылуу кебиңди угууну, колуң колумдан кармап, жүзүмдөн сүйүп, акыбалымды сурашыңды ошо кездерде самаганым неге азыр аткарылып атат? Неге ошондо эңсеген эриндериңдин даамын эми таттым. Балким, тагдыр, балким азгырыктыр...
Татына, Бишкек




  Кыял эргүү...

Алдамчы сүйүү
...Дос балдардын көбү сени мага жамандашчу. Алардан шекшинип, кээде кызганып, балким, булар мени көралбайт деп алардын айткандарынын баарын кулак сыртынан кетирчүмүн. Анткени, сезимдериңе ынанчумун, мени алдабайт, таштабайт, көзүмө чөп салбайт деп терең ишенчүмүн. Бирок, ошол ишеничтердин курмандыгына айланарым дегеле ойго келбептир. Бүгүн баарын талдап, биздин мамилелерге баа берүүгө далалатмын. Адеп сени айыптадым. Эркелеп да, олуттуу да айткан кептериңди эстедим, талдадым. Бирок, буга чейин эч бир нерсеге тең келгис адамымды түк жек көрө албадым. Кайра эле эркелеп, мойнума асылганыңды, көздөрүңдөн өөп коюну кайра-кайра суранганыңды, анан да кайда болбоюн смс-каттарыңды жаадырганыңды сагына бердим. Дагы бир мертебе көздөрүңө тик карап, дагы бир ирет мени сүйбөстүгүң чын экенине ынангым келип турат. Бирок, артка кылчактаганда не деп өзүмдү өзүм токтотуп жүрөм.
Экөөбүздү бөлгөн бөлөмдү көрөйүн деген көзүм жок. Экөөңөрдө мамиле уланар-уланбасын ким билсин, бирок, кандай болгон күндө да ал менен тууганчылыгым токтойт. Апамдын суранып-жалбарганы, бар күнөөнү сага үйгөнү менен баарын жалгыз бөлөмдөн көрөм. Ага сени жакшы ниет менен гана тааныштыргам, ал сен жабышкан күндө да өзүн оолак кармоого тийиш болчу.
Албетте, сени унуттум дебейм. Унута албай жүрөм. СМСтериңдин баарын өчүрүп таштайын дедим, бирок, эртең эле өзүмдү алаксытканга эч нерсе таппасымды билип, аларды сактап койгом. Кайра-кайра окуйм, тойбойм. Алардын таасиринен кээде жагымдуу сезимдерге чөмүлөм. Бирок, бөлөм экөөңдүн кучакташа, ушунча бериле өбүшүп атканыңар көз алдыма тартыла түшөт да, телефонду ары ыргыта шалдайым отуруп калам. Үч жыл артыңдан жүрүп, колуңдан кармап, жүзүңдөн сүйүп, өзүмчө кыялдарга бата бактылуу болуп келатканыма жыл айланбай, кайра сенден ажырадым. Кечирейин дейм, эртең эле сени азгырган, же сен азгырган бөлөм мени эмне дейт?! Анан да "сүйөм" деп жүрүп, башкага эрдиңди тосконуң эртең кайталанбайт деп кантип ишене алам?!
Мирбек, Бишкек

Ушул сымал сезим тамчылары, арзуу армандары, махабаттын учкундары же сүйүүдөгү тагдыр сыноолорунан жаралган жандүйнө жагдайын жазгыңыз келсе, "Учур" жана анын окурмандары кубанчыңыз менен кайгыңызды бөлүшүүгө даяр. Анүчүн болгону sezimbox@gmail.com электрондук дарегине кат жолдоңуз.


Даярдаган Айым Нуржигитова




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??