Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_13.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Жаш талант

Амир тагдырдын белеги
Сахнанын жашоосуна жаңыдан аралаша баштаган ырчы Амир Аскаровдун репертуарында төрт ыры бар.
Улуттук Консерваториянын эстрада
бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү өтүп кетти. Музыкасыз жашоосун элестете
албайт. Чыгармачылыктан бөлөк ишке аралашууну
да каалабайт.

Алгачкы кадам
Шоу-бизнес чөйрөсү менен таанышып жатканына аз гана убакыт болду. Ошентсе да, өзүнүн талантын, күчүн сынап, түбөлүктүү кесип кылып ырчылык өнөрдү тандады. Себеби, Амир быйыл Улуттук Консерваториянын биринчи курсуна студент катары кабыл алынды. "Мен башка кесипти тандабаганымдын себеби, ырчылык менин бала кезимдеги тилегим, каалоом болчу" деп, өзү да ырларга аранжировка жаза турганын баса белгиледи.

Үйбүлөсү
Атасы 68, апасы 62 куракта. Үч бир туугандын кичүүсү. Азыркы күнгө чейин ата-энесине эркелеп, бирөөдөн катуу сөз укса ыйлап жиберчүдөй. Анткени, апасы Амирди кырк жашында төрөгөн. "Карыганда көргөн каралдым" деген сөз Амирге айтылгандай. Ошондуктан, Амирди туугандары, айылдаштары "тагдырдын белеги" деп эркелетишет.

Кыялы
Амир ырчы болом деген кыялына жеткени менен азырынча ырчылыктын, сахнанын түйшүгүн тарта элек. Анын биринчи гана кыялы орундалды... Эми алдында, эң мыкты продюсер менен иш алып баруу, эл оозуна алынган татыктуу ырчы болуу, окуусун жакшы улантуу деген сыяктуу кыялдары бар. Атактуу болууга ашыкпай, аракет кыла берсе, ак эмгек менен иштесе, Амирден кантип ырчы чыкпасын?..

Ырчынын сыры
- "Ырчы болуш үчүн биринчиден, адамдар менен адам болуш керек деп ойлойм. Кичипейил, ыймандуу болсоң, эл сени сыйлайт. Андан кийинки орунда талантың, аракетиң, билимиң каралат" - дейт ырчы.

Тилеги
Келечекте өзүнүн өмүрлүк жарын таап, бактылуу ата болууну тийлейт. Сүйүүгө терең көз караш менен карайт. "Бир кызды катуу сүйүп калсам, аны ар мүнөттө, 24 саат бою эстегенге даярмын. Эгерде мага "сүйүү тууралуу киного каарман болуп, тартылып бер" десе, ролумду берилип аткармакмын. Анткени, менин жашоом кинодогудай болуусун тилейм".




  Экран жүзү

Наргиза Бекназарова:
"Мени Азимбек Бекназаровдун кызы дешип..."
5-каналдын "Күндеми" жаңылыктар программасынын алыпбаруучусу, бой десең боюу, ой десең оюу бар Наргиза Бекназарова... Күйөрман жигиттердин көңүлүн өзүнө буруп, "көгүлтүр көзү" менен далайлардын кол жеткис перисине айланган. Ал эми теленин босогосун "быссымылда" деп аттаганда эле Азимбек Бекназаровдун
кызы болгону
кызык экен.

- Наргиза, алгачкы суроомду 5-каналга кантип келип калганыңдан баштасам?..
- Кичинекей кезимде "диктор болом" деп кыялданчу деле эмесмин. Телеге кокусунан келип калгам. Бир күнү эжекем "5-каналда жаңылыктарды окуганга дикторлорду тандап жатышыптыр. Барып көрбөйсүңбү?" деп сунуштап калды. Кастингге барып, сүрөткө түшүп, жаңылыктарды окуп, дарегимди таштап кетип калдым. Эртеси күнү телефон чалышып, "ишке чыга бер, сырткы келбетиң жарайт, дикцияң бар экен. Бирок, эки жума үйрөнүшүң керек" дешти. Эки жумадан кийин эфирге жаңылыктарды окуп чыга баштадым.
- Мындай ишке көнбөгөн жаның, бир топ эле кыйналсаң керек?
- Ооба, жаңы барганда түз эфирге көнө албай кыйналып жүрдүм. Эң алгачкы эфирим 2009-жылы 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө, эртең мененки саат тогузда болгон. Негизи бизде эртең мененки эфирлер 5-10 мүнөттүк эле болот. Ошондогу он мүнөт мен үчүн өтө эле узак сезилген. Бир кашык "валериянка" дары ичип, студияга кирдим. Кесиптештеримдин баары корридордогу телевизордон мени көрүп, "жаңылып калбаса экен" деп сарсанаа болушса, үйдөн ата-энем, бир туугандарым да толкунданышкан эле. Сүрдөгөнүмдөн үнүм калтырап чыкканы эсимде. Ошентип, эфирге болгон тушоомду кесип алып, кайра эле эки сааттан кийинки эфирге даярданып отурсам, жетекчибиз, режиссерубуз келип, "секретарияттан чалышты. Сенин фамилияңды өзгөртпөсөк болбой калды. Бекназарова деген "оппозиционная фамилия" деп жатышат. Бакыт кызы Наргиза же Бакыт Наргиза кылабыз" дешкенинен мен макул болбой койдум. Ошентип, бир заматтын ичинде мени Азимбек Бекназаровдун кызы кылып коюшту. Ичимден аябай жаман болдум. Анан "мейли, өз фамилиясы менен чыга берсин" деп, экинчи эфирге чыктым. Үйгө барып, атам менен апама айтсам, "Бекназаровго окшошпой эле турасың го?" деп, таң калып, күлүп калышты.
- Жаңы телеге барган Наргиза менен азыркы Наргизанын кандай айырмачылыгы бар?
- Башында уялчаак, тартынчаак элем. Сүйлөгөндө, каалоо тилек айткандан мокок болчумун. Уялып көпчүлүк жүргөн жерден оолактай берчүмүн. Азыр болсо уялбай, эл менен аралашып, сөз байлыгым жакшы болуп калды (күлүп).
- Өзүң кайсы окуу жайда билим алып жатасың?
- Финансы Академиясынын эсеп-кысап бөлүмүндө төртүнчү курста окуп жатам. Кесибим телевидениеге тиешеси жок болсо дагы, бир жылдан бери чыгармачыл чөйрөгө, теленин ашканасына көнүп калдым. Окуумду бүткөн күндө деле, кесибим боюнча иштебейм го. Өткөндө сессия башталып, бир айга суранып кеттим эле, эфирди кадимкидей сагынып, жаман болдум.
- Биринчи жолу айлык алганда кандай сезимде болгонсуң?
- Эң биринчи жолу 9500 сом айлык алгам. Өзүңдүн маңдай териң менен тапкан акчаң берекелүү болот эмеспи. Сүйүнгөн бойдон үйдөгүлөргө таттууларды, конфет, печенье алып баргам. Эртеси контрагымдын акчасын төлөмөй болуп, "биринчи жолу ата-энемден акча сурабай, контрагымды өзүм төлөп жатам" деп ичимден кымыңдап, кассага жеткенче толкунданып барган элем.
- Үйдүн эрке кызысыңбы?
- Үч кыздын улуусу болгонгобу, эрке деле эмесмин. Менден кийинки сиңдиме сөзүм көп өтө бербейт. Кичүү сиңдимди тарбиялап, жакшы эле башкарам.
- Убакыт өткөн сайын "качан турмушка чыгасың?" деп сурагандар көбөйүп жатабы?
- "Качан той жейбиз?" деп, туугандарым күлүп калышат. Бирок, баары Кудайдын буйругунан да. Сөз айтып, тийишип жолугушууга чакырган, телефон номеримди сураган мырзалар бар. Бирок, ар ким өзүнүн мүнөзүн жакшы билет да. Мүнөзүмө туура келгендей мырзага жолуга элекмин. Мага оозунан чыккан сөзүн аткарган, туруктуу, акылдуу мырзалар жагат. Быйыл 23 жаштамын. Барган сайын табитиң татаалдашып калат экен. Ошон үчүн турмушка шашып чыгып, эртеңки күнү кайра ажырашып кетпегидей, терең ой калчап, анан турмушка чыкканга аракет кылам.
- Көздөрүң көк экен, кимге окшошсуң?
- Бул суроону мага өтө көп беришет. Анткени, эфирден да көздөрүмдүн түсү ачык болуп, башкача көрүнөт экен. Таанышып калган мырзалар "неге көздөрүң көк? Атаңа окшошсуңбу же апаңабы?" деп сурашат. Мен болсо "Энесай кыргыздарынын көздөрү көк болгон. Нукура кыргыздын кызымын" деп тамашалап жооп берем. А негизи атама да, апама да окшош жактарым бар.
- Дикторлордун көбү эфирден олуттуу көрүнүшөт. Сенин мүнөзүң кандай?
- Өтө ачык эмесмин. Өжөрлүк менде жок, бирок көк бетмин. Эфирден олуттуу көрүнгөнүм менен эфирден чыкканда көп күлөм. Табиятымдан күлкүчү кызмын. Күлкүчү экенимди билген кесиптешим Бактыбек Качкынов маани берип, эфир учурунда жаңылыктарды окуп жатсам, атайын күлдүрө берет. А мени бала кезимден бери тааныган тааныштарым "сен ушунчалык өзгөрдүңбү? Эфирден үнүң да улуу адамдардыкындай угулуп, "тетинка" көрүнүп калат экенсиң" дешет. Бирок, бул менин ишимдин талабы.
- Туугандарың сени менен сыймыктанышабы?
- Ооба, мен телевидениеге жаңы киргенде ата-энем чоң колдоо көрсөтүштү. Өзгөчө атам сүйлөгөнүм боюнча сын-пикирди көп айтты. Таякем өзү тилчи болгонгобу, "сөз байлыгыңды көбөйт" деп, адабий китептерди алып келип берет. Уйгө туугандарыбыз келип калганда, эфирге даярдык көрүп жаткан болсом, "Ий, 5-канал жумушка барасыңбы? Же болбосо, "Күндеми", иштериң жакшыбы?" деп, атымдан айтпай, тамашалай беришет.

Эфирдеги этиятсыздык...
Камерага караганда, "Күндеми" деп кетчү шапкадан сурдөйм. Анткени, шапка "мына эфир башталат" деген белгини берет. Үнү да катуу чыгат.
Бир жолу "перепифка" учурунда микрофонум өчүрүлбөй калыптыр, түз эфирден "что случилось?" деп сүйлөгөнүм жаңырган.
Экинчи ирет жаңылык окуп жатып, кулагымдагы микрофонум чыгып кеткен (анда жумушка көнө элек кезим болчу). Ортодо "реклама" экен деп кулагыма микрофонду тагып жатканым эфирге кетип калган. Мындай учурларда жетекчиден "жакшынакай кеңеш" угабыз (күлүп).
Айнура Касымова




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?





а ­е¦Є.НҐй«